Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 20-февралындагы №118 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 730 токтому менен бекитилген |
I. Жалпы жоболор
II. Министрликтин милдеттери
III. Министрликтин милдеттери
IV. Министрликтин ыйгарым укуктары
V. Министрликтин ишин уюштуруу
VI. Корутунду жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги (мындан ары - министрлик) Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо тармагындагы мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү жана башкарууну жүзөгө ашыруучу мамлекеттик башкаруу органы болуп эсептелет.
2. Министрлик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, башка нормативдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Министрликтин мамлекеттик жана расмий тилдерде өз аталышы бар, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналыгында расчеттук эсептери бар юридикалык жак болот.
4. Министрликтин негизги милдети төмөнкүдөй тармактарда бирдиктүү мамлекеттик саясат жүргүзүү болуп эсептелет, алар:
- ден-соолукту коргоо жана чыңдоо;
- коомдук саламаттык сактоо;
- калктын медициналык жана фармацевттик кызматтарга карата болгон физикалык жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу;
- саламаттык сактоону, медициналык илим жана билим берүүнү кадрлык камсыздоо.
5. Министрлик өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгы сакталышын камсыздоо жагындагы Мамлекеттик гарантиялар программасын, улуттук, мамлекеттик жана максаттуу программаларды иштеп чыгат жана турмушка ашырат; саламаттык сактоону реформалоонун жүрүшүндөгү саламаттыкты сактоо жана чыңдоо тармагындагы жүзөгө ашырылып жаткан программаларды, ошондой эле калктын саламаттык абалын баалайт, анализдейт жана мониторинг өткөрөт;
- саламаттык сактоо тармагындагы укуктук ченемдик актылардын жобосун иштеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна коет;
- тармактар аралык, ошондой эле секторлор аралык координацияны ишке ашырат, ошондой эле жарандардын саламаттыгын сактоо боюнча улуттук, мамлекеттик жана максаттуу программаларды ишке ашыруу үчүн коомдук уюмдар менен өз ара байланышта иш жүргүзөт;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте саламаттык сактоонун аймактык органдарынын иштерин алардын менчигинин түрүнө карабастан координациялайт жана контролдойт;
- министрликтерге, административдик ведомстволорго жана аткаруу бийлигинин дагы башка мамлекеттик органдарга, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен өзүн-өзү башкаруу органдарына саламаттыкты сактоо маселелери боюнча кеңеш берүүчү-усулдук жардам көрсөтөт, өз ара иш алып барат;
- саламаттык сактоо мекемелерине жетекчилик кылат;
- башка министрликтер жана ведомстволор менен бирдикте өзгөчө кырдаалдарда келип чыккан кесепеттерди жоюуга байланышкан маселелерди чечүүгө катышат, тынчтык жана согуштук мезгилинде калкты медициналык камсыздоо боюнча мобилизациялык даярдыкты ишке ашырат;
- Кыргыз Республикасынын Инвестиция жана инновацияларды өнүктүрүү боюнча борбордук агенттиги менен бирдикте саламаттыкты сактоо системасынын өнүгүшүнө карата грант жана чет элдик түз инвестицияларды тартат, эл аралык долбоор жана программалардын жүзөгө ашышын камсыз кылуу менен финансы каражаттарынын, гуманитардык жардамдардын, инвестициялардын келиши жана пайдаланылышы боюнча эсеп жүргүзөт;
- ички контрол системасын жакшыртуу жана өнүктүрүү максатында саламаттыкты сактоо секторунда каржылык, учеттук, административдик, долбоордук, маалыматтык жана башка операциялык процесстерге ички аудит өткөрөт;
- саламаттык сактоо системасынын маалыматтык-коммуникациялык технологияларын өнүктүрүү жана колдоо боюнча иш-чараларды өткөрөт;
- саламаттык сактоо боюнча координациялык жана башка комиссиялардын, кеңештердин жана штабдардын иштерин координациялайт;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы социалдык маанилүү жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялык оорулар боюнча Дүйнөлүк Көп секторлуу Координациялык Комитеттин ишмердүүлүгүн колдойт;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден-соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо боюнча Көп секторлуу координациялык Кеңештин ишмердүүлүгүн камсыз кылат;
- республиканын территориясын карантиндик жана башка инфекциялардын тарабынан алдын алуу боюнча иш-чараларды координациялайт жана тамак-аш, ичээр суу жана айлана-чөйрөгө болгон көзөмөлдүктү уюштурат;
- саламаттыкты сактоо жана чыңдоо жаатында калктын маалымдуулугун жана активдүүлүгүн жогорулатуу максатында ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгууну жүзөгө ашырат;
- климаттын дүйнөлүк өзгөрүүсүнө карата болгон шарттарга байланышкан иш-чаралардын иштеп чыгып, ишке киргизүүгө катышат;
- инфекциялык жана актуалдуу кайталанма инфекциялык эмес оорулардын алдын алууну ишке ашырат;
- жарандардын өз жана башка адамдардын ден-соолугуна болгон жоопкерчилигин жогорулатуу, сергек жашоо образын калыптандыруу максатында жарандык коом, массалык маалымат каражаттарын, коомдук уюмдарды тартуу, калктын ден-соолугун чыңдоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;
- саламаттыкты сактоо мекемелеринде жогорку технологиялык медициналык жабдуулардын үзгүлтүксүз иштөөсү жана жаңы технологиялар менен камсыз болуп туруусу үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыз кылат;
- саламаттык сактоонун консолидацияланган бюджетин программалык негизде түзүү жагындагы саясатты аныктайт, ресурстарды бөлүштүрүүнүн алгылыктуу механизмдерин жаратат; ар кыл булактан келип түшкөн ресурс жана каражаттарды башкарат, жүзөгө ашырылып жаткан программалардын республикалык бюджетиндеги каражаттардан саламаттыкты сактоо мекемелерин каржылоону ишке ашырат;
- саламаттык сактоо системасын оптималдуу реструктуризациялоону жана рационалдаштырууну камсыздайт;
- медициналык жана фармацевттик кызматтардын сапатын жакшыртуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгып, жүзөгө ашышын камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык медициналык жана фармацевттик ишти лицензиялайт;
- саламаттык сактоо уюмдарын аккредитациялоо стандарттарын иштеп чыгат, жүзөгө ашырат;
- дары каражаттардын, медициналык аталыштагы буюмдардын жана медициналык жабдуулардын сапатына, коопсуздугуна жана натыйжалуулугун камсыздайт;
- дары каражаттарды, жабдууларды, шаймандарды, тамак-аш продуктуларын, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү тендерлик негизде борбордоштурулган сатып алууну жүзөгө ашырат;
- жогорку технологиялар фондунун, техникалык тейлөө фондунун, эпидемияга каршы фонддун жана борбордоштурулган иш-чаралардын каражаттарын түзөт, бөлүштүрөт жана максаттуу пайдаланылышын контролдойт;
- медициналык жана башка кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын белгилөө боюнча бирдиктүү методиканы иштеп чыкканга жана киргизгенге катышат, саламаттык сактоо уюмдарынын бюджеттен тышкаркы иштерин координациялайт жана контролдойт;
- саламаттык сактоо уюмдарынын инфраструктурасын жана материалдык-техникалык базасын жакшыртуу үчүн максаттуу капиталдык инвестициялардын тартылышын камсыздайт;
- республиканын аймагын карантиндик жана башка инфекциялар таралышынан санитардык коргоо боюнча иш-чараларды координациялайт;
- кыйроолордун, эпидемиялардын, табигый кырсыктардын жана техногендик авариялардын кесепеттерин жоюуга байланышкан маселелерди чечүүгө катышат, жабыркагандарга медициналык-санитардык жардамды уюштурат;
- тынчтык жана согуштук мезгилде, өзгөчө кырдаалдарда калкты медициналык камсыздоо боюнча башка министрликтер жана ведомстволор менен бирдикте мобилизациялык даярдыкты ишке ашырат;
- саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүгө гранттарды жана чет өлкөлүк тике инвестицияларды тартат, эл аралык долбоорлордун жана программалардын ишке ашырылышын контролдойт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген тартипте жетекчи кадрлардын резервин калыптандыруу боюнча иш-чараларды өткөрөт, медициналык жана фармацевттик кадрларды каттоону уюштурат;
