Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2018-жылдын 22-январындагы N 49 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 8-декабры № 742
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өздүк курамына жана аскерге чакырууга чейинки жаштарга тарбия берүү концепциясын ишке ашыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 29-июнундагы ПЖ № 296 «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өздүк курамына жана аскерге чакырууга чейинки жаштарга тарбия берүү Концепциясы жөнүндө» Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер бекитилсин:
- Куралдуу Күчтөрдү, башка аскердик кошуундарды жана аскердик кызмат мыйзам менен каралган мамлекеттик органдарды тарбиялоонун бирдей системасына өткөрүүнүн программасы;
- Куралдуу Күчтөрдү, башка аскердик кошуундарды жана аскердик кызмат мыйзам менен каралган мамлекеттик органдарды тарбиялоонун бирдей системасына өткөрүүнүн программасын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттердин планы.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана администрациялык ведомстволору, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары:
- Программаны аткаруу боюнча иш-чаралардын пландарын жетекчилердин жана кызмат адамдарынын белгиленген чаралардын ишке ашырылышы үчүн жеке жоопкерчиликтерин белгилөө менен иштеп чыгышсын;
- квартал сайын, отчеттук кварталдан кийинки айдын 15-күнүнөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат беришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги квартал сайын, отчеттук кварталдан кийинки айдын 25-күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
Д.Үсөнов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 742 токтому менен Бекитилген |
№ | Өткөрүлүүчү иш чаралар | Аткаруу мөөнөттөрү | Аткаруучу |
1. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тарбиялоо иштеринин органдарынын жетекчилеринин ведомство аралык комитетин түзүү жөнүндө" чечиминин долбоорун иштеп чыгуу | 2010-жылдын 25-январына чейин | КР Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо маселелерин тейлөөчү кызматкери, Коргоо министрлиги |
2. | Комитеттин мүчөлөрүнүн биринчи уюштуруу отурумун даярдоо жана өткөрүү жана 2010-жылга иш Планын бекитүү | 2010-жылдын 10-февралына чейин | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги |
3. | "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларын жана чакырылууга чейинки жаштардын мындан ары мамлекеттик-патриоттук жана аскердик тарбиялоону өркүндөтүүнүн жолдору жана актуалдуу маселелер жөнүндө" темасында илимий-практикалык конференцияны даярдоо жана өткөрүү | 2010-жылдын март айы | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тарбиялоо иштеринин органдарынын жетекчилеринин ведомство аралык комитети, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги |
4. | Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларын жана чакырылууга чейинки жаштарды тарбиялоонун ченемдик-укуктук базасынын бирдей системаларын иштеп чыгуу планын бекитүү | 2010-жылдын апрели | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тарбиялоо иштери органдарынын жетекчилеринин ведомстволор аралык комитети, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
5. | Тарбиялоонун ведомстволук программаларын иштеп чыгуу | 2011-жылдын 1-январына чейин | КР КМ, КР ӨКМ, КР МУКК, КР МЧК, МКК, КР ИИМ ИА, КР ЖАМК |
6. | 2011-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн, башка аскердик кошуундарын жана аскердик кызмат мыйзам менен каралган мамлекеттик органдарын тарбиялоонун бирдей системасына өткөрүү жана чакырылууга чейинки жаштарды тарбиялоо программасын (мындан ары - Программалар) ресурстук камсыздоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу | 2010-жылдын августу | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тарбиялоо иштери органдарынын жетекчилеринин ведомстволор аралык комитети |
7. | Аскер кызматчыларды жана чакырылууга чейинки жаштарды тарбиялоо маселеси боюнча илимий изилдөө өткөрүүнүн ведомство аралык планын иштеп чыгуу | 2010-жылдын апрели | Кыргыз Республикасынын УИА колдоосу боюнча Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тарбиялоо иштери органдарынын жетекчилеринин ведомстволор аралык комитети |
8. | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик кошуундарынын жана аскердик кызмат мыйзам менен каралган мамлекеттик органдарынын психологиялык кызматы жөнүндө жобону иштеп чыгуу | 2011-жылдын 1-январына чейин | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тарбиялоо иштери органдарынын жетекчилеринин ведомстволор аралык комитети |
9. | Өткөрүлүп жаткан иш чараларды маалыматтык камсыздоо | Бардык мезгилде | Республикалык жалпыга маалымдоо каражаттары, КР КМ, КР ӨКМ, КР МУКК, КР МЧК, МКК, КР ИИМ ИА, КР ЖАМК басма-сөз кызматтары |
10. | Коомдук-мамлекеттик даярдыкты борборлоштурулган пландоого жана окуу-усулдук камсыздоого өткөрүүнү жүзөгө ашыруу | 2012-жылдын 1-январынан баштап | КР КМ, КР ӨКМ, КР МУКК, КР МЧК, МКК, КР ИИМ ИА, КР ЖАМК |
11. | Куралдуу Күчтөрдө, башка аскердик кошуундарда жана аскердик кызмат мыйзам менен каралган мамлекеттик органдарда социалдык процесстердин ошондой эле өздүк курамдын моралдык-психологиялык абалынын мониторингин ишке ашыруунун бирдей тартибин иштеп чыгуу | 2012-жылдын 1-январына чейин | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тарбиялоо иштери органдарынын жетекчилеринин ведомстволор аралык комитети |
12. | Аскер кызматчыларын, чакырууга чейинки жаштарды аскердик тарбиялоону өркүндөтүү кызыкчылыгында кошуундардын жана аскердик бөлүктөрдүн башкаруу органдарынын коомдук жана диний бирикмелер, жалпыга маалымдоо каражаттары, чыгармачыл бирикмелер, мекемелер жана уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү уюштурууга бирдей мамилени камсыз кылуу | 2012-жылдын 1-январынан баштап | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тарбиялоо иштери органдарынын жетекчилеринин ведомстволор аралык комитети |
13. | Куралдуу Күчтөрдү, башка аскердик кошуундарды жана аскердик кызмат мыйзам менен каралган мамлекеттик органдарды мамлекеттик маалымат ресурстарын пайдалануу менен аскерлерди ыкчам маалымдоонун бирдей системасына өткөрүү планын иштеп чыгуу | 2013-жылдын 1-январына чейин | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тарбиялоо иштери органдарынын жетекчилеринин ведомстволор аралык комитети |
14. | "Куралдуу Күчтөрдөгү, башка аскердик кошуундардагы жана аскердик кызмат мыйзам менен каралган мамлекеттик органдардагы маданий-эс алуу иштери" аттуу ведомстволор аралык программаны иштеп чыгуу | 2013-жылдын 1-июлуна чейин | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тарбиялоо иштери органдарынын жетекчилеринин ведомстволор аралык комитети |
15. | Кыргыз Республикасынын аскер тарыхындагы (аскердик даңк күндөрү) эскерүү (маанилүү) күндөрүн майрамдоолорго арналган иш-чараларды уюштуруунун жана өткөрүүнүн борборлоштурулган системасына өтүүнү жүзгө ашыруу | 2013-жылдын 1-январынан баштап | КР КМ, КР ӨКМ, КР МУКК, КР МЧК, МКК, КР ИИМ ИА, КР ЖАМК |
16. | Социалдык-психологиялык изилдөөлөрдү уюштурууну бирдейлештирүү | 2013-жылга чейин | КР КМ, КР ӨКМ, КР МУКК, КР МЧК, МКК, КР ИИМ ИА, КР ЖАМК |
17. | Аскер кызматчылардын психологиясын, психологиялык даярдыгын уюштурууну, аларды кесиптик-психологиялык тандоону, психологиялык жардамдын жана реабилитациянын ведомстволук борборлорунун (пункттардын) иштешин, ошондой эле аскер кызматчылардын психологиялык ден соолугун сактоо кызыкчылыгында аларды жабдууну уюштурууну бирдейлештирүү | 2013-жылга чейин | КР КМ, КР ӨКМ, КР МУКК, КР МЧК, МКК, КР ИИМ ИА, КР ЖАМК |
18. | 2014-2015-жылдарга Куралдуу Күчтөрдүн, аскердик кошуундардын жана аскердик кызмат мыйзам менен каралган мамлекеттик органдардын полиграфиялык базасын жана телерадио системаларын биргелешип колдонуу жана өркүндөтүү планын иштеп чыгуу | 2014-жылдын 1-январына чейин | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тарбиялоо иштери органдарынын жетекчилеринин ведомстволор аралык комитети |
19. | Контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жаткан аскер кызматчылары менен аскердик кызматты комплектөөгө өтүүнү эске алуу менен Куралдуу Күчтөрдө, башка аскердик кошуундарда жана аскердик кызмат мыйзам менен каралган мамлекеттик органдарда тарбиялоонун бирдей системаларын түзүүнү аяктоо | 2014-жылга чейин | КР КМ, КР ӨКМ, КР МУКК, КР МЧК, МКК, КР ИИМ ИА, КР ЖАМК |
20. | Тарбиянын бирдей системаларынын иштөө механизмдеринин өркүндөтүү | 2014-2015- жылдар | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тарбиялоо иштери органдарынын жетекчилеринин ведомство аралык комитети |
21. | Куралдуу Күчтөрдүн, башка аскердик кошуундардын жана аскердик кызмат мыйзам менен каралган мамлекеттик органдардын биргелешкен иш-аракеттеринде тарбиялоо түзүмдөрүнүн иштөө тажрыйбасын иликтөө, жалпылоо жана киргизүү | 2014-жылга чейин | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тарбиялоо иштери органдарынын жетекчилеринин ведомстволор аралык комитети |
22. | Куралдуу Күчтөрдө, башка аскердик кошуундарда жана аскердик кызмат мыйзам менен каралган мамлекеттик органдарда аскердик-социалдык изилдөөлөрдүн бирдей сурамжылоо тармагынын уюштурууну аяктоо | 2015-жылдын 1-январына чейин | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тарбиялоо иштери органдарынын жетекчилеринин ведомство аралык комитети |
23. | Куралдуу Күчтөрдүн, башка аскердик кошуундардын жана аскердик кызмат мыйзам менен каралган мамлекеттик органдардын (тынчтык жана аскердик убакта) аймактык принцип боюнча маалыматтын техникалык каражаттары менен камсыздоонун бирдей системасына өтүүсүн жүзөгө ашыруу | 2015-жылдын 1-январына чейин | КР КМ, КР ӨКМ, КР МУКК, КР МЧК, МКК, КР ИИМ ИА, КР ЖАМК |
24. | Басма, аудио жана видео продукцияларды жана кино видеопрокатты өндүрүүнүн бирдейлештирилген системасына өтүүнү жүзөгө ашыруу | 2015-жылдын 1-январына чейин | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тарбиялоо иштери органдарынын жетекчилеринин ведомстволор аралык комитети |
25. | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн, башка аскердик кошуундарын жана аскердик кызмат мыйзам менен каралган мамлекеттик органдарын тарбиялоонун бирдей системасына биротоло өтүүсүн жүзгө ашыруу | 2016-жылдын 1-январына чейин | КР КМ, КР ӨКМ, КР МУКК, КР МЧК, МКК, КР ИИМ ИА, КР ЖАМК |
26. | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн, башка аскердик кошуундарын жана аскердик кызмат мыйзам менен каралган мамлекеттик органдарын тарбиялоонун бирдей системасына өткөрүү программасын аткарылгандыгы жөнүндө билдирүү | 2016-жылдын 1-январына чейин | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тарбиялоо иштери органдарынын жетекчилеринин ведомстволор аралык комитети |
|
|
КР Өкмөтүнүн
2018-жылдын 22-январындагы N 49 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме2
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2009-жылдын 8-декабрындагы
N 742 токтому менен
бекитилген
Куралдуу Күчтөрдү, башка аскердик кошуундарды
жана аскердик кызмат мыйзам менен каралган
мамлекеттик органдарды тарбиялоонун бирдей
системасына өткөрүүнүн
ПРОГРАММАСЫ
I. Киришүү
II. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка
аскердик кошуундарынын жана аскердик кызмат мыйзам менен
каралган мамлекеттик органдарынын аскердик тарбиялоонун бирдей
системасына өтүү зарылдыгына негиздеме
III. Стратегиялык документтин максаттары жана милдеттери
IV. Бул Программаны ишке ашыруунун механизми жана аны ресурстук
камсыздоо
V. Бул Программаны ишке ашыруунун натыйжалуулугун баалоо
I. Киришүү
Бул Программа Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 29-июнундагы N 296 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өздүк курамына жана аскерге чакырууга чейинки жаштарга тарбия берүү Концепциясы жөнүндө" Жарлыгына ылайык иштелип чыккан.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндөгү, башка аскердик кошуундарындагы жана аскердик кызмат мыйзам менен каралган мамлекеттик органдарындагы тарбиялоо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык, көп кылымдык адеп-ахлактык негиздердин, аскердик салттардын, патриотизмдин жана көп улуттуу Кыргызстандын маданиятына жана каада-салттарына сый мамиленин негизинде ишке ашырылат. Мында топтолгон тажрыйба, Кыргызстандагы коомдун азыркы учурдагы абалы, анын проблемалары жана өнүгүү тенденциялары эске алынат.
Тарбиялоонун бирдей системасын Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинде, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматында, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринде (мындан ары - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү, башка аскердик кошуундар) жана аскердик кызмат мыйзам менен каралган мамлекеттик органдарда түзүү каралып жатат.
Бул Программа тарбиялоо системасын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын, ошондой эле тарбия ишин (өздүк курам менен болгон ишти) жүргүзүүчү жана моралдык-психологиялык камсыздоону ишке ашыруучу бирдей (унификацияланган) башкаруу системаларын жана органдарын (мындан ары - тарбиялоочу түзүмдөр) түзүү тартибин; кызматтык-күжүрмөн (окуулук-күжүрмөн) милдеттерди биргелешип аткаруу боюнча ал органдардын күч-аракеттерин координациялоонун жана бириктирүүнүн; өздүк курам менен тарбия ишинин бирдей уюштуруунун жана аткарылуучу милдеттерди моралдык-психологиялык жактан камсыздоонун негизги багыттарын аныктайт.
Бул Программанын ишке ашырылышы мамлекеттин аскердик уюму менен коомдун ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө, коомдун аң-сезиминде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн, башка аскердик кошуундарын жана аскердик кызмат мыйзам менен каралган мамлекеттик органдарын куруу жана өнүктүрүү боюнча иш-чараларга туруктуу колдоо көрсөтүүнү калыптандырууга мүмкүндүк берет.
II. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн,
башка аскердик кошуундарынын жана аскердик кызмат
мыйзам менен каралган мамлекеттик органдарынын
аскердик тарбиялоонун бирдей системасына өтүү
зарылдыгына негиздеме
Мамлекеттин бардык аскердик уюмдарынын алкагында тарбиялоонун бирдей системасына өтүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү зарылдыгы өздүк курамдын бардык категорияларына психологиялык күч-келүүнүн көбөйүшү менен шартталган. Мында тарбия ишинин сапатын жана натыйжалуулугун арттыруу, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик кошуундарынын жана аскердик кызмат мыйзам менен каралган мамлекеттик органдарынын аскердик жамааттарында социалдык процесстерди туруктуу башкарууну солгундатпоо боюнча социалдык-саясий жана моралдык-психологиялык алдын алуучу чараларды көрүү талап кылынат.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндөгү, башка аскердик кошуундардагы жана аскердик кызмат мыйзам менен каралган мамлекеттик органдарындагы тарбиялоонун мурдатан келаткан системалары алар аткарчу милдеттердин өзгөчөлүктөрүнө ылайык түзүлгөн жана башкаруу органдарынын структуралары, күчтөрүнүн жана каражаттарынын курамдары ар түрдүү.
Тарбиялоонун бирдей системасынын жакшы жагы болуп - Куралдуу Күчтөрдүн, башка аскердик кошуундардын жана аскердик кызмат мыйзам менен каралган мамлекеттик органдардын командачылыгынын өздүк курамдын моралдык-психологиялык абалы үчүн толук жоопкерчилиги жана колдо болгон күчтөрдү, каражаттарды, ошондой эле тарбия ишине бюджеттик ассигнованиелерди сарамжалдуу пайдалануу мүмкүндүгү эсептелет.
Азыркы убакта аскер кызматчыларды тарбиялоо боюнча иштин аткарылышын негизинен Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү, башка аскердик кошуундары жана аскердик кызмат мыйзам менен каралган мамлекеттик органдары камсыздашат.
Ошондой болсо да, тарбиялоонун азыркы системалары мамлекеттин учурдагы аскердик уюштурулушунун талаптарына, анын абалына жана өнүгүү келечектерине толук өлчөмдө жооп бербейт, максаттуу багытта өркүндөтүүгө муктаж.
Азыр колдонулуп жаткан системалардын кемчиликтери төмөнкүлөр:
- өздүк курамды тарбиялоо үчүн арналган күчтөрдүн жана каражаттардын маневр кылууга, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө, башка аскердик кошуундарына жана аскердик кызмат мыйзам менен каралган мамлекеттик органдарына өлкөнүн коргонуусун жана коопсуздугун камсыздоо кызыкчылыгында жүктөлгөн башкы маселелерди чечүүдө ал күч-каражаттарды топтоштурууга мүмкүнчүлүгү чектелгендиги;
- маалыматтык камсыздоо күчтөрүнүн жана каражаттарынын иштери начар координацияланганы жана чектелген мүмкүнчүлүгү;
- тарбиялоо түзүмдөрүнүн кадрларды даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системаларындагы орчундуу айырмалар;
- кызматтык-күжүрмөн (аскердик-машыгуучу) тапшырмаларды аткарууда тарбиялоо ишин жана моралдык-психологиялык камсыздоону башкаруунун бирдей түргө келтирилген системасынын жоктугу;
- материалдык-техникалык камсыздоонун төмөнкү деңгээли;
- аскер кызматчыларынын аскердик тарбиялоону өркүндөтүү кызыкчылыгында республикалык, жергиликтүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук жана диний бирикмелер, мекемелер жана уюмдар менен өз ара иштешүүнү уюштурууга карата мамиледе бирдиктүүлүктүн жоктугу;
- тарбиялоонун техникалык каражаттарын (мындан ары - ТТК) сатып алуунун жана окуулук жана окуулук-усулдук продукцияларды чыгарууга заказ берүүнүн бирдиктүү системасы жоктугу, бул бюджеттик каражаттардын сарамжалсыз пайдаланылышына алып келүүдө.
Тарбиялоонун бирдиктүү системасына өтүү саналган бул кемчиликтерди жоет жана төмөнкүлөрдү камсыздоого мүмкүнчүлүк берет: Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик кошуундарында жана аскердик кызмат мыйзам менен каралган мамлекеттик органдарында коргонуу жана өлкөнүн коопсуздугу жагындагы мамлекеттик саясатты натыйжалуу жүргүзүүгө; аскердик жамааттарда өздүк курамдын моралдык-психологиялык абалынын жана аскердик тартиптин жогорку деңгээлин жана таза моралдык-ыймандык атмосфераны сактоого; аскер кызматчынын коомдук кадырын жана аскер кызматынын беделин жогорулатууга; тарбиялоо ишинин күчтөрүн жана каражаттарын сарамжалдуу пайдаланууга; кызматтык-күжүрмөн (аскердик-машыгуучу) тапшырмалардын аткарылышын моралдык-психологиялык жактардан камсыздоонун натыйжалуулугуна; тарбиялоо түзүмдөрүнүн кадрларды даярдоо системаларын өркүндөтүүгө; өздүк курамды тарбиялоого бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын жумшалышын оптималдаштырууга.
Тарбиялоонун бирдиктүү системасына өтүүнүн зарыл шарттары болуп төмөнкүлөр эсептелет: тарбия аскердик курулуштун жооптуу маселеси экенин моюнга алуу; тарбиялоонун маселелерин коюуга жана уюштурууга комплекстүү мамиле кылуу; тарбиялоо процессин ар тараптуу камсыздоону уюштуруу; тарбия ишинин бардык багыттарын негизги бир бүтүнгө бириктирүү.
III. Стратегиялык документтин максаттары
жана милдеттери
Бул Программанын максаттары болуп Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик кошуундарынын аскер кызматчыларын тарбиялоо системаларын өркүндөтүү жана унификациялоо эсептелет.
Аталган максаттарга жетүү үчүн төмөнкү маселелерди чечүү керек:
- аскер кызматчылардын бардык категорияларын тарбиялоонун Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана аскердик курулуштарынын учурдагы талаптарына жооп берген системасын түзүү;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик кошуундарында аскердик тарбия ишин натыйжалуу координациялоону уюштуруу үчүн ведомстволор аралык орган түзүү;
- Кыргыз Республикасынын саясий жетекчилиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан ички жана тышкы саясатты, аскердик курулуш жана адамдын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугу жагындагы саясатты аскер кызматчылардын түшүнүп кабыл алышын жана кынтыксыз колдошун камсыздоо максатында информациялык-тарбиялык ишти уюштурууга карата бирдиктүү мамилени иштеп чыгуу;
- тарбиялоо ишин жана моралдык-психологиялык камсыздоону башкаруунун бирдейлештирилген системасын түзүү;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн, башка аскердик кошуундарын куруунун, даярдоонун жана пайдалануунун, күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыгын моралдык-психологиялык жактан камсыздоонун системасын нормативдик-укуктук, уюштуруучулук жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн, башка аскердик кошуундарын маалыматтык камсыздоонун, алардын жалпыга маалымдоо каражаттарынын өз ара байланышкан системасын өнүктүрүү;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн, башка аскердик кошуундарын жана аскердик кызмат мыйзам менен каралган мамлекеттик органдарын куруунун жана өнүктүрүүнүн жүрүшүндө өздүк курамдын туруктуу моралдык-психологиялык абалын жана аскердик тартибин сактоону камсыздоо;
- маданий аскердик мекемелердин каражаттарынын арсеналын жана потенциалын биргелешип колдонуу, Кыргыз Республикасынын чыгармачыл бирикмелери, мекемелери жана уюмдары менен аскердик-шефтик иштерди координациялоо;
- аскердик-социологиялык изилдөөлөрдүн бирдиктүү системаларын түзүү;
- даярдоонун, кайра даярдоонун жана тарбиялоо түзүмдөрүнүн кадрларынын квалификациясын жогорулатуунун унификациялык системасын түзүү.
Ушул Программа менен коюлган милдеттер тарбиялоо түзүмдөрү тарабынан ишке ашат.
Ушул Программаны ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөр зарыл:
- аскердик тарбиялоонун бирдиктүү системаларынын ишин регламенттеген негиз салуучу ведомство аралык ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик кошуундарынын жана аскердик кызмат мыйзам менен каралган мамлекеттик органдарынын өздүк курамынын моралдык-психологиялык абалын системалуу изилдөө;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн, башка аскердик кошуундарын жана аскердик кызмат мыйзам менен каралган мамлекеттик органдарын куруу жана өнүктүрүү боюнча иш-чараларды үзгүлтүксүз моралдык-психологиялык камсыздоону уюштуруу;
- тарбиялоо системаларынын курамын жана уюштуруу-штаттык системаларын оптималдаштыруу;
- ыкчам жана күжүрмөн даярдоонун биргелешкен кызматтык-күжүрмөн (окуу-күжүрмөн) милдеттерди аткаруунун жүрүшүндө түрдүү тарбиялоо системаларынын ортосундагы иш тажрыйбасын алмашуу;
- аскердик тарбиялоону өркүндөтүү кызыкчылыгында, тарбиялоо системалары менен мамлекеттик бийлик органдарынын, коомдук жана диний бирикмелердин өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу;
- аскер кызматчылардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн социалдык маселелерин натыйжалуу чечүү, аскердик тартипти чындоо;
- аскердик тарбиялоонун бирдиктүү системасын ишке ашуусун жана өнүктүрүүнү натыйжалуу илимий-методикалык коштоо;
- ТТК жаңы үлгүлөрүн жана системасын өркүндөтүү жана ишке киргизүү.
Тарбиялоонун бирдей системасын түзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, аскердик кошуундар карамагында турган башка министрликтер жана ведомстволор үчүн аскер кызматчыларын тарбиялоону уюштуруу, тарбия иштеринин органдарын, күчтөрүн жана каражаттарын башкаруу боюнча негизги функциялардын сакталышы алдын ала каралат.
Тарбиялоо түзүмдөрүнүн баш ийүүсүнүн өзгөчөлүгүн, күчтөрүнүн жана каражаттарынын курамын, функциялык милдеттерин эске алуу менен тарбиялоонун бирдей системасын түзүү алкагында алардын интеграциясынын (унификация, иштеги өз ара аракеттешүү) ар кандай деңгээли алдын ала каралат. Мында, тарбиялоонун бирдей системасынын иштеши ведомство аралык органдар тарабынын ишке ашуучу тарбия түзүмдөрүнүн ишмердүүлүгүн координациялоо жолу менен ишке ашат.
Тарбиялоонун унификацияланган системасы биргеликте ишке ашырылуучу төмөнкүлөрдү божомолдойт:
- тарбия ишин (өздүк курам менен болгон иш) жана аскердик курулушту, күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыкты, аскерлерди (күчтөрдү) даярдоону жана колдонууну моралдык-психологиялык жактан камсыздоону регламенттеген бирдиктүү ченемдик укуктук актыларды жана негиз болуучу уставдык документтерди иштеп чыгуу;
- тарбиялоонун унификацияланган ведомстволук программаларын түзүү жана ишке ашыруу;
- маалымат-тарбиялоо, аскердик-социалдык, психологиялык, маданий-эс алуу иштери, өздүк курамды терс маалыматтык-психологиялык таасирден коргоо боюнча, аскер кызматчыларынын арасында аскердик тартипти кармоо боюнча иш чаралар;
- аскердик-социалдык изилдөөлөрдү өткөрүү;
- ТТК менен камсыздоону уюштуруу;
- тарбиялоо түзүмдөрүнүн кадрларын даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системасын түзүү;
- тарбиялоонун бирдиктүү системасын финансылык-экономикалык камсыздоону уюштуруу.
Тарбиялоо системаларынын унификациялоо Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик кошуундардын жана аскердик кызмат мыйзам менен каралган мамлекеттик органдарынын ортосунда ишке ашат.
Иш боюнча өз ара аракеттешүү тарбиялоонун өзүнчө иш чараларын өткөрүүдө, тарбиялоо түзүмдөрүнүн кадрларын даярдоо милдеттерин жана аскер кызматчылардын социалдык кароосунун жалпы көйгөйлөрүн чечүүдө ишмердүүлүк координациясын, ошондой эле маалыматтык-тарбиялык, психологиялык, маданий-эс алуу ишин моралдык-психологиялык жактан камсыздоону, аскердик-социалдык изилдөөлөрдү өткөрүүнү божомолдойт.
Иш боюнча өз ара аракеттенүү Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин ортосунда ишке ашат.
Бул Программа 2010-2015-жылдардын аралыгында төмөнкү этаптар боюнча ишке ашат:
биринчи этап - 2010-2012-жылдар;
экинчи этап - 2012-2014-жылдар;
үчүнчү этап - 2014-2015-жылдар.
2010-2011-жылдардын аралыгында ведомстволор аралык комплекстүү жумушчу топтор түздөн-түз Куралдуу Күчтөрдө, башка аскердик кошуундарда жана аскердик кызмат мыйзам менен каралган мамлекеттик органдарда ушул Программанын конкреттүү иш чараларынын ишке ашуусунун шарттарын изилдөө жана тартибин тактоо боюнча ишти жүргүзүшү керек.
Биринчи этапта төмөнкүлөр зарыл:
- Куралдуу Күчтөрдүн өздүк курамын жана Кыргыз Республикасынын чакырылууга чейинки жаштарын мамлекеттик-патриоттук жана аскердик тарбиялоо боюнча актуалдуу проблемаларды чыгаруу боюнча ишти уюштуруу (анын ичинде илимий-практикалык конференцияларды өткөрүү жолу менен);
- ушул Программаны ишке ашыруунун уюшулган негиздерин иштеп чыгуу;
- тарбиялоонун бирдей системасынын ченемдик-укуктук базасын түзүү;
- өзүнүн карамагында аскердик кошуундары бар аткаруу бийлигинин тийиштүү органдарында тарбиялоонун ведомстволук чакан программаларын иштеп чыгуу;
- 2011-2015-жылдарда ушул Программанын ресурстук камсыздоосун иштеп чыгуу;
- ведомство аралык планын иштеп чыгуу жана аскер кызматчыларын тарбиялоонун маселелери боюнча биргелешкен илимий изилдөөлөрдү өткөрүүнү уюштуруу;
- өткөрүлүүчү иш чараларды маалыматтык камсыздоону уюштуруу;
- Куралдуу Күчтөрдүн, башка аскердик кошуундардын психологиялык кызматынын концепциясын иштеп чыгуу.
