Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-апрелиндеги №180 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-январындагы №44 токтому менен бекитилген |
1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине кошумча бир жолку юбилейлик акчалай жөлөкпул төлөөнүн ТАРТИБИ
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 28-январындагы №19 "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлерин социалдык жактан колдоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Жарлыгына ылайык бир жолку юбилейлик акчалай жөлөкпул (мындан ары - акчалай жөлөкпул) республикалык бюджеттин каражатынан төмөнкүдөй өлчөмдө төлөнөт:
- Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына - 15000 (он беш миң) сом өлчөмдө;
- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына - 15000 (он беш миң) сом өлчөмдө;
- 1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейин курчоого алуу мезгилинде Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында иштеген жана "Ленинградды коргогондугу үчүн" медалы менен сыйланган адамдарга, жана "Курчоодогу Ленинграддын тургуну" белгиси менен сыйланган адамдарга - 15000 (он беш миң) сом өлчөмдө;
- экинчи дүйнөлүк согуштун мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары түзгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармаган жерлердин мурдагы жашы жетелек туткундарына - 15000 (он беш миң) сом өлчөмдө;
- Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрүнө - 5000 (беш миң) сом өлчөмдө;
- Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында ооруктагы каарман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызмат өтөгөндүгү үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйлангандарга - 5000 (беш миң) сом өлчөмдө;
- Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында жумушчу колонналарга (эмгек армиясына) мыйзамсыз зомбулук менен мобилизациялоого дуушар болгон жана кийин акталган жарандарга - 5000 (беш миң) сом өлчөмдө.
2. 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине акчалай жөлөкпул ар жылкы төлөмдөр сыяктуу, райондук, шаардык социалдык жактан коргоо башкармаларынын (мындан ары - СКБ) тизмелери боюнча Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын аймактык байланыш бөлүмдөрү (мындан ары - байланыш бөлүмдөрү) аркылуу 9-майга карата төлөнөт.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы, Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Рынокту тескөө жана көзөмөлдөө кызматы жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду 2010-жылдын 1-мартына чейин Мамлекеттик агенттикке Улуу Ата-Мекендик согуштун акчалай жөлөкпул алууга укугу бар ардагерлеринин тизмелерин райондор жана шаарлар боюнча берет.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттиги (мындан ары - Мамлекеттик агенттик) күч структуралары берген Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлеринин тизмелерин акчалай жөлөкпул төлөө үчүн 2010-жылдын 10-мартына чейинки мөөнөттө СКБга жиберет.
5. Жер-жерлердеги СКБлар 2010-жылдын 25-мартына чейин байланыш бөлүмдөрүнүн өңүтүндө кошумча акчалай жөлөкпул алуучуларга ведомостторду түзөт.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги (мындан ары - Финмин) Мамлекеттик агенттик райондор, шаарлар боюнча даярдаган бюджеттик тапшырмалар боюнча акчалай жөлөкпул төлөөгө СКБларга кредиттерди 2010-жылдын 1-апрелине чейин, байланыш кызматтарынын наркын эске алуу менен ачат.
7. СКБ акчалай жөлөкпулдарды төлөө үчүн акчалай финансылык каражаттарды байланыш бөлүмдөрүнө эки күндүк мөөнөттө которот. Байланыш бөлүмдөрү акчалай жөлөкпулду 2010-жылдын 20-апрелине чейин төлөйт.
8. Төлөмдөр аяктагандан кийин байланыш бөлүмдөрү СКБга отчет беришет. СКБлар бюджеттик каражаттар боюнча Мамагенттиктин Социалдык жактан коргоо жана гуманитардык жардамдар боюнча департаментине байланыш бөлүмдөрүнүн СКБ тараптан текшерилген салыштыруу актылары тиркелген отчетторун беришет.
9. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги төлөө учурунан тартып акчалай жөлөкпулду төлөө жөнүндө маалыматты Мамлекеттик агенттикке жума сайын берет.
10. Акчалай жөлөкпулду төлөө аяктагандан кийин байланыш бөлүмдөрү "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын облустук филиалдарына маалымат жана отчет беришет жана жалпыланган маалыматты "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасына беришет, ал Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине отчет берет.
11. Мамлекеттик агенттик акчалай жөлөкпул төлөнгөнү жөнүндө 2010-жылдын 1-августуна карата Финминге облустар жана шаарлар боюнча отчет берет.
12. Акчалай жөлөкпул алуучу адам 2010-жылдын 1-апрелинен 31-майына чейинки мезгилде каза болгон учурда жөлөкпул анын каза болгон күнүнө карата аны менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө, алар СКБга каза болгон күндөн тартып 6 айдын ичинде кайрылган учурда төлөнөт. Бул учурда жесирлер (жесилдер), ошондой эле үй-бүлө мүчөлөрү СКБга жөлөкпулду өзүнүн атына кайра тариздөө үчүн каза болгондугу тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсүн тиркөө менен жеке арыз бериши керек.
13. Дайындалган, бирок жүйөлүү себептер боюнча толук алынбай калган акчалай жөлөкпулду төлөп берүү Мамлекеттик агенттиктин уруксаты боюнча кошумча тизмелердин негизинде 2010-жылдын 31-декабрына чейин жүргүзүлөт.