Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 731 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы №115 токтомунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
II. Министрликтин максаттары жана милдеттери
III. Министрликтин иш-милдеттери
IV. Министрликтин укуктары
V. Министрликтин ишин уюштуруу
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (мындан ары - Министрлик) Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин Жарандык коргонуу, өрт, атомдук жана радиациялык коопсуздугу жана гидрометеорология тармагындагы мамлекеттик органы болуп саналат.
2. Министрлик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы командачысынын буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Министрлик өз ишин аткаруу бийлигинин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка органдары, коомдук бирикмелер, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар менен тикелей жана ведомстволук баш ийүүдөгү органдары аркылуу өз ара байланышта иштешүү менен жүргүзөт.
4. Министрлик юридикалык жак, аскердик мекеме болуп саналат, аскер кызматкерлери, мамлекеттик кызматкерлер жана кенже тейлөөчү кызматчылар менен толукталат, өзүнүн айырмалоо белгилерине жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрүнө, штампына ээ, казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептери болот.
5. Министрликтин негизги максаты - Жарандык коргонуу, өрт, атомдук жана радиациялык коопсуздук жана гидрометеорология тармагындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу болуп саналат.
6. Министрликтин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- коркунучтуу табигый, техногендик процесстерге жана кубулуштарга болжолдоо жүргүзүүнү ишке ашыруу, Жарандык коргонуунун иш-чараларын пландаштыруу; Министрликтин аскерлеринин жана аймактык органдарынын күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыгын камсыз кылат;
- тынчтык жана согуш мезгилиндеги өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, алдын ала коргоочу иш-чараларды өткөрүү;
- издөө-куткаруу, авариялык-калыбына келтирүү жана башка кечиктирилгис жумуштарды уюштуруу жана өткөрүү, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу, алардын масштабына баа берүү.
7. Министрликтин негизги иш-милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун согуш мезгилиндеги Планын Кыргыз Республикасынын Президентинин бекитүүсүнө жөнөтүү үчүн белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берет;
- Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун тынчтык мезгилиндеги Планын белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизет;
- коркунучтуу табигый процесстерге мониторинг жүргүзөт, алардын активдешүүсүн божомолдойт;
- Жарандык коргонуу, гидрометеорология, өрт, атомдук жана радиациялык коопсуздук тармагында радиоактивдүү материалдарды колдонуудагы коопсуздук маселелери боюнча Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана макулдашууларды ишке ашыруу жана аткарылышын камсыз кылуу;
- Жарандык коргонуунун күчтөрүнүн курамын аныктайт жана алардын өзгөчө кырдаалдардагы иш-аракеттерге даярдыгын камсыздайт;
- Жарандык коргонуунун жетекчи, командалык-жетектөөчү курамын, мамлекеттик бийлик органдарынын, уюмдардын, мекемелердин кызмат адамдарын даярдоону жана окутууну, анын ичинде келишимдик негизде калкты өзгөчө кырдаалдардагы аракетке даярдоону уюштурат;
- Министрликтин авариялык-куткаруучу кошуундарын, аскердик бөлүктөрүн жана мекемелерди керектүү жабдуулар, механизмдер жана мүлк менен белгиленген тартипте жабдыйт;
- Жарандык коргонуу тармагындагы талаптарды сактоо бөлүгүндө калктуу конуштардын жана объекттердин башкы пландарынын долбоорлоруна мамлекеттик экспертиза өткөрүүгө катышат;
- калкты жана аймактарды табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча иш-чараларды өткөрүүгө Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын, күчтөрүн жана кошуундарын, мамлекеттик өрткө каршы кызматын дайыма даярдыкта кармоо;
- гидрометеорологиялык жана агрометеорологиялык божомолдорду түзүү;
- атомдук жана радиациялык коопсуздук тармагында мамлекеттик жөнгө салуу;
- атомдук жана радиациялык коопсуздук тармагында ченемдик талаптарды жана жөнгө салуучу эрежелерди иштеп чыгуу;
- гидротехникалык курулмаларда жана башка суу объектилеринде суу алдындагы-техникалык жана суучулдар иши боюнча эксперттик ишмердүүлүгүн ишке ашырат;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын, юридикалык жактарынын жана жеке адамдарынын менчигинин түрүнө карабастан өрт коопсуздугунун талаптарынын сакталышына мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүнү уюштурат;
- Жарандык коргонуу, гидрометеорология, өрт коопсуздугу маселелери боюнча, ошондой эле кадрларды даярдоо тармагында артыкчылыктуу багыттарды аныктоо жана илимий жана изилдөө иштерди жүргүзүү бөлүгүндө башка мамлекеттик органдар жана уюмдар менен өз ара байланышта иштөө;
- Жарандык коргонуу, гидрометеорология, өрт коопсуздугу жагында ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууну уюштуруу жана катышуу жана бул багыттагы билимдерди пропагандалоону жана жайылтууну уюштуруу;
- министрликтер жана ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка менчигинин түрүнө карабастан уюмдар тарабынан аткарылышы милдеттүү болгон Жарандык коргонуу тармагындагы жазуу жүзүндөгү буйруктарды жана көрсөтмөлөрдү берет;
- Жарандык коргонуу иш-чараларын жүргүзүүнү уюштурат;
- өзгөчө кырдаалдарда пайдалануу үчүн Жарандык коргонуунун материалдык ресурстарынын кол тийбес запасын түзөт;
- аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка органдары менен биргеликте мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын топтоонун номенклатурасын жана ченемдерин иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө берет;
- Жарандык коргонуу тармагында аткаруу бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүргүзүлүүчү иш-чараларды координациялайт;
- Министрликтин аймактык органдарынын жана аскердик кошуундарынын күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыгын камсыз кылат;
- атомдук жана радиациялык маселелер менен алектенген уюмдардын ишмердүүлүгүн жөнгө салат;
- калкты жана аймактарды коргоону камсыз кылуу үчүн радиоактивдүү жана уулуу калдык сакталуучу жайлардагы жана кен шилендилериндеги кырсыктардын алдын алуу боюнча мамлекеттик программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- суучулдар иши боюнча адистерди окутууну, даярдоону жана кайра даярдоону ишке ашырат;
- гидротехникалык курулмалардын тосмолорунда жана көлмөлөрдөгү жарандардын ден соолукту чыңдап эс алуучу жайларынын акваторияларында эксперттик жумуштарды ишке ашырат;
- башкаруу пункттарын, байланыш жана кабарлоо системаларын жана каражаттарын түзөт жана туруктуу даярдыкта кармап турат;
- калктуу конуштарды жана объектилерди селден жана суу ташкындарынан жана башка суулардан коргоону камсыз кылган иш-чараларды жүргүзөт, селден коргоочу курулуштарды курат жана бул инженердик курулуштардын ишке киришин камсыздайт;
- Министрликтин карамагында турган дарыялардын жээгиндеги колдо бар селден коргоочу курулмаларды жана түзүлүштөрдү ишке киргизүүнү ишке ашырат;
- сууда жана суу объектилеринде өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу тармагында инженердик-техникалык талаптардын сакталышын көзөмөлдөөнү ишке ашырат;
- радиациялык жана химиялык мониторинг жана кен шилендилери жана калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча илимий-изилдөө жана долбоорлоо-издөө жумуштарын жүргүзүүдө артыкчылыктуу багыттарды аныктоо бөлүгүндө мамлекеттик органдар жана уюмдар менен өз ара аракеттенет;
- Кыргыз Республикасынын суу объектилеринде жана гидротехникалык курулмаларында суучулдук суу алдындагы техникалык, кырсыктан куткаруу, издөө-куткаруу жана илимий-изилдөө иштерин ишке ашырат;
- өзгөчө кырдаал болгон аймакта жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте жабыр тарткан калктын биринчи кезекте жашоо-тиричилигин камсыздоону уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын аймагында, ошондой эле Кыргызстан макулдашуу түзгөн башка мамлекеттердин аймагында издөө-куткаруу жана өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча башка кечиктирилгис авариялык иштерди, ошондой эле куткаруу кызматтарын жана куткаруу кошуундарын аккредитациялоону жана сыноодон өткөрүүнү уюштурат жана жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын авиациялык издөө-куткаруу кызматынын күчтөрүн жана каражаттарын уюштурат жана кармап турат;
- бардык суучулдук түшүүлөргө жана жумуштарга уюштуруу-усулдук жетекчиликти ишке ашырат, Кыргыз Республикасындагы "суучулдар ишинин" бардык адистери үчүн адистик мүнөздөмөлөрдүн жана тастык каттардын талаптарын белгилейт;
- мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана чарба жүргүзүү субъекттери менен бирдикте алардын күчтөрүн жана каражаттарын ири өрттөрдү өчүрүүгө катышуу үчүн тартуу тартибин белгилейт, бул күчтөрдүн жана каражаттардын даярдыгын көзөмөлдөйт;
- Министрликтеги ички контролдоо системасынын шайкештигине жана натыйжалуулугуна, финансылык жана башкаруу маалыматтарынын ишенимдүүлүгүнө жана тактыгына, иштин жана башкаруунун жыйынтыгына, сарамжалдуулугуна жана натыйжалуулугуна, активдердин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышына талдоо, баалоо, мониторинг жана аудит жүргүзөт.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы №115 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Министрлик өзүнө жүктөлгөн иш-милдеттерге ылайык төмөнкүлөргө укуктуу:
- өзүнүн компетенциясынын чектеринде ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүүгө, Жарандык коргонуу, гидрометеорология жана өрт коопсуздугу маселелери боюнча ведомстволук актыларды кабыл алууга, менчигинин түрүнө карабастан бардык юридикалык жактар жана жеке адамдар аткарууга милдеттүү болгон Жарандык коргонуу тармагындагы көрсөтмөлөрдү жана жазуу жүзүндөгү буйруктарды берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте төмөнкүдөй сунуштарды киргизүүгө:
Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча аткаруу бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин, чарбакер субъекттердин жетекчилеринин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген чечимдерди жана ченемдик актыларды жоюу тууралуу отчетторун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отурумдарында угуу жөнүндө;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле Жарандык коргонуу, гидрометеорология жана өрт коопсуздугу тармагындагы ченемдерди, эрежелерди жана стандарттарды бузгандыгы үчүн аткаруу бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин, чарбакер субъекттердин жетекчилерин белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартуу жөнүндө;
- Жарандык коргонуу, гидрометеорология, өрт, атомдук жана радиациялык коопсуздук маселелери боюнча аткаруу бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин, чарбакер субъекттердин жетекчилеринин отчетторун Министрликтин коллегиялык отурумдарында угуу;
- көрсөтмөлөрдү жана жазуу жүзүндөгү буйруктарды аткарбаган убакта Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле Жарандык коргонуу, гидрометеорология, өрт коопсуздугу жана өзгөчө кырдаалдар тармагындагы ченемдерди, эрежелерди жана стандарттарды бузгандыгы үчүн кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана укук коргоо органдарына белгиленген тартипте сунуш киргизүүгө;
- административдик укук бузуулар жөнүндө материалдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кароого, жооптуу адамдарга айып салуу жана башка административдик жазаларды колдонуу, зарыл болгон учурда жооптуу адамдарды кылмыш-жазык жоопкерчилигине тартуу үчүн иштерди укук коргоо органдарына белгиленген тартипте берүү;
- колдонуудагы мыйзамдарды, стандарттарды, ченемдерди жана эрежелерди бузуу менен жүзөгө ашырылып жаткан объекттерди курууга, кайрадан курууга, кеңейтүүгө же техникалык жактан кайра жабдууга жана башка иштерге тыюу салуу;
- эгерде иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, лицензиялардын (уруксаттын) талаптарын бузуу менен жүргүзүлүп жатса же адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна, айлана-чөйрөгө коркунуч келтирсе, кайсы ведомствого таандык экендигине жана менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын же башка объекттердин ишине тыюу салуу, токтотуу, ошондой эле мындай иштерди каржылоону токтотуу жөнүндө тиешелүү органдарга сунуштарды даярдоо;
- мыйзамдарды бузуу менен ташылып жаткан коркунучтуу жүктөрдү (буюмдарды), сырьелук ресурстарды ташып келүүгө, ошондой эле транзиттөөгө (андан ары ташылышына) тыюу салуу;
- издөө, авариялык-куткаруу жана калыбына келтирүүчү иштерде, өрт өчүрүүдө, өзгөчө кырдаалдар зонасында жүргүзүлүүчү иштерде жана опурталдуу табигый жана техногендик процесстерди изилдөөдө кызматкерлерди кырсыктардан жана каза болуудан камсыздандыруу;
- белгиленген тартипте бекитилген таануу белгилери, сигнализация жана байланыш каражаттары менен жабдылган атайын транспорт каражаттарына ээ болуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик резервдин материалдык баалуулуктарын жана гуманитардык жүктөрдү пошлиналарды жана жыйымдардын башка түрлөрүн төлөбөстөн транспорттун ар кандай түрлөрү менен ташуу;
- байланышуу жана маалыматты берүү үчүн байланыштын республикалык системаларын жана ведомстволук тармактарын, анын ичинде аскердик кол башчылык органдарынын байланыш тармактарын артыкчылыктуу тартипте пайдалануу;
- ири көлөмдөгү авариялардын, кыйроолордун жана жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу боюнча иштерге жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен өз ара байланышта жетекчилик кылууну ишке ашыруу;
- өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иштерге жетекчилик кылуу учурунда кырсык зоналарында өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө чечим кабыл алган органдар менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чараларды көрүү;
- өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иш-аракеттерге башка аймактардан Жарандык коргонуу күчтөрүн жана каражаттарын, туруктуу даярдыктагы күчтөрүн тартуу жөнүндө чечим кабыл алуу;
- Министрликтин борбордук аппаратында жана ар бир ведомстволук түзүмдөрүндө кызматкерлердин өзгөчө кырдаалдар болгон жерге жөнөп кетиши үчүн 200 (эки жүз) миң сомго чейин өлчөмдөгү резервге ээ болуу;
- юридикалык жактардын жана жеке адамдардын өтүнмөлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү;
- өрттөрдү өчүрүүгө ишканалардын бул максаттар үчүн ыңгайлаштырылган техникасын тартуу;
- мамлекеттик башкаруу органдарына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясына Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча илимий-изилдөө, долбоорлоо жана долбоорлоо-конструктордук иштерди жүргүзүү жөнүндө сунуштарды киргизүү;
- кырсыктан-куткаруу, кырсыктан-калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүүгө Жарандык коргонуу кошуундарын, уюмдарды, ишканаларды жана жарандарды, алардын техникалык каражаттарын менчигинин түрүнө карабастан, белгиленген тартипте тартуу;
- тиешелүү мамлекеттик башкаруу органдары, юридикалык жактар жана жеке адамдар тарабынан аткарылышы милдеттүү болгон токтомдорду, буйруктарды жана буюртмаларды белгиленген тартипте өз компетенциясынын чектеринде чыгаруу.
9. Министрликтин кызматкерлери кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга (анын ичинде белгиленген тартипте режимдик), кайтарылуучу аймактарга, башка объектилерге кайсы ведомствого таандык экенине жана менчигинин түрүнө карабастан белгиленген тартипте кирүүгө, текшерүүгө жана текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча актылар менен протоколдорду түзүүгө, мыйзамдын талаптарын бузууларды жоюу боюнча милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон билдирүүлөрдү берүүгө укуктуу.
10. Министрликти Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти кызматка дайындачу жана бошотуучу министр жетектейт.
11. Министр Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун башчысынын биринчи орун басары, Жарандык коргонуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары болуп эсептелет.
12. Министр Министрликке жүктөлгөн милдеттердин жана иш-милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
13. Министр:
- статс-катчынын, министрдин орун басарларынын милдеттерин бөлүштүрөт жана алардын кызматтык милдеттерин аныктайт;
- ведомствого караштуу ишканаларды жана мекемелерди түзүү, өзгөртүп түзүү жана жоюу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте сунуштарды киргизет;
- дайындоо, бекитүү, (бошотуу) Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен ишке ашырылчу кызмат орундарынын номенклатурасына ылайык ведомстволук структуралардын жетекчилерин кызматка дайындоо жана бошотуу жөнүндө сунуштарды киргизет;
- министрликтин аймактык органдарын түзөт, өзгөртүп түзөт жана жоет, алардын түзүмүн жана штаттарын белгиленген эмгек акы фондунун чегинде бекитет;
- структуралык бөлүмдөрдүн жетекчилерин белгиленген тартипте кызматка дайындайт жана бошотот;
- Министрликтин бөлүктөрүн кайрадан куралдандырууга, жаңыртып жабдууга, жаңы техника жана техникалык каражаттар менен камсыздоого, ошондой эле илимий-изилдөө иштерине байланышкан чыгымдарды белгиленген тартипте бекитет;
- Министрликтин аскер кызматчылары табигый кырсыктардын жана башка өзгөчө кырдаалдардын мезгилинде милдеттерди аткарып жаткан учурда, ошондой эле шашылыш тапшырмаларды аткарып жаткан учурда алардын азык-түлүк үлүшүнүн убактылуу ченемдерин белгилейт;
- ведомстволук айырмалоо белгилери жөнүндө жоболорду белгиленген тартипте бекитет, Министрликтин өздүк курамын, ошондой эле калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо маселелерин чечүүдө көмөк көрсөткөн жарандарды ал айырмалоо белгилери менен сыйлайт;
- Министрликтин аскер кызматчыларын, ошондой эле калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо маселелерин чечүүдө көмөк көрсөткөн жарандарды сыйлоо үчүн сыйлык жана белек фондуларын, анын ичинде дүрмөттүү жана дүрмөтсүз курал фондун белгиленген тартипте түзөт;
- Министрликтин балансында болгон анын мүлкүн жана каражаттарын башкарат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каржылык-чарба ишин уюштурат;
- жыл ичиндеги алдын алуу, кырсыктан-калыбына келтирүү иштеринин жана башка иш-чаралардын программаларын белгиленген тартипте бекитет жана өзгөртүүлөрдү киргизет;
- менчигинин түрүнө карабастан министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өзгөчө кырдаалдар шартында өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарууну камсыз кылбаган кызмат адамдарын иштерге жетекчилик кылуудан четтетет, андан соң тиешелүү органдарга аларды кызматынан бошотуу жөнүндө сунуштарды киргизет;
- Министрликтин аскер кызматчыларына карата Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жалпы аскердик уставдарында каралган укуктардан толук көлөмдө пайдаланат;
- Министрликтин аскер бөлүктөрүнүн аскер шаарчаларын куруунун жана өнүктүрүүнүн башкы пландарын, Министрликтин аскер бөлүктөрүнүн курулуш объектилерин куруу долбоорлорун, Жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу тармагындагы илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштердин пландарын белгиленген тартипте бекитет;
- республикалык жана чек ара аралык өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуну жетектейт;
- Министрликтин системасындагы кызматкерлерди белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жакка кызматтык иш сапарларга жиберет;
- министрликтеги суучулдар ишинин келечектүү өнүгүү программасын жана концепциясын белгиленген тартипте бекитет;
- борбордук суучулдар квалификациялык Жана суучулдар медициналык комиссияларынын курамын белгиленген тартипте бекитет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат;
- Министрликтин борбордук аппаратынын жана ведомстволук
бөлүмчөлөрүнүн түзүмүн, штаттык расписаниесин белгиленген тартипте бекитет;
- Министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлерин белгиленген тартипте кызматка дайындайт жана бошотот;
- борбордук аппараттын жана аймактык бөлүмчөлөрдүн түзүмдүк бөлүмчөлөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
- Министрликтин ведомстволук бөлүмчөлөрү жөнүндө жоболордун долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө белгиленген тартипте берет.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы №115 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Статс-катчыны кызматка дайындоо, бошотуу, анын функциялары жана ыйгарым укуктары мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарда аныкталат. Министрдин орун басарларын министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот, алар министрге тикелей баш ийишет жана өздөрүнө жүктөлгөн милдеттердин чегинде министрликтин ишин уюштурушат.
15. Министрдин үч орун басары болот, алар кызматка министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалат. Министрдин орун басарлары түздөн-түз министрге баш иет жана өздөрүнө жүктөгөн милдеттердин чектеринде Министрликтин ишин уюштурат.
16. Министрликте анын ишинин негизги багыттарын кароо үчүн 11 адамдан турган коллегия түзүлөт. Министр, статс-катчы, министрдин орун басарлары кызмат орду боюнча коллегиянын курамына кирет. Коллегияга кызмат орду боюнча кирген адамдардан башка мүчөлөрү министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен бекитилет.
17. Коллегиянын чечимдери токтом түрүндө кабыл алынат жана Министрликтин буйруктары менен ишке ашырылат. Коллегиянын иши министр беките турган регламент менен аныкталат.
18. Министрликте жана аскер кызматчылары менен толукталган ага баш ийген структуралык бөлүмдөрдө аскер кызматын өтөө жалпыга бирдей аскердик милдетти өтөө болуп эсептелет, ал эми бардык аскер кызматчылары анык аскер кызматында болушат.
19. Министрликте кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчылары үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдер боюнча ыраазычылыктын акчалай жана натуралай түрлөрү, кызматтык жана турак жайлар, өмүрүн камсыздандыруу менен камсыздалышат.
20. Министрликтин аскер бөлүктөрүнүн офицердик курамына кезектеги аскердик наамдар төмөнкүдөй тартипте берилет:
- "кенже лейтенанттан" тартып "полковникти" кошо алгандагы аскердик наамдар министрдин жетекке алуучу орун басарынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин буйругу менен берилет;
- "прапорщик", "ага прапорщик" деген аскердик наамдар тиешелүү саркерлердин (начальниктердин) сунушу боюнча министрдин жетекке алуучу орун басарынын буйругу менен берилет.
21. Министрге, статс-катчыга, министрдин орун басарларына жана Министрликтин системасындагы кызмат адамдарына табелдик куралды жана атайын каражаттарды белгиленген тартипте сактоого жана пайдаланууга уруксат берилет.