Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 18-декабры № 784
"Антидемпинг жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Антидемпинг жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри жана Кыргыз Республикасын экономикалык тескөө министри Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши аталган мыйзам долбоорун караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөр болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |
Долбоор
1-берене.
"Антидемпинг жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж., № 3, 92-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 4-беренеде:
биринчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. Антидемпинг жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделген жана ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.";
экинчи бөлүктөгү "Кыргыз Республикасы ратификацияланган эл аралык келишимде же макулдашууда" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимде же макулдашууда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6-берененин экинчи бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|