Ушул Программанын иш чараларын ишке ашыруу мөөнөтүндө ведомстволук чакан программаларды иштеп чыгууда Куралдуу Күчтөрдүн, башка аскердик кошуундардын жана аскердик кызмат мыйзам менен каралган мамлекеттик органдардын курулуш жана өнүктүрүү пландары менен макулдашуу керек.
Экинчи этапта төмөнкүлөр зарыл:
- коомдук-мамлекеттик даярдоону борборлоштурулган пландоого жана окуу-методикалык камсыздоого өтүүсүн ишке ашыруу;
- Куралдуу Күчтөрдөгү, башка аскердик кошуундардагы жана аскердик кызмат мыйзам менен каралган мамлекеттик органдардагы ошондой эле өздүк курамдын моралдык-психологиялык абалындагы социалдык процесстердин мониторингин ишке ашыруунун бирдей тартибин иштеп чыгуу;
- аскер кызматчыларын аскердик тарбиялоону жакшыртуу кызыкчылыгында, кошуундардын жана аскердик бөлүктөрдүн башкаруу органдарынын коомдук жана диний бирикмелер, жалпыга маалымдоо каражаттары, чыгармачылык бирикмелер, мекемелер жана уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү уюштурууга бирдей мамиле кылууну камсыздоо;
- Куралдуу Күчтөрдүн, башка аскердик кошуундардын жана аскердик кызмат мыйзам менен каралган мамлекеттик органдардын мамлекеттик маалыматтык ресурстарды колдонуу менен аскерлерди ыкчам маалымдоонун бирдей системасына өтүү планын иштеп чыгуу;
- "Куралдуу Күчтөрдө, башка аскердик кошуундарда жана аскердик кызмат мыйзам менен каралган мамлекеттик органдарда маданий-эс алуу иши" деген ведомство аралык чакан программаны иштеп чыгуу;
- уюштуруунун борборлоштурулган системасына өтүүнү жана Ата Мекендин аскердик тарыхындагы эскерүү (маанилүү) күндөрдү (аскердик даңктын күнүн) майрамдоого арналган иш чараларды өткөрүүнү ишке ашыруу;
- социалдык-психологиялык изилдөөлөрдү уюштурууну унификациялоо;
- аскер кызматчылардын психологиялык ишин, психологиялык даярдыгын уюштурууну, аларды кесиптик-психологиялык тандоону, психологиялык жардамдын жана реабилитациянын ведомстволук борборлордун (пункттардын) иштешин, ошондой эле аскер кызматчылардын психологиялык ден соолугун сактоо кызыкчылыгында аларды жабдууну уюштурууну унификациялоо;
- 2011-2015-жылдарга Куралдуу Күчтөрдүн, башка аскердик кошуундардын жана аскердик кызмат мыйзам менен каралган мамлекеттик органдардын полиграфиялык базасын жана телерадио системаларын өнүктүрүү жана биргелешип колдонуу планын иштеп чыгуу;
- 2014-жылдын аягында негизинен, контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жаткан артыкча аскер кызматчылары менен аскердик кызматтарды комплектөөгө өтүүнү эске алуу менен Куралдуу Күчтөрдүн, башка аскердик кошуундардын жана аскердик кызмат мыйзам менен каралган мамлекеттик органдардын тарбиялоонун бирдей системасынын түзүлүшү жыйынтыкталышы керек.
Үчүнчү этапта төмөнкүлөр зарыл:
- тарбиялоонун бирдей системасынын иштөө механизмин жакшыртуу;
- ведомстволук чакан программалардын толук өлчөмдө иштөөсүн ишке ашыруу, Куралдуу Күчтөрдүн, башка аскердик кошуундардын жана аскердик кызмат мыйзам менен каралган мамлекеттик органдардын биргелешкен аракеттеринде тарбиялоо түзүмдөрүнүн иштөө тажрыйбасын изилдөө, жалпылоо жана киргизүү;
- Куралдуу Күчтөрдө, башка аскердик кошуундарда жана аскердик кызмат мыйзам менен каралган мамлекеттик органдарда аскердик-социалдык изилдөөлөрдүн бирдей сурамжылоо тармагынын уюштурууну аяктоо;
- аймактык принцип боюнча Куралдуу Күчтөрдүн, башка аскердик кошуундардын жана аскердик кызмат мыйзам менен каралган мамлекеттик органдардын (тынчтык жана согуш мезгилинде) ТТК менен камсыздоонун бирдей системасына өтүүсүн ишке ашыруу;
- басма, аудио жана видео продукцияларды жана киновидеопрокатты өндүрүүнүн бирдейлештирилген системасына өтүүнү жүзөгө ашыруу.
