Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 21-апрелиндеги № 161, КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-майындагы № 290 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2013-жылдын 17-майы № 274
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын калкына социалдык кепилдиктерди жана компенсацияларды берүү тартибин өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 22-февралындагы № 79 "Чернобыль апаатынын кесепетинен жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 6, 8-пункттарындагы "социалдык коргоо жаатындагы" жана "социалдык жактан камсыз кылуу органдарын" деген сөздөр тиешелүү түрдө "социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү" жана "социалдык өнүктүрүүнүн аймактык органдарын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында Чернобыль катастрофасынын кесепетинен жапа чегишкен граждандарына социалдык гарантияларды жана компенсацияларды берүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
12-пунктундагы "социалдык коргоо органдары" деген сөздөр "социалдык өнүктүрүүнүн аймактык органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 28-сентябрындагы № 401 "Саясий жана диний ынанымы, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 3, 4-пункттарындагы "социалдык коргоо чөйрөсүндөгү" жана "социалдык коргоо органдары менен" деген сөздөр тиешелүү түрдө "социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү" жана "социалдык өнүктүрүүнүн аймактык органдары менен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Саясий жана диний ынанымы, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укуктарын калыбына келтирүү тартиби жөнүндө жободо:
бүткүл тексти боюнча:
түрдүү жөндөмөдөгү "социалдык коргоо бөлүмдөрү", "Кыргыз Республикасынын калкын социалдык жактан коргоо органдары", "социалдык коргоо органдары" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "социалдык өнүктүрүүнүн аймактык органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
"Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук министрлиги" жана "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
11-пункту күчүн жоготту деп табылсын;
14-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"14. Акталган жарандарды медициналык тейлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында жүргүзүлөт.".
3. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 21-апрелиндеги № 161 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 31-июлундагы № 348 "Согуштун, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- бүткүл тексти боюнча "социалдык коргоо чөйрөсүндөгү" жана "социалдык коргоонун аймактык органдары" деген сөздөр тиешелүү түрдө "социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү" жана "социалдык өнүктүрүүнүн аймактык органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-майындагы № 290 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-январындагы № 43 "Кыргыз Республикасынын Президентинин "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине өмүр бою берилүүчү Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясын белгилөө жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин" деген сөздөр "социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-пунктундагы:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттиги" деген сөздөр "социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- "социалдык жактан коргоо башкармалары" деген сөздөр "социалдык өнүктүрүү башкармалыгы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 5-пункту күчүн жоготту деп табылсын;
- жогоруда аталаган токтом менен бекитилген 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине өмүр бою берилүүчү Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясын төлөөнүн тартибинде:
3-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин райондук жана шаардык социалдык коргоо башкармаларында (мындан ары - СКБ)" деген сөздөр "социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын райондук жана шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыктарында (мындан ары - СӨБ)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
бүткүл тексти боюнча "СКБ" аббревиатурасы "СӨБ" аббревиатурасына алмаштырылсын;
14-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигине" деген сөздөр "Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 21-апрелиндеги № 161 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| Ж.Сатыбалдиев |