Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 729 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы № 359,2011 жылдын 5-августундагы №453, 2012-жылдын 4-июнундагы №312 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
II. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун максаттары жана
милдеттери
III. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун функциялары
IV. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун укуктары
V. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун каражаттары
VI. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун отчеттуулук бюджети жана аудити
VII. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун түзүмү жана анын ишин уюштуруу
VIII. Корутунду жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду (мындан ары - Мамлекеттик материалдык резервдер фонду), мамлекеттик жана мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын топтоону, сактоону жана пайдаланууну камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп эсептелет.
2. Мамлекеттик материалдык резервдер фонду өзүнүн ишмердигинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Мамлекеттик материалдык резервдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Мамлекеттик материалдык резервдер фонду юридикалык жак болуп эсептелет, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, ошондой эле Кыргыз республикасынын банктарында эсептик, анын ичинде валюталык жана башка түрдөгү эсептери болот.
4. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун максаты мамлекеттик жана мобилизациялык резервдердеги материалдык баалуулуктарды башкаруу болуп эсептелет.
5. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун милдети төмөнкүлөр болуп эсептелет:
- товардык-материалдык баалуулуктарды коюуну, топтоону жана мамлекеттик материалдык резервден (мындан ары - мамматрезерв) аларды чыгымдоону уюштуруу боюнча тапшырмаларды аткаруу;
- Кыргыз Республикасынын мобилизациялык муктаждыктарын камсыздоо, жооптуу сактоочу ишканаларда (ведомстволук таандыктыгына жана менчигинин түрүнө карабастан) мамлекеттик резервдин материалдык баалуулуктарын топтоо жана сактоо, ошондой эле ушул материалдык баалуулуктарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте пайдалануу;
- мамматрезервдер системасынын туруктуу иштешин камсыздоо, мамматрезервдин негизги фонддорун кеңейтүү, реконструкциялоо жана техникалык жактан кайра жабдуу, мамлекеттик материалдык резервдер системасын экономикалык жана социалдык өнүктүрүү боюнча чараларды көрүү.
6. Мамлекеттик материалдык резервдер фонду ага жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- мамлекеттик материалдык резервдер жаатындагы саясатты иштеп чыгуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын топтоо, брондон чыгаруу, өздөштүрүү маселелери, мамлекеттик материалдык резервге материалдык баалуулуктардын ар жылкы түшүү көлөмдөрү боюнча жана аларды бюджеттик каржылоо өлчөмдөрү жөнүндө сунуштарды иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизет;
- (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-июнундагы № 312 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- мамлекеттик материалдык резервдер жаатындагы саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча мамматрезерв системасынын чыгымдоо түзүмү боюнча тиешелүү жылга республикалык бюджеттин тиешелүү долбооруна сунуштарды иштеп чыгат;
- мамматрезервге материалдык баалуулуктарды берүүчүлөр менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келишим түзөт;
- товардык-материалдык баалуулуктардын бар экендигин, алардын сапаттык абалын текшерет, ведомстволук таандыктыгына жана менчигинин түрүнө карабастан ишканаларда жана уюмдарда сакталып турган ТМБны эсепке алат, аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча аткарууга милдеттүү көрсөтмөлөрдү берет, текшерүүлөрдүн жыйынтыктары жөнүндө актыларды түзөт;
- жооптуу сактоочу ишканалардын актыларынын, ошондой эле нан азык жана ун-акшак, жем өнөр жай продукциялары боюнча ыйгарым укуктуу контролдоочу органынын корутундусунун негизинде мамматрезервдин материалдык баалуулуктарын алмаштыруу жана жаңыртууга уруксат берүү жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизет;
- мамматрезервдеги материалдык баалуулуктарды берүү, кабыл алуу (коюу), сактоо, алмаштыруу, берүү жана ушул материалдык баалуулуктар менен башка операцияларды жүргүзүү өзгөчөлүктөрүн аныктоочу нускамаларды иштеп чыгат;
- мамматрезервдердин материалдык баалуулуктарын, анын ичинде азайбас запасты жайгаштыруу үчүн жооптуу сактоочу ишканаларды аныктоо жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизет;
