ТоктомКүчүн жоготту

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-декабырындагы №809 «2010-жылга мамлекеттик суу чарба системасынан суу пайдалануучуларга суу жеткирип берүү кызматына акы төлөө тарифтерин белгилөө жөнүндө» токтому

Редакция25.12.2009 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2009-жылдын 25-декабры №809

2010-жылга мамлекеттик суу чарба системасынан суу пайдалануучуларга суу жеткирип берүү кызматына акы төлөө тарифтерин белгилөө жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Суу кодексине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: 2010-жылга мамлекеттик суу чарба системасынан суу пайдалануучуларга суу жеткирип берүү кызматына акы төлөө тарифтерин белгиленсин.

2. Айылдык товар өндүрүүчүлөр үчүн сугат суу жеткирип берүү кызматы үчүн тарифтер 2010-жылдын 1-январынан тартып ишке киргизилээри белгиленсин.

3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигине жүктөлсүн.

 

Премьер-министри

Д.Үсөнов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-декабрындагы №809 токтому менен бекитилген

 

2010-жылга мамлекеттик суу чарба системасынан суу пайдалануучуларга суу жеткирип берүү кызматына акы төлөө ТАРИФТЕРИ

Суу пайдалануучулар субъекттеринин

 аталышы

Жыл ичинде тарифтердин колдонуу мөөнөтү

Тарифтик став- ка, КНСти кош- погондо (1куб.м суу үчүн тыйын)

I. Агрардык сектордун суу пайдалануучулары:

 

 

- кадимки райондор

I жана IV кварталдар

2,0

II жана III кварталдар

5,0

- жаратылыш-климаттык шарттары оор, ыңгайсыз райондор

I жана IV кварталдар

1,0

II жана III кварталдар

2,0

II. Өнөр жай жана энергетика секторунун суу пайдалануучулары:

Жыл бою

10,0

III. Коруктар, заказниктер, жаратылыш эстеликтери, улуттук, дендрологиялык жана зоологиялык парктар, маданият, илим, агартуу, саламаттыкты сактоо мекемелери

Жыл бою

1,0