Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-апрелиндеги № 219 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы "Инфо-Система" мамлекеттик мекемеси жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 29-июлундагы №148 токтомунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
II. Мекеменин милдеттери жана функциялары
III. Мекеменин укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги
IV. Мекемени башкаруу
V. Эсеп, пландаштыруу, отчеттуулук
VI. Мекеменин мүлкү
VII. Мекемени кайра уюштуруу жана жоюу
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы "Инфо-Система" мамлекеттик мекемеси (мындан ары - мекеме) казыналыктын системасында мамлекеттик бюджеттин аткарылышы боюнча жана мамлекеттик органдарга - мамлекеттик кызматчылардын эсебин алууну жана башкарууну уюштуруу боюнча маалыматтык-коммуникациялык кызмат көрсөтүү үчүн "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 20-ноябрындагы N 410 Жарлыгын жүзөгө ашыруу максатында түзүлгөн.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 29-июлундагы №148 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Мекеме өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат. Мекеме Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин түздөн-түз баш ийүүсүндө турат.
3. Мекеме оперативдүү башкаруу укугунда түзүлгөн юридикалык жак болуп саналат, ал белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын банктарында жана чет өлкөлүк банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди, анын ичинде валюталык эсепти ачуу укугуна ээ.
4. Мекеме мамлекеттик жана расмий тилдеги өзүнүн аталышы бар мөөргө, штампка, бланктарга жана башка реквизиттерге ээ.
5. Мекеменин расмий толук аталышы:
кыргыз тилинде: "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы "Инфо-Система" мамлекеттик мекемеси";
орус тилинде: "Государственное учреждение "Инфо-Система" при Министерстве финансов Кыргызской Республики".
6. Мекеменин юридикалык дареги: Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 58 "а".
7. Мекеменин негизги милдети мамлекеттик бюджетти аткаруу боюнча жана мамлекеттик органдарга мамлекеттик кызматчылардын эсебин алууну жана башкарууну уюштуруу боюнча казыналык системасына маалыматтык-коммуникациялык кызматтарды көрсөтүү болуп саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 29-июлундагы №148 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Мекеменин негизги функциялары төмөнкүлөр болуп эсептелет:
- казыналыктын жана мамлекеттик органдардын маалыматтык-коммуникациялык системаларынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу боюнча иштерди аткаруу, аппараттык жана телекоммуникациялык жабдууларды колдоо;
- программалык-аппараттык каражаттарды системалык-техникалык тейлөөнү ишке ашыруу жана мекемелердин иштеринин алкагында казыналыктын маалыматтык системасын жана казыналыкты башкаруунун маалыматтык системасын жана адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык системасын түзүүнүн максаттарына жана милдеттерине ылайык мамлекеттик органдарды жана бюджеттик процесстин башка катышуучуларын коштоо;
- мамлекеттик финансылык маалыматтык системалардын өз ара аракет системасын түзүүгө жана техникалык колдоого катышуу;
- бюджеттик процесстин катышуучуларын маалыматташтыруу чөйрөсүндө иштерди ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык маалыматтык коопсуздукту камсыздоо боюнча иштерди жүргүзүү;
- казыналыктын жана мамлекеттик органдардын системаларын модернизациялоо боюнча маалыматтык системаларды программалык камсыздоону иштеп чыгуу жана техникалык колдоо;
- конференцияларды, семинарларды, көргөзмөлөрдү жана мекеменин компетенциясына кирген маселелер боюнча башка иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
- иштердин белгиленген чөйрөсүндө илимий-техникалык жана инвестициялык программалар менен долбоорлордун мамлекеттик заказчысынын функцияларын ишке ашыруу;
- маалыматтык ресурстар жана технологиялар жаатында илим-изилдөө жана инновациялык иштерди жүргүзүү.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 29-июлундагы №148 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Мекеме ушул Жободо аныкталган милдетин жүзөгө ашыруу үчүн төмөндөгүлөргө укуктуу:
- техникалык тапшырмалардын долбоорлорун иштеп чыгууга, казыналыктын жана мамлекеттик органдардын маалыматтык-коммуникациялык системаларын өркүндөтүү боюнча техникалык чечимдерди ишке киргизүүгө жана коштоого;
- техникалык тапшырмалардын, техникалык шарттардын жана бюджеттик процесстин катышуучуларынын жана мамлекеттик органдардын аларды пайдалануу, сактоо жана иштетүү боюнча башка нормативдик-техникалык документтерди иштеп чыгууга катышууга;
- материалдык ресурстарды, мүлктү, анын ичинде негизги каражаттарды накталай эмес жана накталай эсептешүү менен юридикалык жана жеке жактардан алууга;
- юридикалык жана жеке адамдар менен белгиленген тартипте эсептешүүлөрдү, анын ичинде накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө;
- обочолонгон мүлк ээлөөгө, өзүнүн атынан мүлктүк жана өздүк мүлктүк эмес укук алууга жана милдет аткарууга, соттордо доогер жана жоопкер болууга;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин макулдугу боюнча мекеменин иш максаттары жана милдеттерине ылайык юридикалык жана жеке жактар менен келишим түзүүгө;
- мекеменин кызматкерлерине консультация берүү жана окутуу жана башка максаттар үчүн адистерди келишимдик негизде белгиленген тартипте тартууга;
- мекеменин кызматкерлерин иш сапарына, анын ичинде чет өлкөлөргө, ошондой эле эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышуу үчүн жөнөтүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эл аралык уюмдар менен өз ара аракет жана кызматташтыкты ишке ашырууга;
- эмгек келишимдеринин жана башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде иштерди аткаруу үчүн жарандарды тартууга;
- белгиленген тартипте мекеменин милдеттерине ылайык керектүү ишмердикти ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүүгө;
- жарнак берүүчү болуп чыгууга.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 29-июлундагы №148 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Мекеме төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- бардык иштегендер үчүн эмгектин коопсуз шартын камсыз кылууга жана алардын саламаттыгына жана эмгекке жарамдуулугуна келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
- мекеменин финансылык абалына карабастан түзүлгөн келишимдерге жана контракттарга ылайык мекеменин бардык кызматкерлери менен толук эсептешүүгө;
- мекеменин кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун дагы башка түрлөрү менен камсыз кылууга;
- мекеменин отчетторун салык органдарына өз убагында берүүгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жана өлчөмдөрдө салыктарды төлөөгө.
11. Мекеме оперативдүү башкарууга өткөрүлүп берилген мамлекеттик мүлктү сактоону камсыз кылууга милдеттүү.
12. Мекеменин ишине жалпы жетекчиликти мекеменин директору ишке ашырат.
13. Директор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын финансы министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
14. Мекеменин директору ишеним катсыз мекеменин атынан аракеттенет, келишимдерди түзөт, анын ичинде эмгек келишимин түзөт, ишеним кат берет, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, каражаттарды тескөө укугунан пайдаланат, белгиленген тартипте мекеменин бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет, белгиленген тартипте мекеменин персоналын ишке кабыл алат жана иштен бошотот.
15. Мекеменин кызматкерлеринин иш режими жана эс алуусу, аларды социалдык камсыздоо жана социалдык камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын нормалары менен жөнгө салынат.
16. Мекеменин түзүмү жана штаттык саны мекеменин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын финансы министри тарабынан бекитилет. Мекеменин директору мекеменин кызматкерлерин сыйлоо тартибин аныктайт.
17. Мекеменин директору соттордо мекеменин таламын көрсөтүүгө, башка уюмдар, мекемелер менен мамиле түзүүгө укуктуу.
18. Директор мекемеге жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
19. Мекеме өз ишмердигин өз алдынча иштелип чыккан иш пландардын негизинде жүргүзөт. Мекеменин келечектеги, жылдык жана учурдагы иш пландары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрдык кызматы менен макулдашуу боюнча бекитилет.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 29-июлундагы №148 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Мекеменин иш пландарынын негизин жеке жана юридикалык жактар менен мамилени жөнгө салуучу узак мөөнөттүү жана башка келишимдер түзөт.
21. Мекеме өз ишинин натыйжаларын бухгалтердик эсепке алууну жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте статистикалык отчеттуулукту алып барат.
22. Мекеме салык салуу жана экономикалык маалымат жыйноонун жана иштетүүнүн жалпы мамлекеттик системасын жүргүзүү үчүн зарыл маалыматтарды компетенттүү мамлекеттик органдарга берет.
23. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте суралган маалыматты берүүдөн баш тарткандыгы, толук эмес маалымат бергендиги же аны бурмалагандыгы үчүн, ошондой эле отчеттуулукту бурмалагандыгы үчүн мекеменин кызмат адамы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартат.
24. Мекеме карамагындагы өзүнүн милдеттенмелери, акча каражаттары боюнча жооп берет.
25. Мекеменин мүлкү ага оперативдүү башкаруу укугунда бекитилген.
26. Негизги фонддор менен жүгүртүү каражаттары, ошондой эле наркы мекеменин өз алдынча балансында көрсөтүлгөн башка материалдык байлыктар мекеменин мүлкүн түзөт.
27. Мекеменин мүлкүн түзүүнүн булактары төмөнкүлөр болуп саналат:
- республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде турган мекемелер үчүн каралган каражаттардан 0,1 пайыз өлчөмүндөгү чегерүүлөр;
- мекеменин карамагында болгон мүлк;
- гранттар, банктардын жана башка кредиторлордун насыялары;
- юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
- мамлекеттик заказдарды аткаруу үчүн келип түшкөн каражаттар;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка кирешелер.
28. Мекеме тарабынан алынган киреше, ошондой эле өздүк каражаттын эсебинен алынган мүлк ага менчик укугунда таандык.
29. Мекемени жоюу жана кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте сот тарабынан ишке ашырылат.
30. Мекеменин иши токтогондо жана анын ишмердигинин жүрүшүндө пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.