Редакцияот 12.01.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2010-жылдын 12-январы № 3

 

"Аскер кызматкерлерине, ички иштер, финансылык полиция, атайын байланыш кызматынын, жазык-аткаруу системасынын, баңгизаттарды контролдоо органдарынын катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга, алардын үй-бүлөсүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия, пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы № 12 токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын финансылык полиция органдарынын кызматкерлерин социалдык жактан коргоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Аскер кызматкерлерине, ички иштер, финансылык полиция, атайын байланыш кызматынын, жазык-аткаруу системасынын, баңгизаттарды контролдоо органдарынын катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга, алардын үй-бүлөсүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия, пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы № 12 токтому менен бекитилген Аскер кызматкерлерине, ички иштер, финансылык полиция, атайын байланыш кызматынын, жазык-аткаруу системасынын, баңгизаттарды контролдоо органдарынын катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга, алардын үй-бүлөсүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия, пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобого төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

3-пункттун "г" пунктчасында:

- он биринчи абзац "Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча агентствонун директору тарабынан аныкталат" деген сөздөрдөн кийин ", финансылык полиция органдарынын атайын багытталган бөлүмдөрдө - 2008-жылдын 10-сентябрынан тартып Кыргыз Республикасынын мамлекеттик финансылык полиция кызматынын төрагасы тарабынан аныкталган шарттарда бөлүмдөрдүн, кызмат орундардын тизмеси боюнча" деген сөздөр менен толукталсын;

- он жетинчи абзацта:

- "ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнүн жана мекемелеринин" деген сөздөрдөн кийин "финансылык полиция органдарынын" деген сөздөр менен толукталсын;

- "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция мамлекеттик кызматы" деген сөздөр менен толукталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция мамлекеттик кызматына өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирүү сунушталсын.

 

Премьер-министри

Д.Үсөнов