Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-октябрындагы № 668 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы №797 токтомунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
II. Министрликтин максаттары жана милдеттери
III. Министрликтин функциялары
IV. Министрликтин ыйгарым укуктары
V. Министрликтин ишинин уюштурулушу
VI. Министрликтин аймактык подразделениелери
VII. Министрликтин финансысы жана чарбалык иши
VIII. Жыйынтыктоочу жобо
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги Маммүлкмин (мындан ары - министрлик) мамлекеттик мүлктүн менчик ээси катары мамлекеттин кызыкчылыктарынын атынан чыгуучу, мамлекеттик мүлктү башкаруу жана менчиктештирүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырууну, банкроттукту алдын алууну ишке ашыруучу, банкроттук процессин ишке ашыруу, баалоо ишин өнүктүрүү шарттарын камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин борбордук органы болуп саналат.
2. Министрлик өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Министрлик Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы бар мөөргө, ошондой эле казыналык системасында жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын банк-агенттеринде эсеби бар юридикалык жак болуп саналат.
II. Министрликтин максаттары жана милдеттери
4. Министрликтин максаттары төмөнкүлөр болуп саналат:
- мамлекеттик мүлктү пайдалануунун, башкаруунун жана менчиктештирүүнүн натыйжалуулугун камсыз кылуу;
- банкроттук процессинин жол-жоболорун өткөрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууну камсыз кылуу;
- баалоо иши институтун өнүктүрүү.
5. Министрликтин негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- мамлекеттик менчикти башкаруу жана тескөө саясатын жана мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнү ишке ашыруу;
- ишканалардын банкроттугунун (кудуретсиздигинин) алдын алуу жана банкроттук процессинин алкагында чарба субъекттеринин төлөмгө жараксыздыгын оңдоо боюнча мамлекеттик саясат жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын мүлктүк укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасында баалоо ишин өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү.
III. Министрликтин функциялары
6. Министрлик жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат: тармактык саясатты, жөнгө салууну, координациялоону, көзөмөлдүктү жана контролдукту, кызмат көрсөтүүлөрдү, колдоо көрсөтүү.
7. Тармактык саясаттын функциялары:
- мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программаларын иштеп чыгуу;
- менчиктештирүү маселелерин жөнгө салуучу нормативдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана өркүндөтүү, мамлекеттик мүлктү башкаруу, тескөө жана сарамжалдуу пайдалануу, ошондой эле банкроттук жана баалоо иши маселелери;
- өзүнүн компетенциясына ылайык мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнү жүзөгө ашыруу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банкроттук жана анын алдын алуу жагында макулдашылган мамлекеттик саясатты жүргүзүү;
- баалоо ишин өнүктүрүү боюнча мамлекеттин саясатын ишке ашыруу, Кыргыз Республикасында баалоо институтун өркүндөтүү жана өнүктүрүү боюнча ишти, аны методологиялык камсыз кылуу жолу менен жүзөгө ашыруу.
8. Жөнгө салуу функциялары:
- банкроттук процессинде администраторлор катары жарандарга иш лицензиясын берүү;
- мамлекеттик мекемелерге жана ишканаларга түзүлүп жаткан юридикалык жактардын уюштуруучулары катары чыгууга жана алардын уюштуруучулардын курамынан чыгууга макулдук берүү.
- квартал сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратын маалымдоо менен мамлекеттик бийлик органдарына, мамлекеттик ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга кыймылсыз мүлктү жана автотранспорт каражаттарын сатып алууга уруксат берүү.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы №797 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Координациялоо, көзөмөлдүк жана контролдук функциялары:
- аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрдүн ишин координациялоо;
- корпорациялык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды ишке ашыруу;
- дивиденддик маалыматтар базасын түзүү жана жүргүзүү, дивиденддерди өз убагында төлөөнү камсыз кылуу боюнча контролдукту жана чараларды жүзөгө ашыруу;
- ижарага алынган мамлекеттик мүлк үчүн ижара акысынын өз убагында төлөнүшүнө контролдук;
- тийиштүү келишимдерде аныкталган, мамлекеттик мүлктү сатып алуучулардын жана башкаруучулардын милдеттерин аткарылышына контролдук жүргүзүү жана камсыз кылуу;
- банкроттук процессин ишке ашыруунун шарттарын камсыз кылуу жана администраторлордун банкроттук процессинин жол-жоболорун жүргүзүшүнө контролдукту жүзөгө ашыруу;
- администраторлордун отчеттук маалыматтарын чогултуу жана Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарына ылайык ага карата талаптарды бекитүү;
- баалоо ишин өнүктүрүү боюнча ишти координациялоо. 10. Кызмат көрсөтүү функциялары:
- мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча практикалык иш-чараларды жүзөгө ашыруу;
- мамлекеттик мүлк маселелери боюнча жеке жана юридикалык жактардын талаштуу даттануулары жана арыздары учурларын белгиленген тартипте кароо;
- мамлекеттик ишканаларда жана мамлекеттик менчик үлүшү чарбалык коомдордо иштөө үчүн азыркы башкаруучу кадрларды түзүү;
- мамлекеттик мүлктү чарбалык жүргүзүү жана оперативдүү башкаруу укугунда белгиленген тартипте бекитип берүүнү, мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнү, мамлекеттик мүлктү ишенимдүу башкарууга жана күрөөгө берүүнү жүзөгө ашыруу;
- мамлекеттик мүлктү чарбалык жүргүзүүгө, оперативдүү башкарууга, ижарага жана пайдаланууга белгиленген тартипте жүзөгө ашыруу;
- менчиктештирүү жана мамлекеттик мүлктү башкаруу тармагында жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясат, банкроттук, баалоо иши боюнча консультацияларды берүү;
- банкроттук процессинин чегинде социалдык маанилүү чарба субъекттерин финансылык жактан оңдоп-түздөө боюнча сунуштарды даярдоо;
- менчиктештирүү, банкроттук, мамлекеттик менчикти муниципалдык менчикке өткөрүү боюнча комиссияларды түзүү жана алардын ишине катышуу;
- администраторлордун отчеттору боюнча чарба субъекттеринин төлөм жөндөмсүздүктөрүнүн белгилери бар экендиги жөнүндө корутундуларды даярдоо;
- банкроттук процессин жүргүзүү, баа берүү, кризиске каршы башкаруу жана башка багыттар боюнча ишти жүзөгө ашырган адамдарды даярдоо, кайра даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатууну жүзөгө ашыруу;
- менчиктештирүү, мамлекеттик мүлктү башкаруу, банкроттук жана баалоо иши жөнүндө мыйзамдарды колдонуу боюнча практикалык курстарды жана семинарларды уюштуруу жана өткөрүү.
11. Колдоо көрсөтүү функциялары:
- менчиктештирилген объекттердин эсебин алуу жана реестрин жүргүзүү;
- мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасын ишке ашыруунун жүрүшүндө менчиктештирүү процессинин динамикасына мониторинг жүргүзүү жана талдоо;
- менчиктештирүүдөн, дивиденддерден жана ижарага берүүдөн жана башка кирешелерден түшкөн каражаттарды белгиленген тартипте алуу жана которуу;
- ири, экономикалык же социалдык жактан маанилүү чарбакер субъектилердин финансы-экономикалык абалын эсепке алуу (мониторинг) жана талдоо, мыйзам тартибинде банкрот (кудуретсиз) деп таанылган (жарыяланган) чарбакер субъектилердин уюштуруу-укук формаларына жана менчигинин түрүнө карабастан төлөмгө кудуретсиз карызкорлорду эсепке алуу (мониторинг);
- менчиктештирүү, мамлекеттик менчикти башкаруу, банкроттоонун жол-жоболору, баалоо иш-аракеттери, мамлекеттик стратегиялык өнүктүрүү программаларын аткаруу процесстерин маалыматтык жана программалык камсыз кылуу;
- кадрларды тандоо, жайгаштыруу, кызматын өйдөлөтүү жана квалификациясын жогорулатуу боюнча иштерди аткаруу;
- чарбалык иштерине бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү;
- жүктөлгөн милдеттерди тийиштүү түрдө аткаруу үчүн зарыл болгон башка функцияларды аткаруу.
IV. Министрликтин ыйгарым укуктары
12. Министрлик ага жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик мүлктүн менчик ээси катары чыккан мамлекеттин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого;
- мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жана башкаруу, кудуретсиз ишканаларды банкроттоочу, баалоо иш-аракеттерин жөнгө салуучу ченемдик укук базаны иштеп чыгууга жана өркүндөтүүгө, аларды колдонуу тууралуу түшүндүрмө берүүгө;
- мамлекеттик ишканаларды чарба жүргүзүүчү коомдорго белгиленген тартипте өзгөртүп түзүүгө;
- мамлекеттик мүлктү чарбанын карамагына, оперативдүү башкарууга, ижарага жана белгиленген тартипте пайдаланууга өткөрүп берүүгө;
- мамлекеттик менчик объекттерин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына белгиленген тартипте өткөрүп берүүгө;
- мамлекеттик менчикке айланган мүлктү белгиленген тартипте кабыл алууга;
- Кыргыз Республикасында жана анын чегинен сыртта мамлекеттик мүлк объекттерине ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугун белгилөөгө башка мамлекеттер менен келишим түзүүдө катышууга;
- мамлекеттик менчиктеги объекттерди менчиктештирүү жөнүндө чечимдерди белгиленген тартипте кабыл алууга;
- мамлекеттик мүлктү сатып алуучулардын, башкаруучулардын жана ижарага алуучулардын келишимдик милдеттенмелеринин аткарылышына контроль жүргүзүүгө;
- мамлекет акцияларынын пакетине ээ болгон акционердик коомдордун башкаруу органдарына талапкерлерди шайлоо боюнча сунуштарды киргизүү;
- мамлекеттин атынан юридикалык жактарды уюштуруучу катары чыгууга, менчигинде мамлекеттин үлүшү бар чарба коомдорунда акционердин (катышуучунун) ыйгарым укуктарын аткарууга;
- банкроттук процессин ишке ашыруу шарттарын камсыздоого жана анын жүргүзүлүшүн контролдоого;
- ишканаларды түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу боюнча чараларды мыйзамдарда белгиленген тартипте жүргүзүүгө;
- мамлекеттик менчиктештирүү фондунун каражаттарын башкарууга жана тескөөгө;
- министрликтин компетенциясына берилген маселелер боюнча эксперттик, кеңешүүчү жана башка органдарды түзүүгө;
- менчиктештирүү, баалоо иши, банкроттоо, ошондой эле ченемдик укук документтерин иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон белгилүү бир иштерди жана кызмат көрсөтүүнү аткарууга укугу бар консалтингдик, баалоочу, аудитордук юридикалык жана башка түзүмдөрдү, эксперттерди жана адистерди, анын ичинде чет өлкөлүктөрдү дагы тартууга;
- республиканын мамлекеттик органдарынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ишканаларынан, уюмдарынан жана мекемелеринен министрликтин маселелерин чечүү үчүн зарыл болгон статистикалык маалыматтарды, маалыматтык жана талдоо материалдарын суроого жана алууга;
- "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган иштин түрлөрү боюнча лицензиялоону ишке ашырууга;
- маалыматтык жана басып чыгаруу ишин жүргүзүүгө;
- мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү бүтүмдөрүн белгиленген тартипте бузуу жөнүндө доо арыз берүүгө;
- менчиктештирүү, банкрот баалоо иштери жагында мамлекеттик сая-
сатты ишке ашыруу үчүн белгиленген тартипте эл аралык уюмдардын жана мекемелердин каражаттарын, донор өлкөлөрдүн гранттарын тартууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган шарттарда улуттук жана чет өлкөлүк валютада банктардан кредит алууга;
- мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүдө, банкроттоо процессин жүргүзүүдө, баалоо ишин өнүктүрүүдө зарыл болгон изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, илимий-негизделген сунуштарды иштеп чыгууга илимий мекемелер, окуу жайлар, окумуштуулар менен келишимдерди түзүүгө;
- белгиленген тартипте товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга;
- министрликтин системасы үчүн министрликтин кызматкерлерин тандоо, жайгаштыруу, кызматын жогорулатуу жана аттестациялоо үчүн бирдиктүү аттестациялык-конкурстук комиссия түзүүгө;
- белгиленген тартипте министрликтин грамоталарын, белгилерин жана башка сыйлыктарын уюштурууга;
- чет өлкөлүк мекемелер, эл аралык уюмдар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын уюмдары менен өз ара пайдалуу негизде иштешүүгө, башка өлкөлөрдүн менчиктештирүү жана мамлекеттик менчикти башкаруу, банкроттоо, баалоо иши тармагындагы жетишкендиктерин жана тажрыйбасын изилдөөгө жана иште пайдаланууга;
- өз алдынча чарбалык эсептеги структураларды түзүүгө;
- министрликтин тийиштүү түрдө иштеши үчүн керектүү башка ыйгарым укуктарга ээ болууга.
V. Министрликтин ишинин уюштурулушу
13. Министрлик борбордоштурулган система болот, ал төмөнкүлөрдөн турат:
- борбордук аппарат;
- ведомствого караштуу подразделениелер:
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин Мүлктүк мамилелер департаменти;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин Банкроттоо иштери боюнча департаменти;
- аймактык подразделениелер.
Ведомствого караштуу подразделениелер жөнүндө жоболорду Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.
Ведомствого караштуу подразделениелердин жетекчилерин министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындайт жана бошотот.
14. Министрликти кызматка Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык дайындалчу жана бошотулчу министр башкарат.
15. Министрликте статс-катчынын жогорку администрациялык кызмат орду уюштурулган. Статс-катчыны кызматка дайындоонун, бошотуунун тартиби, функциялары жана ыйгарым укуктары мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдар менен аныкталат.
16. Министрдин эки орун басары болот, аларды кызматка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри министрдин сунушу боюнча дайындайт жана бошотот.
Министрдин орун басарлары министрге түз баш ийишет жана өздөрүнө тапшырылган милдеттердин жана ыйгарым укуктардын чегинде министрликтин ишин уюштурушат.
17. Министр:
- министрликтин ишин жалпы жетектейт;
- Кыргыз Республикасынын, башка мамлекеттердин мамлекеттик органдары жана эл аралык уюмдар менен мамиледе министрликтин атынан чыгат;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшыруусу боюнча өкмөттөр аралык келишимдерге жана макулдашууларга, ошондой эле башка документтерге кол коет;
- приказдарды жана буйруктарды, ошондой эле башка документтерди чыгарат;
- министрликтин өкүлдүк органы менен жамааттык келишим түзөт;
- статс-катчынын жана министрдин орун басарларынын ортосунда функциялык милдеттерди бөлүштүрөт;
- структуралык, ведомствого караштуу жана аймактык подразделениелердин ортосунда ыйгарым укуктарды бөлүштүрөт;
- борбордук аппараттын, ведомствого караштуу жана аймактык подразделениелердин штаттык структураларын жана штаттык расписаниелерин бекитет;
- борбордук аппараттын жетекчилерин жана кызматкерлерин, аймактык подразделениелердин жетекчилерин жана кызматкерлерин, ведомствого караштуу подразделениелердин кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- борбордук аппараттын жетекчилеринин жана кызматкерлеринин, аймактык подразделениелердин жетекчилеринин жана кызматкерлеринин, ведомствого караштуу подразделениелердин кызматкерлеринин функциялык (кызматтык) милдеттерин бекитет;
- министрликтин мамлекеттик кызматчыларынын сандык чеги боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды киргизет;
- министрликтин кызматкерлерин сыйлоо жөнүндө маселелерди чечет, жекече кошумчаларды белгилейт;
- белгиленген тартипте министрликтин каражаттарын башкарат жана тескейт;
- министрликтин атынан ишеним каттарды берет, белгиленген тартипте министрликтин мүлкүн жана каражаттарын тескейт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат;
Министр министрликке тапшырылган маселелердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жоопкерчиликте болот.
18. Министрликте 9 адамдан турган, курамына министр (төрага), кызмат орду боюнча статс-катчы жана министрдин орун басарлары, министрликтин эки кызматкери жана айрым министрликтердин өкүлдөрү кирчү коллегия түзүлөт. Коллегия мүчөлөрүнүн персоналык курамын министр бекитет.
Коллегия өзүнүн жыйындарында негизги милдеттерди жана функцияларды аткарууга байланыштуу маселелерди карайт, министрликтин ведомствого караштуу жана аймактык подразделениелеринин жетекчилеринин докладдарын жана отчетторун угат.
19. Коллегиянын жыйындары зарылдыгына жараша өткөрүлөт жана протоколдор менен таризделет. Коллегиянын жыйыны эгер ага мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмеси катышса укукка ээ болот. Коллегиянын чечимдери коллегия мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана токтом түрүндө таризделет.
Министр коллегиянын ишин жетектейт жана жыйындарын башкарат, ал жокто бул функцияларды статс-катчы же министрдин орун басарларынын бири аткарат.
Коллегиянын чечимдери (токтомдору) жыйын өткөрбөстөн сурамжылоо жолу менен кабыл алынышы мүмкүн.
20. Ведомствого караштуу жана аймактык подразделениелердин жетекчилери өздөрү аткарчу функциялар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
21. Министрликтин чечимдери токтомдор, приказдар жана буйруктар формасында чыгарылат.
Приказдарга министр кол коет, ал эми министр жокто статс-катчы же министрдин орун басарлары кол коюшат.
Буйруктарга министр, ошондой эле статс-катчы же министрдин орун басарлары өз компетенцияларына кирген маселелер боюнча кол коюшат.
VI. Министрликтин аймактык подразделениелери
22. Аймактык подразделениелерге төмөнкүдөй негизги функцияларды аткаруу тапшырылган, алар:
- тийиштүү региондордо жайгашкан мамлекеттик менчикти мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү боюнча ишти уюштуруу жана практикалык иштерди жүргүзүү;
- менчиктештирүү процессинин динамикасын, мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программаларын ишке ашыруунун жүрүшүн мониторингдөө жана талдоо;
- менчиктин мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдордо мамлекеттин атынан акционердин (катышуучунун) ыйгарым укуктарын ишке ашыруу;
- банкроттоо процессин мыйзамда белгиленген тартипте ишке ашыруунун шарттарын камсыздоо;
- региондордо ишканаларды реструктуралоо, өзгөртүп уюштуруу, жоюу боюнча иштерди белгиленген тартипте уюштуруу;
- мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн жана башкаруунун натыйжасында түшкөн акча каражаттарды белгиленген тартипте алуу жана министрликке которуу;
- мамлекеттик мүлктү ижарага, ишеним менен башкарууга жана күрөөгө өткөрүп берүүнү белгиленген тартипте ишке ашыруу;
- подразделениенин функциялык багыттар боюнча ишинин отчетторун берүү;
- министрликке тапшырылган милдеттердин тийиштүү түрдө аткарылышы үчүн керектүү башка функцияларды аткаруу.
23. Министрликтин аймактык подразделениелеринин жетекчилери аймактык подразделениелерге жүктөлгөн функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчиликте болушат.
24. Министрликтин чечимдери анын ведомствого караштуу жана аймактык подразделениелери тарабынан аткарылууга милдеттүү.
Аймактык подразделениелердин ишинин конкреттүү укуктук жана уюштуруучулук негиздери, функциялары жана каражаттарын түзүүнүн булактары министрликтин чечимдери менен бекитилчү аймактык органдар жөнүндө жоболор менен аныкталат.
25. Аймактык подразделениелер өз алдынча юридикалык жак болушат, казыналыкта жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын агент банктарында эсептери болот, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлүп, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрлөрү болот.
VII. Министрликтин финансысы жана чарбалык иши
26. Министрликти каржылоо, материалдык колдоо жана социалдык төлөмдөр, материалдык-техникалык базаны күтүү жана өнүктүрүү төмөнкүлөрдүн эсебинен ишке ашырылат, алар:
атайын каражаттар, алардын негизин мамлекеттик менчик объекттерин менчиктештирүүдө сатык баасынан сырткары алынчу комиссиялык жыйымдар түзүшөт;
мөөнөтү кечиктирилген комиссиялык жыйымдарга салынган финансылык санкциялар жана кайра берилбеген гарантиялык взностор;
мамлекеттик менчиктештирүү фонду, анын каражаттарын пайдалануу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитчү жобо менен жөнгө салынат;
депозиттик салымдардан түшкөн кирешелер;
эл аралык уюмдардын, донор өлкөлөрдүн кредиттери жана гранттары;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттар.
Министрликтин каражаттары ошондой эле иш берүүчү менен министрликтин кызматкерлеринин өкүлдүк органынын ортосунда түзүлчү жамааттык келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн да пайдаланылат, анын ичинде: кызматкерлерге кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү акылар, сапаттуу аткарылган иштер үчүн жана даталуу күндөргө карата сыйлыктар; кызматкерлерге жеке кошумчаларды белгилөө; акчалай жардам жана кетип жаткандагы пособиелерди берүү; көбөйтүүчү техника, жеке компьютер менен иштегендеги эмгектин зыяндуу шарттары үчүн кошумчалар жана финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык башка төлөмдөр.
VIII. Жыйынтыктоочу жобо
27. Министрликти өзгөртүп уюштуруу жана ишин токтотуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
|
|