- медициналык жана фармацевт кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо тармагындагы ишти координациялайт, медициналык жана фармацевт кадрларды даярдоого мамлекеттик заказды аныктайт, саламаттык сактоо уюмдарында медициналык кадрларды пайдалануу жана жылыштырууга алардын ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө карабастан жыл сайын мониторинг жүргүзөт;
- менчиктин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан билим берүү мекемелериндеги дипломго чейинки жана дипломдон кийинки, кошумча медициналык жана фармацевттик билим берүү сапатына байланышкан маселелерди жетекчиликке алат жана алар тарабынан бирдиктүү мамлекеттик билим берүү стандарттардын, окуу план жана программалардын иштелмелери үчүн сунуш киргизет, ошондой эле медициналык диссертациялык жана окумуштуулар кеңешинин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөйт;
- менчиктин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан саламаттыкты сактоо мекемелеринин адистерин жана жетекчилерин аттестациялоону көзөмөлүккө алат;
- Кыргыз Республикасынын иштиктүү мыйзамына ылайык башка дагы функцияларды аткарат.
6. Министрлик төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- башка мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын саламаттыкты сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу органдарынын кызматташтыгын жүзөгө ашырып, саламаттыкты коргоо жана чыңдоо тармагындагы макулдашуулардын аткарылышын камсыз кылат;
- саламаттыкты сактоо тармагындагы коомдук уюмдардын, ассоциация, фонд, кыймыл жана жеке тараптардын ыктыярдуу жана гуманитардык ишмердүүлүгүн колдоо;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга реструктуризациялоо жана рационализациянын жүрүшүндө бошоп калган саламаттыкты сактоо мекемелеринин турак жайларын менчиктештирүү боюнча сунуш киргизүү;
- министрликтерден, мамлекеттик комитеттерден жана администрациялык ведомстволордон, ошондой эле башка уюмдардан менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан саламаттык сактоо маселеси боюнча, анын ичинде социалдык мааниге ээ болгон жана адамдарда кездешүүчү өзгөчө коркунучтуу инфекциялык оорулар жаатындагы маалыматтарды алууга;
- медициналык жана фармацевттик кызматкерлерди аттестациялоо маселесин профессионал медициналык коомдук уюмдарга, ассоциацияларга (союздарга) өткөрүп берүүгө;
- саламаттык сактоо тармагындагы ченемдик эмес мүнөздөгү ведомстволук актыларды иштеп чыгууга жана бекитүүгө;
- өз компетенцияларынын чегинде мамлекеттик саламаттык сактоо мекемелерин түзүү жана жоюу жөнүндө чечим кабыл алууга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик саламаттык сактоо мекемелеринин структурасын жана уставын (жобо) бекитүүгө;
- саламаттыкты сактоо мекемелеринин типтүү уставдарын (жобо) иштеп чыгууга;
- саламаттык сактоо тармагындагы эл аралык сүйлөшүүлөрдө Кыргыз Республикасынын атынан чыгууга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктарынын чегинде эл аралык, өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык келишимдерди (макулдашууларды) түзүүгө;
- саламаттык сактоо маселеси боюнча эл аралык конгресстерди, кеңешмелерди, семинарларды, конференцияларды жана конкурстарды уюштурууга жана өткөрүүгө;
- менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринен иш жөнүндө отчет алууга;
- саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү административдик укук бузуулар жөнүндө ишти кароого;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген тартипте медициналык жана фармацевттик кызматкерлерди сыйлоо системасын иштеп чыгуу жана бекитүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө;
- басма ишин жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагындагы мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырууга.
