Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 15-декабры № 759
Кыргыз Республикасынын "Жер казынасы жөнүндө", "Концессиялар жөнүндө", "Кен концессиясы жөнүндө", "Продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралуу", "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорлору тууралуу
"Кыргыз Республикасынын кен казып алуу тармагын башкарууну реформалоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 12-июнундагы № 272 Жарлыгынын 3-пунктун аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлиги иштеп чыккан Кыргыз Республикасынын "Жер казынасы жөнүндө", "Концессиялар жөнүндө", "Кен концессиясы жөнүндө", "Продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралуу", "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорлору жактырылсын.
2. Жогоруда аталган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна жиберилсин.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |
Долбоор
1-бөлүм
Жалпы жоболор
1-берене. Жер казынасы жөнүндө Мыйзамды колдонуунун чөйрөсү
1. Кыргыз Республикасынын "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамы (мындан ары - ушул Мыйзам) мамлекеттин жеке жана юридикалык жактар, ошондой эле башка мамлекеттер менен жер казынасын пайдалануудагы катнаштарды жөндөйт.
2. Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзам Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболоруна негизделет жана ушул Мыйзамдан, тоо кен концессиясы жөнүндө Мыйзамдан, продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө Макулдашуу жөнүндө Мыйзамдан, жер казынасын коргоо жөнүндө Мыйзамдан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынан жана аларга ылайыктуу Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынан турат.
3. Ушул Мыйзам жер казынасын пайдаланууда мамлекеттик укуктук жөндөөнүн тартибин, мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өзүнчө башкаруу органдарынын компетенцияларын, жеке жана юридикалык жактардын укуктарын жана жоопкерчилигин, ошондой эле жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуудагы жоопкерчилигин аныктайт.
4. Жер казынасын пайдалануудагы катнаштарды жөндөө үчүн керектүү нормалардын жоктугу жер казынасын пайдалануучуга каршы пайдаланууга мүмкүнчүлүк бербейт.
2-берене. Жер казынасын пайдаланууда башка мыйзамдардын жана нормативдик укуктук актылардын колдонуусу
1. Жер казынасын пайдалануудагы ушул Мыйзам менен жөндөлбөгөн жер, суу объекттерин, өсүмдүк жана жаныбарлар дүйнөсүн, атмосфералык абаны пайдалануу жана коргоо менен байланышкан катнаштар Кыргыз Республикасынын ылайыктуу мыйзамдары менен жөндөлөт.
2. Кыргыз Республикасынын "Лицензиялоо жөнүндө" Мыйзамы жер казынасын пайдалануу укугун жөндөбөйт.
3. Продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуунун жана концессиялык келишимдин шарттарында жер казынасын пайдалануу өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын ылайыктуу мыйзамдары менен аныкталат.
3-берене. Жер казынасына менчик укук
Жер казынасы Кыргыз Республикасынын менчиги болуп саналат, Кыргызстандын элинин жашоосунун жана аракетинин негизи катары пайдаланылат жана мамлекеттин өзгөчө коргоосунда болот.
4-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу терминдер
1) баланстан тышкаары корлор - эсепке алуу учурунда иштетүү үчүн экономикалык жактан жөнсүз пайдалуу казындылардын Мамлекеттик балансында эсепке алынган пайдалуу казындылардын корлору;
2) бонус - Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык жер казынасын пайдалануу укугу үчүн төлөнүүчү салык;
3) геологиялык бөлүндү - жер казынасын изилдөө үчүн берилүүчү жана графикалык документте анын бурчтук чекиттери координаттардын тик бурчтуу системасында аныкталган жер казынасынын бөлүгү;
4) геологиялык издөө иштери - регионалдык, жалпы жана дыкаттык издөөнү, ошондой эле пайдалуу казындылардын көрүнүштөрүн жана кендерин ачууга , алардын божомол ресурстарын баалоо жана аларда геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүнүн максаттуулугуна багытталган издөө-баалоочу иштерди камтыган, геологиялык изилдөөлөр;
5) геологиялык изилдөөлөрдүн алгачкы материалдары - көзөнөктү бургулоонун керни, мунайзаттын, суунун, газдын сынамыктары, таш материалдарынын үлгүлөрү, ар түрдүү максаттагы коллекциялар, сынамыктын дубликаттары, шлифтер жана башкалар менен көрсөтүлгөн табигый алып жүрүүчүлөрдөгү маалымат (нерсе маалыматы); талаадагы байкоо жана документация, анын ичинде санариптик, журналдар, сынамык, сынак анализдеринин жыйынтык журналдары, геофизикалык байкоо жазуулары жана башка ошондой материалдар болгон жасалма (кагаз, магнит жана башка) алып жүрүүчүлөрдөгү маалымат;
6) геологиялык маалымат ресурстары - жер казынасы жөнүндө геологиялык жана башка маалыматтарды камтыган документтер, ошондой эле аларды пайдалануу менен түзүлгөн маалымат продуктары;
7) геологиялык чалгындоо иштери - пайдалуу казындылардын кендерин, анын ичинде жер астындагы суулардын жана жылуулук ресурстарынын, алдын ала жана дыкаттык чалгындоо стадияларын камтыган, кенди изилдөө жана пайдалуу казындылардын санын жана сапатын, алардын технологиялык касиеттерин, геологиялык, тоо техникалык, гидрогеологиялык жана иштетүүнүн башка шарттарын аныктоо менен иштетүүгө даярдап, пайдалуу казындылардын корлорун эсепке алуучу геологиялык изилдөөлөр;
8) жер казынасы - топурак катмарынан төмөн, ал жок болсо жер үстүнөн жана көлмөлөрдүн жана агын суулардын түбүнөн геологиялык изилдөө жана өздөштүрүү үчүн, пайдалуу казындылардын чачылма көрүнүштөрүн кошуп, мүмкүн болгон тереңдиктерге чейинки жер казынасынын бөлүгү;
9) жер казынасы жөнүндө геологиялык маалымат - жер казынасынын геологиялык түзүлүшү жана өнүгүү тарыхы, тоо тектеринин, жер астындагы суулардын, пайдалуу казындылардын жана башка түзүлүштөрдүн курамы, касиети жана жайгашуу шарттары, жер казынасындагы геофизикалык жана геохимиялык талаалар жана процесстер, ошондой эле жер казынасын изилдөө жана пайдалануунун ыкмалары жана жыйынтыгы жана чыгарылган минералдык чийки зат жөнүндө геологиялык отчеттордо, карталарда, сынамыктарда, сыноо протоколдорунда жана башка материалдарда камтылган геологиялык, тоо кен-техникалык, технологиялык, экономикалык маалыматтар;
10) жер казынасын геологиялык изилдөө - геологиялык карталоо, регионалдык геологиялык, геофизикалык жана изилдөөлөрдүн башка түрлөрү, геологиялык издөө жана геологиялык чалгындоо иштери;
11) жер казынасын коргоо - жер казынасын сарамжалдуу пайдаланууну камсыздоо боюнча Кыргыз Республикасынын ылайыктуу мыйзамы менен белгиленген чаралардын комплекси;
12) жер казынасын пайдалануу - жер казынасынын белгиленген бөлүгүн, техногендик түзүлүштөрдөн пайдалуу казындыларды чыгарып алуу боюнча иштерди кошуп, пайдалануу;
13) жер казынасын пайдалануучу - жер казынасын пайдаланууга укуктуу жеке же юридикалык жак;
14) жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия - ушул Мыйзамга ылайык лицензиялык орган тарабынан берилүүчү жер казынасын пайдалануу укугун күбөлөндүргөн укук белгилөөчү документ;
15) жер казынасын пайдалануудагы объектин лицензиялык номери Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары белгилеген тартипте ага берилүүчү жана ушул объект катталган укук объекти катарында болгончо ал үчүн сакталган Кыргыз Республикасынын аянтындагы лицензиялык объектин сейрек номери;
16) жер казынасын пайдалануу укугун токтотуу - соттун же жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминин негизинде лицензияны алып коюу (жокко чыгаруу);
17) жер казынасын пайдалануу укугун убактылуу токтотуу - тоо кен мүлкүн сакталган, бузулбаган жана адамдар жана айлана чөйрө үчүн коопсуз абалда кармап туруу боюнча иштерден башка жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жер казынасын пайдаланууну убактылуу токтотуу жөнүндөгү чечими;
18) жер казынасын пайдалануу үчүн жер бөлүндүсү - жер казынасын пайдалануу үчүн жер казынасын пайдалануучуга берилген жана графикалык документте анын бурчтук чекиттери координаттардын тик бурчтуу системасында белгиленген жер үстүнүн бөлүгү;
19) жер казынасынын бөлүгү - жер казынасынын мейкиндик чектери бар геометрияланган бөлүгү;
20) жер казынасынын бүтүндүгүн бузуу - тоо казмаларын өтүү жана көзөнөктү бургулоо, ошондой эле пайдалуу казындылардын кендерин иштетүү менен байланышпаган максатта жер астындагы курулуштарды куруу менен жер казынасынын пайдалануу;
21) келечектүү геологиялык аянт - геологиялык өзгөчөлүктөрү жана белгилери боюнча пайдалуу казындылардын кендерин табууга келечектүү жер казынасынын бөлүгү;
22) консервация - геологиялык издөө, геологиялык чалгындоо иштерин жана (же) пайдалуу казындылардын кендерин иштетүүнү жана (же) тоо кен жана башка мүлктү куруу жана эксплуатациялоо менен байланышкан иштерин, токтотулган иштерди улантууга мүмкүнчүлүгү сакталган, убактылуу токтотуу;
23) концессиялык келишим - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана (же) жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана жер казынасын пайдалануучу менен концессиялык келишимдин негизинде жер казынасын пайдалануу укугунун формасы, ошондой убакта жер казынасын пайдалануучуга жер казынасын геологиялык изилдөөгө жана (же) пайдалуу казындылардын кендерин иштетүүгө концессиялык келишимде аныкталган шарттарда өзгөчө укук берилет;
24) лицензиат - жер казынасын пайдаланууга укук алган жак;
25) лицензиялык аянт - жер казынасын пайдаланууга лицензия берилген жана графикалык документте анын бурчтук чекиттери координаттардын тик бурчтуу системасында белгиленип берилген жер казынасынын бөлүгүнө ылайыктуу жер үстүнүн бөлүгү; лицензиялык аянттын чени квадраттык километр же гектар менен ченелет;
26) лицензиялык объект - пайдалуу казындылардын кенин, көрүнүшүн, келечектүү геологиялык аянтты же пайдалуу казындыларды иштетүү менен байланышпаган объектти камтыган жана графикалык документте анын бурчтук чекиттери координаттардын тик бурчтуу үч өлчөмдүү системасында белгиленген жер казынасынын бөлүгү;
27) лицензиялык орган (лицензиар) - жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
28) лицензиялык пакет - жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан лицензиялык объект жөнүндө геологиялык маалымат ресурстарынын белгиленген тизмеси;
29) лицензиялык тиркеме - ушул Мыйзамга ылайык жер казынасын пайдалануунун негизги шарттарын камтыган жер казынасын пайдалануу укугуна берилген лицензиянын ажыратылгыз бөлүгү.
30) лицензиялык төлөмдөр - ушул Мыйзамга ылайык жер казынасын пайдаланууга лицензияны кармоо үчүн лицензиат тарабынан төлөнүүчү төлөм;
31) пайдалуу казындылар - химиялык жана физикалык касиеттери аларды материалдык өндүрүш жана колдонуу чөйрөсүндө табигый түрүндө же кайра иштетилгенден кийин пайдаланууга мүмкүнчүлүк берген жер казынасындагы табигый минералдык, аларга көмүрсуутектерди жана жер астындагы сууларды кошуп, түзүлүштөр;
32) пайдалуу казындыларды иштетүү - жер казынасынан пайдалуу казындыларды чыгарып алуу жана минералдык чийки затты кайра иштетүү боюнча иштер;
33) пайдалуу казындыларды казып алуу - пайдалуу казындыларды жер казынасынан чыгарып алуу;
34) пайдалуу казындылардын калыбына келүүчү кендери - суу агымынын ылайыктуу гидродинамикалык режиминде дарыялардын нугунда казып алуу процессинде калыбына келүүчү кум-гравий тоо тектеринин кендери;
35) пайдалуу казындылардын кендеринин мамлекеттик резерв жерлеринин жер бөлүгү - графикалык документте анын бурчтук чекиттери координаттардын тик бурчтуу системасында белгиленген ал жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү пайдалуу казындылардын корлорунун Мамлекеттик балансында же кендеринин жана көрүнүштөрүнүн Мамлекеттик кадастрынында эсепке алынган пайдалуу казындылардын чалгындалган же алдын ала бааланган кендеринин жана көрүнүштөрүнүн жер үстүнүн бөлүгү;
36) пайдалуу казындылардын кендерин (көрүнүштөрүн) ачуу - пайдалуу казындылардын топтолушунун жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган ырастаган табылыш фактысы;
37) пайдалуу казындылардын кени - бааланган пайдалуу казындыларды камтыган жер казынасынын бөлүгү. Пайдалуу казындылардын кени пайдалуу казындылардын кендеринин жана көрүнүштөрүнүн Мамлекеттик кадастрында катталган учурдан баштап ачылды деп эсептелинет;
38) пайдалуу казындылардын көрүнүштөрү - белгиленген тартипте кен деп эсептелбеген жер казынасындагы пайдалуу казындылардын, жер астындагы сууларды кошуп, топтолгон бөлүгү. Пайдалуу казындылардын көрүнүштөрү пайдалуу казындылардын кендеринин жана көрүнүштөрүнүн Мамлекеттик кадастрында катталган учурдан баштап ачылды деп эсептелинет;
39) продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуу - макулдашуу, ага ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жер казынасын пайдалануучуга пайдалуу казындылардын кенин иштетүүгө белгиленген мөөнөткө өзгөчө укук берет, ал эми жер казынасын пайдалануучу продукцияны бөлүштүрүүнүн макулдашылган шарттарында көрсөтүлгөн иштерди өзүнүн эсебинен жана тобокелге салып жүргүзүүгө милдеттенет;
40) рекультивация - тоо кен иштерин жүргүзүүдө бузулган жерлерди түшүмдүүлүгүн жана эл чарбалык маанисин калыбына келтирүүгө багытталган чаралардын комплекси;
41) роялти - Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык жер казынасын пайдалануу үчүн төлөнүүчү салык;
42) сервитут - жер, тоо кен жана (же) геологиялык бөлүндүлөргө кирүүгө жана (же) чектөөгө укук;
43) тандап иштетүү - жер казынасынан эң продуктивдүү корлорду казып алууда жер казынасында калган корлордун өнөр жайлык баалуулугун төмөндөткөн техникалык долбоордун бузуусу.
44) техникалык долбоор - геологиялык изилдөө жана (же) пайдалуу казындылардын кендерин өнөр жайлык өздөштүрүү үчүн долбоордун геологиялык, тоо кен, технологиялык (байытуу жана (же) металлургиялык), каржы-экономикалык бөлүктөрүн жана бузулган жерлерди рекультивациялоону камтыган аналитикалык жана графикалык дыкаттык (жумушчу) документ;
45) техникалык-экономикалык негиздеме - пайдалуу казындылардын кендерин иштетүүнүн экономикалык максаттуулугун аныктоочу техникалык-экономикалык эсептөөлөр;
46) техногендик түзүлүштөр - пайдалуу казындылардын кендерин иштетүүнүн калдыктары;
47) тоо кен бөлүндүсү - тереңдиги ылайыктуу пайдалуу казындылардын таралуу тереңдиги менен аныкталып пайдалуу казындыларды иштетүү үчүн берилген жана графикалык документте анын бурчтук чекиттери координаттардын тик бурчтуу системасында аныкталган жер казынасынын бөлүгү, ошондой эле пайдалуу казындыларды иштетүү менен байланышпаган объектерди жайгаштыруу үчүн берилүүчү жер казынасынын бөлүгү;
48) тоо кен мүлкү - пайдалуу казындылардын кенинен ажырагыз ТОО кен казып алуучу ишкананын атайындашкан мүлкү, анын ичинде тоо өткөөлдөрү, көзөнөктөр, технологиялык кирүүчү жолдор, өнөр жайлык аянтчалар, рудалык жана породалык кампалар, калдык сакталуучу жер жана башкалар;
49) тоо кен мүлкүн жоюу - жер казынасын пайдалануу укугу токтотулганда жүргүзүлүүчү жана мүлктү андан ары пайдалануунун мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруучу, ошондой эле калктын өмүрүн жана ден-соолугун, жер казынасын жана айлана чөйрөнү коргоону камсыздоочу иш-чаралардын комплекси;
50) форс-мажор - жер казынасын пайдалануу укугунун шарттарын аткарууну же ишке ашырууну татаалдаштыруучу токтото алгыз күчтөр түзгөн абал. Токтото алгыз күчтөр болуп жер титирөө, суу ташкыны же алдын ала айтууга же болтурбай коюуга мүмкүн эмес, же алдын ала айтуу мүмкүн, бирок болтурбай коюуга мүмкүн эмес башка абалдар саналат;
51) экономикалык (баланстык) корлор - иштетүү үчүн экономикалык жөндүү пайдалуу казындылардын Мамлекеттик балансында эсепке алынган пайдалуу казындылардын корлору.
2-бөлүм
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик
органдын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өзүнчө башкаруу органдарынын компетенциялары
5-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясы
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) жер казынасынын Мамлекеттик фондуна буйрук кылат жана аны башкарат;
2) жер казынасын пайдаланууда мамлекеттик саясатты жана мыйзамды ишке ашырууну жана өркүндөтүүнү камсыздайт;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
2. Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашырууну жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.
6-берене. Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясы
Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
1) Кыргыз Республикасынын жер казынасы жөнүндө мыйзамын колдонууну камсыздайт;
2) жер казынасын пайдаланууда мамлекеттик саясатты иштеп чыгат, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө киргизет жана ишке ашырат;
3) жер казынасын пайдалануу укугун жана кендердин мамлекеттик резервдеги жер бөлүктөрүн берүү системасын уюштурат;
4) жер казынасын пайдаланууга тийиштүү салык мыйзамын өркүндөтүү боюнча сунуштарын иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кароого киргизет;
5) жер казынасын геологиялык изилдөө жана пайдалуу казындылардын кендерин иштетүү үчүн инвестицияларды тартат;
6) жер казынасын геологиялык изилдөөнү жөндөйт;
7) пайдалуу казындылардын корлорунун Мамлекеттик балансын алып барат;
8) пайдалуу казындылардын кендеринин жана көрүнүштөрүнүн Мамлекеттик кадастрын алып барат;
9) Мамлекеттик геологиялык маалымат фондусун башкаруу боюнча иштерди уюштурат;
10) геологиялык, тоо кен жана жер бөлүндүлөрүнүн чектеринде жер казынасын пайдаланууга жана коргоого, өнөр жайлык жана экологиялык коопсуздукту камсыздоого көзөмөл жүргүзөт;
11) ушул Мыйзам белгилеген учурларда жер казынасын пайдалануу укугуна мамлекеттик каттоону жүргүзөт;
12) жер казынасын пайдалануу укугун жана кендердин мамлекеттик резервдеги жерлерин пайдаланууну убактылуу токтотот жана токтотот;
13) өзүнүн компетенциясына караштуу маселелер боюнча талаштарды соттон тышкары чечүүнү жүргүзөт;
14) тоо кендик жана геологиялык долбоорлордун жер казынасын коргоо, экологияны жана жаратылышты коргоо мыйзамдарын сактоо жана өнөр жайлык коопсуздук бөлүктөрүнө экспертиза жүргүзөт;
15) өзүнүн компетенциясынын чегинде жер казынасын пайдалануу, экологиялык жана жаратылышты коргоо мыйзамдуулугу жана өнөр жайлык коопсуздук маселелери боюнча сот талаштарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлү болот;
16) жер казынасын, айлана чөйрөнү коргоодо жана пайдаланууда жана өнөр жайлык коопсуздукту сактоодо нормативдик усулдук жоболорду, эрежелерди, регламенттерди, технологиялык стандарттарды иштеп чыгат жана бекитет;
17) жер казынасын геологиялык изилдөөдө жана өнөр жайлык өздөштүрүүдө жер казынасын пайдаланууга жана коргоого, экологиялык жана жаратылышты коргоо жана өнөр жайлык коопсуздукту сактоого контроль жүргүзөт;
18) ушул Мыйзамга ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
7-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өзүнчө башкаруу органдарынын компетенциялары
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өзүнчө башкаруу органдары:
1) ушул Мыйзамда белгиленген учурларда жер бөлүндүсүн жана жер бөлүктөрүн убактылуу пайдалануу укугун беришет;
2) административдик-аймактык бирдиктин чегинде пайдалуу казындылардын кендерин иштетүүнү жүргүзүүчү жер казынасын пайдалануучуларды каттайт;
3) лицензиялык аянтка лицензиаттарды тоскоолсуз киргизүүнү камсыздайт;
4) пайдалуу казындыларды өз эркинче казып алууга тыюу салат жана токтотот;
5) жер казынасын геологиялык изилдөөдө (же) кендерди иштетүүдө пайдаланылган тоо кен мүлкүн жоюуну жана консервациялоону, ошондой эле жер бөлүктөрүн жана лицензиялык объекттерди рекультивациялоону контролдойт;
6) административдик-аймактык бирдиктин чегинде жайгашкан лицензиялык объекттерге конкурстарды жана аукциондорду өткөрүү боюнча комиссиялардын ишине катышышат;
7) жекече чайкоочуларды каттайт жана иш аракеттерин жөндөйт;
8) ушул Мыйзамга ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
8-берене. Жер казынасынын Мамлекеттик фонду
1. Кыргыз Республикасындагы бардык жер казынасы жер казынасынын Мамлекеттик фондун түзөт.
2. Жер казынасынын Мамлекеттик фонду өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) ушул Мыйзам белгилеген тартипте пайдаланууга берилген жер казынасынын бөлүктөрү (жер казынасынын бөлүнгөн фонду);
2) ушул Мыйзам белгилеген тартипте пайдаланууга берилбеген жер казынасынын бөлүктөрү (жер казынасынын бөлүнбөгөн фонду).
9-берене. Пайдалуу казындылардын кендеринин жана көрүнүштөрүнүн Мамлекеттик кадастры
1. Пайдалуу казындылардын кендеринин жана көрүнүштөрүнүн Мамлекеттик кадастры (мындан ары - Кадастр) пайдалуу казындылардын кендерин жана көрүнүштөрүн мамлекеттик эсепке алуу максатында жүргүзүлөт жана жер казынасынын Мамлекеттик фондун түзүүнүн негизи болуп саналат.
2. Кадастр ар бир кен жана көрүнүш боюнча негизги жана кошумча пайдалуу казындылардын санын жана сапатын, алардагы компоненттердин, тоо кен-техникалык, гидрогеологиялык, экологиялык, геологиялык-экономикалык жана кендерди иштетүүнүн башка шарттарын мүнөздөгөн маалыматтарды камтыйт. Корлор жана ресурстар жөнүндөгү маалымат бонусту эсептөө үчүн негиз болуп саналат.
3. Кадастр геологиялык маалымат ресурстарынын негизинде жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлөт жана алып барылат.
10-берене. Пайдалуу казындылардын кендеринин мамлекеттик резерв
жерлери
1. Баланстагы жана баланстан тышкары корлуу кендердин ошондой эле аларды өздөштүрүү үчүн керектүү жерлердин чегинде орун алган жер бөлүктөрү пайдалуу казындылардын кендеринин мамлекеттик резерв жерлерин түзөт.
2. Пайдалуу казындылардын кендеринин мамлекеттик резерв жерлерине киргизилген жер бөлүктөрүн башкаруу ушул Мыйзам белгилеген тартипте жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
11-берене. Пайдалуу казындылардын корлорун жана ресурстарын мамлекеттик экспертизалоо жана каттоо
1. Пайдалуу казындылардын кендериндеги пайдалуу казындылардын корлору жана божомол ресурстары корлор боюнча Мамлекеттик комиссиянын экспертизасынын негизинде жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталууга тийиш.
2. Корлордун мамлекеттик экспертизасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен "Пайдалуу казындылардын корлору боюнча мамлекеттик комиссия жөнүндө" жобого ылайык иштеген жогорку квалификациялуу эксперттерден Кыргыз Республикасынын Өкмөтү түзгөн Кыргыз Республикасынын пайдалуу казындылар боюнча мамлекеттик комиссиясы (КР КМК) жүргүзөт.
12-берене. Пайдалуу казындылардын корлорунун Мамлекеттик балансы
1. Пайдалуу казындылардын корлорунун Мамлекеттик балансы пайдалуу казындылардын кендери боюнча пайдалуу казындылардын саны, сапаты жана изилдөөнүн деңгээли, алардын орун алышы жана өнөр жайлык өздөштүрүү деңгээли, аракеттеги ишкананын казып алуусу жана пайдалуу казындылардын чалгындалган корлору менен камсыздалышы жөнүндөгү маалыматты камтыйт.
2. Пайдалуу казындылардын баланстагы корлорун эсептен чыгаруу өнөр жайлык маанисин жоготкондо, казып алуу процессинде жоготулганда же пайдалуу казындылардын кенин кийинки геологиялык чалгындоодо же иштетүүдө ырасталбаганда пайдалуу казындылардын корлорунун мамлекеттик балансына өзгөртүүлөрдү жана тоуктоолорду киргизүү менен жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
13-берене. Жалпы мамлекеттик маанидеги пайдалуу казындылардын кендери
1. Жалпы мамлекеттик маанидеги пайдалуу казындылардын кендеринин тизмесин жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.
2. Жалпы мамлекеттик маанидеги пайдалуу казындылардын кендеринин тизмеси жыл сайын массалык маалымат каражаттарында жарыяланат.
3. Жалпы мамлекеттик маанидеги пайдалуу казындылардын кендерине жер казынасын пайдалануу укугу жүргүзүлгөн конкурстардын, аукциондордун жыйынтыгы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өзгөчө буйругу боюнча берилет.
14-берене. Жер казынасы жөнүндө геологиялык маалымат
1. Жер казынасы жөнүндө геологиялык маалымат Кыргыз Республикасынын менчигинде болот.
2. Жер казынасы жөнүндө геологиялык маалымат жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жер казынасын пайдалануучуга жер казынасын пайдалануу мезгилинде берилиши мүмкүн, убактысы бүткөндө кайтарылып берилет.
3. Ишкерлердин, ишканалардын жана уюмдардын, анын ичинде биргелешкен жана чет өлкөлүк, каржылоосунан алынган жер казынасы жөнүндө геологиялык маалымат, лицензияда белгиленген мезгилде алардын менчигинде болот, убакыт бүткөндө жер казынасы жөнүндө маалымат мамлекеттин менчигине акысыз өтөт.
4. Жер казынасы жөнүндө геологиялык маалымат болгон жактар, алар жер казынасын пайдалануучу болушу же болбошуна карабай, жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алгачкы талабы боюнча ошол маалыматты мамлекеттин менчигине берүүгө милдеттүү.
5. Жер казынасы жөнүндө геологиялык маалыматты мамлекеттин менчигине бербесе же берүүдөн тайсалдаса күнөөлүүлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайыктуу жоопкерчиликте болот.
15-берене. Мамлекеттик геологиялык маалымат фонду
1. Мамлекеттик геологиялык маалымат фонду жер казынасы жөнүндөгү геологиялык маалыматты, ошондой эле архивдерди, таш жана керн материалдарынын үлгүлөрүнүн, палеонтологиялык калдыктардын, шлифтердин, аншлифтердин, музейлердин коллекцияларын, кагаз жана электрондук алып жүрүүчүлөрдөгү атайын адабияттын китепканасын камтыйт.
2. Мамлекеттик геологиялык маалымат фонду бардык жер казынасын пайдалануучулар тарабынан геологиялык маалыматтын милдеттүү даанасын жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген тартипте акысыз берүү системасынын негизинде түзүлөт.
3. Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган геологиялык маалымат ресурстарынын электрондук жана кагаз дубликаттарын толук көлөмдө түзүүгө жана кармап турууга жана жоготууну же уруксаатсыз пайдаланууну болтурбоого милдеттүү. Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлери геологиялык маалымат ресурстарынын сакталышына жоопкерчиликте болушат.
4. Жер казынасын пайдалануучулар жыл сайын жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен түрдө геологиялык отчетту Мамлекеттик геологиялык маалымат фондуна берүүгө милдеттүү.
5. Жер казынасы жөнүндөгү маалыматты менчиктештирүүгө тыюу салынат. Аралык (жылдык) геологиялык отчеттордун жоюулушу лицензиялык объектте жүргүзүлгөн изилдөөлөр жөнүндө толук маалыматты камтыган акыркы отчет болгондо гана мүмкүн.
6. Жер казынасын пайдалануучунун менчиги болгон жана Мамлекеттик геологиялык маалымат фондуна берилген геологиялык маалыматты үчүнчү жактын пайдаланышынын шарттары жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылат. Эгерде геологиялык маалыматты пайдалануунун өзгөчө шарттары үчүнчү жактар менен макулдашылбаса үчүнчү жактардын геологиялык маалыматты пайдалануусу жалпы негизде жүргүзүлөт.
7. Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жер казынасын пайдалануучунун менчиги болуп берилген геологиялык маалыматтын жашыруундугун камсыздоого милдеттүү. Жер казынасын пайдалануучу тарабынан Мамлекеттик геологиялык маалымат фондуна берилген геологиялык маалымат жашыруун мезгилинде жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан төмөнкүлөр үчүн гана пайдаланышы мүмкүн:
1) Кадастрды жана пайдалуу казындылардын Мамлекеттик балансын түзүү максатында;
2) жер казынасын мамлекеттик геологиялык изилдөөнү уюштурууну калыптоодо жер казынасынын түзүлүшү жана өнүгүшү, алардын жайгашышынын мыйзам ченемдиги жана башка маалыматтарды алуу максатында.
8. Жер казынасын пайдалануучуга таандык геологиялык маалыматты пайдалануу менен жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлгөн геологиялык маалымат ресурстары мамлекеттин менчиги болуп саналат.
16-берене. Геологиялык маалымат ресурстарын берүү тартиби
1. Геологиялык маалымат ресурстары ачык жана акылуу болуп саналат.
2. Геологиялык маалымат ресурстарынын ачыктыгынын төмөндөгү үч деңгээли белгиленет:
1) таанышуу, маалыматты алып жүрүүчүнү Мамлекеттик геологиялык маалымат фондусунун имаратынын чегинен чыгарылбаган;
2) пайдалануу, геологиялык маалымат ресурстарын электрондук жана кагаздык көчүрмөгө мүмкүндүк берилген;
3) пакеттүү, жер казынасын пайдалануу укугун алуучунун геологиялык маалымат пакетин сатып алуусун белгилеген.
3. Геологиялык маалымат ресурстарын алууга төлөмдүн өлчөмүн, ошондой эле аны төлөөнүн жана сарп кылуунун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
4. Жогорку жана атайын орто окуу жайларынын студенттери жана аспиранттары Мамлекеттик геологиялык маалымат фондусунун геологиялык маалымат ресурстары менен ачыктыктын таанышуу деңгээлинин чегинде пайдаланууга укуктуу жана жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген чектерде геологиялык маалымат ресурстарын пайдалануу үчүн акы төлөөдөн бошотулушат.
5. Геологиялык маалымат ресурстарын пайдалануу үчүн акы Мамлекеттик геологиялык маалымат фондусунун өнүгүшүнө жумшалат.
6. Геологиялык маалымат ресурстарынын түп нускалары менен иштөө Мамлекеттик геологиялык маалымат фондусунун имараттарында гана мүмкүн. Геологиялык маалымат ресурстарынын түп нускаларын Мамлекеттик геологиялык маалымат фондусунун имараттарынын чегинен алып чыгууга тыюу салынат.
7. Мамлекеттик сырды түзүүчү геологиялык маалымат ресурстарын пайдалануу Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
8. Жер казынасын пайдалануучу жер казынасын пайдалануу укугун алгандан кийин, эгерде анын менчиги болбосо, геологиялык маалымат пакетин сатып алууга милдеттүү.
9. Геологиялык маалымат пакетине геологиялык маалыматтын негизинде түзүлгөн геологиялык маалымат ресурстары кирет. Геологиялык маалымат ресурстарынын наркы жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
3-бөлүм
Жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартиби
17-берене. Жер казынасын пайдалануу укугунун түрлөрү
Жер казынасын пайдалануу укугу төмөнкүлөр үчүн берилет:
1) геологиялык карталоого жана регионалдык геологиялык, геофизикалык жана башка илимий изилдөөлөргө;
2) геологиялык издөө иштерине;
3) геологиялык чалгындоо иштерине;
4) пайдалуу казындылардын кендерин иштетүүгө;
5) жер астындагы сууларды алууга жана пайдаланууга;
6) пайдалуу казындыларды иштетүү менен байланышпаган жер астындагы курулуштарды курууга жана эксплуатациялоого (мунайзатты, газды жана башка заттарды сактоого, зыяндуу заттарды көмүүгө, жердин жылуулугун пайдаланууга жана башка керектөөлөргө);
7) илимий, маданияттык, эстетикалык, санитардык-ден соолукту чыңдоолук жана башка маанидеги (илимий жана окуу полигондору, геологиялык коруктар, үңкүрлөр жана башка жер астындагы мейкиндиктер) өзгөчө корголуучу объекттерди түзүүгө;
8) минералогиялык, палеонтологиялык коллекцияларды коммерциялык максаттар үчүн жыйноого;
9) таш материалын кооздук максатта жана жасалгалоо таш жана курулуш материалдары катарында пайдалануу үчүн жыйноого.
18-берене. Жер казынасын пайдалануу укугун берүүнүн негиздери
1. Жер казынасын пайдалануу укугу төмөнкү негизде пайда болот:
1) лицензиянын;
2) мамлекеттик каттоонун;
3) концессиялык келишимдин;
4) продукцияны бөлүү жөнүндө макулдашуунун.
2. Мамлекеттик каттоодон төмөнкүлөр өтүшү тийиш:
1) бекитилген программа боюнча жер казынасын илимий изилдөө жүргүзүү;
2) жекече чайкоочулук ишмердиги.
3. Мамлекеттик каттоону жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт (жекече чайкоочулук ишмердигинен башка).
19-берене. Жер казынасын пайдалануучулар
1. Кыргыз Республикасынын жана башка мамлекеттердин жеке жана юридикалык жактары жер казынасын пайдалануучусу боло алышат.
2. Жер казынасын пайдалануучуларды жарандык же каттоо өлкөсү боюнча кемсинтүүгө жол берилбейт.
20-берене. Жер казынасын пайдалануу укугун берүүнүн тартиби
1. Жер казынасын пайдалануу укугу конкурстарды, аукциондорду өткөрүү, алгачкы табыштама укугу боюнча же түз сүйлөшүүлөрдүн негизинде берилиши мүмкүн.
2. Конкурстар жалпы мамлекеттик маанидеги объекттер боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча өткөрүлөт.
3. Аукциондор жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен тизме менен кендер, көрүнүштөр жана келечектүү аянттар боюнча өткөрүлөт.
4. Алгачкы табыштама укугу боюнча жер казынасын пайдалануу укугу төмөнкүлөргө берилет:
1) аукционго коюулган кендердин, көрүнүштөрдүн жана келечектүү аянттардын тизмесине кирбеген кендерге, көрүнүштөргө жана келечектүү аянттарга;
2) эки аукциондо же конкурста жөнсүз деп таанылган пайдалуу казындылардын кендерине, көрүнүштөрүнө жана келечектүү аянттарга.
5. Жер казынасын геологиялык изилдөө жана пайдалуу казындылардын кендерин иштетүү менен байланышпаган жер казынасын пайдалануу укугу түз сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча берилет.
6. Жер казынасын пайдалануу укугун концессиялык келишимдин жана продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуунун негизинде берүүнүн тартиби ылайыктуу "Концессиялар жөнүндө", "Тоо кен концессиясы жөнүндө", "Продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуу жөнүндө" мыйзамдары тарабынан аныкталат.
21-берене. Жер казынасын пайдалануу укугунун аракет мөөнөтү
1. Жер казынасын пайдалануу укугунун аракет мөөнөтү төмөнкүдөй белгиленет:
1) геологиялык издөө иштерине - техникалык долбоорго ылайык кийин узартуу менен 5 жыл;
2) геологиялык чалгындоо иштерине - техникалык долбоорго ылайык кийин узартуу менен 10 жыл;
3) пайдалуу казындылардын кендерин иштетүүгө - пайдалуу казындылардын корлору түгөнгөнчө кийин узартуу менен 20 жыл;
4) жер казынасын изилдөө жана пайдалуу казындылардын кендерин иштетүү менен байланышпаганда - такталган техникалык долбоор белгилеген мөөнөткө кийин узартуу менен техникалык долбоор белгилеген мөөнөткө.
2. Мамлекеттик каттоонун негизинде берилүүчү жер казынасын пайдалануу укугунун мөөнөтү программаны аткаруу мөөнөтү менен белгиленет.
22-берене. Конкурсту өткөрүүнүн тартиби
1. Конкурстук комиссия (мындан ары - Комиссия) ар бир конкурс боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен түзүлөт.
2. Комиссия конкурстун шарттарын жана анын жеңүүчүсүнүн аныктоо критерийлерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Жобонун негизинде бекитет.
3. Комиссиянын жумушчу органы болуп төмөнкүлөрдү ишке ашыруучу жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган саналат:
1) геологиялык маалыматты даярдоону;
2) кендердин мамлекеттик резервиндеги жер бөлүктөрүнөн жер бөлүндүсүн берүүнү;
3) эл аралык жана республикалык массалык маалымат каражаттарында жарыяны басып чыгарууну жана жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын интернет-сайтында жайгаштырууну;
4) конкурстук табыштамаларды кабыл алууну жана каттоону;
5) эгерде конкурсту өткөрүүнүн шарттары боюнча концессиялык келишим же продукцияны бөлүү жөнүндө макулдашуу болбосо конкурстун жеңүүчүсүнө Комиссиянын протоколунун негизинде жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия берүүнү.
4. Эгерде берилген сунуштардын бирөө дагы конкурстун шарттарына туура келбесе конкурс өтпөй калды деп эсептелинет.
5. Эгерде конкурста жеңүүчү болбосо же бир гана сунуш түшсө Комиссия жаңы конкурс өткөрүү же аукционго берүү жөнүндө чечим кабыл алат.
6. Конкурстун катышуучуларынын чыгымдары кайтарылбайт.
23-берене. Аукционду өткөрүүнүн тартиби
1. Аукционду Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Жобонун негизинде жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган уюштурат жана өткөрөт.
2. Аукционду өткөрүү жөнүндө жарыя, аукционду өткөрүү датасына чейин үч айдан кем эмес мөөнөттө, массалык маалымат каражаттарында басылат жана жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын интернет-сайтында жайгаштырылат.
3. Аукциондор ачык деп саналат.
4. Жер казынасын пайдалануу укугу үчүн салык (бонус) аукциондун башталгыч баасына кирет.
5. Жер казынасын пайдалануу укугун алууга эң көп акчалай сумманы берүүчү талапкер аукциондун жеңүүчүсү деп саналат.
6. Жер казынасын пайдалануу укугу аукциондун жеңүүчүсүнө аукциондук комиссиянын протоколунун негизинде берилет.
7. Аукциондун катышуучуларынын чыгымдары кайтарылбайт.
24-берене. Алгачкы табыштама укугу боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартиби
Алгачкы табыштама укугу боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча берилет жана протокол менен бүтүмдөлөт.
25-берене. Түз сүйлөшүүлөр менен жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартиби
Түз сүйлөшүүлөр менен жер казынасын пайдалануу укугун берүү жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кызыкдар жактардын табыштамасы боюнча жүргүзүлөт. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы протокол менен бүтүмдөлөт.
26-берене. Жер казынасын пайдалануу укугун токтото туруу жана токтотуу
1. Жер казынасын пайдалануу укугу жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан 3 айга чейинки мөөнөткө токтото туруунун себебин көрсөтүп жана бузууларды жоюу жөнүндө көрсөтмө берүү менен төмөнкү учурларда токтото турулушу мүмкүн:
1) Кыргыз Республикасынын ылайыктуу мыйзамы белгилеген жер казынасын коргоонун, экологиялык жана өнөр жайлык коопсуздуктун талаптары бузулганда;
2) ушул Мыйзамда белгиленген аткарылган жумуштар жөнүндө отчет берилбегенде;
3) анык эмес маалыматтарды камтыган аткарылган жумуштар жөнүндө отчет берилгенде;
4) жер бөлүгүн жана лицензиялык объектти рекультивациялоо үчүн каражат топтоо боюнча талаптар аткарылбаганда;
5) жер казынасын өздөштүрүүдө калктын жана жумушчулардын ден соолугуна жана коопсуздугуна ошондой эле жаратылыш чөйрөсүнө толукталбас зыян жана пайдалуу казындылардын корлорун жоготуу коркунучун түзүүчү технология колдонулганда;
6) мыйзамда белгиленген жер казынасын пайдалануу укугун башка шарттарын бузууда.
2. Форс-мажордук абал түзүлгөн учурда жер казынасын пайдалануу укугу жер казынасын пайдалануучунун табыштамасы боюнча форс-мажордун мөөнөтүнө токтотулуп турат. Ушундай табыштама берилген күндөн 30 күн мөөнөтүндө жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган макул болбоо себебин көрсөтүп, жер казынасын пайдалануу укугун токтото туруудан баш тартууга укуктуу.
3. Ушул берененин 1 бөлүгүнө ылайык жер казынасын пайдалануу укугун токтото турууга алып келген себепти жоюу тоо кен мүлкүн сакталуу, бузулбаган жана калк жана айлана чөйрөнү коопсуздукта кармап туруу 3 ай аралыгында мүмкүн болбосо жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жер казынасын пайдалануучунун себептелген табыштамасы боюнча бузууларды жоюу мөөнөтүн узартууга укуктуу.
4. Жер казынасын пайдалануу укугу, ушул берененин 1 жана 3-бөлүктөрүндө белгиленген мөөнөттө ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык жер казынасын пайдалануу укугун токтото турууга алып келген бузууларды жойбогондо, жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын арызы боюнча сот тарабынан токтотулат.
5. Жер казынасын пайдалануу укугун токтотуу сот чечиминин мыйзамдуу күчүнө кирүү күнүнөн башталат. Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жер казынасын пайдалануу укугун токтотууну соттун чечиминин негизинде каттайт.
6. Жер казынасын пайдалануу укугу жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан төмөнкү учурларда токтотулат:
1) жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны үчүнчү жактарга жана күрөөгө өткөрүп берүү укугун жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттабаганда;
2) бонусту жана (же) лицензиялык төлөмдөрдү жана (же) роялтини төлөө 30 күндөн ашканда;
3) жер казынасын пайдалануучу жер казынасын пайдалануудан баш тартканда;
4) жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын мөөнөтү бүткөндө жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны трансформациялоо жөнүндө лицензиаттан табыштама берилбегенде.
7. Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жер казынасын пайдалануу укугун токтото туруу же токтотуу жөнүндөгү чечими, ушундай чечимди кабыл алуунун негизин көрсөтүү менен, жер казынасын пайдалануучуга ушул чечим кабыл алынган күндөн 7 күн аралыгында жиберилет. Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жер казынасын пайдалануу укугун токтото туруу же токтотулушу жөнүндө чечими кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
27-берене. Жер казынасын пайдалануу укугун токтотуунун натыйжасы
1. Жер казынасын пайдалануу укугун токтотуу жер казынасын пайдалануучунун төмөнкүдөй милдеттерин токтотбойт:
1) жер бөлүгүн рекультивациялоо жана тоо кен мүлкүн жоюу боюнча;
2) кийинки жер казынасын пайдалануу укугунун ээсине өткөрүп берүүгө чейин тоо кен мүлкүн консервациялоо жана сакталуу, бузулбаган жана калк жана айлана чөйрөнү коопсуздукта кармап туруу боюнча;
3) геологиялык маалыматтарды жана алгачкы документтерди Мамлекеттик геологиялык маалымат фондуна тапшыруу боюнча.
2. Тоо кен мүлкүнүн менчик укугун өткөрүп берилиши жер казынасын пайдалануу укугун жоготкон жак менен жер казынасын пайдалануу укугунун жаңы ээсинин келишимине ылайык жүргүзүлөт.
3. Эгерде жер казынасын пайдалануу укугу кийинки лицензиатка берилген күндөн 3 ай аралыгында келишим түзүлбөсө лицензиат жер казынасын пайдалануу укугун жоготкон жакка каршы тоо кен мүлкү жайгашкан жери боюнча сотко лицензиаттын техникалык долбоору менен жана пайдаланууга ылайыктуу тоо кен мүлкүн сатуу-сатып алуу келишимин түзүүгө милдеттендирүү боюнча жана жер казынасын пайдалануу укугун жоготкон жакка лицензиат төлөөчү компенсациянын көлөмүн аныктоо боюнча кайрылууга укуктуу.
4. Тоо кен мүлкү лицензиаттын менчиги эмес болуп пайдаланууда жер казынасын пайдалануу укугун жоготкон жак лицензиатка карата мүлктү пайдаланганы үчүн компенсация төлөп берүү жөнүндө сотко кайрылууга укуктуу.
5. Техногендик түзүлүштөргө менчик укук, техникалык долбоордо же жер казынасын пайдалануу укугу токтотулганда жоюу, консервациялоо же рекультивациялоо белгиленбесе, ылайыктуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өтөт.
28-берене. Жекече чайкоочулук ишмердиги
Кендердин жана көрүнүштөрдүн Мамлекеттик кадастрына киргизилбеген чачыранды минерализациялуу жер казынасынын бөлүгү жекече чайкоочулук ыкма менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Жобого ылайыктуу иштетилиши мүмкүн.
4-бөлүм
Жер казынасын пайдалануу укугун лицензиялоо
29-берене. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия берүүнүн тартиби
1. Жер казынасын пайдалануу укугунун, төмөнкүлөрдөн башка, бардык түрлөрү лицензияланат:
1) концессиялык келишим боюнча жер казынасын пайдалануу укугу берилгенде;
2) продукцияны бөлүү жөнүндө макулдашуу боюнча боюнча жер казынасын пайдалануу укугу берилгенде;
3) жер казынасын пайдалануу укугун мамлекеттик каттоодо.
2. Жер казынасын пайдалануу укугуна берилүүчү лицензиянын саны чектелбейт.
3. Алгачкы табыштама укугу же түз сүйлөшүүлөр боюнча жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алуу үчүн табыштама берүүчү мамлекеттик же расмий тилде лицензиялануучу объектти, жер казынасын пайдалануу түрүн жана пайдалуу казындылардын тизмесин көрсөтүү менен жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга табыштама менен кайрылат.
4. Рудалуу пайдалуу казындыларга карата жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алуу үчүн табыштамада пайдалуу казындылардын табылууга божомолдуу бирөөнү же алардын тобун көрсөтүүгө болот.
5. Көмүрсуутек пайдалуу казындыларына карата жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алуу үчүн табыштамада алардын тизмесин тактоосуз көрсөтүүгө болот.
6. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алуу үчүн табыштамага төмөнкүлөр тиркелет:
1) юридикалык жактар үчүн - уюштуруу документтеринин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамы боюнча түзүлгөн юридикалык жана (же) жеке жактын мамлекеттик каттоо жөнүндөгү күбөлүгүнүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
3) жеке жак үчүн - жашаган дарегин кошуп көрсөтүлгөн паспортунун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
4) чет өлкөлүк мамлекеттин мыйзамы менен түзүлгөн юридикалык жактын филиалынын Кыргыз Республикасында мамлекеттик каттоосу жөнүндөгү күбөлүгүнүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
5) лицензиялык объектти изилдөө же өздөштүрүү программасы;
6) пайдалуу казындылардын кендерин иштетүүгө жер казынасын пайдалануу укугун лицензиялоо учурунда - табыштама берүүчүнүн лицензиялык объектти өздөштүрүү программасында көрсөтүлгөн каржылоо мүмкүнчүлүгүн тактаган документтер;
7) геологиялык издөө же геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө жер казынасын пайдалануу укугун лицензиялоо учурунда - жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын аракетинин алгачкы үч жылдык мөөнөтүндө лицензиялык төлөмдөрдү төлөө мүмкүнчүлүгүн тактаган документтер.
7. Жер астындагы сууларды алуу жана пайдалануу боюнча жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алууга табыштамага төмөнкүлөр кошумча тиркелет:
1) көзөнөктү эксплуатациялоонун технологиялык схемасы;
2) сууну куюуштуруу үчүн жана (же) бальнеологиялык дарылоо үчүн пайдаланууда саламаттык сактоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу.
8. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия берүү же бербөө жөнүндө чечим лицензиялык орган тарабынан жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алууга табыштама берген күндөн тартып 30 күн аралыгында чыгарылат.
9. Табыштама берүүчүнүн макулдугусуз табыштамада көрсөтүлгөн пайдалуу казындылардын тизмесин өзгөртүүгө же толуктоого лицензиар укуксуз.
10. Алгачкы табыштама укугу боюнча жана түз сүйлөшүүлөр менен жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия берүү үчүн негиз болуп жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын протоколу саналат.
11. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алган күндөн тартып 30 күн аралыгында лицензиат Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген тартипте бонусту жана жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын биринчи жыл аракети үчүн лицензиялык төлөмдү төлөөгө жана төлөө фактысын тастыктаган документтерди жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тапшырууга милдеттүү.
12. Конкурстун же аукциондун жеңүүчүлөрү үчүн жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия берүү үчүн негиз болуп конкурска же аукционго катышууга берилген документтери жана конкурстук же аукциондук комиссиянын протоколу саналат.
13. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алгандан кийин лицензиат өнөр жайлык, экологиялык коопсуздук жана жер казынасын коргоо боюнча эксперттик оң корутундулуу техникалык долбоорду түзөт жана жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.
14. Бардык милдеттүү экспертиза алынган техникалык долбоорсуз иштөөгө тыюу салынат.
30-берене. Жер казынасын пайдалануу укугунун лицензияларынын айкалышы
1. Геологиялык издөө жана геологиялык чалгындоо иштерине жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия берилген жер казынасынын бөлүгүндө үчүнчү жактар жер казынасын пайдалануу укугуна аракеттеги лицензияда белгиленбеген пайдалуу казындылардын түрлөрүнө лицензиаттын макулдугусуз геологиялык издөө жана геологиялык чалгындоо иштерине жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алууга укуктуу.
2. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын ээси пайдалуу казындылардын табыштамада белгиленбеген түрлөрүн тапканда аларды изилдөө же изилдөөбө жөнүндө чечим кабыл алууга жана кабыл алган чечим жөнүндө жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирүүгө милдеттүү.
3. Көмүрсуутек пайдалуу казындыларын геологиялык изилдөө, геологиялык чалгындоо иштерине жана иштетүүгө жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия, ушул жер казынасынын бөлүгүндө башка пайдалуу казындыларга жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия бардыгына карабай, берилет.
4. Табыштама берүүчү жер казынасынын бөлүгүнө берилген табыштамада жер казынасын пайдалануу укугуна мурда лицензия алган лицензиаттын техникалык долбоору менен өзүнүн техникалык долбоорунун айкалышын камсыздоого милдеттүү.
31-берене. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын жана лицензиялык тиркеменин мазмуну
1. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
1) жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын алфавиттик-санариптик коду;
2) жер казынасын пайдалануунун түрү;
3) лицензиаттын аталышы жана реквизиттери;
4) жер казынасын пайдалануу объектисинин лицензиялык номери;
5) пайдалуу казындынын түрү;
6) лицензиялык объекттин административдик орун алышы;
7) жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын берилүү датасы жана аракет мөөнөтү;
8) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн датасы;
9) мөөр жана лицензиялык органдын жетекчисинин кол коюусу.
2. Лицензиялык тиркемелер, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын ажыратылгыз бөлүгү катарында, төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
1) лицензиялык аянттын бурчтук чекиттеринин координаттары жана өлчөмү;
2) иштердин максаты;
3) бонустун жана лицензиялык төлөмдөрүнүн өлчөмү;
4) жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын күрөөгө же үчүнчү жакка берилиши жөнүндө маалыматтар;
5) отчет берүүнүн мөөнөттөрү;
6) кошумча маалыматтар;
7) мөөр жана лицензиялык органдын жетекчисинин кол коюусу, ошондой эле лицензиаттын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кол коюусу жана мөөр.
3. Жер астындагы сууларды алууда жана пайдаланууда лицензиялык тиркемеде, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын ажыратылгыз бөлүгү катарында, кошумча төмөнкү маалыматтар камтылат:
1) көзөнөктүн же булактын дебити, кордун саны жана категориясы;
2) жер астындагы суунун тиби;
3) көзөнөктүн же булактын орун алышы;
4) жер астындагы сууларды пайдалануунун максаты;
5) жер астындагы суулардын көзөнөгүнүн (булактын) айланасындагы тоо-санитардык коргоо зонасынын өлчөмү;
6) жер астындагы сууларды алуунун макулдашылган көлөмү;
7) режимдик байкоолордун отчетунун мөөнөтү;
8) жер казынасын пайдалануу үчүн салыктар;
9) мөөр жана лицензиялык органдын жетекчисинин кол коюусу, ошондой эле лицензиаттын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кол коюусу жана мөөр.
32-берене. Геологиялык издөө иштерине жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия
1. Геологиялык издөө иштерин жүргүзүү үчүн жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия лицензиялык аянттын чегинде пайдалуу казындылардын табыштамаланган түрлөрүнө геологиялык издөө иштерин жүргүзүүгө лицензиатка өзгөчө укук берет.
2. Геологиялык издөөнүн лицензиялык аянтынын максималдуу өлчөмү чектелбейт.
3. Лицензиат лицензиялык аянтты кыскартууга укуктуу. Аянтты кыскартуу лицензиаттын табыштамасы боюнча кыскартылуучу аянтта жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы жөнүндө маалыматты (отчетту) жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кабыл алгандан кийин жүргүзүлөт.
4. Лицензиялык төлөмдөр лицензиялык аянттын гектары үчүн минималдуу эсеп көрсөткүчүнө эселенип белгиленет жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
5. Лицензиат геологиялык издөө иштерине жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны, ачылган жана Кадастрда катталган көрүнүштөргө жана кендерге карата, геологиялык чалгындоо иштерине жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияга трансформациялоого өзгөчө акылуу.
6. Пайдалуу казындылардын кенин же көрүнүшүн ачылышын каттоого табыштама берилгенде ыйгарым укуктуу жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган лицензиатка табыштама берилген датасын жана убактысын күбөлөндүргөн документти берет.
7. Мамлекеттик бюджеттин каражатынын эсебинен жүргүзүлүүчү геологиялык издөө иштеринен бонус жана лицензиялык төлөмдөр алынбайт.
33-берене. Геологиялык чалгындоо иштерине жер казынасын пайдаланууга лицензия
1. Геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия лицензиялык аянттын чегинде пайдалуу казындылардын табыштамаланган түрлөрүнө геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө лицензиатка өзгөчө укук берет.
2. Лицензиат лицензиялык аянтты кыскартууга укуктуу. Аянтты кыскартуу лицензиаттын табыштамасы боюнча кыскартылуучу аянтта жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы жөнүндө маалыматты (отчетту) жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кабыл алгандан кийин жүргүзүлөт.
3. Лицензиялык төлөмдөр лицензиялык аянттын гектары үчүн бир эсеп көрсөткүчүнө эселенип белгиленет жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
4. Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда корлор катталгандан кийин лицензиат геологиялык чалгындоо иштерине жер казынасын пайдаланууга лицензияны чалгындалган пайдалуу казындынын кенин иштетүү үчүн жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияга трансформациялоого өзгөчө укукка ээ болот.
5. Мамлекеттик бюджеттин каражатынын эсебинен жүргүзүлүүчү геологиялык чалгындоо иштеринен бонус жана лицензиялык төлөмдөр алынбайт.
34-берене. Пайдалуу казындылардын кендерин иштетүү үчүн жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия
1. Пайдалуу казындылардын кендерин иштетүү үчүн жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия лицензиатка төмөнкүдөй өзгөчө укуктарды берет:
1) тоо кен бөлүндүсүнүн чегинде жер казынасын геологиялык изилдөөгө;
2) тоо кен бөлүндүсүнүн чегинде, бардык керектүү даярдоо иштерин жүргүзүүнү кошуп, пайдалуу казындыларды иштетүүгө;
3) байытуу жана металлургияны, техногендик түзүлүштөрдү, металлургиялык өндүрүштүн калдыктарын пайдаланууну кошуп пайдалуу казындыларды кайра иштетүүгө;
4) пайдалуу казындыларды жана аларды кайра иштетүү продукттарын, экспорттоону кошуп, сатууга.
2. Пайдалуу казындылардын кендерин иштетүү үчүн жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия корлору Кыргыз Республикасынын пайдалуу казындылардын корлору боюнча Мамлекеттик комиссия, ошондой эле СССРдин мурунку компетенттүү ведомстволору (Кыргыз ССРинин пайдалуу казындылардын корлору боюнча Аймактык комиссиясы, СССР геология министрлигинин пайдалуу казындылар боюнча Борбордук комиссиясы жана башкалар), же пайдалуу казындылардын корлорун жана ресурстарын баалоочу жалпы таанылган эл аралык структуралар тарабынан чалгындалган жана апробацияланган лицензиялык объекттерге берилет.
3. Лицензиялык төлөмдөр тоо кен казып алуу ишканасын долбоорлоонун жана куруунун убагында лицензиялык аянттын гектарына эсеп көрсөткүчүнүн эсесинде белгиленет. Кийинки жылдары - ишкананын ТЭН же техникалык долбоордо белгилеген долбоорлонгон жылдык кубаттуулугунун эсебинде роялтинин пайызы менен белгиленет жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
4. Шашылыш учурларда жээк бекитүү иштери үчүн өзгөчө кырдаалдарды алдын алыш максатында Өзгөчө кырдаал министрлигинин, жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын арыздары боюнча жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксааты боюнча, ага жасалган иштер жөнүндө кабарлоо менен, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия албай инерттүү материалдарды иштетүүгө уруксаат берилет.
35-берене. Жер казынасын геологиялык изилдөө жана пайдалуу казындыларды иштетүү менен байланышпаган жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия
1. Жер казынасын геологиялык изилдөө жана пайдалуу казындыларды иштетүү менен байланышпаган жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия лицензиатка тоо кен бөлүндүсүндө техникалык долбоорго ылайык иш жүргүзүүгө укук берет.
2. Жер казынасын геологиялык изилдөө жана пайдалуу казындыларды иштетүү менен байланышпаган жер казынасын пайдалануу укугу үчүн лицензиялык төлөмдөр алынбайт.
36-берене. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны өткөрүп берүү
1. Лицензиат жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны келишимдин негизинде үчүнчү жакка өткөрүп берүүгө укуктуу.
2. Лицензиат жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны күрөө жөнүндө келишимдин негизинде күрөөгө коюуга укуктуу.
3. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны, же берилген укукту күрөөгө өткөрүп берүү жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан катталат.
4. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия өткөн үчүнчү жак жер казынасын пайдалануу укугу өткөн күндөн 30 күн аралыгында укук өтүү далилин, ошондой эле ушул Мыйзамдын 29-беренесинде белгиленген документтерин жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тапшыруу менен кабарлайт.
5. Лицензия боюнча жер казынасын пайдалануу укугунун өтүшүн каттоо үчүн лицензиат жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны күрөө келишимине кол коюулган же токтотулган күндөн тартып жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жазуу жүзүндө билдирүүгө жана күрөө кармоочунун аты-жөнү жана реквизиттери жөнүндө маалыматтарды берүүгө милдеттүү.
6. Уюштуруучулар алмашканда менчик үлүштүн өзгөрүүсү, фонддук биржаларда листингден өткөн компаниялардан башкалар үчүн, жер казынасын пайдалануу укугун берүү болуп саналат. Бонусту төлөө менчик үлүштүн өзгөрүшүнө пропорционалдуу жүргүзүлөт.
7. Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган укуктун өтүүсү жөнүндө же күрөө жөнүндө келишимге кол коюу же аны токтотуу жөнүндө кабар алган күндөн баштап 30 күн аралыгында жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияга, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны өткөрүп берүүдөгү бонусту төлөөнү кошуп, өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизет.
8. Ушул берененин 4-пунктуна ылайык жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабардын жиберилген учурунан тартып табыштама берүүчүгө жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия боюнча лицензиаттын бардык милдеттери өтөт.
9. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия өткөн үчүнчү жак мурунку лицензиаттын, лицензиялык төлөмдү төлөө мезгилин кошуп, бардык милдеттенмелерин өзүнө алууга милдеттүү.
37-берене. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиялардын өзгөрүшү, толукталышы жана трансформациясы
1. Лицензиат жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын аракет мөөнөтүнүн бүтүшүнөн 30 күндөн кеч эмес, бирок 90 күндөн эрте эмес, жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын аракет мөөнөтүн узартуу жөнүндө табыштама жана жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен түрдө жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын мурунку аракет мөөнөтүндөгү бардык аткарылган иштер жөнүндө отчет берүүгө милдеттүү.
2. Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган табыштама жана аткарылган иштер боюнча отчет берилген күндөн тартып 30 жумушчу күндүн аралыгында жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын аракет мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
3. Лицензиат ушул Мыйзамдын 29-беренесинде белгиленген маалыматтардын өзгөрүшү жөнүндө алардын өзгөрүшүнөн 30 күн аралыгында жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлоого милдеттүү.
4. Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 30 күндүн аралыгында жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизет.
5. Ушул Мыйзамдын 29-беренесинде белгиленген тартип төмөнкү учурларга дагы таркайт:
1) ушул Мыйзамда белгиленген жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны трансформациялоодо;
2) конкурстун жана аукциондун жыйынтыгы боюнча берилген жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын шарттары өзгөрүлгөндө.
6. Пайдалуу казындыларга карата башка пайдалуу казындылардын көрүнүштөрүн тапканда лицензиат жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлоо жолу менен геологиялык издөөгө же чалгындоо иштерине жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияга өзгөртүү жана толуктоо киргизүүгө укуктуу.
5-бөлүм
Жер казынасын пайдалануучулардын жана жер укугунун ээлеринин мамилелери
38-берене. Жерди пайдалануу укугунун негиздери
1. Пайдалуу казындылардын кендеринин мамлекеттик резерв жерлеринен (жер казынасын пайдалануу үчүн жерлерден) жер бөлүгүн убактылуу пайдалануу укугу жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын мөөнөтүндөй мөөнөткө берилет.
2. Жер бөлүгүн убактылуу пайдалануу укугу, пайдалуу казындылардын кендеринин мамлекеттик резерв жерлеринин жер бөлүгүндө же жеке менчикте болбогондо, жергиликтүү мамлекеттик администрация же өзүнчө башкаруу органдары тарабынан жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын мөөнөтүндөй мөөнөткө берилет.
3. Жеке менчиктеги жерлерге жер бөлүгүн убактылуу пайдалануу укугу жер ээсинин жана лицензиаттын ортосундагы келишим боюнча берилет.
4. Жер бөлүгүнүн чектери жана өлчөмү экология, өнөр жайлык коопсуздук жана жер казынасын коргоо боюнча оң экспертиза алынган техникалык долбоор же жер астындагы сууларды алуунун технологиялык схемасы менен аныкталат.
5. Жер бөлүгүн убактылуу пайдалануу укугу жана жер бөлүндүсү төмөнкү учурда берилет:
1) жер казынасынын бүтүндүгүн бузуу менен жер казынасын геологиялык изилдөөдө айыл чарбалык пайдалануудан алынбай бузулган бөлүктөргө жоготууларды кайтарып берүү менен;
2) пайдалуу казындылардын кендерин иштетүүдө айыл чарбалык пайдалануудан алынып жер салыгын төлөө жана жоготууларды кайтарып берүү менен.
6. Жер казынасынын бүтүндүгүн бузуу менен байланышпаган иштерди жүргүзүүгө жер бөлүндүсү берилбейт, иштөө укугу жергиликтүү мамлекеттик администрация же өзүнчө башкаруу органдары тарабынан катталат.
7. Жер бөлүгүн убактылуу пайдалануу укугун жана пайдалуу казындылардын кендеринин мамлекеттик резерв жерлеринин жер бөлүгүнөн жер бөлүндүсүн алуу үчүн лицензиат төмөнкүлөрдү тапшырат:
1) табыштама;
2) жер бөлүндүсүнүн бурчтук чекиттеринин координаттары көрсөтүлгөн жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын жана лицензиялык тиркеменин көчүрмөлөрүн;
3) техникалык долбоорду же жер астындагы сууларды алуунун технологиялык схемасын.
8. Жер бөлүгүн убактылуу пайдалануу укугу лицензиат кайрылган күндөн 30 күндөн кем эмес мөөнөттө берилиши керек.
9. Жер казынасын пайдалануучуга жер бөлүгүн убактылуу пайдаланууга бербей коюуга болбойт.
10. Эгерде суранган жер бөлүгү жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны мурда алган лицензиатка берилген болсо, жаңы лицензиат ушул Мыйзамдын 30-беренесинин 4-пунктунун талаптарына ылайык техникалык долбоордо жер бөлүгүн пайдалануу тартибин мурунку лицензиат менен макулдашууга милдеттүү.
11. Жер казынасын геологиялык изилдөөдө жер казынасынын бүтүндүгү бузулбаган учурда жер укугунун ээси лицензиаттын жер казынасын пайдалануу укугунун документтери тиркелген табыштамасы боюнча табыштама берилген күндөн тартып 30 күн аралыгында жер казынасын пайдалануу укугу берилген аянтта иш жүргүзүүнү каттайт. Каттоо жүргүзбөөгө тыюу салынат.
12. Жер бөлүгүн убактылуу пайдалануу укугун токтотуу жер укугунун ээси тарабынан ушул Мыйзамга ылайык жер казынасын пайдалануу укугу токтотулгандан кийин гана жүргүзүлөт.
13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча мамлекеттик муктаждык үчүн жеке менчикте болгон жана божомолдуу лицензиялык аянтка кирүүчү же кендердин мамлекеттик жер резервине киргизилүүчү жер бөлүгү жер бөлүгүнүн ээси жана жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ортосундагы келишим боюнча алынышы (сатып алынышы) мүмкүн.
14. Жер казынасын пайдалануу укугун үчүнчү жакка берилгенде ага жер бөлүгүн убактылуу пайдалануу укугу дагы өтөт.
39-берене. Тоо кен жана геологиялык бөлүндүнүн башка жер казынасын пайдалануучуга карата сервитуту
1. Ыктыярдуу же жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген тоо кен жана геологиялык бөлүндүнүн башка жер казынасын пайдалануучуга карата сервитуту төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
1) эгерде транспорттук, электрдик жана башка коммуникацияларды чектеш тоо кен жана (же) геологиялык бөлүндүлөрдө сервитут белгиленбестен өткөрүү жана эксплуатациялоо мүмкүн эмес же кыйынчылыкта болсо;
2) эгерде жер казынасын пайдалануу укугу бир геологиялык бөлүндүгө ар түрдүү пайдалуу казындыга эки же андан көп жер казынасын пайдалануучуга берилгенде, ошондой эле алардын чектүү же туш келген геологиялык бөлүндүгө кирүүсүн камсыздоо керек болгондо.
2. Башка жер казынасын пайдалануучунун тоо кен же геологиялык бөлүндүсүнө карата сервитут Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде белгиленген эрежеси менен жүргүзүлөт.
40-берене. Башка жер казынасын пайдалануучуга убактылуу пайдаланууга берилген жер бөлүгүнө карата сервитут
1. Ыктыярдуу же жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген башка жер казынасын пайдалануучуга убактылуу пайдаланууга берилген жер бөлүгүнө карата сервитут төмөнкү учурларда пайда болот:
1) жер бөлүндүсүнүн аянтындагы авто- жана темир жол магистралдарын, суу түтүктөрүн, мунайзат түтүктөрүн, электролинияларды жана башка регионалдык жана мамлекеттик маанидеги курулуштарды тейлөөдө жана оңдоодо;
2) эгерде тоо кен бөлүндүсүндөгү авариялык абалды жоюу үчүн кирүү чектеш жана (же) чектеш эмес жер бөлүндүсү тараптан батыраак болсо;
3) мамлекеттик программалар жана пландар боюнча геологиялык, геофизикалык, топографиялык, маркшейдерлик, археологиялык жана башка изилдөө иштерин жүргүзүүдө.
2. Башка жер казынасын пайдалануучуга убактылуу пайдаланууга берилген жер бөлүгүнө карата сервитут Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде белгиленген эрежеси менен жүргүзүлөт.
6-бөлүм
Жер казынасын пайдаланууну мамлекеттик жөндөө
41-берене. Жер казынасын пайдаланууда жер казынасын, айлана чөйрөнү мамлекеттик коргоо жана өнөр жайлык коопсуздукту мамлекеттик контролдоо
1. Жер казынасын пайдаланууда жер казынасын, айлана чөйрөнү мамлекеттик коргоонун жана өнөр жайлык коопсуздукту мамлекеттик контролдоонун милдети болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) бардык жер казынасын пайдалануучулар тарабынан жер казынасы, өнөр жайлык коопсуздук жана айлана чөйрөнү коргоо боюнча мыйзамдарды сактоо;
2) жер казынсын пайдаланууда мамлекеттин кызыкчылыгын сактоо;
3) жер казынасын пайдалануудагы залалдарды алдын алуу, минимизациялоо жана жоюу;
4) жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу.
2. Жер казынасынын Мамлекеттик фондусунун жана кендердин Мамлекеттик жер резервдеринин чегинде жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашпаган жаратылышты коргоо зоналарын түзүүгө тыюу салынат.
42-берене. Монополияга каршы талаптар
Төмөндөгүлөргө багытталган бардык аракеттер белгиленген тартипте жараксыз деп табылат же аларга тыюу салынат:
1) юридикалык жана жеке жактардын конкурстарга, аукциондорго катышуусун чектөөгө;
2) жер казынасын геологиялык изилдөөдө жана (же) пайдалуу казындылардын кендерин иштетүүдө кандайдыр бир лицензиаттын монополиясын түзүүгө;
3) жер казынасын пайдаланууда үстөмдүк кылуучу абалга ээ болгон чарбакер субъекттер менен атаандашкан юридикалык жана жеке жактарды басмырлоого;
4) чектеш жана чектеш эмес жер, тоо кен жана геологиялык бөлүндүлөргө кирүү укугун басмырлоого.
43-берене. Өзгөчө илимий же маданий баалуулугу бар жер казынасынын бөлүктөрүн коргоо
1. Өзгөчө илимий же маданий баалуулугу бар геологиялык ачыктыктар, палеонтологиялык объекттер жана башка жер казындысынын бөлүктөрү жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу боюнча геологиялык коруктар, атайын коруктар, жаратылыштын же маданияттын эстеликтери деп жарыяланышы мүмкүн. Көрсөтүлгөн коруктардын, атайын коруктардын, жаратылыштын же маданияттын эстеликтеринин сакталышын бузуу аракеттерине тыюу салынат.
2. Жер казынасын пайдаланууда илим жана маданият үчүн баалуу геологиялык ачыктыктар, метеориттер, палеонтологиялык, археологиялык жана башка объекттер табылганда жер казынасын пайдалануучу ылайыктуу объекттер табылганда жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга токтоосуз кабарлоого жана алардын кийинки илимий изилдөөлөрүнө тоскоолдук кылбоого милдеттүү.
44-берене. Пайдалуу казындылар жайгашкан аянттарда курулуштарды куруунун шарттары
1. Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан курулуш боло турган бөлүктүн астында пайдалуу казындылардын бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты алганга чейин калктуу конуштарды, өнөр жай комплекстерин жана башка объекттерди долбоорлоого жана курууга тыюу салынат.
2. Пайдалуу казындылар жайгашкан аянттарда курулуш куруу, ошондой эле пайдалуу казындыларды иштетүү менен байланышпаган жер астындагы курулуштарды жайгаштыруу жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу боюнча төмөнкү өзгөчө учурларда жүргүзүлөт:
1) эгерде курулуучу объект үчүн келечек иштетүүдө жер катмарынын эсептүү деформациясы мүмкүн болуучу чектен тышкары болсо;
2) эгерде курулуучу объект үчүн аянтча пайдалуу казындылардын иштетилген кенинин үстүндө жайгаштырылса.
45-берене. Тоо кен мүлкүн жоюу жана консервациялоо
1. Пайдалуу казындылардын кендерин иштетүүдө жана жер казынасын геологиялык изилдөөдө пайдаланылган тоо кен мүлкүнүн кереги, экономикалык жөндүүлүгү же эксплуатациялоо мүмкүнчүлүгү жок болгондо, ошондой эле жер казынасын пайдалануу укугу токтотулганда же токтотула турганда, көрсөтүлгөн тоо кен мүлкү жер казынасын пайдалануучунун эсебинен техникалык долбоорго ылайык жоюулат же консервацияланат.
2. Тоо кен мүлкүн консервациялоо консервация маалында ошол мүлктүн жана пайдалуу казындылардын кенинин сакталышын, ошондой эле калктын жана айлана чөйрөнүн коопсуздугун камсыздаган абалга келтирилиши керек.
3. Тоо кен мүлкүн жоюуда же консервациялоодо маркшейдерлик, геологиялык жана техникалык документациялар жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сактоого тапшырылат.
4. Кийинки лицензиат тарабынан пайдаланылбаган пайдалуу казындылардын кендерин иштетүүдө же жер казынасын геологиялык изилдөөдө колдонулган тоо кен мүлкү жер казынасын пайдалануу укугун жоготкон жак тарабынын эсебинен жоюулат.
46-берене. Лицензиялык объекттердеги рекультивациялоо иштери
1. Жер бөлүгүн жана лицензиялык объектти рекультивациялоо бекитилген техникалык долбоордо каралган пайдалуу казындылардын кендерин иштетүүнүн, жер астындагы сууларды алуунун же пайдалуу казындылардын кендерин иштетүү менен байланышпаган жер астындагы курулуштарды куруу башталышынан ай сайын төлөнүүчү лицензиат топтогон рекультивация фондусунун каражатынын эсебинен жүргүзүлөт. Рекультивация техникалык долбоорго ылайык жүргүзүлөт.
2. Рекультивация фондусунун каражаттары Кыргыз Республикасынын банктарынын эсебинде жайгаштырылат жана башка максаттарга, анын ичинде кредиторлордун талаптарын канааттандыруу жана салык жана бажы төлөмдөрү боюнча карыздарын жоюу үчүн, сарпталышы мүмкүн эмес.
3. Ишкана банкрот болгон, жоюулган же жер казынасын пайдалануучунун каза болгон учурларында рекультивация фондусунун каражаттары жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын тапшыруусу боюнча жер бөлүгүнүн ээсинин эсебине рекультивациялык иштерди жүргүзүү үчүн которулат. Рекультивация фондусунун каражаттарын башка максаттарга пайдаланууга тыюу салынат.
4. Жер казынасын геологиялык изилдөөдө бузулган жерлерди рекультивациялоо техникалык долбоорго ылайык жүргүзүлөт.
47-берене. Жер казынасын пайдалануудагы салыктар жана төлөмдөр
1. Жер казынасын пайдалануучуларга карата аракеттеги салык тартиби Кыргыз Республикасынын салык мыйзамы, ошондой эле концессиялык келишимдер жана продукцияны бөлүү жөнүндө макулдашуулар жөнүндөгү мыйзамдары менен белгиленет.
2. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиялык төлөмдөрдүн ставкалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат жана бекитилет жана "Лицензиялык төлөмдөрдү эсептөө жана төлөө тартиби жөнүндө жобо" менен жөндөлөт.
7-бөлүм
Талаштарды чечүү жана жер казынасын пайдалануу боюнча мыйзам бузуу үчүн жоопкерчилик
48-берене. Жер казынасын пайдалануу укугунун маселелери боюнча талаштарды чечүү тартиби
Жер казынасын пайдалануу маселелери боюнча талаштар Кыргыз Республикасынын мыйзамы белгилеген тартипте чечилет.
49-берене. Жер казынасы жөнүндө мыйзамды бузуу үчүн жоопкерчилик
1. Ушул Мыйзамды бузуу менен түзүлгөн бүтүмдөр, ошондой эле башка аракеттер, жараксыз деп саналат.
2. Көрсөтүлгөн аракетти жасаган күнөөлүү, ошондой эле жер казынасы жөнүндө мыйзамды бузган башка аракеттер жасаган жактар, Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жоопкерчиликте болушат.
3. Жер казынасы жөнүндө мыйзамды бузуу болуп, анын ичинде төмөнкүлөр дагы, саналат:
1) жер казынасын пайдалануу менен байланышкан иштерди иштегендердин жана калктын коопсуздугу үчүн коркунуч туудурган, жер казынасын жана айлана чөйрөнү булгаган ыкмалар менен иштөө;
2) пайдалуу казындылар жайгашкан аянттарга өз эркинче курулуштарды куруу;
3) жер казынасын өз эркинче пайдалануу;
4) пайдалуу казындылардын кендерин тандап иштетүү;
5) жер казынасы жөнүндөгү маалыматка менчик укукту бузуу;
6) жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга анык эмес маалыматты берүү;
7) жер астындагы суулардын режимдик байкоо көзөнөктөрүн, маркшейдердик жана геодезиялык белгилерди жок кылуу же бузуу;
8) пайдалуу казындылардын кендерин иштетүүдө, жер астындагы сууларды алууда, пайдалуу казындыларды иштетүү менен байланышпаган жер астындагы курулуштарды курууда жана эксплуатациялоодо жер бөлүктөрүн рекультивациялоого каражаттарды топтоо боюнча талаптарды аткарбоо;
9) тоо кен мүлкүн жоюу же консервациялоо боюнча талаптарды аткарбоо.
4. Пайдалуу казындылар жайгашкан аянттарда өз эркинче курулуштарды куруу сот чечиминин негизинде токтотулат.
5. Жер казынасын өз эркинче пайдаланууну жүргүзгөн жактардын чыгымдары кайтарылып берилбейт.
6. Жер казынасын өз эркинче пайдалануудан алынган киреше мамлекеттин пайдасына алынат.
50-берене. Чыгымдарды кайтаруу
1. Жер казынасын пайдалануучуга же мамлекетке чыгымдарды кайтаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамы белгилеген учурларда жана тартипте жүргүзүлөт.
2. Жер казынасын пайдалануучунун чыгымдарын кайтарууга укуктун пайда болушунун негизи болуп юридикалык жана жеке жактардын, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өзүнчө башкаруу органдарынын аракеттери саналат, эгерде алардын аракетинин (аракетсиздигинин) негизинде жер казынасынын жаратылыш касиеттеринин төмөндөшү болуп жана жер казынасын пайдаланууну толук эмес же толук бойдон токтотууга шарт түзүлгөн болсо.
3. Жер казынасын пайдалануучунун мамлекетке кайтаруучу чыгымдарынын өлчөмү жер казынасын пайдалануучунун күнөөсү боюнча экономикалык маанисин жоготкон корлордун санына жана баалуулугуна ылайык аныкталат.
8-бөлүм
Корутунду жана өтмө жоболор
51-берене. Өтмө жоболор
1. Ушул Мыйзам күчүнө киргенче жер казынасын пайдалануу укугуна берилген лицензиялар ушул Мыйзам күчүнө кирген учурдан баштап алты ай аралыгында ушул Мыйзамда белгиленген жер казынасын пайдалануу укугун лицензияларына, эгерде лицензиялык макулдашуунун талаптары аткарылса же аткарылып жатса, алмаштырылат.
2. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин берилген лицензиялар боюнча лицензиялык макулдашуулардын шарттары аткарылбаган учурларда лицензия жокко чыгарылат.
3. Лицензиялык төлөмдөрдүн төлөө мөөнөтүн эсептөө, анын ичинде ушул Мыйзам күчүнө киргенче берилген жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларга карата, лицензиялардын биринчи жолу берилген датасынан баштап жүргүзүлөт.
4. Лицензиялык төлөмдөр ушул Мыйзам күчүнө кирген учурдан баштап Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен "Лицензиялык төлөмдөрдү эсептөө жана төлөө тартиби жөнүндө жобого" ылайык алынат.
52-берене. Эл аралык келишимдер
Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимде ушул Мыйзамда камтылгандан башка эрежелер аныкталса, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.
53-берене. Ушул Мыйзамды колдонуунун тартиби жөнүндө
1. Ушул Мыйзам расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн учурдан тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө:
- мыйзамдарды ушул Мыйзамга ылайыкташтырууга келтирүү боюнча сунуштарын Жогорку Кеңешке киргизсин;
- өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайыкташтырсын.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 2-июлундагы № 42 "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 21-июлундагы № 82 " Кыргыз Республикасынын "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 4-февралындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 29-декабрындагы № 234 "Кыргыз Республикасынын "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
Долбоор
1-бөлүм
Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын жөндөө нерсеси
Ушул Мыйзам концессиялык келишимдерди даярдоо, түзүү, аткаруу жана токтотуу менен байланышкан учурларда пайда болгон катнаштарды жөндөйт, концессиялык келишимдин жактарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын кепилдигин аныктайт.
2-берене. Кыргыз Республикасынын концессиялар жөнүндө мыйзамы
1. Кыргыз Республикасынын концессиялар жөнүндө мыйзамы ушул Мыйзам жана башка нормативдик укуктук актылардан турат.
2. Кыргыз Республикасынын концессиялар жөнүндө тармактык Мыйзамдары экономикалык ишкердиктеги айрым тармактарда концессиялык келишимдерди даярдоонун, түзүүнүн, аткарылышынын жана токтотулушунун өзгөчөлүктөрүн белгилейт.
3. Эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде ушул Мыйзамда көрсөтүлгөндөн башка эрежелер белгиленсе эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.
3-берене. Кыргыз Республикасынын концессиялар жөнүндө мыйзамынын максаттары жана принциптери
1. Кыргыз Республикасынын концессиялар жөнүндө мыйзамынын максаттары болуп Кыргыз Республикасынын экономикасына инвестицияларды тартуу жана мамлекеттик же муниципалдык менчиктеги мүлктү натыйжалуу пайдалануу саналат.
