Загрузка документа…
ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2009-жылдын 29-декабры №832
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 26-июнундагы N 471 "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун ишке ашыруу боюнча уюштуруу иш-чаралары тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын аткаруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү, "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексин сактоону жана натыйжалуу пайдаланууну андан ары камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 26-июнундагы №471 "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин уставын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин уставына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- бардык текст боюнча "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданиятты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссия" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4.1-пункттагы "жана Ош облустук маданият башкармасы" деген сөздөр алып салынсын;
- 4.2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"4.2. Башкы директорду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигинин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.";
- 4.5-пункттун төртүнчү абзацы "түзүмүн" деген сөздөн кийин "жана штаттык расписаниесин эмгек акы төлөө фондусунун чегинде" деген сөздөр менен толукталсын;
6.1-пункттун үчүнчү абзацындагы "облустук маданият башкармасынын жана" деген сөздөр алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
Премьер-министри | Д.Үсөнов |