Загрузка документа…
КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-августундагы № 153 токтомуна ылайык күчүн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 17-сентябры № 584
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-сентябрындагы № 521 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын Меккеге ажыга барышын уюштуруу жана жүзөгө ашыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын жарандарынын Меккеге ажыга барышын уюштурууну тартипке салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-сентябрындагы № 521 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын Меккеге ажыга барышын уюштуруу жана жүзөгө ашыруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын Меккеге зыяратка (ажыга, умрага) барышын уюштуруу жана жүзөгө ашыруу жөнүндө жобонун 2-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Меккеге ажыга баруучуларды борбордоштуруп жөнөтүүнүн тартибин жана маршрутун жогоруда аталган Макулдашууда каралган талаптарга ылайык Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги аныктайт.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | И.Чудинов |