Загрузка документа…
КР Ѳкмѳтγнγн
2015-жылдын 26-марты № 162
токтомдун редакциясына ылайык
кγчγн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 8-декабры № 744
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 19-февралындагы № 82 "Кыргыз Республикасынын алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсиялар тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-мартындагы № 178 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы № 511 "Энергия булактарына тариф саясатынын өзгөрүшүнө байланыштуу жарандардын айрым категорияларына акчалай компенсацияларды төлөп берүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу, энергия булактарына тарифтердин жогорулаган шарттарында даректүү кызмат көрсөтүүнү күчөтүү жана жеңилдиктерди оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 19-февралындагы № 82 "Кыргыз Республикасынын алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсиялар тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсиялар тууралуу жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- 3-пунктта:
а) пунктчасындагы биринчи абзацы "100" деген цифралар "120" деген цифраларга алмаштырылсын;
б) пунктчасындагы биринчи абзацы "50" деген цифралар "80" деген цифраларга алмаштырылсын;
в) пунктчасындагы биринчи абзацы "40" деген цифралар "75" деген цифраларга алмаштырылсын;
г) пунктчасындагы биринчи абзацы "30" деген цифралар "60" деген цифраларга алмаштырылсын;
(7 абзац КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-мартындагы№ 178 токтомуна ылайык күчун жоготту)
(8 абзац КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-мартындагы № 178 токтомуна ылайык күчун жоготту)
(9 абзац КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-мартындагы № 178 токтомуна ылайык күчун жоготту);
- III бөлүмдүн аталышындагы "жеңилдиктер" деген сөз "кепилдиктер" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 17-пунктта:
экинчи абзацтагы "жана бардык түрдөгү акысыз протездөөгө (баалуу металлдардан жасала турган протездерди кошпогондо)" деген сөздөр алып салынсын;
үчүнчү, төртүнчү, бешинчи, алтынчы абзацтар алып салынсын;
18-пункттун төртүнчү абзацы алып салынсын;
19-пункттагы "жеңилдиктерге" деген сөз "кепилдиктерге" деген сөзгө алмаштырылсын.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-мартындагы № 178 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- 2010-жылдын республикалык бюджетинин долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизсин жана пенсияларга үстөк төлөөнү каржылоону өз убагында жүргүзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна трансферлердин көлөмүн Кыргыз Республикасынын алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсия алган пенсионерлердин пенсиясына кошулуучу үстөктөрдүн өлчөмүнүн көбөйгөн суммасына көбөйтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду (макулдашуу боюнча) пенсияларды өз убагында кайра эсептөөнү жана 2010-жылдын 1-январынан баштап жаңы өлчөмдө төлөөнү белгиленген тартипте камсыз кылсын.
4. Бул токтом 2010-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.
5. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |