Загрузка документа…
КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июнундагы УӨ №77 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 12-февралы №99
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-ноябрындагы № 715 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тышкы иштер министрлиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 24-декабрындагы № 605 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-ноябрындагы №715 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
3-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттиги жөнүндө жободо:
6-пунктта:
"а" пунктчасынын үчүнчү абзацындагы "иштеп чыгат жана" деген сөздөр алып салынсын:
"а" пунктчасынын жетинчи абзацындагы "Мамлекеттик агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча" деген сөздөр "маданият жана искусство чөйрөсүндөгү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"а" пунктчасынын сегизинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
"б" пунктчасынын тогузунчу абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
10-пункт, он экинчи абзацындагы "эмгек акы төлөө фондунун белгиленген чегинде" деген сөздөрдөн кийин "Мамлекеттик агенттиктин борбордук аппаратынын, ведомстволук бөлүмчөлөрдүн жана" деген сөздөр менен толукталсын;
10-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКОнун иштери боюнча Комиссиясында катышат.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 8-июнундагы № 319 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 18-мартындагы № 75 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик китеп палатасын Кыргыз Республикасынын Улуттук китеп палатасы деп кайра түзүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу | А.Жапаров |