2. Концессиялык келишимдерди даярдоодо, түзүүдө, аткарууда жана токтотууда түзүлгөн катнаштарды жөндөө төмөнкү принциптерге негизделет:
1) концедент жана концессионердин аракетинин ачыктыгы жана тазалыгы;
2) концедент жана концессионердин кызыкчылыктарынын жана тобокелдигинин тең салмактуулугу;
3) концессионердин товарларын, иштерин жана тейлөөсүн пайдалануучулардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо;
4) айлана чөйрөнү сактоо, жаратылыш ресурстарын, калктын ден соолугун жана салт, үрп-адатын коргоо;
5) концессиянын укугун жеке менчик катарында коргоо;
6) концессиялык келишимдин техникалык долбоорго же инвестициялык планга ылайык убактылуулугу же концессияны убактысыз пайдалануусу;
7) концессиялык келишимде көрсөтүлгөн аракет түрлөрүнө лицензия алуунун кажети жоктугу;
8) концессия берүүнүн акы төлөнүүсү;
9) концессиялык аракетке кийгилишпөө;
10) түзүлгөн концессиялык келишимдин негизинде концессиялык объект үчүн жер бөлүктөрүн берүү;
11) концессионердин тейлөө жана өндүрүлгөн товардык продукцияга сөзсүз менчик жана өз эркинче буйруу укугу;
12) концессиялык келишимдин бардык аракет мөөнөтүнө концессионер үчүн өзгөчө салык тартибин берүүнүн мүмкүнчүлүгү;
13) талаш учурунда түзүлгөн концессиялык жоболордун аракетинин артыкчылыгы;
14) айлана чөйрөнү сактоону, жаратылыш ресурстарын, жер казынасын, эмгекти, калктын ден соолугун жана салт, үрп-адатын коргоону жөндөөчү нормалардан башка, концессионер үчүн анын концессиялык аракетине тийиштүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын өзгөрүүлүсүздүгү;
15) концессионердин Кыргыз Республикасынын мыйзамы белгилеген жер казынасын пайдалануунун башка түрүнө өз эрки менен өтүү укугу;
16) концессиялык келишимде жөндөлбөгөн маселелерде концессионердин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоодо;
17) мамлекеттик башкаруу органдарынын жана концессионердин өз ара жоопкерчилиги;
18) концессионер өндүргөн товарларды жана тейлөөнү сатып алууга Кыргыз Республикасынын артыкчылык укугу;
19) концессиялык объектте Кыргыз Республикасынын жарандарынын иштөөгө артыкчылык укугу.
4-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу терминдер
Концедент - Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү чыга алышат же алар ыйгарым укук берген мамлекеттик органдар же жергиликтүү бийлик органдарынын атынан чыккан (өзүнүн компетенциясынын чегинде) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.
Концессионер - концессиялык келишимге ылайык концессиялык объектке укук алган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамы белгилеген тартипте ишкердик аракет жүргүзүү үчүн катталган Кыргыз Республикасынын же чет өлкө мыйзамы боюнча түзүлгөн юридикалык жана жеке жак.
Концессиялык келишим - кайра куруу жана (же) модернизациялоо максатында концессиянын объектин ээлик кылууга жана пайдаланууга концедент тарабынан концессионерге; концессиялык объектти пайдалануу менен белгиленген аймакта аракеттин белгиленген түрүн кийинчиреек ишке ашырууга өзгөчө же өзгөчө эмес укук берилген келишим; ал эми концессионер көрсөтүлгөн объектти өзүнүн эсебинен кайра курууга жана (же) модернизациялоого жана (же) түзүүгө, ошондой эле ушул Мыйзамга ылайык белгиленген шарттарда көрсөтүлгөн аракеттерди жүргүзүүгө милдеттендирилет.
Концессия - Кыргыз Республикасынын мүлкү, жер катмары, жер казынасы жана башка жаратылыш ресурстары болгон мамлекеттик же муниципалдык менчикке ээликтөө жана пайдалануу, ошондой эле концедент тарабынан концессионерге концессия объектине инвестициялоо шарттарында берилүүчү кээ бир тейлөө түрүн көрсөтүү укугу.
Концессиялык төлөм - концессиялык объектти пайдалануу үчүн бюджетке төлөнүүчү концессиялык келишимде белгиленген салыктар жана төлөмдөр;
Концессионердин кредитору - концессиялык келишимди аткаруу максатында милдеттенме алган концессионердин кредитору.
Концессиянын объекти - жаралган мамлекеттик же муниципалдык мүлк, ошондой эле, концессиялык келишимди аткарууда концессионер тарабынан түзүлүүчү мүлктү кошуп, кээ бир тейлөө түрүн көрсөтүүгө укук.
Мамлекет акциялардын үчтөн экиден кем эмес акцияга ээлик кылган акционердик коомдун мүлкү, Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык акционердик коомдордун мүлктү, тейлөөнү же тейлөө көрсөтүү укугун концессияга берүүгө чечим чыгарган шарттарда, концессиялык келишимдин объекти болушу мүмкүн.
Концессиялык объекттин менчик ээси - концендент же концессиялык объектке карата менчик укуктуу башка жак.
2-бөлүм
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана өзүн өзү башкаруу органдарынын компетенциялары
5-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясы
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) мамлекеттик саясатты жана концессиялар жөнүндө мыйзамды өркүндөтүүнү ишке ашырууну камсыздайт;
2) мамлекеттик мүлккө карата Кыргыз Республикасынын атынан концессиялык келишимдерди түзөт;
3) мамлекеттик мүлккө карата концессиялык келишимдерди түзүү боюнча конкурстарды өткөрөт;
4) мамлекеттик мүлккө карата концессиялык келишимдерди түзүү боюнча түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт;
5) мамлекеттик мүлккө карата түзүлгөн концессиялык келишимдердин тизмесин түзүү эрежесин бекитет;
6) мамлекеттик мүлккө карата концессиялык келишимдерди түзүү боюнча сунуштарды берүү, кароо жана тандоо эрежесин бекитет;
7) концессия объекти катарында болушу мүмкүн мамлекеттик мүлктүн тизмесин бекитет;
8) Кыргыз Республикасынын аракеттеги салык мыйзамынан өзгөчөлөнгөн салык тартиби белгиленген концессиялык келишимдерди бекитет;
9) ушул Мыйзамга ылайык башка ыйгарым укуктуу болот.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган учурлардан башкада Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарымдуулугун ал ыйгарым укук берген мамлекеттик орган ишке ашырат.
6-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана өзүн өзү башкаруу органдарынын компетенциялары
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана өзүн өзү башкаруу органдары:
1) муниципалдык мүлккө карата концессиялык келишимдерди түзүшөт;
2) муниципалдык мүлккө карата концессиялык келишим түзүү боюнча конкурстарды жана түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт;
3) муниципалдык мүлккө карата түзүлгөн концессиялык келишимдерди тизмелешет;
4) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана өзүн өзү башкаруу органдарынын демилгеси боюнча концессиялык объект катарында болушу мүмкүн муниципалдык мүлктүн тизмесин бекитишет;
5) ушул Мыйзамга ылайык башка ыйгарым укуктуу болот.
3-бөлүм
Концессиялык укук катнаштар
7-берене. Концессиялык келишимди түзүүнүн ыкмалары
Концессиялык келишим конкурстун же түз сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча түзүлөт.
Конкурстун жеңүүчүсү менен концессиялык келишимди түзүү мөөнөтү конкурстун жыйынтыгы чыккан күндөн баштап отуз календардык күндөн ашык болбос керек.
8-берене. Концессияга берүүгө мүмкүн болгон объекттердин тизмесин түзүү
1. Концессияга берүүгө болжолдогон мамлекеттик же муниципалдык мүлктүн же тейлөө көрсөтүү укугунун тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана өзүн өзү башкаруу органдарынын расмий сайтында жарыяланышы керек.
2. Тизме үч бөлүктөн турат:
1) мамлекеттик же муниципалдык тиричиликтеги объекттер;
2) курулушу жана эксплуатациясы концессияга берилүүчү объекттердин тизмеси;
3) кээ бир тейлөө көрсөтүүгө укук.
3. Объекттердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, мамлекеттик орган же жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өзүн өзү башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өзүн өзү башкаруу органдарынын, уюмдардын жана жеке жактардын сунуштарынын жана ошол объекттерди концессияга берүүнүн натыйжалуулугун баалоонун негизинде түзүлөт.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, мамлекеттик орган же жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өзүн өзү башкаруу органдары концессияга берилүүчү объекттердин натыйжалуулугун баалоо үчүн берилген сунуштарды талдоо үчүн көз карандысыз эксперттерди тартууга мүмкүнчүлүк бар.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өзүн өзү башкаруу органдары концессияга берилүүчү объекттердин тизмесине киргизилген мүлктү инвентаризациялоону уюштурушат, ошондой эле концессиялык объект иштеши үчүн керектүү жер бөлүгүнүн аянтын аныкташат жана керектүү башка даярдоо аракеттерин жасашат.
6. Эгерде концессия объекти үчүн жер бөлүгү концессиялык объекттин иштеши үчүн пайдаланууга мүмкүн эмес жер категориясында болгон учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аны ылайыктуу категорияга өткөзүүнү жүргүзөт.
9-берене. Конкурстук документацня
1. Конкурстук документация төмөнкүлөрдү камтыш керек:
1) концессиялык келишимдин шарттарынын долбоору;
2) потенциалдуу концессионер тарабынан берилүүчү документтердин тизмеси;
3) потенциалдуу концессионерге карата квалификациялык талаптар;
4) техникалык спецификацияны, пландарды, сызмаларды жана эскиздерди, керек учурларда нормативдик-техникалык документацияны кошуп концессия объектин баяндамасы, ошондой эле көрсөтүлгөн концессия объектисин пайдалануу менен аракеттин мүнөздөмөсүнүн баяндамасы;
5) ренталуу төлөмдүн, интеллектуалдуу ноу-хау менчик объектин пайдалануу үчүн төлөмдүн, өндүрүш технологиясынын, карыздардын, айлана чөйрөнү булгоо үчүн төлөмдүн суммасын, ал эми концессиянын объектине акционердик коомдун мүлкү берилгенде, ошондой эле ишкердик аракетин жүргүзүүдөн баш тартуу үчүн төлөмдү кошуп, концессиялык объекттин баалоосу;
6) конкурстун критерийлеринин негизинде аныкталуучу жеңүүчүнү сүрөттөө, анын ичинде ар бир критерийдин салыштырма маанилүүлүгү, табыштаманы баалоонун ыкмаларын жана эрежелерин сүрөттөө.
7) концессиялык долбоордун баасы көрсөтүлө турган валюта же валюталар, ал эми керек болгондо - концессиялык долбоордун баасын бир валютага келтирүү үчүн аларды салыштыруу жана баалоо максатында пайдалануучу валютанын курсу;
8) концессиялык келишимди түзүү боюнча милдеттенмени аткарууну камсыздоого берилүүчү алдын ала төлөмдүн өлчөмү, аны берүүнүн тартиби жана мөөнөтү, алдын ала төлөм берилүүчү эсептин реквизиттери;
9) конкурстук табыштаманы берүүнүн ыкмасы, орду, мөөнөтү жана мазмуну;
10) конкурска катышууга табыштаманы жана конкурстук сунушту өзгөртүүнүн жана (же) кайтарып алуунун тартиби;
11) потенциапдуу концессионерлердин конкурстук документациянын мазмуну боюнча суроолорду жана түшүндүрмөлөрдү алуунун ыкмалары;
12) конкурстук табыштамалуу конверттерди ачуунун процедуралары, орду, датасы жана убактысы;
13) концесиялык келишим боюнча концессионердин милдеттенмелерин аткарууну камсыздоочу ыкмаларга көрсөтмө берүү;
14) конкурстун жеңүүчүсүн аныктоонун тартиби;
15) концессиялык келишимге кол коюунун мөөнөтү.
2. Конкурсту өткөрүү үчүн концедент тарабынан министрликтердин жана ведомстволордун, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү кире ала турган конкурстук комиссия түзүлөт.
3. Конкурстук комиссия концессия объектин баалоону жүргүзүүнү баалоо боюнча ишенимдүү репутациялуу жана тейлөө ишинде 5 жылдан кем эмес тажрыйбалуу көз карандысыз уюмга тапшырат. Андан башка, конкурстук комиссия концессиялык төлөмдөр боюнча негизги ставкаларды белгилейт жана концессиялык келишимдин мөөнөттүүлүгүн же мөөнөтсүздүгүн жана башка шарттарын аныктайт. Конкурс өткөрүүдө конкурсанттын өзү концессиялык келишимдин шарттарын бере алат.
4. Конкурстук комиссия конкурстук документацияны концеденттин расмий сайтында жарыялайт. Концеденттин сайтында жарыяланбаган конкурстук документацияны берүүнү конкурстук табыштаманы тапшыруунун мөөнөтү бүткөнгө чейин камсыздайт. Конкурстун потенциалдык катышуучуларына конкурстук документтердин пакетин берүү үчүн аларды даярдоо чыгымынын көлөмүндөгү акы алынышы мүмкүн жана конкурстун чечимине карабастан акы кайтарылбайт.
5. Потенциалдык концессионер конкурстук табыштамаларды берүү мөөнөтү бүткөнчө отуз күндөн кем эмес убакытта конкурстук документациялардын жоболоруна түшүндүрмө жөнүндө суроо менен кайрылууга укуктуу. Уюштуруучу суроо катталган учурдан үч күн аралыгында ага электрондук почта менен жооп берүүгө жана суроо жиберген жакты көрсөтбөстөн концеденттин сайтында жооп берилген күнү ушул түшүндүрмөнү жарыялоого милдеттүү.
6. Конкурстук документацияга өзгөртүү киргизилген убакта конкурстук табыштамаларды берүү мөөнөтү потенциалдык концессионерлер тарабынан ушул өзгөртүүлөрдү табыштамаларында эске алуу үчүн отуз календардык күндөн кем эмес күнгө узартылат. Конкурстук шарттардын өзгөрүүсү жөнүндө кабарлоо жана өзгөртүлгөн документтер уюштуруучу тарабынан концеденттин сайтында өзгөртүү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынгандан бир күндөн кем эмес мөөнөттө жарыяланат.
10-берене. Конкурсту өткөрүү
1. Конкурсту өткөрүү жөнүндө маалымат жана конкурстук документацияны алуу шарттары концеденттин сайтында табыштама берүү мөөнөтү бүткөнгө чейин үч айдан кем эмес убакытта жарыяланат.
2. Табыштамачы конкурска катышууга табыштамасын конкурстук комиссияга берүү мөөнөтү бүткөнгө чейин каалаган убакта өзгөртүүгө же конкурска катышууга берген өзүнүн табыштамасын кайрып алууга укуктуу.
3. Конкурстук комиссия потенциалдык концессионерлер берген бардык табыштамаларды карайт.
4. Конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо конкурстун критерийлеринин ар бири боюнча балл берүү жолу менен жүргүзүлөт. Ар бир критерий боюнча баллдын максималдуу саны, критерийлердин саны жана ар бир критерий боюнча табыштаманы баалоо методикалары концедент тарабынан бекитилет. Жеңүүчү болуп баллдын максималдуу санын алган жак, башкача айтканда эң жакшы шартты берүүчү, эсептелет.
5. Өзгөчө татаал техникалык объекттерге, өзгөчө коркунучтуу техникалык объекттерге же өзгөчө маанилүү объекттерге карата табыштамаларды кароо концеденттин чечими боюнча эки этапта жүргүзүлөт. Биринчи этапта конкурстук комиссия табыштамалардын техникалык жана уюштуруучулук чечимдерин концедент тарабынан белгиленген критерий боюнча баалайт. Экинчи этапта көрсөтүлгөн критерий боюнча белгиленген балл алган табыштамалар катышат. Экинчи этапта конкурстук комиссия концедент белгилеген критерийлер боюнча табыштамалардын каржылык чечимин баалайт.
6. Конкурстук комиссиянын табыштамачыны конкурстун жеңүүчүсү жөнүндө таануусу протокол менен бүтүмдөлөт. Протокол концеденттин сайтында конкурстук комиссиянын чечими алынган күндөн бир күндөн кем эмес мөөнөттө жарыяланат.
7. Конкурстун жеңүүчүсү менен концессиялык келишимди түзүү мөөнөтү конкурстун жыйынтыгы чыккан күндөн отуз күндөн ашык эмес болуш керек. Эгерде конкурстун жеңүүчүсү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы же башка себептер боюнча концессиялык келишимге кол коюудан баш тартканда сүйлөшүүлөр конкурстун жыйынтыгы боюнча экинчи орунду алган табыштамачы менен жүргүзүлөт.
8. Эгерде табыштама берүү үчүн белгиленген мөөнөттө табыштама берилбесе конкурс өткөрүлбөй калды деп эсептелинет. Концедент конкурсту кайра өткөрүү жөнүндө же ушул мүлктү мүлктүн тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
9. Табыштамачылар берген алдын ала төлөмдөр конкурсту утпагандарга он күндүк мөөнөттө кайтарылып берилет.
11-берене. Түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү
1. Табыштама берүү үчүн белгиленген мөөнөттө бир гана табыштама берилген учурда конкурс өткөрүлбөй калды деп эсептелинет жана табыштама берген жак менен концеденттин ортосунда түз сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.
2. Мүлктүн тизмесине киргизилбеген мүлккө карата потенциалдуу концессионерден сунуш жасалса түз сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.
3. Концессиялык келишимди түзүү мөөнөтү концедент менен сунуш киргизген жактын макулдашуусу боюнча жүргүзүлөт.
12-берене. Концессиянын объекттери
1. Концессиянын объекттери болуп төмөнкүлөр саналышы мүмкүн:
1) автомобиль жолдору жана транспорттук инфраструктуранын инженердик курулуштары, анын ичинде көпүрөлөр, жол өткөргүчтөр, тоннелдер, автотранспорттук өткөрүү пункттар, автотранспорттун ээлеринен акы алуу пункттары;
2) темир жол транспортунун объекттери;
3) өткөөлчү трубалардын объекттери;
4) аэродромдор жана аба кемелеринин учуу, конуу, бурулуу жана токтоо үчүн багышталган тамдар жана (же) курулуштар, ошондой эле жарандык аба кемелеринин учушун уюштуруу үчүн түзүлүүчү жана багышталган авиациялык инфраструктура жана аба кыймылын, навигацияны, кондурууну жана байланышты тейлөөчү каражаттар;
5) аэропорттордун өндүрүштүк жана инженердик инфраструктурасынын объекттери;
6) гидротехникалык курулуштар;
7) электр жана жылуулук энергияларын өндүрүү, берүү жана бөлүштүрүү боюнча курулуштарды куруу жана эксплуатациялоо;
8) өнөр жайлык жана социалдык объекттерди куруу жана эксплуатациялоо;
9) муниципалдык инфраструктуранын жана коммуналдык чарбанын башка объекттеринин системасы, анын ичинде суу-, жылуулук-, газ-, энергия менен камсыздоо, суу алып чыгаруу, кир сууну тазалоо, тиричилик калдыктарын кайра иштетүү жана жоюу, шаардык жана поселкалык аймактарды ыңгайлаштыруу жана жарыкташтыруу жана социалдык-тиричилик обекттери;
10) жалпы пайдалануудагы транспорт;
11) саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият, спорт жана эс алуу, анын ичинде санатордук-курорттук дарылоо үчүн багытталган объекттер;
12) айыл чарбага багытталган жер бөлүктөрү;
13) жер казынасы жана башка жаратылыш ресурстары жана аларды кайра иштетүү объекттери;
14) мамлекеттик жана муниципалдык менчикте болгон башка мүлктөр жана тейлөөнүн кээ бир түрлөрүнө укук.
2. Эгерде концессиялык келишимдин объекти жана башка мамлекеттик же муниципалдык менчикте болбогон мүлк, бирдиктүү технологиялык процессти камсыздоо жана концессиялык келишимде көрсөтүлгөндөй аларды жалпы максат боюнча пайдалануу үчүн багытталган учурда, концедент мамлекеттик же муниципалдык менчикте болбогон мүлк ээси менен көрсөтүлгөн мүлктү концессияга берүү шарттарын жана тартибин аныктаган граждандык укуктук келишим (үчүнчү жактын пайдасындагы келишим) түзүүгө укуктуу, бирок көрсөтүлгөн келишим боюнча пайда болгон укуктарды жана милдеттерди концессиялык келишим боюнча пайда болгон катнаштарга карата милдеттүүлүгүн көрсөтөт.
13-берене. Концессиядагы менчик укук
1. Концессияга берилген кыймылсыз мүлктүн объекттери, бөлүнгөн жана бөлүнбөгөн жакшыртууларды кошуп, мамлекеттик менчик болуп саналат жана концессиянын аракети бүткөндөн кийин, эгерде концессиялык келишимде башка көрсөтүлбөсө, мамлекетке кайтарылат. Концессиянын объекттери, концедент тарабынан концессионерге объектти берген учурда болгон же макулдугу боюнча пайда болгондогу үчүнчү жактын укуктарынан башка, концедентке үчүнчү жактын укугунан эркин берилет.
2. Концессиянын объекти болгон кыймылсыз мүлктү бөлүү, жоюу, өзгөртүү жана күрөөгө коюу, эгерде концессиялык келишимде түз көрсөтүлсө, же концессиялык келишимдин негизинен чыкса, же концеденттин алдын ала макулдугу болсо, мүмкүн.
3. Кыймылсыз мүлктүн объекттери, ошондой эле концессиялык келишимдин аракетинин чегинде концессионер тарабынан түзүлгөн же сатып алынган кыймылсыз мүлк, эгерде концессиялык келишимде башкача белгиленбесе, анын менчиги болуп саналат.
4. Концедентке менчик укугунда таандык жана концессиянын объекти менен пайдалануу үчүн белгиленген кыймылдуу мүлк, концессионерге ээлик кылууга, пайдаланууга жана буйрууга концессиялык келишим менен берилиши мүмкүн. Ушундай учурларда концессиялык келишимде концессионердин концессия токтогондо концедентке тең баалуу мүлк берүү же белгиленген ыкма менен нарк төлөө жөнүндө милдеттенмеси көрсөтүлөт, эгерде ал концессионердин концессиялык объектин кайра куруу же модернизациялоо боюнча милдеттенмелерине каршы болбосо. Калган бардык учурларда келишимде белгиленген аракетин жүргүзүүдөгү концессионер тарабынан түзүлгөн жана же сатып алынган кыймылдуу мүлк концессионердин менчиги болуп саналат.
5. Концессиялык объектти пайдалануунун натыйжасында алынган жемиш, продукциялар жана башка кирешелер концессионердин менчиги болуп саналат.
6. Концессиялык объектти пайдаланып концессиялык келишимде белгиленбеген аракет түрүн жүргүзүүгө, эгерде ал концессиялык келишимди аткарууга таасирин тийгизбесе, аракеттеги салык кодекси боюнча жана Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык салык тартибин аныктоо менен мүмкүн.
7. Концессиялык келишимди аткаруунун жүрүшүндө концессиялык объектти пайдалануу менен түзүлгөн интеллектуалдык менчик объектилерине өзгөчө укук концессиялык келишимге ылайык концедентке жана (же) концессионерге таандык. Эгерде концессиялык келишим өзгөчө укук ээсин аныктабаса концессиялык келишимдин жактары интеллектуалдык менчик объектине өзгөчө укукта тең үлүштүү болушат.
8. Концессионерге концессиялык объект үчүнчү жактын укугунан эркиндикте берилет. Концессиялык объектке үчүнчү жактын укугу бар болгон учурда, же анын бөлүгү үчүнчү жакка тиешелүү болсо, же аны пайдалануу үчүнчү жактын концессия объектине кирбеген мүлккө болгон укугун, токтотбой иштөөгө болбосо, үчүнчү жактын укугун токтотуу, сервитутту киргизүү же үчүнчү жак менен башка катнаштарды жөндөө, жер бөлүгүн, ошондой мүлктү сатып алуудагы концессионердин чыгымын кошуп, концеденттин эсебинен жүргүзүлөт жана концессиялык келишимде белгиленген түрдө кайтарылат.
9. Киреше алуу укугу, концессиялык келишим боюнча төлөөлөрдү алуу укугу, ошондой эле концессионерге менчик укугу боюнча таандык же мүлккө карата буйруу укугу бар мүлк, концессиялык келишим боюнча экинчи жактын макулдугусуз эле күрөөгө коюула алат.
10. Концессия объектине карата концессионердин милдеттенмелери боюнча анын укугун жана концессиялык келишимге ылайык концедентке берилүүчү башка мүлктү төлөтүп алууга жол берилбейт.
11. Концессионер концессия объектинин кокустан кыйрашынын же кокустан бузулушунун тобокелинде болот. Концессиялык келишим менен коицессионерге концессия объектисинин кокустан кыйроосунун жана кокустан бузулушунун тобокелин өзүнүн эсебинен камсыздоо милдети жүктөлүшү мүмкүн.
12. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өзүн өзү башкаруу органдары концессия объектин жана концессиялык келишимде белгиленген аракетти жүргүзүүдө пайдалануучу башка мүлктү өзгөчө кырдаал жана согуш абалы жана антитеррористик аракети жөнүндө мыйзамдар белгилеген тартипте компенсация менен же ансыз пайдаланууга укуктуу.
14-берене. Концессиялык келишимдин мазмуну жана шарттары
1. Концессиялык келишим сөзсүз түрдө төмөнкү жоболорду камтыш керек:
1) келишимдин жактары;
2) концессионерге берүүдөгү жана концедентке кайтарып берүүдөгү концессия объектин, техникалык мүнөздөмөлөрүн кошуп, аныкталышы;
3) концессиялык долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү;
4) концессиялык төлөмдөрдүн суммасы жана төлөө мөөнөтү;
5) концессиялык келишимдин өзгөрүү шарттары;
6) концессиялык объектердин жоюулуу жана консервациялоо тартиби;
7) жаратылыш ресурстарын, айлана чөйрөнү коргоо, өнөр жайлык коопсуздукту сактоо жана эмгекти коргоо боюнча талаптар;
8) концессиялык келишимдин жоопкерчилик жактары;
9) концессиялык келишимдин объектисин түзүү жана (же) модернизациялоо жана (же) кайра куруу боюнча концессионердин милдеттенмеси жана ушул берилген милдеттенмени аткаруунун тартиби;
10) Кыргыз Республикасынын жарандарын жумушка алынуусунун санынын пайыздык белгиленүүсү;
11) концессиялык объекти пайдалануу менен ишкердиктин түрүн жүргүзүү боюнча концессионердин милдеттенмеси;
12) концессия аяктаганда концессиянын объектин концедентке берүүгө концессионердин милдеттенмеси;
13) товардын, жумуштун жана тейлөөнүн сапатына талаптар жана ниетсиз конкуренцияга жол бербөө көрсөтүлгөнүн кошуп, аракеттин түрүн жана аны ишке ашырууну аныктоо;
14) келишимдин аткарылышына концедент тарабынан текшерүү жүргүзүүнүн тартиби;
15) концессиялык келишимдин мөөнөтсүз токтотулушу учурундагы жактардын чыгымдарын толтуруунун талаптары;
16) талашты чечүүнүн орду жана органы.
2. Концессиялык келишим өзүнө төмөнкү шарттарды камтый алат:
1) концессиялык келишим боюнча түзүү, кайра куруу жана модернизациялоо баскычында, аракеттенүү баскычында, концессия аяктоо алдындагы баскычта (концессиялык келишим аяктагандан кийин андан ары пайдалануу үчүн концессиянын объектин кармап турууну камсыздоо үчүн) концессиялык келишим боюнча концессионердин милдеттенмесин аткарууну камсыздоону берүү ыкмасы жана тартиби;
2) концессиялык келишим боюнча милдеттенмелерди бузуу үчүн жоопкерчиликти же үчүнчү жактын алдындагы жоопкерчиликти камсыздоо тобокелинин коркунучун алдын алуу;
3) концессиялык келишим боюнча жактардын милдеттенмелерди бузуу үчүн төлөөнүн көлөмү;
4) жактар керектүү деп эсептеген башка шарттар.
