Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 15-декабры № 763
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-беренесинин 1-пунктунун 7-пунктчасына, 28, 29 жана 34-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМУ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.С.Исабеков демилге кылган "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кабыл алууну колдобойт.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.С.Исабеков демилге кылган "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 763 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-беренесинин 1-пунктунун 7-пунктчасына, 28, 29 жана 34-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.С.Исабеков демилге кылган "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып төмөнкүдөй корутундуну берет.
Сунушталуучу долбоордо Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин колдонуудагы 377-беренесиндеги "ошондой эле тартылган гранттар" деген сөздөрдү "тартылган гранттар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган атайын каражаттардын тизмеси" деген сөздөргө алмаштыруу каралган. Башкача айтканда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тизмеге ылайык атайын каражаттарга салык төлөөдөн бошотуу каралган.
Кыргыз Республикасында өткөрүлүүчү бюджеттик саясат реформасы мамлекеттик кирешелердин келип түшүшүн толук жана ачык айкын чагылдырууну жана ошондой эле аларды бирдиктүү бюджеттик системага бириктирүүнү камсыз кылууга багытталган. Көрсөтүлгөн ушул кайра түзүүлөрдүн бирден бир этаптары болуп "атайын каражаттар" системасын реформалоо болуп эсептелинет, бул бардык административдик башкаруудагы мамлекеттик органдарын жана башка бюджеттик мекемелерди толук бюджеттик каржылоого өткөрүүгө багытталуучу бюджеттик мекемелерден кызмат көрсөтүүдөн жана ишмердүүлүктүн башка түрлөрүн ишке ашыруудан алынуучу каражаттар болуп эсептелинет.
Салык төлөнбөөчү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу атайын каражаттардын тизмесине Кодекске шилтеме коюу салык төлөө боюнча кыянат жасоого жана төлөөдөн баш тартууга шарт түзүү менен бирге бюджеттин кирешелери негизсиз жоготууларга учурашы мүмкүн.
Салык төлөөчүлөрдүн айрым категорияларына берилүүчү Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралбаган каалагандай салык жеңилдиктери салык салуунун негизги принциптеринин бири болгон - салык төлөөчүлөрдүн бардык категориялары үчүн экономикалык ишмердүүлүктүн бирдей шарттарын түзүүнү караган акыйкаттык, адилеттүүлүк жана теңчилик принциптери боюнча айрым салык төлөөчүлөрдүн ортосунда салыктарды бөлүштүрүү механизмин түзүү принцибин бузууга алып келе тургандыгын белгилей кетүү зарыл.
Экономикалык ишмердиктин айрым бир түрү боюнча салыктык жеңилдиктерди берүү менен, орду жоголуп кеткен кирешелерди толтуруу үчүн мамлекет ишмердүүлүктүн башка түрлөрүнө карата салык төлөмдөрүн жогорулатууга муктаж.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 29-майындагы № 256 Президенттин "Финансылык тартипти чыңдоо боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине республикалык бюджет жөнүндө мыйзамда каралбаган чыгашалардын жогорулашына же кирешелердин кыскарышына алып келүүчү мыйзамдарды жана токтомдорду кабыл алууда алардын ордун жабуу булагын аныктоо менен бирге республикалык бюджет тууралуу мыйзамга тийиштүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү сунушталган.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 18-декабрындагы № 826-IV токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө негизсиз салык жана бажы бошотууларын көрсөтүү, салык жана бажы төлөмдөрү боюнча жеңилдиктерди жана мөөнөтүн узартуу практикаларын токтотуу тапшырылган.
Кызмат көрсөтүү жана ишмердиктин башка түрлөрүн ишке ашыруу боюнча бюджеттик мекемелерден алынуучу "атайын каражат" системасын реформалоону өткөрүү чегинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү атайын каражаттарга салык төлөөчү өзүнчө бюджеттик мекемелерге мамлекеттик колдоо көрсөтүүнү ушул этапта негиздүү каржылоо менен бюджеттин чыгаша бөлүгү аркылуу жүргүзүү максаттуу деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги сунушталган долбоорду кабыл алууну максатка ылайыксыз деген оюн билдирген.
Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.С.Исабеков демилге кылган "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кабыл алуу колдобойт.