Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 5-январындагы №4 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 18-сентябрындагы № 591
Ишкердик субъекттерине текшерүү дайындоо жөнүндө актыларды берүүнүн жана каттоонун эрежесин бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 14-майындагы № 237 «Ишкердиктин субъекттерин текшерүүлөрдү жүргүзүү тартибин бирдиктүү эсепке алууну жүзөгө ашыруу жөнүндө» Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Ишкердик субъекттерине текшерүү дайындоо жөнүндө актыларды берүүнүн жана каттоонун эрежеси бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-сентябрындагы № 591 токтому менен бекитилген |
I. Жалпы жоболор
1. Бул Эреже Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 14-майындагы № 237 «Ишкердиктин субъекттерин текшерүүлөрдү жүргүзүү тартибин бирдиктүү эсепке алууну жүзөгө ашыруу жөнүндө» Жарлыгына ылайык иштелип чыкты жана Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары ишкердик жүргүзүүчү жеке жана юридикалык жактарга карата алардын укуктук статусуна, менчигинин формасына жана ишинин түрүнө карабастан жүргүзүүчү текшерүүлөрдү каттоону, статистикалык эсепке алууну жана контролдоону белгилейт.
2. Ишкердик субъекттеринин ишине текшерүү дайындоо жөнүндө актыларды каттоо, статистикалык эсепке алуу жана контролдоо төмөнкүдөй максаттарда ишке ашырылат, алар:
- Кыргыз Республикасындагы көзөмөлдөөчү жана контролдоочу иштин мыйзамдуулугунун абалы жана жыйынтыктары жөнүндө жетиштүү маалымат топтоо, талдоо;
- укук коргоо ишинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу;
- укук коргоо, салык жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ишкердиктин субъекттерине карата жүргүзүүчү текшерүүлөрүн оптималдаштыруу жана координациялоо.
3. Бул Эрежеде Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде, Кыргыз Республикасынын «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» жана «Изин суутпай издөө иши жөнүндө» мыйзамдарында белгиленген төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
текшерүү дайындоо жөнүндө акт - ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар укук коргоочу, салыктык же башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) Кыргыз Республикасынын мыйзамдык актыларында белгиленген формада таризделген жана текшерүү жүргүзүү үчүн негиз болуучу документи (буйрук, приказ, көрсөтмө, тапшырма, жолдомо, токтом).
4. Ишкердик субъекттерине текшерүү дайындоо жөнүндө актыларды каттоо, статистикалык эсепке алуу жана укук коргоочу, салыктык же башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жүргүзүүчү текшерүүлөрдүн мыйзамга ылайыктыгын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана анын төмөндө турган структуралык подразделениелери (мындан ары - прокуратура органдары) тарабынан текшерүү дайындоо жөнүндө актыларды каттоо методун ырааттуу ишке ашыруу, маалыматтык эсептик документтерди жүргүзүү жолу менен ишке ашырылат.
5. Каттоого Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде, Кыргыз Республикасынын «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» жана «Изин суутпай издөө иши жөнүндө» мыйзамдарында белгиленген ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдүн бардык түрлөрү, анын ичинде рейддик салыктык контроль жана хронометраждык текшерүү алынууга тийиш, бирок буга төмөнкүлөр кирбейт:
- кылмыш-жазыктык, администрациялык жана жарандык сот өндүрүштөрүнүн чегинде, ошондой эле аткаруу өндүрүшү тартибинде ишке ашырылчу текшерүүлөр;
- Кыргыз Республикасынын «Изин суутпай издөө иши жөнүндө» Мыйзамынын чегинде прокурордун санкциясы менен жүргүзүлчү текшерүүлөр;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жүргүзчү текшерүүлөр;
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген камералык текшерүүлөр;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарында чек аралык, бажылык, иммиграциялык, санитардык-карантиндик, фитосанитардык, ветеринардык контролду ишке ашыруучу мамлекеттик органдардын текшерүүлөрү;
- Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорунда жайгашкан ички стационар посттордо автомобилдик, транспорттук, экологиялык, ветеринардык жана фитосанитардык контролду ишке ашыруучу мамлекеттик органдардын текшерүүлөрү;
- мамлекеттик ветеринария кызматынын органдарынын жаныбарларды жана жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынчу сырьену, ошондой эле аларды кайра иштетүүнүн продуктуларын сатуучу базарларда ветеринардык жана санитардыкэпидемиологиялык эрежелердин нормалары аткарылышын текшерүү максатында текшерүү жүргүзүүдөгү иштери.
II. Текшерүү дайындоо жөнүндө актыларды берүүнүн
жана каттоонун тартиби
6. Текшерүү дайындоо жөнүндө актылар ишкердик субъекттердин иш жүргүзгөн жери боюнча аймактык принцип боюнча жана көзөмөл жүргүзүүнүн бекитилген предметине жараша Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору аныктаган компетенцияга ылайык катталат.
