Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 29-июлу № 429
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоо борбору жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №121, 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888, 2021-жылдын 17-декабры № 318, 2026-жылдын 5-июну № 394 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоо борбору жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №121, 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888, 2021-жылдын 17-декабры № 318 токтомдорунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 827 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо борбору жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 429 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Эмгек , социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Майыптагы бар адамдарды реабилитациялоо борбору жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №121, 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888, 2021-жылдын 17-декабрындагы № 318, 2026-жылдын 5-июну № 394 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштууМайыптыгы бар адамдарды реабилитациялоо борбору (мындан ары - Реабилитациялоо борбору) Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин (мындан ары – Министрлик) ведомстволук мекемеси болуп саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888, 2021-жылдын 17- декабрындагы № 318 токтомдорунун редакциясына ылайык)
2. Реабилитациялоо борбору өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Реабилитациялоо борбору аларга бекитилип берилген мүлктү оперативдүү башкаруу укугунда түзүлгөн юридикалык жак болуп эсептелет.
Реабилитациялоо борборунун уюштуруу-укуктук формасы - мекеме.
Реабилитациялоо борборунун өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, өз алдынча балансы, казыналыкта алыш-бериш эсеби болот.
Реабилитациялоо борборунун толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде - "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Майыптоо бар адамдарды реабилитациялоо борбору";
- расмий тилде - "Центр реабилитации лиц с инвалидностью при Министерстве труда, социального обеспечения и миграции Кыргызской Республики".
Реабилитациялоо борборунун кыскартылып аталышы:
- мамлекеттик тилде: "МБА РБ";
- расмий тилде: "ЦР ЛИ".
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №121, 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888, 2021-жылдын 17-декабрындагы № 318 токтомдорунун редакциясына ылайык)
4. Юридикалык дареги: Бишкек ш., Кривоносов кечөсү, 208.
2. Реабилитациялоо борборунун максаттары жана милдеттери
5. Реабилитациялоо борборунун максаты болуп ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды комплекстүү реабилитациялоо үчүн шарттарды жана алардын коомго жана үй-бүлөгө интеграцияланышына өбөлгө түзүү эсептелет.
6. Реабилитациялоо борборунун милдеттери:
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоонун комплекстүү системаларын түзүү;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу.
3. Реабилитациялоо борборунун функциялары
7. Реабилитациялоо борбору төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоонун комплекст чараларын камсыз кылат;
- булчуңдун алсыздыгын, муундардын начар кыймылын жана контрактурасын болтурбоого, кесилген мултуктардын таянычка жарактуулугуна жана терисинин бышыктыгына багытталган комплекстүү реабилитациялоону жүргүзүү жана кесилген мултукту протездөөгө даярдоо үчүн ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды кабыл алууну жана госпиталдаштырууну ишке ашырат;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн психокоррекциялык иш-чараларды кошкондо компенсатордук-ыңгайлашуу мүмкүнчүлүктөрүн мобилизациялоого багытталган реабилитациялык иш-чараларды жүргүзөт;
- медикаменттик, физиотерапевттик, дене тарбия-ден соолукту чыңдоо реабилитациясын, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын тиштерин дарылоону жана протездөөнү жүзөгө ашырат;
- Реабилитациялоо борборунун директору бекиткен жекече реабилитациялоо программасын ишке ашыруу боюнча иш-чараларды жүргүзөт;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын Реабилитациялоо борборунда болушунун мөөнөтүн, мезгилдүүлүгүн аныктайт;
- реабилитациялоо иш-чараларын үй шартында өткөрүү үчүн (үзгүлтүксүздүк принцибин сактап) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын - балдардын жана жаш өспүрүмдөрдүн, ошондой эле алардын ата-энелери үчүн окутуу-реабилитациялык иш-чараларды камсыз кылат;
- кадрларды тандоону, даярдоону жана жайгаштырууну, квалификацияны жогорулатуу курстарында адистерди окутууну жана квалификациясын, ошондой эле Реабилитациялоо борборунун кадрдык потенциалын жогорулатууну жүзөгө ашырат;
- Реабилитациялоо борборунун материалдык-техникалык базасын керектүү аппаратуралар, жабдуулар жана реабилитациялоо шаймандары менен камсыз кылат;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн гуманитардык жана гранттык жардамдарды тартуу боюнча иштерди жүзөгө ашырат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Реабилитациялоо борборунун имаратынын учурдагы, капиталдык ремонтун ишке ашырат, авариялык жагдайларды болтурбоо жана санитардык-гигиеналык иш-чараларды аткаруу боюнча иш жүргүзөт;
- Реабилитациялоо борборунда жайгашкан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн тамак даярдоого тамак-аш азыктарын сатып келүү жана камдоо жана үч жолу тамак берүү боюнча иштерди камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка функцияларды ишке ашырат.
4. Реабилитациялоо борборунун укуктары
8. Реабилитациялоо борбору төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн реабилитациялоо чараларын жакшыртуу маселелери боюнча Министрликке сунуштарды киргизүүгө;
- экинчи жана үчүнчү деңгээлдердеги адистешкен мекемелерде диагностикалык текшерүү үчүн ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга медициналык-социалдык жардам берүү боюнча белгиленген тартипте дарылоо мекемелери менен өз ара аракеттенүүгө;
- тажрыйба алмашуу жана реабилитациялоо программаларын жүзөгө ашыруу боюнча республиканын реабилитациялоочу мекемелери менен өз ара аракеттенүүгө жана кызматташууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Реабилитациялоо борборунун компетенциясынын чектеринде семинарларды, конференцияларды, конкурстарды өткөрүүгө жана жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн реабилитациялоочу борборлору менен кызматташууга.
5. Реабилитациялоо борборунун ишин уюштуруу
9. Реабилитациялоо борборун министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу директор жетектейт.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №121, 2021-жылдын 17-декабрындагы № 318 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
10. Реабилитациялоо борборунда директордун орун басарынын кызмат орду уюштурулган. Директордун орун басары, башкы бухгалтери Реабилитациялоо борборунун директорунун сунушу боюнча министр тарабынан кызматка дайындалышат жана кызматтан бошотулушат.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 17-декабрындагы № 318 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Директор:
- Реабилитациялоо борборуна жүктөлгөн милдеттердин жана функцияларын аткарылышы үчүн жеке жооп берет;
- ишеним катсыз ишкананын атынан аракеттенет, бардык мекемелерде жана уюмдарда аньш атынан иш алып барат;
- эмгек мыйзамдарына ылайык Реабилитациялоо борборунун кызматкерлерин дайындайт жана бошотот, аларды сыйлоо жана тартипке салуу чараларын көрөт;
- Реабилитациялоо борборунун кызматкерлеринин функциялык милдеттерин бекитет;
- иштеги жетишкендиктери жана демилге көрсөткөндүгү үчүн Реабилитациялоо борборунун кызматкерлерин мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктар менен сыйлоого сунуштайт;
- Реабилитациялоо борборунун түзүмүн жана кызмат орундарынын тизмесин, чыгымдарынын сметасын (тамак-ашка, дары-дармектерге жана чыгымдардын башка беренелерине) министрдин бекитүүсүнө берет;
- белгиленген тартипте Реабилитациялоо борборунун каражаттарын тескейт жана мүлкүн башкарат;
- Реабилитациялоо борборунун компетенциясына кирген маселелер боюнча буйруктарды чыгарат жана чечимдерди кабыл алат;
– коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштөөсүн камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Реабилитациялоо борборунун ишине жетекчилик кылуу боюнча башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июну № 394 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Реабилитациялоо борбору сапатгуу реабилитациялоону жүргүзүү үчүн жети адамдан ашпаган жынысы, курагы, ден соолук абалы боюнча бириктирилген, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын реабилитациялык топторун түзө алат.
13. Реабилитациялоо борбору:
- республиканын алыскы региондорунда жашаган, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга жылына 1 жолу бир тарапка автомобиль транспортуна (таксиден башка) жол киресин төлөйт;
- 1-2-топтогу майыптыгы бар ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды ооруканага жаткыруу учурунда аларды коштоочу адамдар, койка-орун жана тамак-аш менен камсыз кылат.
6. Реабилитациялоо борборун каржылоо
14. Реабилитациялоо борборун каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынан жана бюджеттен тышкаркы каражаттардан (демөөрчүлүк жардамдан, гранттардан, юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнөн, ошондой эле мыйзамдарга карама-каршы келбеген башка каражаттардан) каралат.
15. Реабилитациялоо борбору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бухгалтердик эсепти жана статистикалык отчёттуулукту жүргүзөт.
16. Реабилитациялоо борборунун кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттарын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилейт.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 17-декабрындагы № 318 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Реабилитациялоо борборун өзгөртүп түзүү жана жоюу
17. Реабилитациялоо борборунун иши мыйзамдарга ылайык ал өзгөртүп түзүлгөн же жоюлган учурда токтотулушу мүмкүн.
18. Жоюлган учурда документтер Кыргыз Республикасынын архив фонду жөнүндө мыйзамдарга ылайык сакталат жана колдонулат.