Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 28-январы № 43
Кыргыз Республикасынын Президентинин "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине өмүр бою берилүүчү Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясын белгилөө жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-майындагы № 274 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 28-январындагы № 20 "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине өмүр бою берилүүчү Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясын белгилөө жөнүндө" Жарлыгын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине өмүр бою берилүүчү Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясын төлөөнүн тиркелген Тартиби бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине Кыргыз Республикасынын Президентинин өмүр бою берилүүчү стипендиясын төлөөнү жүзөгө ашыруучу социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чыгымдарын жыл сайын толук көлөмдө каржылоону камсыз кылсын.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-майындагы № 274 токтомунун редакциясына ылайык)
3. социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Президентинин өмүр бою берилүүчү стипендиясын райондук, шаардык социалдык жактан коргоо башкармалары аркылуу, бекитилген Тартипке ылайык төлөсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-майындагы № 274 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Президентинин өмүр бою берилүүчү стипендиясын ар бир алуучуга өз убагында жеткирүүнү камсыз кылсын.
5. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-майындагы № 274 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Премьер-министри | Д.Үсөнов |