3. Концесиялык келишимдин жактарынын мамилелеринде, ушул Мыйзамдын же концессиялык келишимдин маанисинен башкалар болбосо, жарандык мыйзамдын милдеттенмелер жана келишимдер жөнүндө эрежелеринин ылайыктуу бөлүктөрү, колдонулат.
4. Жактар концессиялык келишимдин айрым бөлүктөрүнө ушул Мыйзам белгилеген эрежелер үчүн зыянсыз эл аралык (соода) укукту колдонууну макулдаша алат.
15-берене. Концессиялык келишимдин мөөнөтү
Концессиялык келишим мөөнөтсүз же долбоордо белгиленген мөөнөткө түзүлөт. Кийинчерээк ушул мөөнөт узартылышы мүмкүн.
16-берене. Концессиялык төлөм жана аны аныктоонун тартиби
1. Концессиялык келишимде белгиленген концессия объектин пайдалануу мезгилинде (мезгилдеринде) аракетти ишке ашырууда концедентке концессионер төлөөчү концессиялык төлөм концесиялык келишим менен аныкталат.
2. Концессиялык төлөм төмөнкү түрдө же түрлөрдүн айкалышында белгиленет:
1) ылайыктуу деңгээлдеги бюджетке мезгили менен же бир жолу төлөнүүчү төлөмдөрдүн аныкталган суммасында;
2) концессиялык келишимде белгиленген аракетти жүргүзүүнүн натыйжасында алынган продукциянын же кирешенин белгиленген үлүшүндө;
3) ушул Мыйзамга ылайык берилүүчү мүлктөн башка концессионердин менчигинде болгон мүлктү концедентке берүүсү;
4) продукцияны сатууда, ишти аткарууда же тейлөө көрсөтүүдө белгиленген пайдалануучулардын топторуна кемитүү же башка жеңилдиктерди берүүсү;
5) концессиялык объектке концессионердин кошумча инвестицияларды жүргүзүүсү;
6) концессионердин чыгымына алып келүүчү башка аракеттерди жүргүзүүсү же концеденттин кызыкчылыгына пайда алуудан баш тартышы.
7) концессиялык төлөмдүн өлчөмү жана аны төлөөнүн тартиби концессиялык келишимде аныкталат.
17-берене. Концессиялык төлөм
1. Концессиялык төлөм, төмөнкүлөрдү кошуп, келишимдин негизинде аныкталат;
1) ренталуу төлөм катарында концеденттин сүйлөшүлгөн менчик үлүшү;
2) концессиялык долбоордогу өзүнүн инвестициясынын эсебинен концессиялык объекттеги концеденттин менчик үлүшү;
3) интеллектуалдуу менчик, ноу-хау, технология, өндүрүш багытынын, жана башка объекттерди концессионердин пайдалануусуна берүү үчүн төлөмдөр;
4) концессиялык келишимде белгиленген салык жана бажы төлөмдөрү;
5) эгерде айлана чөйрөнү булгоо болсо алар үчүн төлөмдөр;
6) концессия объектине карата мамлекеттин алдындагы болгон карыздар;
7) концессиялык объектти баалоону жүргүзүү боюнча чыгымдар.
2. Концессияга берилүүчү объект акционердик коомдун менчиги болгон учурда концессиялык төлөмгө төмөнкү төлөмдөр киргизилиши керек:
1) концесияга берилген мүлк боюнча рента төлөмү;
2) коомго тиешелүү интеллектуалдуу менчик, ноу-хау объекттерин берүү үчүн төлөм;
3) концессионерге берилген мүлк комплекси боюнча ишкердик аракеттен баш тартуу үчүн төлөм.
18-берене. Концессиялык төлөмдү төлөөнүн шарттары жана тартиби
1. Концессиялык төлөм концессиялык келишимде белгиленген тартипте жана мөөнөттө төлөнөт.
2. Концессиялык төлөмдү төлөө үчүн ыйгарым укуктуу орган тарабынан атайын эсеп ачылышы керек.
3. Эгерде концессиянын объекти акционердик коомдун менчиги болсо ушул Мыйзамдын 17-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн төлөмдөр концессия объектисинин менчик ээси болгон акционердик коомго төлөнүшү керек.
4. Эгерде концессионердик келишимде белгиленген болсо концессиялык төлөм чыгарылган мүлк же тейлөө көрсөтүү менен концеденттин менчигине берүү эсебинен төлөнсө болот. Ушундай учурда концессиялык төлөмдү аныктоо жана төлөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын "Продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуу жөнүндө" Мыйзамына ылайыктуу жүргүзүлөт.
5. Концессиялык төлөм бир жолу же белгиленген мөөнөтүнөн мурда төлөнгөн учурда аны дисконттоо пайызы белгилениши мүмкүн.
19-берене. Концессияга салык салуу
1. Эгерде концессиялык келишимде башка белгиленбесе концессионер салык жана бажы төлөмдөрүн Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жүргүзөт.
2. Концессиялык келишим менен Кыргыз Республикасындагы аракеттеги кээ бир салыктын жана бажы төлөмүнүн ордуна кирешеден пайыз катарындагы бирдиктүү салык белгилениши мүмкүн.
3. Концессиялык келишимдин аракет мөөнөтүндө концессионер үчүн концессиялык келишимге кол коюулган датасында аракеттенген салык жана бажы тартиби сакталат.
4. Салыктар жана бажы төлөмдөрү жана пошлиналар төмөндөгөн учурларда концессионер төмөндөгөн салыктарга жана бажы төлөмдөрүнө жана пошлиналарына өтүүгө укуктуу.
5. Концессионер концессиялык келишимде көрсөтүлгөндөн башка аракет жүргүзгөндө ошол аракетке салык салуу салыктар жана чогултуулар жөнүндөгү аракеттеги мыйзамга ылайыктуу жүргүзүлөт.
20-берене. Концессионердин укуктары
1. Концессионер концессиялык келишимди өзүнүн күчү жана (же) башка жактарды тартуу менен аткарууга укуктуу.
2. Концессионер концеденттин макулдугу менен концессиялык келишим боюнча өзүнүн укуктарын үчүнчү жакка, ошондой эле күрөөгө берүүгө укуктуу.
3. Эгерде концессионер концессиялык келишимге ылайык көрсөтүлгөн интеллектуалдык менчик объекттерине жалгыз өзгөчө укук ээси болбосо концессиялык келишимди аткарууда түзүлгөн интеллектуалдык менчик объектилерин акысыз негизде пайдаланууга укуктуу.
4. Концессионер ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамында көрсөтүлгөн, ошондой эле концессиялык келишимден чыккан, башка укуктарга ээ болот.
21-берене. Концессионердин милдеттери
1. Концессионер төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) концессия объектин пайдалануу менен концессиялык келишимде көрсөтүлгөн ишкердикти жүргүзүүгө жана, ошол ишкердикти концессиялык келишимде белгиленген тартипте гана болбосо, токтотбоого (токтотуп турууга);
2) эгерде концессиялык келишимде башка белгиленбесе концессиялык объектти оң абалда кармап турууга, өз эсебинен капиталдык жана учурдагы оңдоо жүргүзүүгө, ошол объектти кармап турууга чыгымдарды алууга;
3) Кыргыз Республикасынын өнөр жайлык, экологиялык коопсуздугу жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу боюнча стандарттарга жана эрежелерге ылайык иш жүргүзүүгө;
4) аракет жүргүзүүдө эмгек, пайдалануучунун укугун жана ден соолугун коргоо, өнөр жайлык коопсуздук, айлана чөйрөнү жана жер казынасын коргоо боюнча мыйзам талаптарын сактоого;
5) концессиялык келишимде белгиленген товар өндүрүү жана тейлөө көрсөтүү деңгээлине жетиш үчүн жетишерлик көлөмдө концессиялык объекти инвестициялоого;
6) концессиялык объекттин профилин сактоого;
7) ушул Мыйзамда жана концессиялык келишимде белгиленген башка милдеттерди аткарууга.
22-берене. Концессиялык келишимди аткарууну контролдоо жүргүзүү
боюнча концеденттин укуктары
1. Концедент концессионердин экономикалык жана чарбалык аракетине киришүүгө укуксуз.
2. Концессиялык келишимди аткарууга контроль концессиялык келишимде жана Кыргыз Республикасынын "Айлана чөйрөнү коргоо жөнүндө", "Жер казынасын коргоо жөнүндө", "Эмгекти коргоо жөнүндө", "Өнөр жайлык коопсуздук жөнүндө" мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
3. Концеденттин өкүлдөрү концессиялык келишим менен конфиденциалдык мүнөздөгү жана концессионердин коммерциялык сыры болгон маалыматты ачыкка чыгарууга укуксуз.
23-берене. Концессиялык келишимдин өзгөрүшү
1. Концессиялык келишим анын жактарынын өз ара макулдашуусу боюнча өзгөртүлүшү мүмкүн.
2. Конкурстук документацияда аныкталган концессиялык келишимдин шарттары концессиялык келишим түзүлгөндөн кийин 2 жыл бою жактардын макулдашуусу менен өзгөртүлүшү мүмкүн эмес.
3. Концессиялык келишим концессиялык бир жактын талабы боюнча же соттун чечими менен, же третейлик талдоо катарында жактардын макулдашуусу менен, эгерде концессиялык келишимде башкача болбосо, өзгөртүлүшү же жокко чыгарылышы мүмкүн.
4. Концессиялык келишимдин шарттарын бир жактуу өзгөртүүгө жол берилбейт.
5. Кыргыз Республикасынын мыйзамынын өзгөртүлүшүнүн натыйжасында концессиялык келишимдин шарттарын өзгөртүүгө жол берилбейт.
24-берене. Концессиялык ишкердикти токтото туруу
Концессия боюнча ишкердик өнөр жайлык, экологиялык коопсуздук жана жаратылыш ресурстарын коргоо боюнча нормалар бузулган учурда аларды жоюуга чейин мамлекеттик органдар тарабынан үч айлык мөөнөткө чейин токтотула турушу мүмкүн.
25-берене. Концессиялык келишимдин токтотулушу
1. Концессиялык келишим төмөнкү учурда токтотулат:
1) концессиялык келишимдин аракет мөөнөтүнүн аяктоосу боюнча;
2) жактардын макулдашуусу боюнча;
3) соттун чечиминин негизинде концессиялык келишимди мөөнөтүнөн мурда жокко чыгаруу же, эгерде ошол концессиялык келишимде белгиленсе, же третейлик соттун (арбитраж) чечиминин негизинде өзүнчө макулдашуу болгон учурларда;
4) концессияны үчүнчү жактарга же күрөөгө берүү жөнүндө концедентке кабарлабаган учурда;
5) концессионердин концессиялык келишимден өз эрки менен баш тартканда.
2. Концессиялык келишим концессиялык келишимде белгиленген учурларда сот тарабынан жокко чыгарылышы мүмкүн. Жактар концессиялык келишимде концессиялык келишимди олуттуу бузуу деп таанылган шарттардын толук же үлгүлүү тизмесин белгилөөгө укуктуу.
3. Катары менен үчтөн көп белгиленген мөөнөттө концессионердин концессиялык төлөмдөрдү төлөбөгөн учурда концессиялык келишим концедент тарабынан, компенсацияланбастан жана чыгымдарды кайтарбастан, бир жактуу түрдө токтотулушу мүмкүн. Ушундай учурда көрсөтүлгөн негиз боюнча келишимди токтотуу үчүн концедент концессионерге концессиялык төлөмдөрдү төлөбөгөнү жөнүндө кабарлоого милдеттүү жана түзүлгөн карызды жоюу үчүн ага 30 календардык күндөн кем эмес жана 180 күндөн ашык эмес убакыт берет. Түзүлгөн карыз кабарлаган мөөнөт бүткөндөн кийин жоюулбаган учурда концедент концессия жөнүндө келишимди бир жактуу түрдө, келишимди токтотуу жөнүндө концессионерге кабарды тапшырып, токтотот.
4. Концессиялык келишим концессияны үчүнчү жактарга же күрөөгө концеденттин макулдугусуз берген учурда токтотулушу мүмкүн.
5. Концессиялык келишимдеги өзгөртүүлөр, ошондой эле концессиялык келишимди мөөнөтүнөн мурда жоюу жөнүндө маалымат концессиялык келишимге өзгөртүү киргизүүдөн, жактардын макулдашуусу, соттун же третейлик соттун чечими боюнча концессиялык келишимди жоюу күчүнө киргенден үч күндөн кем эмес убакытта концеденттин расмий сайтында жарыяланат.
26-берене. Концессиялык келишимдин жактарынын жоопкерчилиги
1. Концесиялык келишимдин жактары концессиялык келишим боюнча өзүлөрүнүн милдеттенмелерин аткарбагандыгы же толук аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликте болушат.
2. Концедент концессионердин алдында кызматчылардын, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана өзүн өзү башкаруу органдарынын мыйзамсыз аракеттери (аракетсиздиги) үчүн жоопкерчиликте болот.
3. Концессиялык келишим боюнча милдеттенмелерди аткарбаган же толук эмес аткарган учурундагы концессионердин чыгымды кайтаруусу жана туруксуздугу үчүн төлөмдү төлөөсү концессионерди ошол милдеттенмелерди аткаруудан бошотбойт.
4. Концессия объектин концедентке бергенден кийин концессионер концессиялык келишимде белгиленген мөөнөттө же, мөөнөт белгиленбесе, концедентке ошол объектти бергенден беш жыл убакытта, концеденттин алдында объекттин сапаты жана абалы үчүн жоопкерчиликте болот. Эгерде концессиялык келишимде белгиленген мөөнөт беш жылдан аз болсо жана курулган жана (же) модернизацияланган же кайра курулган концессия объектинин сапатына жана абалына болгон талаптардын бузулушу мөөнөт бүткөндөн кийин, бирок ошол объектти концедентке берген күндөн беш жыл аралыгында байкалса, ошол бузуулар объектти концедентке берген күнгө чейин же берүү күнүнө чейинки болгон себептер боюнча жол берилгендигин концедент далилдесе, концессионер концедент алдында жоопкерчиликте болот.
5. Концеденттин концессионерге чыгымын кайтарып берүүсү концессиялык келишимге концессионердин кызыкчылыгында өзгөртүү киргизүү боюнча макулдашуу менен, эгерде ал эмгек, пайдалануучулардын укугу жана ден соолугу, өнөр жайлык коопсуздук жана айлана чөйрөнү коргоо жөнүндө мыйзамдын талаптарын бузууга алып келүүчү учурлардан тышкары болсо, алмаштырса болот.
6. Туруштук бере албаган күчтүн аракет абалы концессиялык келишимдин жактарынын жоопкерчилигин, эгерде ушул Мыйзамга ылайык түзүлгөн талаштарды чечүү боюнча келишимде белгиленген орган башка чечим кабыл албаса, жок кылбайт.
4-бөлүм
Концессионердин укугуна жана мыйзамдуу
кызыкчылыгына кепилдиктер
27-берене. Чет өлкөлүк концессионерлердин укугун коргоо кепилдиктери
1. Кыргыз Республикасы менен концессиялык келишим түзгөн чет өлкөлүк инвесторлорго Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактарына колдонулган улуттук экономикалык аракет тартибин берет.
2. Концессия менен байланышкан ишкердикке карата Кыргыз Республикасында туруучу чет өлкөлүк инвесторлор, алардын өкүлдөрү жана чет өлкөлүк кызматкерлер, Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында, Кыргыз Республикасынын ылайыктуу мыйзамдарында белгиленген шарттарда жана тартипте жүрүүгө болбогон аймактардан башка, эркин жүрүүгө укуктуу.
3. Кыргыз Республикасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, кызматкерлердин жана өзүн өзү башкаруу органдарынын инвесторлордун экономикалык аракетине, укугуна жана мыйзамдуу кызыкчылыгына кийлигишүүсүнө тыюу салат.
4. Ушул берененин жоболорун сактабаган Кыргыз Республикасынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жоопкерчиликте болушат.
28-берене. Жөндөлүүчү баалар боюнча ишкердикти жүргүзүүдөгү концессионердин укугуна кепилдиктер
Концессиялык келишим боюнча концессионердин аракетинен алынган өндүрүлгөн товарларга жана тейлөөгө бааларды жана тарифтерди мамлекеттик жөндөө концессиялык келишимдин чегинде, эгерде анда башка белгиленбесе, концессионер тарабынан келишим боюнча өндүрүлгөн товарларга жана тейлөөгө жайылтылбайт.
29-берене. Концессионердин тең укуктуулугунун кепилдиктери
Концессионерлерге, анын ичинде концессионерлер - чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактарга, дискринимациялык мүнөздөгү чараларды колдонууну жок кылуучу жана концессионерге инвестицияларды жана концессиялык келишим белгилеген аракетин ишке ашыруунун натыйжасында алынган продукцияны жана кирешени эркин буйрууга тоскоолдук кылуучу тең укукту, аракеттин укуктуу тартибин кепилдирет.
30-берене. Мыйзам өзгөрүүдөгү концессионердин укугуна кепилдиктер
1. Эгерде концессиялык келишимдин аракет мөөнөтүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү же жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өзүн өзү башкаруу органдары тарабынан концессионердин абалын начарлатуучу нормативдик укуктук актыларынын нормалары кабыл алынса концессиялык келишимдин жактары, өз ара макулдашуу боюнча, концессиялык келишимге кол коюулган күндөгү концессионердин мүлктүк кызыкчылыгын камсыздоо максатында концессиялык келишимдин шарттарын өзгөртө алышат. Ушундай өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн тартиби концессиялык келишим менен аныкталат. Ушундай өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин Кыргыз Республикасынын мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өзүн өзү башкаруу органдарынын нормативдик укуктук актыларынын нормалары, Кыргыз Республикасынын "Согуш абалы жөнүндө", "Өзгөчө кырдаал абалы жөнүндө" Мыйзамдарынан башка, колдонулбайт.
2. Ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн концессиялык келишимдин шарттарынын өзгөрүүсү жөнүндөгү жобо эмгек, пайдалануучулардын укугу жана ден соолугу, өнөр жайлык коопсуздук, айлана чөйрөнү жана жаратылыш ресурстарын коргоо жөнүндөгү мыйзамдарга карата колдонулбайт.
31-берене. Инвестицияларды экспроприациядан коргоого жана инвесторлорго чыгымдарын кайтарууга кепилдиктер
1. Концессиялык келишимдин чегинде концессионер инвестициялаган өндүрүш, Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген дискриминациялабоо негизинде коомдун кызыкчылыгында мыйзам тартибин сактап жана зыянды өз убагында, туура жана реалдуу кайтарып берүү менен ушундай экспроприация жүргүзүлгөн учурлардан башка, экспроприацияланбайт (улутташтыруу, реквизиция жана башка теңдеш чаралар, анын ичинде инвестордун каражатын күч менен алууга же инвестициянын натыйжасын пайдалануу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратууга алып келген Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын аракети же аракетсиздиги).
2. Зыянды кайтаруу концессиялык долбоордун аракет мөөнөтүнүн толук убактысынын учурдагы таза наркынын суммасына барабар болушу керек.
3. Зыянды кайтаруу ишке ашырылуучу, жактардын макулдашылган мөөнөтүндө аткарылуучу болушу жана эркин конвертештирилүүчү валютада төлөнүшү керек.
4. Кыргыз Республикасындагы инвестицияларына согуштун же башка куралдуу конфликттин, өзгөчө кырдаалдын, граждандык кагылышуулардын же ушуга окшогон башка абалдарда зыян келтирилгенде, инвесторлорго Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактарына карата колдонулуучу юридикалык статус жана шарттар берилет.
32-берене. Инвестицияны, мүлктү жана маалыматты Кыргыз Республикасынын чегинен алып чыгуунун жана
репатриациялоонун кепилдиктери
1. Чет өлкөлүк инвестор болгон концессионерлер концессия объектин эксплуатациялоодон алынган кирешени, төмөнкүлөр менен чектелбегендерди кошуп, алып кетүүгө укуктуу:
а) концессия объектин эксплуатациялоодон алынган пайданы дивиденд, пайыз жана башка түшүүлөр түрүндө;
б) Кыргыз Республикасындагы инвестициялык ишкердикти толук же толук эмес токтоткондон кийин алынган каражатты же Кыргыз Республикасына же башка кредиторлорго карата милдеттенмелерди зыянсыз аткаруу боюнча инвестицияларды, менчикти жана мүлктү укуктуу бөлүп алууга.
2. Кыргыз Республикасынын аймагына мүлктү жана документте же электрондук алып жүрүүчүлөрдө жазылган маалыматты инвестиция катарында биринчи жолу алып кирген концессионер көрсөтүлгөн мүлктү жана маалыматты Кыргыз Республикасынын чегинен алып чыгууга (квотасыз, лицензиялоо жана ага карата тышкы соода ишкердигин тарифтүү эмес жөндөө) укуктуу.
33-берене. Талаштарды соттун чечиши
1. Концедент жана концессионердин талаштары Кыргыз Республикасынын сотторунда жана, эгерде ал концессиялык келишимде белгиленсе, туруктуу аракеттеги, анын ичинде чет өлкөдө жайгашкан, третейлик соттордо чечилет.
2. Третейлик сотту чакыруунун тартиби, ошондой эле третейлик чечилүүгө байланышкан башка маселелер концессиялык келишим же третейлик сүйлөшүү жөнүндөгү бөлөкчө макулдашуу менен белгиленет.
34-берене. Мамлекеттик кепилдиктер жана субсидиялар
1. Эгерде концессиялык келишим Кыргыз Республикасы үчүн маанилүү болсо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдү берүүгө укуктуу:
1) концессия объектин түзүүдө, кайра курууда жана модернизациялоодо - концессионердин милдеттенмелери боюнча мамлекеттик кепилдиктер;
2) концессиялык келишимде белгиленген ишкердикти жүргүзүү мезгилинде - бирок концессиялык келишимде белгиленген аракет жүргүзүү мөөнөтүнөн узак эмес концессионердин кредитор алдындагы милдеттенмелеринин мөөнөтүндө концесионер тарабынан төлөнүүчү төлөмдүн үлүш өлчөмүндө концессиялык келишимде белгиленген ишкердиктин минималдык кирешелүүлүгүнүн мамлекеттик кепилдиктери;
3) концессиянын товарларын жана продукцияларын кепилдүү сатып алууга мүмкүнчүлүк;
4) концессиялык келишимде белгиленген концессионердин аракетин колдоо максатында концессионерге же концессионердин товарларын, тейлөөсүн жана иштерин пайдалануучуларга субсидиялар.
2. Концессиялык жактардын макулдашуусу же талаштарды чечүү боюнча орган белгилеген тартипте концеденттин кызыкчылыгына концессиялык келишимдин өзгөрүшү мамлекеттик кепилдикти жана субсидияларды берүүгө алып келет.
35-берене. Ачыктыктын кепилдиктери
Конкурсту өткөрүү жана конкурстук документацияны алуунун шарттары жөнүндө, ошондой эле конкурстук документация, протоколдор, түшүндүрмөлөр, концессиялык келишимге киргизилген өзгөртүүлөр, жокко чыгаруу жөнүндө макулдашуу, соттун же третейлик соттун концессиялык келишимди жокко чыгаруу чечими жөнүндө маалымат концеденттин сайтынан концессиялык келишимдин аракети токтотулгандан кийин беш жыл аралыгында алынып ташталбайт жана жалпыга ачык болот.
5-бөлүм
Корутунду жоболор
36-берене. Ушул мыйзамды аракетке киргизүүнүн тартиби жөнүндө
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн бир айдан кийин күчүнө кирет.
37-берене. Кээ бир мыйзам актыларынын күчүнүн жоготушу жөнүндө таануу
Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
Кыргыз Республикасынын "Концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндө" 1992-жылдын 6-мартындагы № 850-XII Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын"Концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 8-мартындагы № 58 Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" 2004-жылдын 11-июнундагы № 73 Мыйзамынын 1-беренеси;
Кыргыз Республикасынын "Концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 9-декабрындагы № 188 Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин аракетке киргизүү жөнүндө" 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 Мыйзамынын 9-беренесинин үчүнчү пункту.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
Долбоор
Кыргыз Республикасынын "Тоо кен концессиясы жөнүндө" Мыйзамы (мындан ары - ушул Мыйзам) жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү концессиялык келишимдерди даярдоо, түзүү, аткаруу жана токтотуу менен байланышкан катнаштарды жөндөөгө багытталган.
1-глава
Жалпы жоболор
1-берене. Концессиялык аракетти мыйзамдуу жөндөө
1. Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү концессиялык келишимди түзүүнүн жана аткаруунун жалпы шарттары ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын "Концессия жөнүндө", "Жер казынасы жөнүндө", "Жер казынасын коргоо жөнүндө" Мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары, нормативдик укуктук актылары менен жөндөлөт.
2. Ушул Мыйзамдын жоболору башка мыйзамдарга жана нормативдик укуктук актыларга карама каршы болгон учурларда ушул Мыйзамдын жоболору колдонулат.
3. Ушул Мыйзам менен жөндөлбөгөн концессияга тийиштүү катнаштар Кыргыз Республикасынын "Концессия жөнүндө" Мыйзамынын нормалары колдонулат.
4. Эгерде эл аралык келишимдерде Кыргыз Республикасынын мыйзамындагыдан башка эрежелер кабыл алынган болсо эл аралык келишимдердин жоболору колдонулат.
2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулган түшүнүктөр
Концедент - Кыргыз Республикасы, анын атынан аракеттенген Кыргыз Республикасынын Өкмөтү же жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
Концессионер - юридикалык жана жеке, анын ичинде чет өлкөлүк мамлекеттердин, жактар;
Концессиялык талаш - концессиялык келишимди түзүү, аны аткаруу жана токтотуу маселелери боюнча концессионер менен концеденттин ортосундагы талаш;
Концессиялык төлөм - концессиянын объектин пайдалануу үчүн бюджетке төлөнүүчү төлөм;
Тоо кен концессиясы - Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү же жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (концедент) жана концессияны пайдалануучунун ортосундагы тоо кен концессиясынын объектин эксплуатациялоо келишиминин негизинде пайда болгон укук;
Тоо кен концессиясынын объекти - жер казынасынын жана жер бетинин пайдалуу казындыларынын кенин, көрүнүшүн, келечектүү геологиялык аянтты же пайдалуу казындыларды казып алуу менен байланышпаган объектти камтыган жана графикалык документацияда анын бурчтук чекиттери тик бурчтуу үч өлчөмдүү координаттар системасында аныкталган бөлүгү.
3-берене. Тоо кен концессиясынын объекттеринин түрлөрү
Тоо кен концессиясынын объекттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1. пайдалуу казындыларды издөө жана чалгындоо укугу;
2. пайдалуу казындылардын кендерин иштетүү укугу;
3. пайдалуу казындыларды иштетүүнүн техногендик калдыктарын кайра иштетүү укугу;
4. пайдалуу казындыларды казып алуу менен байланышпаган жер астындагы курулуштарды куруу жана эксплуатациялоо укугу.
4-берене. Тоо кен концессиянын аракет мөөнөтү
1. Тоо кен концессиясынын аракет мөөнөтү жактар тарабынан концессиялык келишимде аныкталат.
2. Пайдалуу казындылардын кендерин иштетүүгө карата тоо кен концессиясынын аракет мөөнөтү аларды толук казып алуу (жок болуу) учуруна чейин деп аныкталат.