7. Саламаттык сактоо министрлигин Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган тартипте кызматка дайындалчу жана кызматтан бошотулчу Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри (мындан ары министр) башкарат.
8. Статс-катчыны кызматка дайындоо, бошотуу, функциялары жана ыйгарым укуктары мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдары менен аныкталат. Министрдин орун басарлары Министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат, министрге тикелей баш ийет жана өзүнө жүктөлгөн милдеттердин чектеринде министрликтин ишин уюштурат.
9. Министр:
- Саламаттык сактоо министрлигинин ишин жеке жетекчиликтин негизинде башкарат;
- саламаттык сактоонун мамлекеттик бюджетинин башкы тескөөчүсү болот;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык борбордук аппараттын жана ага караган бөлүмдөрдүн штаттык расписаниесин жана структурасын бекитүүгө;
- Саламаттык сактоо министрлигинин структуралык подразделениелери жөнүндө жоболорду бекитет;
- министрликке жүктөлгөн маселелердин аткарылышы үчүн жекече жоопкерчилик тартат;
- статс-катчы жана өзүнүн орун басарларынын арасында милдеттерди бөлүштүрөт;
- Министрдин орун басарларынын кызмат ордуна жана Саламаттык сактоо министрлигинин коллегия мүчөлөрүнүн жеке курамына карата болгон талапкерлер боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды киргизет;
- мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин кызматка дайындайт жана бошотот;
- саламаттык сактоо боюнча координациялык комиссиялардын сунуштары боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялар же тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жергиликтүү саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин кызматка дайындоону макулдашат;
- Саламаттык сактоо министрлигинин аппарат кызматкерлерин сыйлоо маселесин чечет жана алардын кызматтык маяналарына жеке кошумчаларды белгилейт;
- мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери, жогорку жана орто кесиптик билим берүүчү мекемелердин жетекчилери, ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигине түз баш ийген уюмдардын жетекчилери үчүн тартиптик жаза колдонот жана сыйлоонун түрлөрүн аныктайт;
- чет мамлекеттерде, эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын коргойт, сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана келишимдерди түзөт;
- Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгынын абалы жөнүндө маалымат берет жана тийиштүү сунуштарды киргизет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен берилген башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
10. Саламаттыкты сактоо боюнча программалык документтерди, саламаттык сактоону реформалоонун айрыкча маанилүү маселелерин, медициналык билим берүүнүн, илимдин, ошондой эле саламаттык сактоо системасындагы кызмат адамдарынын отчетторун биргелешип талкуулоо үчүн Саламаттык сактоо министрлигинде коллегия түзүлөт.
11. Министрликте тогуз адамдан турган коллегия түзүлөт, анын курамына: кызмат орундары боюнча кирүүчү министр (коллегиянын төрагасы), статс-катчы, министрдин орун басарлары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлү, ошондой эле саламаттык сактоо системасынын башка жетекчи кызматчылары киришет.
Коллегиянын жеке курамы (коллегияга кызмат орду боюнча киргенден башкалар) министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекитилет.
12. Коллегия жөнүндө жобону жана анын иш регламенти министр тарабынан бекитилет.
13. Медициналык илимдин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана илимий-изилдөөчүлүк иштердин долбоорлоруна эксперттик баа берүү үчүн Саламаттык сактоо министрлигинде саламаттык сактоо системасындагы алдыңкы илимпоздордон Медициналык окумуштуулар кеңеши түзүлөт. Медициналык окумуштуулар кеңеши өз ишин министр бекитүүчү жобого ылайык жүргүзөт.
14. Министрликтин кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.