- өзгөчө кырдаалдарды жана табигый кырсыктарды жоюуда биринчи кезектеги чараларды көрүүгө жана мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын топтоо номенклатурасы жана нормасы боюнча сунуштарды иштеп чыгууга катышат;
- жооптуу сактоочу ишканаларда (ведомстволук таандыктыгына жана менчигинин түрүнө карабастан) мамматрезервдерди топтоо, сактоо жана пайдалануу маселелерин контролдойт;
- мамматрезервдерди коюу, топтоо, сактоо жана пайдалануу системасын өркүндөтүүгө багытталган сунуштарды даярдайт;
- жогору турган органдарга мамлекеттик резервдер жөнүндө белгиленген тартипте маалымат даярдайт жана берет;
- белгиленген тартипте, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин негизинде мамматрезервге материалдык баалуулуктарды сактоого коет жана азайбас запастан башкаларын карызга берүү тартибинде алты айдан ашык эмес мөөнөткө жана учурдагы жылдын башына карата мамлекеттик материалдык резервде турган материалдык баалуулуктардын көлөмүнүн 50 процентине чейин сактоодон чыгарат;
- мамматрезервдерди брондон чыгарылган материалдык баалуулуктарын мыйзамдарда белгиленген тартипте сатат же карыз иретинде берет;
- жооптуу сактоочу ишканаларда ведомстволук таандыктыгына жана менчигинин түрүнө карабастан мамматрезервдеги материалдык баалуулуктарды топтоо, жаңыртуу, алмаштыруу боюнча милдеттенмелерди аткаруу жана алардын мамлекеттик стандарттарга жана техникалык шарттарга шайкештигин контролдойт жана аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча көрсөтмөлөрдү берет жана текшерүүлөрдүн жыйынтыктары жөнүндө актыларды түзөт;
- товардык материалдык баалуулуктарды брондон чыгаруудан каражаттардын республикалык бюджетке түшүүсүн камсыздайт.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-июнундагы № 312 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Өзүнө тапшырылган милдеттерге ылайык Мамлекеттик материалдык резервдер фонду төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик резервдин материалдык баалуулуктарынын запастарын жайгаштыруу жана сактоо боюнча республиканын региондорунда филиалдарды жана башка пункттарды түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө сунуштарды зарылдыгына жараша киргизүүгө;
- карыздарды жоюунун эсебине алынган нормадан ашыкча, брондон чыгарылган мамлекеттик резервдеги товардык-материалдык баалуулуктарды, кыймылдуу жана кыймылсьгз мүлктү кайра иштетүүнү жана сатууну ишке ашырсын;
- аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан материалдык баалуулуктардын номенклатурасы жана көлөмдөрү, аларды оптималдуу жайгаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон маалымат, ошондой эле матрезервге материалдык баалуулуктарды берүүлөр (жөнөтүүлөр, коюулар) жөнүндө маалымат алууга;
- өндүрүштүк жана өндүрүштүк эмес багытындагы объекттердин курулушун жана ремонт жүргүзүлүшүн мамлекеттик капиталдык салымдарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген каржылоо булактарынын эсебинен пландаштырууга жана уюштурууга;
- матрезервдер системасынын кызматкерлерине консультацияларды берүү, окутуу, мүлккө баа берүү жана Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун ишине тийиштүү ушул Жободо аныкталган башка маселелер боюнча башка уюмдардын жана эксперттердин кызмат көрсөтүүлөрүн келишимдин негизинде пайдаланууга;
- КМШга катышкан мамлекеттердин мамлекеттик резервдер органдары жана башка өлкөлөр менен кызматташтыкты жүзөгө ашырууга;
- мыйзамдарга ылайык тике инвестицияларды тартууга;
- матрезервдердин ишине тийиштүү иштерди жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлөрдүн илимий-изилдөө жана билим берүүчү уюмдар менен келишимдерди түзүүгө;
- Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун максаттарына жана милдеттерине каршы келбеген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган матрезервдер менен байланышкан башка иштерди жүргүзүүгө;
- компетенциясына кирген маселелер боюнча соттордо доогер жана жооп кайтаруучу катары чыгууга;
- өзүнүн компетенциясынын алкагында ички ведомстволук актыларды чыгарууга.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы №359 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун өз алдынча балансы болот.
9. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун атайын каражаттары төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
- брондон чыгаруу, карыз алуу, сатуу тартибинде материалдык баалуулуктарды чыгарууда 10 проценттин үстөктөн;
- мамматрезервге коюлуучу материалдык баалуулуктарды сатуудагы жана коюудагы наркындагы айырмасынан;
- сот доолору боюнча айыптык санкцияларды жана үстөктү алуудан жана башка акча түшүүлөрдөн;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардан.
10. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун атайын каражаттары төмөнкүлөргө багытталат:
- Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун жана анын аймактык бөлүмдөрүн кармоого;
- Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун ишинин алкагында максаттуу кызмат көрсөтүүчүлөргө (майдалоо, сактоо, газдоо, лабораториялык изилдөөлөр ж.б.) акы төлөөгө;
- мыйзамдарда белгиленген тартипте Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун ишин уюштурууга жана Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кызматкерлерине социалдык жактан колдоого.
11. Мамлекеттик материалдык резервдер фонду менен мамматрезервдин материалдык баалуулуктары менен операция жүргүзүүчү ишканалардын ортосунда материалдык баалуулуктар менен операциялар боюнча мүлктүк жоопкерчилик "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик материалдык резерви жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат.
12. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун бюджетин пайдалануу жөнүндө отчет Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашылат.
13. Мамлекеттик материалдык резервдер фонду иштеринин аудити Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
14. Жооптуу сактоочу ишканаларда мамматрезердердин материалдык баалуулуктары боюнча эсепке алуу жана отчет берүү бекитилген нускамаларга ылайык жүргүзүлөт.
15. Республикалык бюджеттен бөлүп берилген каражаттар төмөнкүлөргө багытталат:
- мамлекеттик резервдин материалдык баалуулуктарын толуктоого;
- аларды сактоого, көчүрүүгө жана алардын сактыгын камсыздоо боюнча башка кызматтарга.
16. Мамлекеттик материалдык резервдер фонду колдонуудагы эрежелер жана методикалар боюнча оперативдүү, бухгалтердик, статистикалык эсеп жүргүзөт, ага өткөрүп берилген мүлктүн, бюджеттик жана башка каражаттардын максаттуу пайдаланышын контролдойт.
17. Мамлекеттик материалдык резервдер фондун директор жетектейт, ал Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
18. Директордун бир орун басары болот, ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат, кызматтан бошотулат жана директорго түздөн-түз баш ийет.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-июнундагы № 312 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун директору:
- Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишине жетекчилик жүргүзөт;
- биринчи кол коюу укугуна ээ болуу менен финансы каражаттарынын башкы тескөөчүсү болуп эсептелет;
- Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат, директордун орун басарынын, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин функциялык милдеттерин, жоопкерчилик деңгээлин аныктайт;
- Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун борбордук аппаратынын, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн түзүмүн бекитет, анын өзгөрүүсү Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун милдеттерин жана функцияларын өзгөртүү менен гана байланыштуу болушу мүмкүн. Мында директорду дайындоо Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт;
- белгиленген ченемдердин чегинде Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун борбордук аппаратынын, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн штаттык ырааттамасын бекитет;
- Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жумушка кабыл алат жана жумуштан бошотот, ошондой эле бардык кызматкерлерге карата сыйлоо чараларын жана тартип жазаларын көрөт;
- Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кызматкерлери үчүн милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон нормативдик эмес мүнөздөгү буйруктарды, тескемелерди, нускамаларды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет, алардын аткарылышын контролдойт;
- Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кызматкерлерине сый акы төлөө шарттарын жана тартибин бекитет;
- Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун мүлкүн жана каражаттарын тескейт;
- ички иштин тартибин белгилейт;
- Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун атынан ишеним каттарын берет, Кыргыз Республикасынын банктарында эсептерди ачат.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-июнундагы № 312 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун мамматрезервди түзүү жана сактоо менен байланышкан бардык ишмердиги мамлекеттик сырды жана жашыруун режимин сактоону камсыздоо боюнча талаптарга катуу шайкештикте жүргүзүлөт.
21. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда 7 адамдан турган коллегия түзүлөт, анын курамына кызматы боюнча кирүүчү директор (коллегиянын төрагасы), директордун орун басары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жана мамлекеттик материалдык резервдер жаатындагы саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрү кирет. Коллегия жеке курамы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекитилет. Коллегиянын ишинин тартиби директор тарабынан бекитилүүчү жобо менен аныкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2011 жылдын 5-августундагы № 453, 2013-жылдын 4-июнундагы № 312 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Мамлекеттик материалдык резервдер фондун жоюу жана кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
23. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун ишмердигинин жүрүшүндө пайда болгон документтер "Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык сакталат жана пайдаланылат.