КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 650 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 26-ноябры № 722
Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департамент жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы №133 токтомуна ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 11 жана 12-статьяларын, Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 22-октябрындагы № 283 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча чаралар тууралуу" Жарлыгын ишке ашырууну камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департамент жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департамент Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигине караштуу Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаментинин укук мураскери болуп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департамент бир айлык мөөнөттө:
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарын иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы №133 токтомуна ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 15-августундагы № 335 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигине караштуу Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департамент жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министр | Д.Үсөно |