2015-жылдын аягына карата Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн, башка аскердик кошуундарын жана аскердик кызмат мыйзам менен каралган мамлекеттик органдарын тарбиялоонун бирдей системасына биротоло өткөрүү жүзөгө ашырылууга тийиш.
IV. Бул Программаны ишке ашыруунун механизми
жана аны ресурстук камсыздоо
Бул Программаны ишке ашыруу механизми анын ведомстволор аралык статусу менен аныкталат, мында азыркы убактагы Куралдуу Күчтөрдө, башка аскердик кошуундарда жана аскердик кызмат мыйзам менен каралган мамлекеттик органдарда калыптанган тарбиялоо системаларынын түзүлүшүнүн тенденциялары, тарбиялоо системаларынын курамы жана алар тарабынан аткарылуучу милдеттер эске алынууга тийиш.
Бул Программаны ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик кошуундарынын жана аскердик кызмат мыйзам менен каралган мамлекеттик органдарынын Тарбия иштери органдарынын жетекчилеринин ведомстволор аралык комитетинин алдында Куралдуу Күчтөрдүн, башка аскердик кошуундардын жана аскердик кызмат мыйзам менен каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларын тарбиялоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу тобу түзүлөт (мындан ары - ведомстволор аралык жумушчу тобу).
Ведомстволор аралык жумушчу топ:
- тарбиялоонун негизги максаттарын жана милдеттерин аныктоо жана тактоо, Кыргыз Республикасына келтирилген коркунучтарды талдоонун негизинде мамлекеттин аскердик уюмунун алдында турган милдеттерди моралдык-психологиялык жана маалыматтык камсыздоонун методдору, өздүк курамдын моралдык-психологиялык абалына, социалдык процесстерге мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча сунуштарды даярдайт;
- ушул Программанын айрым иш-чараларын ишке ашырууда тарбиялоо түзүмдөрүн интеграциялоонун (бирдейлештирүү, иштеги өз ара аракеттенүү) деңгээлин аныктайт;
- ведомстволук чакан программаларды макулдашууга катышат;
- тынчтык жана согуш убагында аскердик тарбиялоонун бирдей системасынын үзгүлтүксүз иштеши үчүн укуктук, уюштуруу, материалдык-техникалык, кадрдык, илимий, финансылык жана башка шарттарды түзүүгө көмөктөшөт;
- бул Программанын ишке ашуунун жүрүшүн контролдойт жана анын натыйжалуулугун баалоо боюнча сунуш даярдайт.
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери ушул Программанын иш-чараларын аткаруучулары болуп эсептелет.
Аткаруучулар:
- конкреттүү ишти аныктаган ведомстволук чакан программаларды иштеп чыгышат жана аларды жүзөгө ашырууну камсыз кылышат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ведомстволук чакан программаларга киргизилген конкреттүү иштердин аткаруучуларын конкурстук тандоону уюштурушат жана өткөрүшөт;
- ведомстволук чакан программаларды каржылоо булактарын, ошондой эле ар бир иш-чара боюнча зарыл болгон чыгашаларды (эсеп-негиздемелери менен) аныкташат.
Бул Программанын иш-чараларын аткарууну уюштуруу эреже катары аны ишке ашырууга катышкан аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин биргелешкен ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
Бул Программанын иш-чараларын каржылоо бюджеттик каржылоонун алкагында жүргүзүлөт.
V. Бул Программаны ишке ашыруунун
натыйжалуулугун баалоо
Тарбиялоонун бирдей системасына өтүүнүн натыйжасында төмөнкүлөргө жетишилет:
1. Уюштуруу планында - Куралдуу Күчтөрдө, башка аскердик кошуундарда жана аскердик кызмат мыйзам менен каралган мамлекеттик органдарда тынчтык жана согуш убакта коюлган милдеттерди натыйжалуу чечүүгө мүмкүнчүлүгү бар тарбия ишинин жана моралдык-психологиялык камсыз кылууну башкаруунун бирдей системасын түзүү.
2. Ыкчам планда - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик кошуундарынын жана аскердик кызмат мыйзам менен каралган мамлекеттик органдарынын өздүк курамынын моралдык-психологиялык абалын чыңдоо.
3. Экономикалык планда - тарбия иштерин моралдык-психологиялык жана маалыматтык жактан камсыз кылууга аткаруу бийлигинин органдарына бөлүнгөн финансылык каражаттарды сарптоону оптималдаштыруу.
Аскердик кызматтын баркын жана Ата Мекенди коргоочунун беделин көтөрүү, мамлекеттин аскердик уюмдар менен коомдун ортосундагы байланышты бекемдөө, жүргүзүлгөн аскердик реформага болгон коомдун аң сезиминдеги туруктуу колдоону түзүү тарбиялоонун бирдей системасына өтүү боюнча иш-чараларды аткаруунун натыйжасы болуп эсептелет.