Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-январындагы №43 токтому менен бекитилген |
1941-1945-жылдардагы Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине өмүр бою берилүүчү Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясын төлөөнүн ТАРТИБИ
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-майындагы № 274 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 28-январындагы № 20 "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине өмүр бою берилүүчү Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясын белгилөө жөнүндө" жана 2014-жылдын 30-апрелиндеги № 98 "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине өмүр бою берилүүчү Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясына үстөк акы белгилөө жөнүндө" жарлыктарына ылайык республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен өмүр бою берилүүчү 3000 (үч миң) сом өлчөмүндөгү стипендия (мындан ары - стипендия) жана Президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунун каражаттарынын эсебинен өмүр бою берилүүчү стипендияга 3000 (үч миң) сом өлчөмүндөгү үстөк (мындан ары - үстөк) төлөнөт:- Улуу Ата-Мекендик согуштун майыптарына;
- Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучуларына;
- 1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейин блокада мезгилинде Ленинград шаарындагы ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген жана "Ленинградды коргогондугу үчүн" медалы менен сыйланган адамдарга жана "Блокадада калган Ленинграддын тургуну" белгиси менен сыйланган адамдарга;
- экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары түзгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармаган жерлердин жашы жетелек туткундарынын ичиндеги адамдарга.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-июлундагы № 391 токтомуна ылайык)
2. Стипендияларды чектөө республиканын бардык аймактарында 2010-жылдын 1-мартына чейин, ал эми стипендияларды төлөө 2010-жылдын 1-апрелинен баштап жүргүзүлөт.
Стипендия алуучулардын бардыгына стипендияга үстөк дайындоо жана төлөө 2014-жылдын 1-майынан тартып республиканын бүткүл региондорунда жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-июлундагы № 391 токтомуна ылайык)
3. Стипендияны жана үстөктү алуу үчүн зарыл шарт - ар бир алуучунун социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын райондук жана шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыктарында (мындан ары - СӨБ) жыл сайын милдеттүү түрдө кайра катталышы болот.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-майындагы № 274, 2014-жылдын 15-июлундагы № 391 токтомдорунун редакциясына ылайык)
4. Стипендиялар жана үстөктөр туруктуу жашаган жериндеги СКБде, аймактык ички иштер органдарындагы милдеттүү түрдө каттоосу (пропискасы) менен чектелет.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-июлундагы № 391 токтомуна ылайык)
5. Стипендия жана үстөк өмүр бою чектелет, стипендия алуучу адамдарды жыл сайын кайта каттоо жүргүзүлөт жана ай сайын төлөнөт.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-июлундагы № 391 токтомуна ылайык)
6. Стипендияларды жана үстөктөрдү төлөөгө документтерди тариздөө ар бир алуучуга жазылган тапшырмалар боюнча СКБлар тарабынан жүзөгө ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-июлундагы № 391 токтомуна ылайык)
7. Стипендиялар жана үстөктөр жашаган (катталган) жери боюнча "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын райондук, шаардык филиалдары тарабынан белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана паспорт көрсөтүлгөн учурда төлөнөт.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-июлундагы № 391 токтомуна ылайык)
8. СКБда стипендияны жана үстөктү төлөө аны алуучу кайтыш болгон учурда кайтыш болгон датадан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып токтотулат.
Стипендия жана үстөк алуучунун туруктуу жашаган жери өзгөргөн учурда (жаңы жерге көчүп кеткенде) ал СКБда стипендия чектөө жана төлөө токтотулат. Төлөө жаңы туруктуу жашаган жери боюнча СКБда төмөнкүлөрдүн негизинде улантылат:
- жеке арыздын;
- мурда жашаган жери боюнча СКБда эсептен чыгарылганы жөнүндө маалымкаттын.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-июлундагы № 391 токтомуна ылайык)
9. Стипендия жана үстөк алуучу отчеттук айдын ичинде кайтыш болгон учурда алынбай калган стипендия ал кайтыш болгон күнгө карата аны менен бирге жашаган (катталган) үй-бүлө мүчөлөрүнө алар бул адам кайтыш болгон учурдан тартып 6 айдын ичинде СКБга кайрылган учурда төлөнөт.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-июлундагы № 391 токтомуна ылайык)
10. Алынбай калган стипендияны жана үстөктү кайтыш болгон стипендия алуучунун үй-бүлө мүчөлөрүнө төлөөнү тариздөө үчүн төмөнкүлөрдү тиркөө менен СКБга арыз берүү зарыл:
- алуучу кайтыш болгондугу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;
- нике жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн (жесирлер жана жесилдер үчүн);
- туулгандыгы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн (балдар жана неберелер үчүн);
- паспорттун көчүрмөсүн (анкета баракчасы, жашаган жери боюнча каттоо жөнүндө барак - каттоо);
- жашаган жеринен катталгандык жана бирге жашагандык фактысын ырастаган маалымкат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-июлундагы № 391 токтомуна ылайык)
11. Стипендияга жана үстөккө укугу бар, мамлекеттик бюджеттен каржылануучу кары-картаңдар жана майыптар үчүн жатак үйлөрдө жашаган адамдарга стипендиялар жалпы негизде төлөнөт. Төлөмдөрдү тариздөө жатак үй жайгашкан жер боюнча райондук жана шаардык СКБлар аркылуу жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-июлундагы № 391 токтомуна ылайык)
12. "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын райондук, шаардык филиалдары стипендияларды жана үстөктөрдү төлөйт, андан соң төлөнгөн жана төлөнбөй калган суммалар жөнүндө СКБга белгиленген тартипте ай сайын отчет берет.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-июлундагы № 391 токтомуна ылайык)
13. СКБлардын жетекчилери жана кызматкерлери, ошондой эле "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын райондук, шаардык филиалдарынын жетекчилери жана кызматкерлери стипендиялар жана үстөктөр туура чектелиши жана төлөөнүшү үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамына ылайык жеке жоопкерчилик тартышат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-июлундагы № 391 токтомуна ылайык)
14. Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга почталык байланыш бөлүмдөрү төлөгөн акчалай стипендиялардын жана үстөктөрдүн суммалары тууралыгын текшерүү максатында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын бөлүмдөрүнө ылгап текшерүү жүргүзүүгө укук берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-майындагы № 274, 2014-жылдын 15-июлундагы № 391 токтомдорунун редакциясына ылайык)