Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 22-декабры №797
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө\
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 767 токтомунун редакциясына ылайык)
Мамлекеттик мүлктү сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик органдар, мамлекеттик ишканалар, мекемелер жана уюмдар кыймылсыз мүлктү жана автотранспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин макулдашуусу боюнча сатып алышсын.
2. "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-октябрындагы № 668 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
3-главанын 8-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"квартал сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратын маалымдоо менен мамлекеттик бийлик органдарына, мамлекеттик ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга кыймылсыз мүлктү жана автотранспорт каражаттарын сатып алууга уруксат берүү.".
3. (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №767 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №767 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- 3-пункттун төртүнчү абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн уруксаты менен жана белгиленген тартипте" деген сөздөр "квартал сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат берүү менен белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин макулдугу боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. Мамлекеттик органдар, мамлекеттик ишканалар, мекемелер жана уюмдар өзүнүн жоболорун ушул токтомго ылайык келтиришсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |