ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы №756 «Видео байкоо жана телефондук сүйлөшүүлөрдү жазуу каражаттарын сатып алуу жана «Манас» эл аралык аэропортунда орнотуу жөнүндө» токтому

Редакция15.12.2009 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2009-жылдын 15-декабры № 756

Видео байкоо жана телефондук сүйлөшүүлөрдү жазуу каражаттарын сатып алуу жана "Манас" эл аралык аэропортунда орнотуу жөнүндө

"Манас" эл аралык аэропортунун аймагында коопсуздуктун тиешелүү деңгээлин камсыз кылуу максатында жана "Стратегиялык объекттер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коому өздүк каражаттарынын эсебинен төмөнкүлөрдү белгиленген тартипте сатып алсын жана орнотсун:

- "Манас" эл аралык аэропортунун аймагынын чегинде видео байкоо үчүн аппаратураны;

- аэропорттун аймагында видео байкоо жүргүзүлүп жаткандыгы жөнүндө маалымат тактасын;

- аэропорттун өндүрүштүк-диспетчердик кызматтарынын телефондук сүйлөшүүлөрүн ушул кызматтардын персоналына милдеттүү түрдө кабарлоо жана алардын макулдугу менен жазуу үчүн атайын каражаттарды.

2. Видео байкоо жана телефондук сүйлөшүүлөрдү жазуу каражаттарын сатып алуу жана орнотуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.

3. "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коому Ишканада аба кемелеринин учуусун объективдүү контролдоонун үндүк, пландык маалыматтарын аудио жазууну уюштуруу жана жүргүзүү жөнүндө нускаманы, Аэропорттун өндүрүштүк-диспетчердик кызматтарынын телефон номерлеринин жана жогорку жыштыктагы түзүлүштөрүнүн байланыш каналдарынын тизмесин тиешелүү органдар менен макулдашып иштеп чыксын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Д.Үсөнов