Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-августундагы №178 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 19-сентябры №605
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик менчик объекттерин менчиктештирүүнү ылдамдатуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти койгон милдеттерди ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 26-мартындагы 2 №168 "Мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү конкурска коюп сатуу ыкмасы менен менчиктештирүү жөнүндө жобого төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Эгерде менчиктештирүү объекти коммерциялык же инвестициялык конкурсту өткөргөндөн кийин сатылбай калса, ал баасы белгиленбеген конкурска коюлушу мүмкүн.";
- 10-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Баасы белгиленбеген конкурстун катышуучулары үчүн кепилдик төгүмдүн өлчөмү акыркы өткөрүлгөн конкурста белгиленген кепилдик төгүмдүн суммасынын жарым өлчөмүндө аныкталат.";
- 29-пункттагы "коммерциялык жана инвестициялык" деген сөздөр алып салынсын;
- III бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 35-1-пункт менен толукталсын:
"35-1. "Эгерде менчиктештирүү объекти коммерциялык конкурс өткөрүлгөндөн кийин сатылбай калса, ал баасы белгиленбеген конкурска коюлушу мүмкүн.
Баасы белгиленбеген конкурс коммерциялык конкурсту өткөрүү үчүн белгиленген тартипте, бирок объектти сатуунун баштапкы баасы жарыяланбай өткөрүлөт.";
- IV бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 42-1-пункт менен толукталсын:
"42-1. "Эгерде менчиктештирүү объекти инвестициялык конкурс өткөрүлгөндөн кийин сатылбай калса, ал баасы белгиленбеген конкурска коюлушу мүмкүн.
Баасы белгиленбеген конкурс инвестициялык конкурсту өткөрүү үчүн белгиленген тартипте, бирок объектти сатуунун баштапкы баасы жарыяланбай өткөрүлөт.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 26-мартындагы 2 № 169 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө жобого төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- 17-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Эгерде менчиктештирүү объекти коммерциялык же инвестициялык конкурсту өткөргөндөн кийин сатылбай калса, ал баасы белгиленбеген конкурска коюлушу мүмкүн.
Баасы белгиленбеген конкурсту өткөргөндө менчиктештирүү объектине карата милдеттенмелердин тизмеси аныкталат, ал милдеттенмелерди сатып алуучу өзүнө алууга тийиш.".
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри | И.Чудинов |