Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 18-декабры № 785
1993-жылы туулган жарандарды алгачкы аскердик каттоого алууну жүргүзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине, "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12, 13, 14 жана 41-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен биргеликте:
- 1993-жылы туулган жарандарды алгачкы аскердик каттоого алууну 2010-жылдын январь-март айларында райондук (шаардык) аскер комиссариаттары аркылуу жүргүзсүн;
- жарандарды алгачкы аскердик каттоого алуу боюнча райондук (шаардык) комиссияларды түзсүн.
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жарандарды алгачкы аскердик каттоого алуу боюнча комиссияларды шаймандар, медициналык жана чарбалык мүлктөр, автомобилдик транспорт, байланыш каражаттары жана зарыл сандагы медициналык, техникалык жумушчуларды жана тейлөөчү персоналдар менен камсыздасын.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги алгачкы аскердик каттоого алуу боюнча комиссиялар жөнөткөн жарандарды амбулатордук деңгээлде медициналык текшерүүнү же стационардык шарттарда дарылоону камсыздасын.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги алгачкы аскердик каттоого туруудан баш тарткан жарандарды издөөнү, кармоону жана райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына жеткирүүнү жүргүзсүн.
5. Юридикалык жактар райондук аскер комиссариаттарына 1993-жылы туулган балдардын тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-августундагы № 509 "Аскерге милдеттүүлөрдү жана чакырылуучуларды аскердик каттоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген аскерге милдеттүүлөрдү жана чакырылуучуларды аскердик каттоо жүргүзүү тартиби жөнүндө Жободо аныкталган мөөнөттө беришсин.
6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төмөнкүлөр сунушталсын:
- алгачкы аскердик каттоого алуу боюнча комиссиядан өтүү үчүн жарандарга кабарлоо аскердик комиссариаттарына уюшулган түрдө келүүсүн камсыздоо боюнча чараларды көрүү;
- алгачкы аскердик каттоого алуу боюнча комиссиянын иштерин камсыздоо үчүн техникалык жумушчуларды жана тейлөөчү персоналдарды аныктоо.
7. Жарандарды алгачкы аскердик каттоого алуу боюнча комиссиянын курамында иштеген учурунда комиссиянын мүчөлөрү, техникалык жумушчулар жана тейлөөчү персоналдар үчүн негизги иштеген орду боюнча орточо эмгек акысы сакталаары белгиленсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |