Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 25-декабры №809
2010-жылга мамлекеттик суу чарба системасынан суу пайдалануучуларга суу жеткирип берүү кызматына акы төлөө тарифтерин белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Суу кодексине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: 2010-жылга мамлекеттик суу чарба системасынан суу пайдалануучуларга суу жеткирип берүү кызматына акы төлөө тарифтерин белгиленсин.
2. Айылдык товар өндүрүүчүлөр үчүн сугат суу жеткирип берүү кызматы үчүн тарифтер 2010-жылдын 1-январынан тартып ишке киргизилээри белгиленсин.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министри | Д.Үсөнов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-декабрындагы №809 токтому менен бекитилген |
2010-жылга мамлекеттик суу чарба системасынан суу пайдалануучуларга суу жеткирип берүү кызматына акы төлөө ТАРИФТЕРИ
Суу пайдалануучулар субъекттеринин аталышы | Жыл ичинде тарифтердин колдонуу мөөнөтү | Тарифтик став- ка, КНСти кош- погондо (1куб.м суу үчүн тыйын) |
I. Агрардык сектордун суу пайдалануучулары: |
|
|
- кадимки райондор | I жана IV кварталдар | 2,0 |
II жана III кварталдар | 5,0 | |
- жаратылыш-климаттык шарттары оор, ыңгайсыз райондор | I жана IV кварталдар | 1,0 |
II жана III кварталдар | 2,0 | |
II. Өнөр жай жана энергетика секторунун суу пайдалануучулары: | Жыл бою | 10,0 |
III. Коруктар, заказниктер, жаратылыш эстеликтери, улуттук, дендрологиялык жана зоологиялык парктар, маданият, илим, агартуу, саламаттыкты сактоо мекемелери | Жыл бою | 1,0
|