Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №115 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 26-февралы №115
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 731 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмүн оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 731 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкаруу схемасында:
"Бишкектеги материалдык-техникалык камсыздоо ишканасы" мамлекеттик ишканасы" деген позиция алып салынсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жободо:
13-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"- Министрликтин борбордук аппаратынын жана ведомстволук бөлүмчөлөрүнүн түзүмүн, штаттык расписаниесин белгиленген тартипте бекитет;
- Министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлерин белгиленген тартипте кызматка дайындайт жана бошотот;
- борбордук аппараттын жана аймактык бөлүмчөлөрдүн түзүмдүк бөлүмчөлөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
- Министрликтин ведомстволук бөлүмчөлөрү жөнүндө жоболордун долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө белгиленген тартипте берет.";
7-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- Министрликтеги ички контролдоо системасынын шайкештигине жана натыйжалуулугуна, финансылык жана башкаруу маалыматтарынын ишенимдүүлүгүнө жана тактыгына, иштин жана башкаруунун жыйынтыгына, сарамжалдуулугуна жана натыйжалуулугуна, активдердин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышына талдоо, баалоо, мониторинг жана аудит жүргүзөт.".
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2008-жылдын 1-февралындагы № 67 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |