ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы №832 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 26-июнундагы №471»Сулайман-Тоо«улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин уставын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

Редакция29.12.2009 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

2009-жылдын 29-декабры №832

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 26-июнундагы N 471 "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун ишке ашыруу боюнча уюштуруу иш-чаралары тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын аткаруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү, "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексин сактоону жана натыйжалуу пайдаланууну андан ары камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 26-июнундагы №471 "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин уставын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин уставына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

- бардык текст боюнча "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданиятты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссия" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 4.1-пункттагы "жана Ош облустук маданият башкармасы" деген сөздөр алып салынсын;

- 4.2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"4.2. Башкы директорду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигинин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.";

- 4.5-пункттун төртүнчү абзацы "түзүмүн" деген сөздөн кийин "жана штаттык расписаниесин эмгек акы төлөө фондусунун чегинде" деген сөздөр менен толукталсын;

6.1-пункттун үчүнчү абзацындагы "облустук маданият башкармасынын жана" деген сөздөр алып салынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

 

Премьер-министри

Д.Үсөнов