3. Пайдалуу казындыларды издөөгө жана чалгындоого түзүлгөн тоо кен концессиясы жүргүзүлгөн изилдөө процессинде пайдалуу казындылардын кендери табылган учурда аны андан ары иштетүүгө да таралат. Мындай учурда пайдалуу казындылардын кенин иштетүүгө тийиштүү кээ бир шарттар тоо кен концессиясынын келишимине кошумча макулдашуу менен киргизилиши керек. Кошумча макулдашуунун жоболору негизги концессиялык келишимге салыштырма концессионердин абалын төмөндөтүүчү шарттарды катышы мүмкүн эмес. Эгерде кошумча макулдашуу концессионердин күнөөсү менен кенди иштетүүгө чейин түзүлбөсө концессионердин ишкердиги автоматтуу түрдө лицензиялык негизге, кенди иштетүүгө лицензия берүү менен, которулат.
5-берене. Тоо кен концессиясынын төлөмдүүлүгү
1. Тоо кен концессиясын берүү үчүн концессиялык төлөм алынат.
2. Концессиялык төлөмдүн составына төлөмдөрдүн төмөнкү түрлөрү кирет:
1) мүлктү пайдалануу үчүн ренталык төлөм катарында концеденттин маклдашылган менчик үлүшү;
2) концессиялык объекттеги өзүнүн инвестициялары үчүн концеденттин менчик үлүшү;
3) айлана чөйрөнү булгагандыгы үчүн төлөмдөр;
4) салыктар жана бажы төлөмдөрү;
5) концессиянын объектин баалоо жүргүзүүгө төлөм;
6) концессиянын объекти жөнүндө болгон геологиялык маалыматты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн төлөм;
7) Кыргыз Республикасынын "Концессиялар жөнүндө" Мыйзамына ылайык башка төлөмдөр.
3. Концессиялык төлөмдөрдүн өлчөмү жана аны төлөөнүн тартиби концессиялык келишимде аныкталат.
4. Концессиялык төлөм концессионер тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн же жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебине төлөнөт.
2-глава
Тоо кен концессиясын берүүнүн тартиби
6-берене. Концессияга берүү үчүн болжолдолгон объекттин тизмесин түзүү
1. Тоо кен концессиясына берүү үчүн сунушталган объекттердин тизмеси жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан даярдалат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө берилет.
2. Тоо кен концессиясына берүү үчүн сунушталган объекттер менен бир убакта жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ошол объекттер жайгашкан жер бөлүктөрү жөнүндө маалымат, аларды максаттуу дайындалгандан пайдалуу казындылардын мамлекеттик резерв жерлерине которуу керектиги жөнүндө, берилет.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен концессиялык объекттердин тизмеси жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан массалык маалымат каражаттарында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сайтында жарыяланат.
7-берене. Табыштама берүү
1. Тоо кен концессиясына келишим түзүүгө кызыкдар жак жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына табыштама берет.
2. Табыштама берүү тартибин жана табыштама менен бирге берилүүчү документтердин тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
8-берене. Тоо кен концессиясына укукту түз сүйлөшүүлөр менен берүү
1. Тоо кен концессиясына укукту түз сүйлөшүүлөр менен берүүнү жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кызыкдар жактардын табыштамасы боюнча түз сүйлөшүүлөр менен жүргүзөт. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тоо кен концессиясы жөнүндө келишим менен бүтүмдөлөт.
2. Пайдалуу казындылардын жалпы мамлекеттик маанидеги кендери түз сүйлөшүүлөр жолу менен концессияга берилбейт.
3. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын ээси жер казынасын пайдалануунун лицензиялык түрүнөн тоо кен концессиясы жөнүндө келишим түзүү түрүнө өтө алат. Мындай учурда лицензиянын ээси менен тоо кен концессия жөнүндө келишим түзүү түз сүйлөшүүлөр жолу менен жүргүзүлөт.
9-берене. Тоо кен концессиясына укукту конкурс өткөрүү жолу менен берүү
1. Пайдалуу казындылардын жалпы мамлекеттик маанидеги кендерине тоо кен концессиясынын укугун берүү үчүн, ошондой эле пайдалуу казындылардын жалпы мамлекеттик маанидеги кендери болбогон концессиялык объектке эки жана андан көп табыштама түшкөндө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү же жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган конкурс өткөрөт.
2. Конкурс Кыргыз Республикасынын "Концессиялар жөнүндө" Мыйзамы аныктаган тартипте өткөрүлөт.
10-берене. Ыйгарым укукту бөлүү
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен жалпы мамлекеттик маанидеги кендердин тизмесиндеги кендерге Кыргыз Республикасынын Өкмөтү конкурс уюштурат.
2. Калган башка концессиялык объекттерге карата сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү жана конкурстарды өткөрүүнү жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.
3-глава
Тоо кен концессиясы жөнүндө келишимдин жалпы жоболору
11-берене. Тоо кен концессиясы жөнүндө келишимдин шарттары
1. Тоо кен концессиясы жөнүндө келишимде сөзсүз түрдө төмөнкү жоболор болушу керек:
1) келишимдин жактары;
2) Тоо кен концессиясынын объекти;
3) тоо кен бөлүндүсүнүн аянты;
4) концессионерге убактылуу пайдаланууга бериле турган концессия объектиси жайгашкан жер бөлүгүнүн аянты;
5) жер казынасын пайдалануунун негизги параметрлери (корлор, чыгарып алуу, казып алуунун көлөмү жана башкалар);
6) концессионерге белгиленген салык жана бажы тартиби;
7) концессиялык төлөмдүн составы жана суммасы жана аны төлөөнүн мөөнөтү;
8) концессиялык объектти эксплуатациялоодо курула турган же реконструкциялана турган объекттерге карата менчик укук маселелерин жөндөө;
9) концессия объектин эксплуатациялоо убагында түзүлгөн калдык сакталуучу жайлар боюнча маселелердин жана бузулган жерлерди рекультивациялоонун тартиби;
10) концессиялык келишимдин жактарынын жоопкерчилиги;
11) тоо кен концессиясынын объектин убактылуу консервациялоодо концессиялык төлөмдөрдүн минималдык суммасы;
12) юрисдикция;
13) өнөр жайлык коопсуздук менен байланышкан талаптар;
14) концессиялык объектте жумушка тартылуучу Кыргыз Республикасынын жарандарынын минималдык саны (пайыз менен);
15) айлана чөйрөнү коргоо жана жалпысынан экологияны коргоо боюнча талаптар;
16) тоо кен концессия келишиминин аракет мөөнөтү.
2. Тоо кен концессиясы жөнүндө келишим жактар керек деген башка шарттарды да камтышы мүмкүн.
3. Тоо кен концессиясы жөнүндө келишим, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамы белгилеген салык тартиби концессионердин концессиялык аракетине карата башкача болсо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилиши керек жана ансыз жараксыз болот.
12-берене. Концессия жана Кыргыз Республикасынын мыйзамы
1. Концессионер тоо кен концессиясы жөнүндө концессиялык келишимди аткаруу чегинде тоо кен концессиясы жөнүндө концессиялык келишимде жөндөлбөгөн маселелерде Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарына баш иет.
2. Тоо кен концессиясы жөнүндө келишимди түзүү жер казынасын пайдаланууга лицензия алууну жокко чыгарат.
3. Тоо кен концессиясы жөнүндө келишимдин аракет мөөнөтүндө концессионер келишимди түзүү датасында болгон мыйзам чегинде аракеттенүүгө укуктуу же өзгөрүлгөн укуктук нормаларды колдонот.
4. Тоо кен концессиясы жөнүндө келишимди түзүү датасына карата концессионердин ишкердигине тиешелүү болбогон эч кандай жаңы нормаларды жана талаптарды зордоо менен концессионерге колдонууга, жер казынасын, айлана чөйрөнү, эмгекти коргоону жана өнөр жайлык коопсуздукту сактоону жөндөгөн нормалардан башка, жол берилбейт.
5. Концессионерге карата укук нормаларын колдонуу тартибин бузган күнөөлүү кызмат жактары Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жоопкерчиликте болушат.
13-берене. Концессиялык төлөм жана салыктар
1. Концессионер концессиялык төлөмгө кирген салык жана башка төлөмдөрдү төлөөдөн бошотулат.
2. Концессиялык төлөмгө кирбеген бардык салыктар жана башка төлөмдөр ушул Мыйзамда белгиленген тартипте төлөнөт.
14-берене. Тоо кен концессиясынын объектисине жер бөлүгүн берүү
1. Тоо кен концессиясынын объектисине жер бөлүгүн берүү тоо кен концессиясы жөнүндө келишимдин негизинде анда көрсөтүлгөн мөөнөткө берилет.
2. Тоо кен концессиясынын объекти жайгашкан жер бөлүгүнүн аянты тоо кен концессиясы жөнүндө келишимде аныкталат.
3. Тоо кен концессиясынын мөөнөтүн аныктоого мүмкүндүк болбогон учурда жер бөлүгү убактылуу пайдаланууга 49 жылдык мөөнөткө берилет, андан кийин анын мөөнөтү узартылат.
4. Тоо кен концессиясынын объектине пайдалуу казындылардын кендеринин резерв жерлеринен жер бөлүгүн берүү Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминин негизинде берилет.
5. Тоо кен концессиясынын объектине жер бөлүгүн берүү жөнүндө жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдын же башка органдардын кошумча актыларды чыгаруусу керек эмес.
6. Концессионерге пайдалуу казындылардын кендеринин резерв жерлерине тийиштүү эмес кошумча жер бөлүгүн берүү Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
15-берене. Тоо кен концессиясындагы менчик
1. Концессиянын объектин эксплуатациялоодо концессионер түзгөн бардык объекттер анын менчиги болуп саналат.
2. Тоо кен концессиясынын объектин берүүдө мамлекет тарабынан мамлекеттик же муниципалдык кээ бир объекттерди чогуу берген учурда алар жөнүндө маселе тоо кен концессиясы жөнүндө келишимде чечилиши керек.
3. Концессиялык келишимдин объекттерин эксплуатациялоодо концессионер алган продукциялар жана кирешелер анын менчиги болуп саналат.
4. Тоо кен концессиясы жөнүндө же өзүнчө келишимде белгиленген шарттарда жана бааларда Кыргыз Республикасы, эгерде тоо кен концессиясы жөнүндө келишимде ошондой укук аныкталса, продукцияны же анын үлүшүн сатып алууга артыкчылык укукта болот.
5. Концессионердин менчигинде концессиялык келишимдин объекттеринин катарына кирбеген Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамы белгилеген негизде же келишим боюнча алынган материалдык жана башка байлык болушу мүмкүн.
16-берене. Тоо кен концессиясы жөнүндө келишим боюнча укукту берүү
1. Концессионер өзүнүн каалоосу менен тоо кен концессиясы жөнүндө келишим боюнча укугун үчүнчү жактарга бере алат.
2. Тоо кен концессиясы жөнүндө келишим боюнча концессионердин укугу берилген жак тоо кен концессиясы жөнүндө келишимдин чегинде концессия объектисине карата укуктарын жана милдеттенмелерин алат.
3. Концессионер тоо кен концессиясы жөнүндө келишим боюнча өзүнүн укугун күрөөгө берүүгө, ошондой эле аларды башка ыкма менен концеденттин макулдугусуз буйрууга укуктуу.
4. Тоо кен концессиясы жөнүндө келишим боюнча жеке жак менен түзүлгөн укук мурас боюнча берилет.
5. Тоо кен концессиясы боюнча укук жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталууга тийиш жана ансыз жараксыз болот.
6. Укукту берүү каттоо күнүнө карата концессиялык төлөмдү төлөө боюнча карыз болбогондо гана мүмкүн.
7. Тоо кен концессиясы боюнча укукту берүүдө берүү учурундагы аракеттеги пайдалуу казындыларга бонустун ставкасындагы көлөмдө каттоо төлөмүн төлөшү керек.
8. Тоо кен концессиясы боюнча укукту берүүнү каттоо үчүн концессионер концедентке, укукту берүүгө негиз болгон документти, жаңы концессионердин укуктуулугун ырастаган документтерди, ошондой эле каттоо төлөмүн төлөгөндүгүн ырастаган документти кошуп, укуктун берилиши жөнүндө кабар берүүгө милдеттүү. Ушул пунктта белгиленбеген башка документтерди талап кылууга жол берилбейт.
9. Ушул берененин 8) пунктунда көрсөтүлгөн документтердин толук пакети түшкөн учурдан 30 календардык күн аралыгында жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган документтерди карап жана каттоо жүргүзүүгө милдеттүү.
17-берене. Тоо кен концессиясы жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү
1. Тоо кен концессиясы жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жактардын макулдугу боюнча киргизилет.
2. Тоо кен концессиясы жөнүндө келишимге бир жактуу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө жол берилбейт.
18-берене. Тоо кен концессиясы жөнүндө келишимдин токтотулушу
1. Тоо кен концессиясы жөнүндө келишимдин токтотулушу үчүн төмөнкүлөр негиз болот:
1) концессиялык келишим боюнча иштерден концессионердин өз эрки менен баш тартуусу;
2) концессия үчүн төлөмдөрдү катары менен эки мөөнөт төлөбөгөндө же төлөмдү толук эмес көлөмдө төлөгөндө;
3) укуктук мураскери аныкталбаган юридикалык жак - концессионердин жоюулушунда же мураскери аныкталбаган жеке жак - концессионердин өлүмүндө же мураскердин мурасты алуудан баш тартканында.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн тизме тоо кен концессиясы жөнүндө келишимдин аракетин токтотуу үчүн толук негиз болуп саналат.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2-пункту боюнча концессияны токтотуу концессиялык төлөмдөрдү төлөбөгөндүгү же толук эмес төлөгөндүгү жөнүндө концессионерге алдын ала кабарлагандан жана ага түзүлгөн карызды жоюу үчүн 30 календардык күндөн кем эмес мөөнөт берилгенден кийин жүргүзүлөт.
4. Түзүлгөн карыз кабарлоо алынгандан кийин жоюулбаган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү же жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тоо кен концессиясы жөнүндө келишимдин аракетин, концессионерге концессиялык келишимдин аракетинин токтотулушу жөнүндө кабар тапшырып, бир жактуу түрдө токтотот жана концессиялык төлөмдөрдү төлөө боюнча түзүлгөн карызды мажбурлоо жолу менен алат.
5. Тоо кен концессиясы жөнүндө келишим токтотулгандан кийин концессионерде өзү жараткан мүлккө менчик укук сакталат, аларды ал өзүнүн каалоосунда буйруй алат. Концессионер бир жылдык убакытта мүлктү буйруй албаса, ошол мүлк баалоо наркын төлөп берүү менен, жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын арыз доосу боюнча соттун чечими менен алынып коюулушу мүмкүн.
4-глава
Концессионерлердин укуктарынын мыйзамдуу кепилдиктери
19-берене. Концессионерлердин укуктарын коргоо кепилдиктери
1. Чет өлкөлүк болгон концессионерлерге "Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" мыйзамында көрсөтүлгөн бардык кепилдиктер таралат.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын концессионердин административдик-чарбалык ишкердигине, ошондой ишкердик калктын өмүрүнө, ден соолугуна же экологияга чыныгы коркунуч түзгөндө жана коркунучту жоюу үчүн концессионер керектүү чараларды көрүү боюнча талаптарды аткарбагандан башка учурларда, кийлигишүүгө тыюу салынат.
20-берене. Жумушчуларды жана кызматчыларды жалдоо шарттары
1. Тоо кен концессиясы жөнүндө келишимде концессия объектиндеги жумушчу күчүнүн составына, Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана чет өлкөлүк жарандардын пайыздуу салыштырмасында, талаптар белгилениши керек.
2. Тоо кен концессиясы жөнүндө келишим боюнча иштөө үчүн Кыргыз Республикасына келишкен чет өлкөлүк адистерге карата Кыргыз Республикасынын миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик комитетинен, ошондой эле бардык башка органдардан, атайын уруксаат алуу талап кылынбайт.
21-берене. Консервациялоого концессионердин укугу
1. Пайдалуу казындыларга дүйнөлүк баалар өзгөргөн учурларда жана жыйынтыгында аларды казып алуу пайдасыз болгондо (долбоор рентабелдүү болбой калат) концессионер долбоор боюнча бардык иштерди пайдалуу казындылардын баасы көтөрүлгөнгө чейинки мөөнөткө консервациялоого укуктуу.
2. Объектти консервациялоо убагында концессионер тоо кен концессиясы жөнүндө келишимде белгиленүүчү концессиялык төлөмдүн минималдык өлчөмүндөгү төлөмдү төлөөгө милдеттүү.
3. Объектти консервациялоо жөнүндө концессионер концедентке кабарлоого милдеттүү.
4. Пайдалуу казындылардын баасы кенди иштетүүгө түзүлгөн техникалык долбоордо белгиленген минималдык өлчөмгө жеткенде концессиялык төлөм толук көлөмдө төлөнөт.
22-берене. Чет өлкөлүк инвесторлордун инвестицияларды, мүлктү жана маалыматты Кыргыз Республикасынын чегинен алып чыгууга же репатриациялоого кепилдиктери
1. Концессионерлер тоо кен концессиясынын объектин эксплуатациялоодон алынган кирешени алып чыгууга, төмөнкүлөрдү кошуп, бирок аны менен чектелбестен, укуктуу:
1) тоо кен концессиясынын объектин эксплуатациялоодон алынган пайда дивиденд, пайыз жана башка түшүүлөр түрүндө;
2) Кыргыз Республикасында инвестициялык ишмердикти толук же толук эмес токтоткондон же Кыргыз Республикасына же башка кредиторлорго карата инвестордун милдеттенмелерин аткаруу боюнча зыянсыз инвестицияларды, менчикти жана мүлктүк укукту бөлүп алгандан кийин алынган каражаттар.
2. Кыргыз Республикасынын аймагына мүлктү жана документте же электрондук алып жүрүүчүлөрдө жазылган маалыматты инвестиция катарында биринчи жолу алып кирген концессионер көрсөтүлгөн мүлктү жана маалыматты Кыргыз Республикасынын чегинен алып чыгууга (квотасыз, лицензиялоо жана ага карата тышкы соода ишкердигин тарифтүү эмес жөндөө) укуктуу.
23-берене. Инвестицияларды экспроприациялоодон коргоо жана инвесторлорго зыянды кайтаруу
1. Тоо кен Концессиясы жөнүндө келишимдин чегинде концессионер инвестициялаган өндүрүш, Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген дискриминациялабоо негизинде коомдун кызыкчылыгында мыйзам тартибин сактап жана зыянды өз убагында, туура жана реалдуу кайтарып берүү менен ушундай экспроприация жүргүзүлгөн учурлардан башка, экспроприацияланбайт (улутташтыруу, реквизиция жана башка теңдеш чаралар, анын ичинде инвестордун каражатын күч менен алууга же инвестициянын натыйжасын пайдалануу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратууга алып келген Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын аракети же аракетсиздиги).
2. Зыянды кайтаруу концессиялык долбоордун аракет мөөнөтүнүн толук убактысынын учурдагы таза наркынын суммасына барабар болушу керек.
3. Зыянды кайтаруу ишке ашырылуучу, жактардын макулдашылган мөөнөтүндө аткарылуучу болушу жана эркин конвертештирилүүчү валютада төлөнүшү керек.
4. Кыргыз Республикасындагы инвестицияларына согуштун же башка куралдуу конфликттин, өзгөчө кырдаалдын, граждандык кагылышуулардын же ушуга окшогон башка абалдарда зыян келтирилгенде, инвесторлорго Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактарына карата колдонулуучу юридикалык статус жана шарттар берилет.
5-глава
Концессия менен байланышкан талаштарды чечүүнүн тартиби
24-берене. Концессиялык талаштарды чечүү
1. Концессиялык талаш концессионер жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын ортосундагы алдын ала макулдашылган жана тоо кен концессиясы жөнүндө келишимде же өзүнчө келишимде бекитилген бардык колдонулуучу процедураларга ылайык чечилет.
2. Ошондой макулдашуу жок болгон учурда концессионер - Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактарынын жана концеденттин ортосундагы концессиялык талаш Кыргыз Республикасынын Жарандык процессуалдык мыйзамы белгилеген тартипте Кыргыз Республикасынын сотторунда каралат.
3. Кыргыз Республикасы жана чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактар болгон концессионерлердин ортосундагы концессиялык талаш, талаштарды чечүү тартиби жөнүндө макулдашуу жок болгондо, төмөнкүчө чечилет:
1) Инвестициялык талаштарды чечүү боюнча Эл аралык борбордо мамлекеттердин жана башка мамлекеттердин жарандарынын ортосундагы инвестициялык талаштарды жөндөө боюнча Конвенциянын же борбордун Секретариатынын угууларды өткөрүү үчүн кошумча каражаттарды пайдаланууну жөндөөчү эрежелердин негизинде; же
2) Эл аралык соода укугу боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун Комиссиясынын арбитраждык эрежелерине ылайык түзүлгөн арбитражда же эл аралык убактылуу арбитраждык трибуналда (коммерциялык сот).
4. Эгерде инвестициялык талаш ушул берененин 3-пунктундагы 1) жана 2) пунктчаларында көрсөтүлгөн арбитражга берилсе Кыргыз Республикасы бардык ички административдик же сот процедураларын талашты эл аралык арбитражга берүүгө чейин колдонууну талап кылуу укугунан баш тартат.
25-берене. Башка талаштарды чечүү
1. Концессионердин ишкердиги менен байланышкан, бирок концессиялык талаш болбогон концессионер жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ортосундагы талаштар Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын сотторунда, анын ичинде третейлик соттордо (арбитражда) чечилишет.
2. Чет өлкөлүк концессионерлердин жана Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактарынын ортосундагы талаштар Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык чечилет, анын ичинде третейлик сотторго (арбитражга) берилиши мүмкүн.
6-глава
Корутунду жоболор
26-берене. Денонсациядан коргоо жана колдонуу
1. Кыргыз Республикасынын эч бир нормативдик акты ушул Мыйзам менен белгиленген концессионердин укуктук тартибин начарлата албайт жана арткы күчү жок.
2. Эгерде ушул Мыйзамдын кандайдыр бир жобосу өзгөрсө же алынып ташталса жана ошондой өзгөртүү же алынып ташталуу концессионердин абалын начарлатууга алып келсе ошол жобо концессионерге карата колдонулбайт же ага ошол начарлатуу менен байланышкан бардык жоготуулар кайтарылат.
27-берене. Күчүнө кирүү
Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
Долбоор
1-глава
Жалпы жоболор
1-берене. Кыргыз Республикасынын "Продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө Макулдашуу жөнүндө" Мыйзамынын жөндөө нерсеси
Кыргыз Республикасынын "Продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө Макулдашуу жөнүндө" Мыйзамы (мындан ары - ушул Мыйзам) концессиянын объектинде чыгарылган продукцияны бөлүштүрүүнү алдын алуучу концессиялык келишимдердин өзгөчө түрүн түзүү менен байланышкан катнаштарды жөндөйт.
2-берене. Кыргыз Республикасынын продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуу жөнүндө мыйзамы
1. Кыргыз Республикасынын продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуу жөнүндө мыйзамы ушул Мыйзамдан, Кыргыз Республикасынын "Концессиялар жөнүндө", "Тоо кен концессиясы жөнүндө" Мыйзамдарынан, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарынан жана нормативдик укуктук актыларынан турат.
2. Эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде ушул Мыйзамда көрсөтүлгөндөн башка эрежелер белгиленсе эл аралык эрежелер колдонулат.
3-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылган терминдер
Компенсациялык продукция - Макулдашуу боюнча концессионердин чыгымын кайтаруу үчүн берилүүчү продукция.
Макулдашуу объекти - Кыргыз Республикасынын "Концессиялар жөнүндө" Мыйзамында аныкталган объект.
Макулдашуунун жактары - Кыргыз Республикасынын "Концессиялар жөнүндө" Мыйзамында белгиленген концессиялык келишимдин жактары.
Пайдалуу продукция - концессионер жана концедент ортосундагы бөлүнө турган жана компенсациялык продукция алынгандан калган чыгарылган продукция.
Продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуу - концессияга берилген объектте чыгарылган продукцияны бөлүштүрүүгө негизделген концедент жана концессионердин катнашынын өзгөчө тартибин белгилеген концессиялык келишимдин түрү.
2-глава
Макулдашуу жөнүндө келишимди түзүүнүн тартиби
4-берене. Макулдашуу жөнүндө келишимди түзүүнүн ыкмалары
Продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө Макулдашуу Кыргыз Республикасынын концессиялык келишим үчүн белгиленген тартипте түзүлөт.
5-берене. Макулдашуу жөнүндө келишимдин мазмуну жана шарттары
1. Продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө келишим төмөнкү жоболорду камтышы керек:
1) макулдашуу жөнүндө келишимдин жактары;
2) инвесторго берүүдө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайтарып берүүдө макулдашуу объектин, техникалык мүнөздөмөсүн кошуп, аныктоо;
3) компенсациялык продукцияны кайтаруунун шарттары;
4) макулдашуунун жактарынын ортосунда пайдалуу продукцияны бөлүштүрүүнүн шарттары;
5) макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн шарттары;
6) макулдашуунун объекттерин жоюунун жана консервациялоонун тартиби;
7) айлана чөйрөнү, өнөр жайлык коопсуздукту, калкты жана жаратылыш ресурстарын коргоо боюнча талаптар;
8) келишимдин жактарынын жоопкерчилиги;
9) макулдашуунун объектин түзүү жана (же) модернизациялоо жана (же) кайра куруу жөнүндө концессионердин милдеттенмеси жана ошол милдеттенмелерди аткаруунун тартиби;
10) макулдашуунун объектин пайдалануу менен ишкердиктин түрүн жүргүзүү боюнча концессионердин милдеттенмеси;
11) макулдашуу боюнча келишим аяктагандан кийин макулдашуу объектин концессионердин концедентке берүү милдеттенмеси;
12) товардын, жумуштун жана тейлөөнүн сапатына талаптарды жана уятсыз атаандаштыкка жол бербөөнү кошуп ишкердиктин түрүн жана аны аткаруунун тартибин аныктоо;
13) мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги жер бөлүктөрүн концессионерге берүүнүн тартиби;
14) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдын макулдашуу жөнүндө келишимди аткарууну контроль жүргүзүүнүн тартиби;
15) Макулдашуу жөнүндө келишимди мөөнөтсүз токтотуу учурунда жактардын чыгымды кайтаруу тартиби;
16) Продукцияны бөлүштүрүү тартиби.
2. Продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө келишим өзүнө төмөнкү шарттарды камтышы мүмкүн:
1) макулдашуу жөнүндө келишим боюнча концессионердин түзүү, кайра куруу жана модернизациялоо, ишкердикти жүргүзүү жана макулдашуу жөнүндө келишимдин токтотулушунун алдындагы (макулдашуу жөнүндө келишим токтогондон кийин Макулдашуунун объекттерин андан ары пайдалануу үчүн жарактуу абалда кармап турууну камсыздоо үчүн) тепкичтеринде милдеттенмелерин аткарууну камсыздоонун ыкмалары жана тартиби;
2) макулдашуу боюнча милдеттенмелерди бузуу үчүн же үчүнчү жактын алдындагы жоопкерчилик тобокелин камсыздоону жүргүзүү;
3) макулдашуу боюнча милдеттенмелерди бузуу үчүн жактардын туруксуздук төлөмүнүн өлчөмү;
4) жактар керектүү деп эсептеген башка шарттар.
3. Макулдашуу жөнүндө келишимдин жактарынын катнаштарына, эгерде ушул мыйзамда же продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө Макулдашууда башка болбосо, макулдашуу жөнүндө келишимде элементтери милдеттенмелер жана келишимдер жөнүндө Жарандык мыйзамдын ылайыктуу бөлүктөрү колдонулат.
4. Жактар продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө Макулдашуунун кээ бир бөлүктөрүнө ушул Мыйзам белгилеген эрежелерди колдонуу үчүн зыянсыз эл аралык (соода) укукту колдонууну макулдаша алат.
