Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-апрелиндеги №180 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 28-январы №44
Кыргыз Республикасынын Президентинин "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин социалдык жактан колдоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 28-январындагы № 19 "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин социалдык жактан колдоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине кошумча бир жолку юбилейлик акчалай жөлөкпул төлөөнүн тиркелген тартиби (мындан ары - Тартип) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигине 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку юбилейлик акчалай жөлөкпул төлөө үчүн акча каражат бөлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттиги бир жолку юбилейлик акчалай жөлөкпул социалдык коргоонун райондук, шаардык башкармалары аркылуу, бекитилген Тартипке ылайык төлөнүшүн камсыздасын.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине төлөөгө бир жолку юбилейлик акчалай жөлөпул өз убагында жеткирилишин камсыздасын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 270 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 27-апрелиндеги "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 64 жылдыгын майрамдоого жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку социалдык колдоо көрсөтүүнүн кошумча чаралары жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн.
Премьер-министри | Д.Үсөнов |