Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №114 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 4-августу №148
"Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы "Инфо-Система" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-апрелиндеги № 219 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу
Мамлекеттик кызмат тарабынан коомго көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жетекчилиги жана кадрдык кызматтары үчүн интеграцияланган бирдиктүү маалыматтык мейкиндиктин негизинде, мамлекеттик органдардын кызматчыларын эсепке алуу жана башкаруу жүрүмдөрүн автоматташтыруу жолу менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын башкаруунун натыйжалуулугун арттыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдында "Инфо-Система" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-апрелиндеги №219 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы "Инфо-Система" мамлекеттик мекемеси жөнүндө Жободо:
- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы "Инфо-Система" мамлекеттик мекемеси (мындан ары - мекеме) казыналыктын системасында мамлекеттик бюджеттин аткарылышы боюнча жана мамлекеттик органдарга - мамлекеттик кызматчылардын эсебин алууну жана башкарууну уюштуруу боюнча маалыматтык-коммуникациялык кызмат көрсөтүү үчүн "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 20-ноябрындагы № 410 Жарлыгын жүзөгө ашыруу максатында түзүлгөн";
- 7-пункту "мамлекеттик бюджетти аткаруу боюнча" деген сөздөрдөн кийин "жана мамлекеттик органдарга мамлекеттик кызматчылардын эсебин алууну жана башкарууну уюштуруу боюнча" деген сөздөр менен толукталсын;
- 8-пунктта:
экинчи абзацы "казыналыктын маалыматтык-коммуникациялык системасынын" деген сөздөрдөн кийин "казыналыктын жана мамлекеттик органдардын маалыматтык-коммуникациялык системаларынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
үчүнчү абзацы "казыналыктын маалыматтык системасын" деген сөздөрдөн кийин "жана казыналыкты башкаруунун маалыматтык системасын жана адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык системасын түзүүнүн максаттарына жана милдеттерине ылайык мамлекеттик органдарды" деген сөздөр менен толукталсын;
алтынчы абзацындагы "казыналык системасын" деген сөздөр "казыналыктын жана мамлекеттик органдардын системаларын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 9-пунктта:
экинчи абзацындагы "казыналыктын маалыматтык-коммуникациялык системасын" деген сөздөр "казыналыктын жана мамлекеттик органдардын маалыматтык-коммуникациялык системаларын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
үчүнчү абзацы "бюджеттик процесстин катышуучуларынын" деген сөздөрдөн кийин "жана мамлекеттик органдардын" деген сөздөр менен толукталсын;
19-пункту "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы тарабынан" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрдык кызматы менен макулдашуу боюнча" деген сөздөр менен толукталсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы "Инфо-Систем" мамлекеттик мекемесин күтүүгө мекемелердин бюджеттик каражаттарын чегерүү тартиби жөнүндө Жободо:
- 1-пункту "Казыналык системасындагы" деген сөздөрдөн кийин "мамлекеттик бюджетти аткаруу боюнча жана мамлекеттик органдарга - мамлекеттик кызматтын кызматчыларынын эсебин алууну жана башкарууну уюштуруу боюнча" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-пункту "мамлекеттик бюджетти аткаруу боюнча" деген сөздөрдөн кийин "жана мамлекеттик органдарга мамлекеттик кызматтын кызматчыларын эсепке алууну жана башкарууну уюштуруу боюнча" деген сөздөр менен толукталсын;
- 4-пунктта:
экинчи абзацындагы "казыналык системасындагы маалыматтык системасынын" деген сөздөр "казыналыктын жана мамлекеттик органдардын маалыматтык системаларынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
алтынчы абзацындагы "казыналык системасын" деген сөздөр "казыналык жана мамлекеттик органдар системаларын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 7-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
"Финансылык-чарбалык иштерин чыгымдардын бир статьясы боюнча жүзөгө ашыруучу бюджеттик мекемелер чегерүүлөрдү ушул статья боюнча жүргүзөт.".
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрдык кызматы өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти | Р.Отунбаева |