Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №115 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 4-декабры № 731
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы №115, 2010-жылдын 16-июнундагы №91, 2011-жылдын 9-февралындагы №35 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 22-октябрындагы № 283 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар тууралуу" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкаруу схемасы.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Өнөр жай коопсуздугун көзөмөлдөө жана кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекциянын функцияларын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин укук мураскери болуп эсептелээри белгиленсин.
3. Төмөнкүлөр кайра түзүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча мамлекеттик агенттик (Кыргызгидромет) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигине (Кыргызгидромет);
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрт өчүрүүчү-куткаруучу мамлекеттик кызмат Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрт коопсуздугу боюнча агенттикке.
4. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттиги (Кыргызгидромет) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча мамлекеттик агенттиктин (Кыргызгидромет) укук мураскери болуп эсептелээри.
Премьер-министри | Д.Үсөнов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 731 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкаруу
СХЕМАСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы №115, 2010-жылдын 16-июнундагы №91, 2011-жылдын 9-февралындагы №35 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
┌───────────────────────────────┐
│ Кыргыз Республикасынын Өзгөчө │
│ кырдаалдар министрлиги │
└──────────────┬────────────────┘
│
┌──────────────────────┐ │ ┌────────────────────────────────┐
│ Өзгөчө кырдаалдарга │ │ │Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин│
│ мониторинг жүргүзүү, ├──────┤ │облустук, Бишкек, Ош шаарларынын│
│болжолдоо департаменти│ │ │ башкармалыктары, Куткаруу │
└──────────────────────┘ ├─────┤ кызматтары, Куткаруучуларды │
┌──────────────────────┐ │ │ даярдоо мамлекеттик борбору, │
│ Өзгөчө кырдаалдардын │ │ │ Куткаруу борбору, Тоо куткаруу │
│ алдын алуу жана ├──────┤ │ кызматы │
│ кесепеттерин жоюу │ │ └────────────────────────────────┘
│ боюнча департамент │ │ ┌────────────────────────────────┐
└──────────────────────┘ │ │ Өзгөчө кырдаалдарга жооп │
┌──────────────────────┐ ├─────┤ кайтаруу борборлору │
│ Көчмө │ │ │ (Түштүк, Түндүк) │
│ механизациялашкан ├──────┤ └────────────────────────────────┘
│ отряддар │ │ ┌────────────────────────────────┐
└──────────────────────┘ ├─────┤КР ӨКМ алдындагы Өрт коопсуздугу│
┌──────────────────────┐ │ │ боюнча мамлекеттик агенттик │
│ "КР ӨКМ алдындагы │ │ └────────────────────────────────┘
│ авиациялык ишканасы" ├──────┤ ┌────────────────────────────────┐
│ мамлекеттик ишканасы │ │ │ КР ӨКМ алдындагы │
└──────────────────────┘ ├─────┤ Гидрометеорология боюнча │
┌──────────────────────┐ │ │ агенттик (Кыргызгидромет) │
│ Сел жана суу │ │ └────────────────────────────────┘
│ ташкындарынан коргоо ├──────┤ ┌────────────────────────────────┐
│ башкармалыгы │ │ │ КР ӨКМ алдындагы Атомдук жана │
└──────────────────────┘ ├─────┤ радиациялык коопсуздук боюнча │
┌───────────────────────┐ │ │ агенттик │
│(Позиция КР Өкмөтүнүн │ │ └────────────────────────────────┘
│2010-жылдын 26-февра- ├─────┤ ┌────────────────────────────────┐
│лындагы N 115 токтомуна │ │Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу │
│ылайык алып салынды) │ │ │ жана кесепеттерин жоюу боюнча │
└───────────────────────┘ │ │ Түштүк аймактык департамент │
┌──────────────────────┐ │ └────────────────────────────────┘
│КР ӨКМ Жарандык корго-├──────┤ ┌────────────────────────────────┐
│нуу адистерин даярдоо │ │ │ │
│жана кайра даярдоо │ │ │ │
│борбору │ │ │ Суучулдарды даярдоо жана суу │
└──────────────────────┘ ├─────┤ алдындагы техникалык жумуштарды│
┌──────────────────────┐ │ │ жүргүзүү борбору │
│ "Спаспромсервис" ├──────┘ └────────────────────────────────┘
│ мамлекеттик ишканасы │
└──────────────────────┘