6-берене. Продукцияны бөлүштүрүү
Концедент жана концессионер ортосунда макулдашууга ылайык бөлүнүүчү техникалык-экономикалык негизинде аныкталуучу товар түрүндөгү продукция макулдашууга ылайык төмөнкү шарттарда жана тартипте болушу керек:
- товардык продукциянын жалпы көлөмүн жана анын наркын аныктоо;
- чыгарылган продукциянын бөлүгүн, анын ичинде макулдашуу боюнча жумушту аткаруунун жана салык жана бажы төлөмдөрүн төлөөнүн чыгымдарын кайтаруу үчүн концессионердин (инвестор) менчигине бериле турган (мындан ары - компенсациялык продукция) чектүү деңгээлин, аныктоо. Компенсациялык продукциянын эсебинен концессионерге кайтарылуучу капиталдык жана эксплуатациялык чыгымдар Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайыктуу стандарттар жана нормалар боюнча техникалык-экономикалык эсептин негизинде макулдашууда аныкталат;
- жер казынасын пайдалануу жана компенсациялык продукция үчүн төлөмдөрдү төлөө үчүн пайдалануучу продукциянын бөлүгүн алып таштагандан кийин чыгарылган продукцияны түшүндүргөн пайдалуу продукцияны концедент жана концессионердин ортосундагы бөлүү;
- макулдашуунун шарттарына ылайык чыгарылган продукциянын ага тиешелүү бөлүгүн мамлекетке берүү;
- макулдашуунун шарттарына ылайык чыгарылган продукциянын ага тиешелүү бөлүгүн концессионердин алышы.
Концессионер жана концеденттин ортосундагы келишимди түзүү процессинде аныкталган компенсациялык продукциянын үлүшү, ошондой эле бөлүнүүчү пайдалуу продукциянын үлүшү макулдашууну ишке ашырууда өзгөрүлүшү мүмкүн эмес.
Концедент өзүнүн бөлүгүнүн төлөмүн ренталык төлөм, менчик бөлүк жана салык жана бажы төлөмдөр жана продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашууда наркы жана сапаты боюнча аныкталган концессионер чыгарган продукциянын төлөмү түрү катарында ала алат.
7-берене. Чыгарылган продукцияга концессионердин менчик укугу
1. Компенсациялык продукция, ошондой эле макулдашуунун шарттарына ылайык пайдалуу продукциянын бөлүгү болгон үлүшү концессионердин менчик укугунда болот.
2. Концессиялык ишкердиктен алынган продукттар, ошондой эле макулдашуунун шарттарына ылайык тейлөө көрсөтүүдөн алынган концессионердин менчигине түшкөн акча каражаттары Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан Кыргыз Республикасынын мыйзамы белгилеген же экспортту сандуу чектебеген ушул макулдашууда белгиленген шарттарда жана тартипте чыгарылып кетишүүсү мүмкүн.
8-берене. Мамлекеттин товардык продукцияга менчик укугу
1. Макулдашуунун шарттарына ылайык мамлекеттин үлүшү болгон пайдалуу продукциянын бөлүгү концедентке менчик укукта таандык.
2. Мамлекеттин менчигине караган пайдалуу продукциянын бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү же концедент белгилеген тартипте мамлекеттин керектигине пайдаланылышы мүмкүн.
9-берене. Макулдашуу боюнча менчик укук
1. Макулдашууда башка көрсөтүлбөсө макулдашуу боюнча берилген кыймылсыз мүлктүн объекттери, чыгарылган бөлүнүүчү жана бөлүнбөөчү жакшыртууларды кошуп, мамлекеттик менчик болуп саналат жана макулдашуунун аракети бүткөндөн кийин мамлекетке берилет. Макулдашуунун объекттери концедентке, макулдашуу объектин концеденттин концессионерге берген учурдагы же концеденттин талабы же макулдашуу менен болгон үчүнчү жактын укугунан башка, үчүнчү жактын укугунан эркин берилет.
2. Макулдашуу объекти болгон кыймылсыз мүлктүн бөлүнүшү, жок кылынышы, өзгөртүлүшү, эгерде ошол продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашууда түздөн түз каралган болсо же ошол макулдашуунун маанисинен чыкса, же ошол концеденттин алдын ала макулдугу менен чыгарылса, мүмкүн.
3. Кыймылсыз мүлктүн объекттери, ошондой эле макулдашуунун аракетинин чегинде концессионер тарабынан түзүлгөн же сатып алынган кыймылдуу мүлк, эгерде продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашууда башка белгиленбесе, анын менчиги болот.
4. Макулдашуу объекти менен пайдалануу үчүн белгиленген концедентке менчик укукта таандык кыймылдуу мүлк продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашууда концедент тарабынан концессионерге ээлик кылууга, пайдаланууга жана буйрууга берилиши мүмкүн. Ушундай учурда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашууда концессионердин макулдашуу токтогон учурда концедентке тең баалуу мүлктү берүүсү же эгерде ал концессионердин макулдашуу объектин кайра куруу жана модернизациялоо боюнча милдеттенмелерине каршы болбосо, продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашууда көрсөтүлгөн ыкма менен наркын кайтаруу көрсөтүлөт. Бардык башка учурларда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө келишимде көрсөтүлгөн аракетти жүргүзүүдө концессионер тарабынан түзүлгөн жана (же) сатып алынган кыймылдуу мүлк концессионердин менчиги болуп саналат.
5. Жемиштер, продукция жана макулдашуу объектин пайдалануунун жыйынтыгында алынган башка кирешелер концессионердин менчиги болуп саналат.
6. Продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашууда көрсөтүлбөгөн макулдашуу объектин пайдалануу менен ишкердик түрүн жүргүзүү, эгерде ал продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашууну аткарууга таасир этпесе, Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайыктуу жана аракеттеги салык кодекси боюнча салык түрүн белгилөө менен, мүмкүн.
7. Макулдашуу объектин пайдалануу менен продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашууну аткарууда түзүлгөн интеллектуалдык менчик объектине өзгөчө укук продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашууга ылайык концедентке жана (же) концессионерге таандык. Эгерде продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуу өзгөчө укук ээсин аныктабаса продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуунун жактары интеллектуалдык менчик объектинин өзгөчө укуктарына тең үлүштүү болушат.
8. Концессиянын объекти концессионерге үчүнчү жактын укугунан эркин берилет. Эгерде концессия объектинде үчүнчү жактын укугу болсо же анын бөлүгү үчүнчү жакка таандык болгондо же аны пайдалануу үчүнчү жактын, концессия объектине кирбеген мүлктүн, жер бөлүгүн кошуп, укугун токтотуусуз мүмкүн эместе концессионердин ошол мүлктү сатып алуудагы чыгымы, үчүнчү жактын укугун токтотуу, сервитуту орнотуу же үчүнчү жак менен башка катнаштарды жөндөө концеденттин эсебине кирет жана концессиялык келишимде көрсөтүлгөн түрдө кайтарылышы керек.
9. Киреше алуу укугу, продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуу боюнча төлөөлөрдү алуу укугу, ошондой эле концессионерге менчик укуктагы мүлк же ага карата ал буйруу укугундагы мүлк продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуунун башка жагынын макулдугусуз күрөө нерсеси боло алат.
10. Концессионердин милдеттенмеси боюнча анын укугуна карата продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашууга ылайык концедентке берилүүчү макулдашуу объектин жана башка мүлктү өндүрүп алууга жол берилбейт.
11. Концессионер келишимдин объектисинин кокустан кыйроонун же кокустан бузулуунун тобокелинде болушат. Продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуу менен концессионерге макулдашуу объектин кокустан кыйроо жана (же) кокустан бузулуу тобокелин өзүнүн эсебинен камсыздоо жүргүзүү милдети жүктөлүшү мүмкүн.
12. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өзүн өзү башкаруу органдары, өзгөчө кырдаал жана согуштук абал жана террорго каршы аракет жөнүндө мыйзамда белгиленген тартипте, компенсациялуу же ансыз продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашууда белгиленген ишкердикти жүргүзүүдө пайдаланылган макулдашуу объектин жана башка мүлктү пайдаланууга укуктуу.
10-берене. Продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашууну түзүүдөгү салык салуу
1. Эгерде продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашууда башка белгиленбегенде концессионер салык жана бажы төлөмүн Кыргыз Республикасынын салык жана бажы мыйзамына ылайык төлөйт.
2. Продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуу менен концессионерге Кыргыз Республикасынын аракеттеги кээ бир салыктарынын жана бажы төлөмдөрүнүн ордуна кирешеден пайыз катарындагы бирдиктүү салык (киреше салыктан башка) белгилениши мүмкүн.
3. Продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуунун аракет мөөнөтүндө концессионер үчүн продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуу датасына аракеттеги салык жана бажы тартиби сакталат.
4. Салык жана бажы төлөмдөрү жана пошлиналар төмөндөтүлгөн учурларда Концессионер төмөндөтүлгөн салык жана бажы төлөмдөрүнө жана пошлиналарга өтүүгө укуктуу.
5. Продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашууда концессионердин көрсөтүлгөндөн башка ишкердикти жүргүзүүсүндө ошондой ишкердиктин салык алынуусу Кыргыз Республикасынын аракеттеги салык жана чогултуулар жөнүндө мыйзамына ылайык жүргүзүлөт.
11-берене. Продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашууга контролдоо
жүргүзүү боюнча укуктар
1. Концессиялык объекте концессионердин экономикалык жана чарбалык ишкердигин жүргүзүү тартибине концеденттин кийлигишүүсү укуксуз.
2. Концессиялык келишимдин аткарылуусуна контроль концессиялык келишим жана Кыргыз Республикасынын "Айлана чөйрөнү коргоо жөнүндө", "Жер казынасы жөнүндө", "Эмгекти коргоо жөнүндө", "Өнөр жайлык коопсуздук жөнүндө" Мыйзамдары белгилеген тартипте жүргүзүлөт.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрү концессионердин коммерциялык сыры болгон жана макулдашуу жөнүндө келишимде конфиденциалдуу мүнөздөгү маалыматтарга киргизилген маалыматтарды ачыкка чыгарууга укуксуз.
12-берене. Продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуунун шарттарын өзгөртүү
1. Продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуу макулдашуунун жактарынын өз ара келишими боюнча өзгөртүлүшү мүмкүн.
2. Конкурстук документацияда белгиленген продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө келишимдин шарттарын продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуу түзүлгөндөн кийин 2 жыл аралыгында жактардын макулдашуусу менен өзгөртүүгө мүмкүн эмес.
3. Жактардын биринин талабы боюнча макулдашуу соттун чечими же третейлик соттун (арбитраж) чечими болгон учурда жактардын келишими боюнча өзгөртүлүшү мүмкүн.
4. Продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуунун шарттары бир жактуу өзгөртүлүшүнө жол берилбейт.
5. Кыргыз Республикасынын мыйзамынын өзгөрүлүшүндө продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуунун шарттарынын өзгөрүшүнө жол берилбейт.
13-берене. Макулдашуунун трансформациясы
1. Продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуу концессионердин арызы боюнча продукцияны бөлүштүрүү көрсөтүлбөгөн шарттуу концессиялык келишимге трансформацияланышы мүмкүн.
2. Продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуу трансформацияланган учурда жактардын ортосунда жаңы концессиялык келишим түзүлүшү керек.
3. Концессиялык келишимдин шарттарын продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуунун шарттарынан төмөндөтүүгө жол берилбейт.
14-берене. Макулдашуунун аракетин токтото туру
Өнөр жайлык, экологиялык коопсуздукту жана жаратылыш ресурстарын жана эмгекти коргоо боюнча нормалар бузулганда аларды жоюуга чейин продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуунун аракети үч айлык мөөнөткө токтото турууга мамлекеттик органдар укуктуу.
15-берене. Макулдашууну токтотуу
1. Продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуу төмөнкү учурда токтотулат:
1) макулдашуунун аракет мөөнөтү бүткөндө;
2) жактардын макулдашуусу боюнча;
3) соттун чечиминин негизинде макулдашууну мөөнөтүнөн мурда же третейлик соттун (арбитраж) чечиминин негизинде, эгерде ошондой продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашууда көрсөтүлсө, өзүнчө келишим менен жоюуда;
4) макулдашууну үчүнчү жактарга же күрөөгө берүү жөнүндө концедентке кабарлабаган учурда;
5) продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө келишимден концессионердин өз эрки менен баш тарткан учурда.
16-берене. Макулдашуунун жактарынын жоопкерчилиги
1. Макулдашуу жөнүндө келишимдин жактары келишим боюнча өздөрүнүн милдеттенмелерин аткарбагандыгы же натура аткаргандыгы үчүн жоопкерчиликте болушат.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү же ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган концессионердин алдында кызматчыларынын, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана өзүн өзү башкаруу органдарынын мыйзамсыз аракетине (аракетсиздигине) жоопкерчиликте болушат.
3. Макулдашуу объектин концедентке бергенден кийин концессионер концессиялык келишимде белгиленген мөөнөттө же, мөөнөт белгиленбесе, концедентке ошол объектти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бергенден беш жыл убакытта, концеденттин алдында объекттин сапаты жана абалы үчүн жоопкерчиликте болот. Эгерде Макулдашуу жөнүндө келишимде белгиленген мөөнөт беш жылдан аз болсо жана курулган жана (же) модернизацияланган же кайра курулган концессия объектинин сапатына жана абалына болгон талаптардын бузулушу мөөнөт бүткөндөн кийин, бирок ошол объектти концедентке берген күндөн беш жыл аралыгында байкалса, ошол бузуулар объектти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берген күнгө чейин же берүү күнүнө чейинки болгон себептер боюнча жол берилгендигин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү же ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган далилдесе, концессионер жоопкерчиликте болот.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын концессионерге чыгымын кайтарып берүүсү концессиялык келишимге концессионердин кызыкчылыгында өзгөртүү киргизүү боюнча макулдашуу менен, эгерде ал эмгек, пайдалануучулардын укугу жана ден соолугу, өнөр жайлык коопсуздук жана айлана чөйрөнү коргоо жөнүндө мыйзамдын талаптарын бузууга алып келүүчү учурлардан тышкары болсо, алмаштырса болот.
5. Туруштук бере албаган күчтүн аракет абалы макулдашуунун жактарынын жоопкерчилигин жок кылбайт.
3-глава
Концессионердин укугун коргоонун кепилдиктери
17-берене. Концессионердин укугун коргоонун кепилдиктери
Продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашууну түзгөн концессионерлерге Кыргыз Республикасынын "Концессиялар жөнүндө" Мыйзамы, ал эми чет өлкөлүк инвесторлорго ошондой эле Кыргыз Республикасынын "Чет өлкөлүк инвестициялар жөнүндө" Мыйзамы белгилеген укуктарын коргоонун кепилдиктери берилет.
18-берене. Талаштарды чечүү
Продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашууну түзүү, аткаруу жана токтотуу менен байланышкан концедент жана концессионер ортосунда пайда болуучу талаштар Кыргыз Республикасынын "Концессиялар жөнүндө" Мыйзамы белгилеген концессиялык келишим боюнча талаштарды чечүү үчүн аныкталган тартипте чечилет.
19-берене. Мыйзамдын стабилдүүлүгү
Эгерде макулдашуунун аракет мөөнөтүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамында макулдашуунун чегинде концессионердин коммерциялык аракетинин жыйынтыгын төмөндөтүүчү нормалар бекитилсе концессионер, ошол өзгөртүүлөр ишти коопсуз жүргүзүү, жер казынасын, айлана чөйрөнү жана калктын ден соолугун коргоо боюнча стандарттарга (норма, эреже) тийиштүү учурдан башка болсо, Кыргыз Республикасынын мыйзамына ошондой өзгөртүүлөр киргизгенге чейинки макулдашуунун шарттарын колдонууга укуктуу.
4-глава
Корутунду жоболор
20-берене. Ушул Мыйзамды аракетке киргизүү тартиби жөнүндө
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан күчүнө кирет.
21-берене. Аракеттеги Мыйзамдын күчүнүн жоготушу
Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 10-апрелиндеги № 49 "Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуу жөнүндө" Мыйзамы күчүн жоготту деп эсептелинет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
Долбоор
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ("Эркин Тоо" газетасы, 2008-ж., 22-окт., № 78-81) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 153-беренеде:
- 17) пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"17) Пайдалуу казындыларын иштетүү - жер казынасынан пайдалуу казындыларды алуу жана минералдык чийки затты кайра иштетүү боюнча иштер";
- 30) пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"30) Экономикалык (баланстык) корлор - Кыргыз Республикасынын пайдалуу казындылардын корлорунун мамлекеттик балансында ишетүү үчүн экономикалык жактан максатка ылайыктуу катары эсепке алынган пайдалуу казындылардын корлору";
- төмөнкүдөй мазмундагы 31-42-пункттар менен толукталсын:
"31) Алгачкы товардык продукт - казылып алынган пайдалуу казындылар же казылып алынган пайдалуу казындылардан алынган концентрат түрүндөгү товардык продукт же кенди иштетүүнүн техникалык долбоорунда аныкталгандай аралык продукт.
32) Акыркы товардык продукция - пайдалуу кендерди жогорку иштетүүнүн товардык продукциясын:
а) металл пайдалуу казындылар үчүн - металлдар жана алардын кошулмалары;
б) руда эмес чийки зат үчүн - жаратылыш ташынан жасалган каптооч плиткалар, акиташтан алынган цемент, чопо топурагынан жасалган карапа буюмдары, курулуш акиташы, курулуш гипси жана башкалар;
в) көмүртектер үчүн - бензин, керосин, дизель отуну, мазут;
г) көмүрлөр үчүн - металлургиялык кокс жана жарым кокс, активдештирилген көмүр.
33) Тоо кен иштери - кендин үстүн ачууну жана жер казынасынан пайдалуу казындыларды казып алууну камтыган иштердин комплекси.
34) Салыктардын дисконттоштурулган суммасы - ушул Кодексте белгиленген, концессионерлер же инвестор тарабынан төмөнкүлөр үчүн төлөнүүчү салыктар суммасы:
а) жер казынасынын объектин пайдалануунун толук мезгили үчүн; же
б) жер казынасынын объектин пайдалана башталган күндөн тартып катары менен 10 жылдан кем эмес мөөнөт үчүн, жер казынасынын объектин пайдалануу боюнча иштин башталышына карай дисконттоштуруунун 10 пайыз ставкасына келтирилген.
Салыктардын дисконттоштурулган суммасын аныктоо тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленет.
35) Концедент - Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү чыга алышат же алар ыйгарым укук берген мамлекеттик органдар же жергиликтүү бийлик органдарынын атынан чыккан (өзүнүн компетенциясынын чегинде) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.
36) Концессионер - концессиялык келишимге ылайык концессиялык объектке укук алган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамы белгилеген тартипте ишкердик аракет жүргүзүү үчүн катталган Кыргыз Республикасынын же чет өлкө мыйзамы боюнча түзүлгөн юридикалык жана жеке жак.
37) Концессиялык келишим - кайра куруу жана (же) модернизациялоо максатында концессиянын объектин ээлик кылууга жана пайдаланууга концедент тарабынан концессионерге; концессиялык объектти пайдалануу менен белгиленген аймакта аракеттин белгиленген түрүн кийинчирээк ишке ашырууга өзгөчө же өзгөчө эмес укук берилген келишим; ал эми концессионер көрсөтүлгөн объектти өзүнүн эсебинен кайра курууга жана (же) модернизациялоого жана (же) түзүүгө, ошондой эле ушул Мыйзамга ылайык белгиленген шарттарда көрсөтүлгөн аракеттерди жүргүзүүгө милдеттендирилет.
38) Концессионердин кредитору - концессионердин кредитору, концессиялык келишимди аткаруу максаттары үчүн концессионер тарабынан анын алдында милдеттенмелер кабыл алынат.
39) Концессия объекти - жаралган мамлекеттик же муниципалдык мүлк, ошондой эле, концессиялык келишимди аткарууда концессионер тарабынан түзүлүүчү мүлктү кошуп, кээ бир тейлөө түрүн көрсөтүүгө укук. Мамлекет акциялардын үчтөн экиден кем эмес акцияга ээлик кылган акционердик коомдун мүлкү, Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык акционердик коомдордун мүлктү, тейлөөнү же тейлөө көрсөтүү укугун концессияга берүүгө чечим чыгарган шарттарда, концессиялык келишимдин объекти болушу мүмкүн.
40) Уюштуруучу - конкурстук документтерди даярдоого жана конкурс өткөрүүнү уюштурууга концедент ыйгарым укук берген орган, же концедент.
41) Мүлктөрдүн тизмеси - концедент бекиткен мүлктөрдүн тизмеси, ал концессиянын объекттери катары берилиши мүмкүн.
42) Мамлекеттик же муниципалдык мүлк - Кыргыз Республикасынын мүлкү, жумуштары, кызмат көрсөтүүлөрү, жери, жер казынасы ж.б. жаратылыш ресурстары".
2. 197-берененин 3-бөлүгүндөгү "5" санариби "25" санарибине алмаштырылсын;
3. 264-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-5-бөлүктөр менен толукталсын:
"3. Тоо кен ишканасынын салык салынуучу базасы 5 пайызга азайтылып, мындай сумма кендин корлорун кайра толуктоо үчүн ишкананын атайын фондунда резервге алынат.
4. Бул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн атайын фонддун каражаттары 5 жылдын ичинде тоо кен жана геология үчүн бөлүнгөн жерлердин чегинде геологиялык-чалгындоо иштерине кайра инвестицияланууга тийиш.
5. Атайын фонддун 5 жыл бою багыты боюнча пайдалана албаган каражаттарынын суммасынан 5 жыл мезгили өткөнчө КНС төлөнөт".
4. 43-45-главалар төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"43-глава
Жалпы жоболор
298-берене. Салык салуу режимин турукташтыруу
Бул Кодексте жер казынасын пайдалануу үчүн салыктардын ставкаларын көбөйтүүнү жана/же алардын салык салынуучу базасын өзгөртүүнү караштырган өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор киргизилген учурда жер казынасын пайдалануу үчүн салык төлөөчүлөр жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия берилген күнү колдонуудагы көрсөтүлгөн салыктарды алуу тартибин пайдалуу кендерди, жер астындагы сууларды алуудан башка, мындай лицензиянын күч аракетинин мөөнөт ичинде иштетүү максаты менен сактап калуу укугуна ээ болушат, бирок ал лицензия берилген күндөн тартып 20 жылдан ашпайт.
299-берене. Жер казынасын пайдалануу үчүн салыктардын түрлөрү
Жер казынасын пайдалануу үчүн салыктар төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) бонустар - пайдалуу казындыларды издөө, чалгындоо жана иштетүү максатындагы жер казынасын пайдалануу укугу үчүн бир жолку төлөм;
2) роялти - пайдалуу казындылардын кендерин иштетүү жана/же жер алдындагы сууларды алуу (жер казынасынан алуу) максатында жер казынасын пайдалануу үчүн учурдагы төлөмдөр.
300-берене. Жер казынасын пайдалануу үчүн салыктарды төлөөдөн бошотуу
Жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салыктарды төлөөдөн төмөнкүлөр бошотулат:
1) кум, топурак, кум-шагыл аралашмасын казып алууну жана жер астындагы сууларды алууну ишкердик ишти жүзөгө ашыруу менен байланышпаган, өзүнө таандык же анын пайдаланылышында турган жер бөлүгүндө жүргүзгөн жер бөлүгүнүн менчик ээси же жер пайдалануучу;
2) жер казынасынын бөлүгүн өзгөчө экологиялык, жаратылышты сактоо, илимий жана тарыхый-маданий мааниге ээ болгон, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүү үчүн алган субъект;
3) тоо кен, ылгоочу, кокс-химиялык жана металлургиялык өндүрүш калдыктарын кайра иштетүүчү субъект;
4) республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүчү жер казынасын изилдөө боюнча геологиялык, геофизикалык жана башка иштерди, илимий-изилдөө иштерин, анын ичинде жер титирөөлөрдү болжолдоо, инженердик-геологиялык иликтөөлөр жана геоэкологиялык изилдөөлөр боюнча иштерди жүргүзгөн субъект.
44-глава
Бонус
301-берене. Бонус салыгын төлөөчү
1. Жер казынасын пайдалануу укугун алуучу юридикалык жана жеке жактар бонус салыгын төлөөчүлөр болуп саналышат.
2. Жер казынасын пайдалануу укугу үчүнчү жактарга өткөндө, бонус ушул Кодекске ылайык төлөнөт.
3. Жер казынасын пайдалануу укугунда менчик үлүшү өзгөргөндө жана/же уюштуруучулар алмашылганда, фондулук биржаларда листингден өткөн компаниялардан башка, бонус менчиктин мындай үлүшүнүн өзгөрүшүнө пропорциялуу түрдө төлөнөт.
4. Продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө концессиялык келишимде же макулдашууну түзүүдө бонус концеденттин үлүшү катары концессиялык төлөмгө же пайдалуу продукциянын наркына киргизилет.
302-берене. Салык салуу объекти
Төмөнкүдөй максаттардагы жер казынасын пайдалануу укугу бонус салыгын салуу объекттери болуп саналат:
1) пайдалуу казындылардын кендерин иштетүү;
2) корлору бааланган пайдалуу казындылардын кендерин чалгындоо;
3) алдын ала бааланган корлору жана болжолдонгон ресурстары бар аянттарда пайдалуу казындылардын кендерин издөө;
4) пайдалуу казындылардын болжолдонгон ресурстары аныкталбаган келечектүү аянттарда пайдалуу казындылардын кендерин издөө;
5) жер астындагы сууларды алуу (жер казынасынан алуу);
6) гидрогеологиялык көзөнөктөрдү бургулоо.
303-берене. Салыктык база
Пайдалуу казындылардын кендеринин жана көрүнүштөрүнүн мамлекеттик кадастрында, ошондой эле пайдалуу казындыларды издөө үчүн аянттар жана гидрогеологиялык скважиналарды бургулоонун тереңдиги эске алынган геологиялык корлор жана болжолдуу ресурстар бонусту эсептөө үчүн салыктык база болуп саналат.
304-берене. Бонустун ставкалары
1. Бонустун ставкалары пайдалуу казындылардын бардык түрлөрү боюнча классификациялык таблицага ылайык, кендердин жана/же көрүнүштөрдүн изилдөө даражасына, баалуулугуна жана масштабдуулугуна, ошондой эле пайдалуу казындылардын кендерин издөө үчүн аянттын өлчөмүнө жана гидрогеологиялык скважиналарды бургулоонун тереңдигине жараша Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
2. Конкурска коюлган пайдалуу казындылардын кендери боюнча бонус ставкалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
305-берене. Эсептөө тартиби
Бонусту эсептөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
306-берене. Салык отчетторун жана төлөмдөрдү берүү мөөнөттөрү
1. Бонус салыгын төлөөчү салык органында жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган менен макулдашылган тийиштүү эсеп-кысабын, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алган күндөн тартып 30 күндөн кечиктирбестен берет.
2. Салык төлөөчү бонусту жер казынасын пайдалануу укугуна катталган жери боюнча лицензияны алган датасынан үч ай аралыгында төлөйт.
45-глава
Роялти
307-берене. Салык төлөөчү
1. Төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырган юридикалык жана жеке жактар роялти төлөөчүлөр болуп саналат:
1) пайдалуу казындылардын кендерин иштетүүнү;
2) жер астындагы сууларды алууну (жер казынасынан алууну);
3) көмүртек кендерин издөөдө жана чалгындоодо тажрыйбалык сыноолор процессинде мунайзатты жана газды кошумча түрдө алууну жүзөгө ашыруучулар;
4) тажрыйбалык-өнөр жайлык сыноо жана/же өзгөчө кырдаалдарды болтурбоо же жоюу максатында пайдалуу кендерди бир жолку казып алууну жүзөгө ашыруучулар.
2. Концессиялык келишимди же продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашууну түзүүдө роялти концеденттин үлүшү катарында концессиялык төлөмгө же продукциянын пайда наркына киргизилет.
308-берене. Салык салуу объекти
Пайдалуу казындыларды жер казынасынан алуу максатындагы жер казынасын пайдалануу укугу роялти салыгын салуу объекти болуп саналат.
309-берене. Салыктык база
1. Казып алынган пайдалуу казындынын же салык мезгили ичинде казылып алынган пайдалуу казындыдан алынган биринчи товардык продуктунун, рыноктук баа боюнча эсептелген наркы роялтини эсептөө үчүн салыктык база болуп саналат. Рыноктук баалардын мониторингинин жана роялтини эсептөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
2. Жер астындагы сууларды алууда алынган суунун суу ченегич боюнча көлөмү роялтини эсептөөнүн салыктык базасы болуп саналат.
310-берене. Роялтинин ставкалары
1. Роялтинин ставкалары төмөнкү өлчөмдөрдөгү пайыздарда (же акча түрүндө) белгиленет:
┌────────────────────────────────────────┬─────────────────┬──────────┐
│ Пайдалуу кендер │ Өлчөм бирдиги │ Ставка │
│ │ (салыктык база) │ │
├────────────────────────────────────────┼─────────────────┼──────────┤
│Энергетикалык көмүр │ наркы │ 1,0% │
├────────────────────────────────────────┼─────────────────┼──────────┤
│Газ конденсаты │ наркы │ 3,0% │
├────────────────────────────────────────┼─────────────────┼──────────┤
│Мунайзат │ наркы │ 3,0% │
├────────────────────────────────────────┼─────────────────┼──────────┤
│Күйүүчү жаратылыш газы │ наркы │ 3,0% │
├────────────────────────────────────────┼─────────────────┼──────────┤
│Плавик шпаты │ наркы │ 2,0% │
├────────────────────────────────────────┼─────────────────┼──────────┤
│Курулуш жана курулуш материалдарын │ наркы │ 3,0% │
│өндүрүү үчүн чопо жана куймалуу топурак │ │ │
├────────────────────────────────────────┼─────────────────┼──────────┤
│Карбонаттык компоненти боюнча цемент │ наркы │ 3,0% │
│сырьесу │ │ │
├────────────────────────────────────────┼─────────────────┼──────────┤
│Курулуш куму │ наркы │ 3,0% │
├────────────────────────────────────────┼─────────────────┼──────────┤
│Каптооч материалдарды өндүрүү үчүн │ наркы │ 3,0% │
│табигый таштар │ │ │
├────────────────────────────────────────┼─────────────────┼──────────┤
│Галька, шагыл, кум-шагыл аралашмасы, │ наркы │ 3,0% │
│курулуш ташы │ │ │
├────────────────────────────────────────┼─────────────────┼──────────┤
│Алтындан, күмүштөн жана платинадан башка│ наркы │ 3,0% │
│металлдар │ │ │
├────────────────────────────────────────┼─────────────────┼──────────┤
│Алтын, күмүш жана платин тобундагы │ │ │
│металлдар: │ │ │
├────────────────────────────────────────┼─────────────────┼──────────┤
│запасы 10 тоннадан ашкан кен байлыктар │ наркы │ 5% │
│үчүн │ │ │
├────────────────────────────────────────┼─────────────────┼──────────┤
│запастары 3төн 10 тоннага чейинки кен │ наркы │ 3% │
│байлыктар үчүн │ │ │
├────────────────────────────────────────┼─────────────────┼──────────┤
│запастары 3 тоннадан аз кен байлыктар │ наркы │ 1% │
│үчүн │ │ │
├────────────────────────────────────────┼─────────────────┼──────────┤
│Ичүүчү суу катары куюу үчүн минералдык │ куб.м │50 сом │
│жана тузсуз суу │ │ │
├────────────────────────────────────────┼─────────────────┼──────────┤
│Бальнеологиялык дарылоо үчүн минералдык │ куб.м │ 0,005 сом│
│жана термалдык суу │ │ │
├────────────────────────────────────────┼─────────────────┼──────────┤
│Жылытуучу термалдык суу │ куб.м │ 0,12 сом │
├────────────────────────────────────────┼─────────────────┼──────────┤
│Ичүүчү тузсуз суу │ куб.м │ 0,15 сом │
├────────────────────────────────────────┼─────────────────┼──────────┤
│Техникалык тузсуз суу │ куб.м │ 0,10 сом │
├────────────────────────────────────────┼─────────────────┼──────────┤
│Айыл чарба өндүрүшү үчүн тузсуз суу │ куб.м │ 0,01 сом │
└────────────────────────────────────────┴─────────────────┴──────────┘
2. Бул берененин 1-бөлүгүндө каралбаган пайдалуу кендерге роялтинин ставкалары ушул Кодекстин 309-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык эсептелген салык базасынан 3 пайыз өлчөмүндө белгиленет.
3. Ичүүчү тузсуз суу жана техникалык тузсуз суу боюнча роялтинин ставкасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан өзгөртүлүшү мүмкүн.
311-берене. Салыктык мезгил
Роялтинин салыктык мезгили календардык ай болуп саналат.
312-берене. Эсептөө тартиби
Роялтини эсептөө бул Кодекстин 37-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген тартипке ылайык жүргүзүлөт.
313-берене. Салыктык отчетторду берүүнүн жана роялти төлөөнүн мөөнөттөрү
1. Салык төлөөчү салык отчетторун жана роялти төлөөнү отчеттук айдан кийинки айдын 20сына чейинки мөөнөттө эсепке алынып катталган жери боюнча жүргүзүүгө милдеттүү.
2. Кумду, топуракты жана кум-шагыл аралашмасын ишкердик ишти жүзөгө ашырууга байланышпаган казып алууну өзүнө таандык же анын пайдалануусунда турган жер бөлүгүндө жүргүзгөн жер бөлүгүнүн менчик ээси жер пайдалануучу салык отчетторун бербейт".
5. 315-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5. Роялти салыгын төлөөчүлөр".
6. 317-беренеде:
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"3. Акыркы товардык продукцияны концентраттар түрүндөгү биринчи товардык продуктудан жана ылгоочу өндүрүштүн аралык продуктуларынан алуучу металлургиялык өндүрүш ишканалары үчүн акыркы товардык продукциянын наркы менен биринчи товардык продуктунун наркынын ортосундагы рынок баасы боюнча эсептелген айырмасы салыктык база болуп саналат.
Рыноктук баалардын мониторингинин жана аларды бул бөлүктүн максаттары үчүн колдонуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет";
117-берене төмөнкүдөй мазмундагы 7-9-бөлүктөр менен толукталсын:
"7. Тоо кен ишканасынын салык салынуучу базасы кендин корлорун кайра өнүктүрүү үчүн ишкананын атайын фондунда мындай сумманы резервге алуу менен 5 процентке азайтылат.
8. Бул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн атайын фонддун каражаттары ишкана тарабынан тоо кенине жана геологиялык иштерге бөлүнгөн жерлердин чектеринде 5 жылдын ичинде геологиялык чалгындоо иштерине кайра инвестицияланууга тийиш.
9. Атайын фонддун багыты боюнча 5 жыл ичинде пайдаланылбаган каражаттарынын суммасы 5 жылдык мезгил өткөндөн кийин мамлекеттин бюджетине алынат".
7. 319-беренеде:
- б) пунктчасы "а" деген тамгадан кийин "жана "в" деген сөздөр менен толукталсын;
- 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жаңы пункт менен толукталсын:
"в) кен иштетүү өнөр жайынын металлургия өндүрүшүнүн продукциясына жана Кыргыз Республикасынын аймагында казып алынган минералдык сырьедон көмүрдү тереңдетип иштетүүнүн технологиялык продуктуларына 1% өлчөмдө".
8. 325-беренеде:
- 325-берененин биринчи абзацы "Мүлккө салыктык база болуп эсептелгендер" деген сөздөрдөн мурда "1" деген сан менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 2-4-бөлүктөр менен толукталсын:
2. Кен казуучу ишкананын салыктык базасы кендин жоюлган запастарын жаңыртуу үчүн ишкананын атайын фондунда бул сумманы резервге коюу менен 5 процентке азаят.
3. Бул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн атайын фонддун каражаттарын ишкана 5 жыл бою кен казуу, геологиялык иштерге бөлүнгөн жер тилкесинин чегинде геологиялык чалгындоо жумуштарына реинвестициялоого тийиш.
4. Атайын фонддун 5 жыл бою арналышы боюнча пайдаланылбаган суммасынан 5 жылдык мезгил өткөндөн кийин мүлккө салык төлөнөт.".
9. 336-берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-4-бөлүктөр менен толукталсын:
"2. Кен казуучу ишкананын салыктык базасы кендин жоюлган запастарын жаңыртуу үчүн ишкананын атайын фондунда бул сумманы резервге коюу менен 5 процентке азаят.
3. Бул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн атайын фонддун каражаттарын ишкана 5 жыл бою кен казуу, геологиялык иштерге бөлүнгөн жер тилкесинин чегинде геологиялык чалгындоо жумуштарына реинвестициялоого тийиш.
4. Атайын фонддун 5 жыл бою арналышы боюнча пайдаланылбаган суммасынан 5 жылдык мезгил өткөндөн кийин жер салыгы төлөнөт".
10. XV бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 59 жана 60-главалар менен толукталсын:
"59-глава
Концессияга салык салуу
386-берене. Концессия түшүнүгү
Концессия - Кыргыз Республикасынын мүлкү, жер катмары, жер казынасы жана башка жаратылыш ресурстары болгон мамлекеттик же муниципалдык менчикке ээликтөө жана пайдалануу, ошондой эле концедент тарабынан концессионерге концессия объектине инвестициялоо шарттарында берилүүчү кээ бир тейлөө түрүн көрсөтүү укугу.
387-берене. Концессияга салык салуу
1. Концессияга салык салууда концессия жөнүндө келишим же продукцияны бөлүшүү жөнүндө макулдашууга ылайык төмөнкүлөр караштырылат:
1) ушул Кодексте белгиленген салыктарды төлөө укугу, же
2) Концессия мөөнөтү үчүн же концессиялык келишимде айтылган мөөнөтү үчүн ушул Кодексте белгиленген тартипте төлөнчү салыктардын дисконттолгон суммасын төлөө укугу, же
3) Салык салуунун жеңилдетилген режимин колдонуу укугу, же
4) ушул Кодексте белгиленген салыктарды төлөөдөн, анын ичинде салыктык агент төлөөчү салыктарды төлөөдөн бошонуу укугу, же
5) ушул Кодексте белгиленген, түпкү товардык продукцияны сатуудан алынган кирешеден процент катары алынчу салыктардын ордуна бирдиктүү салык төлөө укугу.
Бул бөлүктүн 3, 4 жана 5-пункттарында каралган концессияга салык салуу тартибин жана салыктын ставкаларын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
2. Концессиялык келишимде айтылбаган ишти жүргүзгөн концессионер иштин ал түрү боюнча ушул Кодексте белгиленген тартипте салыктарды төлөйт.
388-берене. Концессияга салык салуунун объектиси
Концессияга салык салуунун объекттери төмөнкүлөр болот:
1) айыл чарба өндүрүшү үчүн жер бөлүгүн пайдалануу укугу;
2) жер казынасын жана башка жаратылыш ресурстарын жана аларды кайра иштетүүнүн продукттарын пайдалануу укугу;
3) өнөр жайлык жана социалдык инфраструктуранын объекттерин куруу жана эксплуатациялоо;
4) электр жана жылуулук энергияларын өндүрүү, өткөрүү жана бөлүштүрүү боюнча объекттерди куруу жана эксплуатациялоо;
5) суу чарбалык жана мелиорациялык арналыштагы объекттерди куруу жана эксплуатациялоо;
6) гидротехникалык курулманы пайдалануу укугу;
7) саламаттык сактоо, билим берүү, маданият, спорт жана эс алуу объекттерин, анын ичинде санаторийлик-курорттук дарыланууга арналган объекттерди пайдалануу укугу;
8) башка мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү пайдалануу укугу.
389-берене. Концессиянын салыктык базасы
Концессиянын салыктык базасы ушул главада каралган тартипте аныкталат.
390-берене. Концессиядагы салык төлөөчү
Концессиядагы салык төлөөчү болуп концессионер эсептелет.
391-берене. Концессионердин салыктарды төлөөсүнүн тартиби жана мөөнөттөрү
1. Концессионер ушул Кодекстин 387-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган салык төлөө укугун колдонгон учурда салыктар ушул Кодексте белгиленген тартипке жана мөөнөттөргө ылайык төлөнөт.
2. Концессионер ушул Кодекстин 387-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 3, 4 жана 5-пункттарында каралган салык төлөө укугун колдонгон учурда салыктар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилечү тартипке жана мөөнөттөргө ылайык төлөнөт.
392-берене. Отчет берүүнүн мөөнөттөрү
1. Концессионер ушул Кодекстин 387-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган салык төлөө укугун колдонгон учурда салык боюнча отчет ушул Кодексте белгиленген тартипке жана мөөнөттөргө ылайык берилет.
2. Концессионер ушул Кодекстин 387-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 3, 4 жана 5-пункттарында каралган салык төлөө укугун колдонгон учурда салык боюнча отчет Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилечү тартипке жана мөөнөттөргө ылайык берилет.
393-берене. Концессияда салыктык режимдин колдонулуу мөөнөтү
Концессионерге ушул главага ылайык берилген салыктык режим концессиялык келишимдин бүткүл жарактуулук мезгилине карата колдонулат.
394-берене. Концессияга салык салуу режимин стабилдештирүү
1. Бул Кодекске салыктардын ставкаларын көбөйтүүнү жана/же алардын салыктык базасын өзгөртүүнү караштырган өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор киргизилген учурда концессионер ал салыктарды алуунун концессиялык келишим түзүлгөн күнгө карата колдонулчу тартибин концессиялык келишимдин аракет мөөнөтү бүткөнгө чейин сактоого укуктуу.
2. Бул Кодекске салыктардын ставкаларын азайтууну жана/же алардын салыктык базасын азайтууну караштырган өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор киргизилген учурда концессионер ал салыктарды ошол өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду эсепке алуу менен алуунун тартибин колдонууга укуктуу.
58-глава
Продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашууларды аткаруудагы салык салуу
395-берене. Продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуу тууралуу түшүнүк
Продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуу (бул главада мындан ары - Макулдашуу) концессияга берилген объектте чыгарылган продукцияны бөлүштүрүүгө негизделген концедент жана концессионердин катнашынын өзгөчө тартибин белгилеген концессиялык келишимдин түрү.
Бул главанын максаты үчүн инвестор деп Макулдашууну түзгөн юридикалык же жеке жак эсептелет.
396-берене. Макулдашуулардын салык салынчу объекттери
Макулдашуулардын салык салынчу объекттери төмөнкүлөр болот:
1) айыл чарба өндүрүшү үчүн жер бөлүгүн пайдалануу укугу;
2) жер казынасын жана башка жаратылыш ресурстарын жана аларды кайра иштетүүнүн объекттерин пайдалануу укугу;
3) өнөр жайлык жана социалдык инфраструктуранын объекттерин куруу жана эксплуатациялоо;
4) электр жана жылуулук энергияларын өндүрүү, өткөрүү жана бөлүштүрүү боюнча объекттерди куруу жана эксплуатациялоо;
5) суу чарбалык жана мелиорациялык арналыштагы объекттерди куруу жана эксплуатациялоо;
6) гидротехникалык курулманы пайдалануу укугу;
7) саламаттык сактоо, билим берүү, маданият, спорт жана эс алуу объекттерин, анын ичинде санаторийлик-курорттук дарыланууга арналган объекттерди пайдалануу укугу;
8) башка мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү пайдалануу укугу.
397-берене. Макулдашуунун салыктык мезгили
Макулдашуунун салыктык мезгили болуп түзүлгөн Макулдашуунун аракеттеги мөөнөтү эсептелет.
398-берене. Макулдашуу боюнча салыктарды эсептөө үчүн салыктык база
Макулдашуу боюнча салыктарды эсептөө үчүн салыктык база ушул главада каралган тартипте аныкталат.
399-берене. Макулдашуу түзүүдөгү салык салуу
1. Түзүлчү Макулдашуу боюнча салык салуу төмөнкүлөрдү караштырат:
1) ушул Кодексте белгиленген салыктарды төлөө укугу, же
2) инвестициялык иш жүргүзүүдө Макулдашуунун бүткүл жарактуу мөөнөтүндө ушул Кодексте белгиленген тартипте төлөнчү салыктардын дисконттолгон суммасын төлөө укугу, же
3) салык салуунун жеңилдетилген режимин колдонуу укугу, же
4) ушул Кодексте белгиленген салыктарды төлөөдөн, анын ичинде салыктык агент төлөөчү салыктарды төлөөдөн бошонуу укугу, же
5) ушул Кодексте белгиленген, түпкү товардык продукцияны сатуудан алынган кирешеден процент катары алынчу салыктардын ордуна бирдиктүү салык төлөө укугу.
Макулдашуу түзүүдө бул бөлүктүн 3, 4 жана 5-пункттарында каралган салык салуу тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
2. Макулдашууда айтылбаган ишти жүргүзгөн инвестор иштин ал түрү боюнча ушул Кодексте белгиленген тартипте салыктарды төлөйт.
400-берене. Макулдашуудагы салык режиминин аракет мөөнөтү
Ушул главага ылайык инвесторго берилген салык режими Макулдашуунун аракетинин бардык мөөнөтүнө каралат.
401-берене. Макулдашууга салык салуу режимин стабилдештирүү
1. Бул Кодекске салыктардын ставкаларын көбөйтүүнү жана/же алардын салыктык базасын өзгөртүүнү караштырган өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор киргизилген учурда инвестор ал салыктарды алуунун Макулдашуу түзүлгөн күнгө карата колдонулчу тартибин Макулдашуунун жарактуулук мөөнөтү бүткөнгө чейин сактоого укуктуу.
2. Бул Кодекске салыктардын ставкаларын азайтууну жана/же алардын салыктык базасын азайтууну караштырган өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор киргизилген учурда инвестор ал салыктарды ошол өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду эсепке алуу менен алуунун тартибин колдонууга укуктуу.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин эки айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
Долбоор
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 9, 440-берене) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:
1. 1-берене төмөнкү мазмундагы 31-пунктча менен толукталсын:
"31) Пайдалуу казындылардын кендеринин мамлекеттик резерв жери (жер казынасын пайдалануу үчүн жерлер) - астында пайдалуу казындылардын кендери жана көрүнүштөрү бар, пайдалуу казындылардын кендеринин жана көрүнүштөрүнүн Мамлекеттик балансында жана (же) Мамлекеттик кадастрында эсепке алынган корлору жана ресурстары менен, чалгындалган жерлер, ошондой эле пайдалуу казындылардын кендери табылган жана алар геологиялык чалгындоого болжолдолгон жерлер".
2. 10-берене төмөнкү мазмундагы 8) пунктча менен толукталсын:
"8) жер казынасын пайдалануу үчүн жерлер".
3. Экинчи бөлүм төмөнкү мазмундагы 21-1-беренеси менен толукталсын:
21-1-берене. Жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик органдын
жер катнаштарын жөндөө чөйрөсүндөгү компетенциясы
Жер казынасын пайдалануу үчүн жерлерге жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) жер казынасын пайдалануу үчүн жерлердин чегинде жер бөлүктөрүн пайдаланууга берүү;
2) жер казынасын пайдалануу үчүн жерлердин жер кадастрын, жер жайгаштыруунун схемаларын жана долбоорлорун бекитүү;
3) жерди пайдалануунун жана коргоонун контролун жүргүзүү;
4) долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүүгө уруксаат берүү;
5) жер казынасын пайдаланууда жер бөлүктөрүн рекультивациялоону контролдоо;
6) пайдалуу казындылардын кендеринин мамлекеттик резерв жерлеринин категориясына өткөрүлүүчү жерлер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалыматтарды берүү;
7) жер катнаштарын жөндөө чөйрөсүндө ушул Кодексте белгиленген башка маселелерди чечүү".
4. 28-беренени өзгөртүү жана төмөнкү редакцияда баяндоо:
28-берене. Жер казынасын пайдалануу үчүн жер бөлүктөрүн берүү
1. Пайдалуу казындылардын кендеринин мамлекеттик резерв жерлеринен жер бөлүктөрүн пайдалануу укугун берүү жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
2. Жер казынасын пайдалануу үчүн жер бөлүктөрү жер казынасын пайдалануу укугунун аракет мөөнөтүнө убактылуу пайдаланууга гана берилиши мүмкүн.
3. Жер казынасын пайдалануу үчүн жер бөлүктөрүнүн чектери жана ченеми техникалык долбоор же жер астындагы сууларды алуу схемасы менен аныкталат.
4. Жер бетине чыккан жалпы тараган пайдалуу казындылардын майда кендеринин иштетүүдө жер бөлүктөрүн берүү ушул Кодексте белгиленген тартипте жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары тарабынан жүргүзүлөт. Жалпы тараган пайдалуу казындылардын майда кендерин жана алардын тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
5. Эгерде менчикте же пайдаланууда болгон жер бөлүгүндө (ушул берененин 4-пунктунда көрсөтүлгөн пайдалуу казындылардан башка) пайдалуу казындылардын корлору табылса, анда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик органдын сунушу боюнча, ошол жерлерди пайдалуу казындылардын кендеринин мамлекеттик резерв жерлер категориясына өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алат.
6. Эгерде менчиктеги же үчүнчү жактын пайдалануусундагы жер бөлүгүндө, (ушул берененин 4-пунктунда көрсөтүлгөн пайдалуу казындылардан башка) пайдалуу казындылардын кендери табылса, мамлекет, аларды иштетүү жана жер бөлүгүн алуу жөнүндө чечим кабыл алган учурда, менчик ээсинин же жерди пайдалануучунун чыгымынын ордун толтурууга же тең баалуу башка жер бөлүгүн берүүгө милдеттүү".
5. 3-бөлүм төмөнкү мазмундагы 28-1, 28-2, 28-3-беренелери менен толукталсын:
"28-1-берене. Жер казынасын пайдалануу үчүн жерлерди берүүнүн
тартиби
1. Пайдалуу казындылардын кенин чалгындоого же иштетүүгө укуктуу жак жер казынасын пайдалануу үчүн жер бөлүгүн убактылуу пайдалануу укугун алуу үчүн жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик органга төмөнкүлөрдү берет:
1) арыз;
2) жер казынасын пайдаланууга объекттин тоо кен жана жер бөлүндүлөрүнүн бурчтук чекиттеринин координаттары көрсөтүлгөн графикалык материалдар;
3) айыл чарба өндүрүшүнүн, токой фондунун жоготууларын калыбына келтирүүнүн эсеби.
2. Жер бөлүгүн пайдалануу укугуна арызды кароо жана документти берүү 30 календардык күндөн ашык боло албайт.
3. Эгерде суранган жер бөлүгү жер казынасын пайдалануу укугун мурда алган башка жер казынасын пайдалануучуга берилсе, жер казынасын пайдаланууга укуктуу жак жер укугунун ээси менен техникалык долбоорго ылайык жер бөлүгүн пайдалануу тартибин макулдашууга милдеттүү.
4. Жер бөлүгүн убактылуу пайдалануу укугу жер казынасын пайдалануу укугу токтотулгандан кийин жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган тарабынан токтотулат.
5. Жер казынасын пайдалануу укугун үчүнчү жакка берүүдө (көнүүдө) акыркыга, жер бөлүгүн убактылуу пайдалануу укугу, берүү жүргүзүлгөн датасындагы болгон көлөмдө өтөт.
28-2-берене. Пайдалуу казындылар жайгашкан аянттарда курулуш куруу шарттары
1. Долбоорлонгон курулуш бөлүгүнүн алдындагы жер казынасында пайдалуу казындылардын бардыгы же жоктугу жөнүндө жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан корутунду алганга чейин калктуу пункттарды, өнөр жайлык комплекстерди жана башка объекттерди долбоорлоого жана курууга тыюу салынат.
2. Жер казынасын пайдалануу үчүн жерлердеги пайдалуу казындылар жайгашкан аянттарда курулуштарга, ошондой эле алар жайгашкан жерлерде пайдалуу казындыларды иштетүү менен байланышпаган жер астындагы курулуштарды жайгаштырууга жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча төмөнкү өзгөчө учурларда жол берилет:
1) эгерде келечектеги иштетүүдөн жер бетинин эсептелген деформациясы курулуучу объект үчүн мүмкүн болгон өлчөмдөн ашык болбосо;
2) эгерде курулуучу объект үчүн аянтча пайдалуу казындылардын иштетилген корлорунун үстүндө тандалса;
28-3-берене. Пайдалуу казындылардын кендерин издөөдө жер бөлүгүнпайдалануу
1. Жер бетин бузбоо менен жер казынасын геологиялык изилдөөдө (пайдалуу казындылардын кендерин издөөдө жана башка долбоорлоо-изилдөө иштеринде) жер бөлүгүн берүү жүргүзүлбөйт, ал эми жер казынасын пайдалануучуга жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдын жер бөлүгүн убактылуу пайдаланууга жазуу түрүндөгү макулдугу берилет.
2. Жер бөлүгүн берүүгө макулдук жер бөлүгүн ижара түрү болуп саналбайт, ал үчүн жер казынасын пайдалануучудан төлөм алынбайт.
3. Жер казынасын геологиялык изилдөө жүргүзүүгө макулдук берилген жерлерди жер укугунун ээлери айыл чарбалык жана башка кереги үчүн пайдалана алышат".
6. 66-берене төмөнкү мазмундагы 8) пунктча менен толукталсын:
"8) концессиялык келишимдин, тоо кен концессиясы жөнүндө келишимдин же продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуунун аракети токтогондо".
7. 14-бөлүм төмөнкү мазмундагы 83-1-берене менен толукталсын:
"83-1-берене. Пайдалуу казындылардын кендеринин мамлекеттик
резервинин жерлери
1. Пайдалуу казындылардын кендеринин жана көрүнүштөрүнүн Мамлекеттик балансында жана (же) Мамлекеттик кадастрында эсепке алынган корлору жана ресурстары менен астында пайдалуу казындылардын кендери жана көрүнүштөрү бар чалгындалган жерлер, ошондой эле кен табылган жана алар геологиялык чалгындоого болжолдолгон жерлер, пайдалуу казындылардын кендеринин мамлекеттик резерв жерлери болуп саналат.
2. Пайдалуу казындылардын кендеринин мамлекеттик резерв жерлеринде пайдалуу казындылардын кендерин иштетүү жана эксплуатациялоо менен байланышбаган кандайдыр бир имараттарды жана курулуштарды курууга тыюу салынат.
3. Пайдалуу казындылардын кендеринин мамлекеттик резерв жерлери кенди иштетүүнүн башталышына чейин Кыргыз Республикасынын жактарына айыл чарбалык пайдалануу үчүн убактылуу пайдаланууга берилиши мүмкүн.
4. Пайдалуу казындылардын кендери иштетилгенден кийин пайдалуу казындылардын кендеринин мамлекеттик резерв жерлери рекультвацияланат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан башка категорияга которулат".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир айлык мөөнөттө иштетилип жаткан кендердин жана чалгындоо болуп жаткан кендердин астындагы жерлерди пайдалуу казындылардын кендеринин мамлекеттик резерв жерлеринин категориясына которсун.
3-берене.
Пайдалуу казындылардын кендерине мурда берилген жер бөлүктөрү боюнча ушул Мыйзамдын аракетке киришине карата укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтерди кайра бүтүмдөөнүн кереги жоктугу белгиленсин.
4-берене.
Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн бир айдан кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|