Региондо аскердик прокуратура, транспорттук прокуратура жана түзөтүү мекемелеринде мыйзамдын сакталышын көзөмөлдөө боюнча прокуратура органдары жок болсо текшерүү дайындоо жөнүндө актыны аймактык прокуратура органдары катташат да, анан (кийинки иш күндөн кечиктирбестен) маалыматтык эсептик документтерди тийиштүү аскердик, транспорттук же адистештирилген прокуратурага андан аркы статистикалык эсепти жана контролду жүргүзүү үчүн жиберишет.
7. Укук коргоо органдарынын борбордук аппараттары Кыргыз Республикасынын «Изин суутпай издөө иши жөнүндө» Мыйзамынын чегинде жүргүзүшчү текшерүүлөрдү дайындоо жөнүндө актыларды Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча башкармасы Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын оперативдик-издөө иши жөнүндө мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө жагын тейлеген тийиштүү структуралык подразделениеси менен макулдашылгандан кийин, ал эми жер-жерлерде - Кыргыз Республикасынын Аскердик прокурору, облустардын прокурорлору, Бишкек жана Ош шаарларынын прокурорлору жана адистештирилген прокуратуралардын прокурорлору менен макулдашылгандан кийин каттайт.
Оперативдик-издөө ишин жүргүзүүчү ишкердик субъекттерине текшерүү дайындоо жөнүндө актылар Оперативдүү-издөө ишинин алкагында жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү каттоо китебине (№1 тиркеме) катталууга тийиш.
8. Текшерүү дайындоо жөнүндө акт Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларында белгиленчү тартипте түзүлөт.
9. Текшерүү дайындоо жөнүндө актыны мамлекеттик контролдоочу орган прокуратура органдарына текшерүү дайындоого негиз болгон документтер (план, суроо-талап, тапшырма, арыз, даттануу, кайрылуу, утурлама текшерүү дайындагандагы негизги актынын көчүрмөсү ж.б.) менен кошо эки нускада (түп нускасын жана көчүрмөсүн) берет.
10. Комплекстүү (биргелешкен) текшерүү дайындоо жөнүндө актыны текшерүүгө демилгечи болгон орган мамлекеттик органды, текшерүүгө катышчу кызмат адамдарынын аты-жөндөрүн көрсөтүү менен каттайт. Ушул эле орган прокуратуранын каттачу органына ушул Эреженин 9-пунктунда каралган документтерди тапшырат.
11. Прокуратура органдарынын ыйгарым укуктуу кызмат адамдары ушул Эреженин 9-пунктунда каралган документтерди алганда дайындалган текшерүүнүн мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн, текшерүү дайындоо жөнүндө актынын толук толтурулушун, каттоо үчүн тапшырылган текшерүү дайындоо жөнүндө актынын өз убагында берилгенин, текшерүү дайындоодо аймактык принцип сакталганын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышы боюнча маселелерди текшеришет.
12. Ыйгарым укуктуу кызмат адамы изилдөөнүн жыйынтыгында текшерүү дайындоо жөнүндө актыны каттоо жөнүндө же каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим чыгарат, ал жөнүндө текшерүү дайындоо жөнүндө актынын сол жак жогорку бурчуна ушул Эреженин №2 тиркемесине ылайык штамп коюлат.
Пландуу текшерүү дайындоо жөнүндө актыны каттоо же каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим текшерүү дайындоо жөнүндө акты башка документтер менен кошо келген күндөн тартып 5 иш күндүн ичинде чыгарылат. Текшерүү дайындалган калган учурларда текшерүү дайындоо жөнүндө актыны каттоо же каттоодон баш тартуу тууралуу чечим текшерүү дайындоо жөнүндө акты башка документтер менен кошо келген учурдан тартып 24 сааттан кечиктирбестен кабыл алынат.
Текшерүү дайындоо жөнүндө актыны каттоо же каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин прокуратура органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы Текшерүү дайындоо жөнүндө актыларды каттоо же каттоодон баш тартуу китебине ушул Эреженин № 3 жана 4 тиркемелерине ылайык керектүү жазууларды жазат.
13. Укук коргоочу, салыктык жана башка мамлекеттик органдар текшерүү дайындоодо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузушканы аныкталган учурда прокуратура органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы прокуратура органынын жетекчисине, ал жокто - анын милдеттерин аткаруучу адамга тийиштүү чечим кабыл алуу үчүн дароо билдирет.
14. Катталгандан кийин текшерүү дайындоо жөнүндө актынын түп нускасы тийиштүү документтер менен кошо мамлекеттик контролдоочу органга кайра берилет, ал эми алардын копиялары прокуратуранын каттачу органында калат.
15. Текшерүү дайындоо жөнүндө актыны каттоодон баш тартылган учурда прокуратура органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы ушул Эреженин № 5 тиркемесине ылайык, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын конкреттүү бузулганын көрсөтүү менен жүйөлүү корутунду жазат. Корутунду жазуу жүзүндө эки нускада түзүлөт, анын бири текшерүү дайындаган ыйгарым укуктуу органга жиберилет.
16. Текшерүү дайындоо жөнүндө актыны каттоодон баш тартуу үчүн негиз төмөнкүлөр болот:
- пландуу текшерүүлөрдү дайындоодо мурдагы текшерүүлөргө карата мезгилдик аралыктын сакталбашы;
- ыйгарым укуктуу органдардын алардын компетенциясына кирбеген объекттерге текшерүү дайындашы;
- текшерүү дайындоо жөнүндө актыда көрсөтүлгөн текшерүү жүргүзүү мөөнөтүнүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдөн ашык болушу же өтүп кетиши;
- объектке текшерүүнү тоголок арыз боюнча дайындоо;
- борбордук (аймактык) ыйгарым укуктуу органдардын мурда борбордук (аймактык) ыйгарым укуктуу органдар тарабынан текшерилген бир эле объектисине бир эле маселе боюнча текшерүү дайындашы;
- ошол эле маселе боюнча ал же башка орган тарабынан текшерүү жүргүзүлгөн текшерүү объектине карата ыйгарым укуктуу органдын текшерүү дайындашы;
- эгер мурдакы текшерүүдө эреже бузуулар аныкталбаса контролдук текшерүү дайындалышы;
- текшерүү дайындоонун негизине жазуу жүзүндө ырастоолордун (план, сурооталап, тапшырма, арыз, даттануу, кайрылуу, утурлама текшерүү дайындагандагы негизги актынын копиясы ж.б.) жоктугу, ошондой эле аймактын текшерилчү участогунун же рейддик салыктык контролго алынчу мүлктүн жоктугу;
- жасалган же даярдалып жаткан кылмыштар жөнүндө арызда же билдирүүдө, жеке, юридикалык жактардын жана мамлекеттин укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулганы жөнүндө башка кайрылууларда көрсөтүлгөн убакыттын чегинен башка мезгилге текшерүү дайындалышы;
- текшерүү ага ыйгарым укугу жок адам тарабынан дайындалышы;
- текшерүү дайындоо жөнүндө актыда ишкердиктин текшерүүгө алынчу бир нече субъектинин көрсөтүлүшү (рейддик салыктык контролдон башкасында);
- текшерүү мөөнөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдык актыларында көрсөтүлгөн мөөнөттөн ашык узартылышы;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келбеген башка учурларда.
17. Текшерүү дайындоо жөнүндө актыны каттоо тууралуу чечим, ошондой эле каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим боюнча жогору турган прокурорго же сотко даттанса болот.
Андай кайрылуулардын прокуратура органдарында каралышы даттанылып жаткан чечимдин аракетин токтотпойт.
18. Адамдардын жашоосун жана ден соолугун камсыздоого байланышкан өзгөчө учурларда (жугуштуу оорулардын жана жугуштуу эмес жапырт оорулардын (уулануулардын) чыгуу коркунучу же чыгышы жана таралышы, техногендик мүнөздөгү авариялар) адамдардын саламаттыгына жол берилгис таасирдин себебин жана булагын аныктоо жана аларды жоюу боюнча чара көрүү максатында сутканын кайсы мезгили экенине карабастан мамлекеттик контролдоочу органдардын кызмат адамдары 24 сааттын ичинде тийиштүү документтерди жиберүү менен прокуратура органдарына кабарлап плансыз текшерүүгө токтоосуз киришүүгө укуктуу.
III. Текшерүүнүн мөөнөтүн узартуу, отчет жана жоопкерчилик
19. Ыйгарым укуктуу орган текшерүүнүн мөөнөтү узартылган, токтотула турган, кайрадан башталган, ошондой эле текшерүүгө катышчу адамдардын курамы өзгөргөн учурларда Оперативдүү-издөө ишинин алкагында жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү каттоо китебине тийиштүү реквизиттерди киргизүү үчүн прокуратуранын каттачу органына киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө билдирүүнү текшерүү дайындоо жөнүндө актыда көрсөтүлгөн текшерүүнү аяктоо датасынан кечиктирбестен жиберет.
Мында билдирүүдө прокуратуранын каттачу органынын Текшерүү дайындоо жөнүндө актыларды каттоо китеби боюнча негизги актынын номери жана катталган күнү, текшерилчү объекттин толук аталышы, жайгашкан жери, салыктык идентификациялык номери, узартылган мөөнөт же текшерүүгө катышчу адамдардын курамынын өзгөргөнү конкреттүү көрсөтүлөт.
Текшерүүнүн мөөнөтүн узартуу, токтото туруу, кайрадан баштоо, ошондой эле текшерүүгө катышчу адамдардын курамын өзгөртүү негизделүүгө жана ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин визасы коюлууга тийиш.
Прокуратура органынын кызмат адамы текшерүү мөөнөтүн узартуунун, ошондой эле текшерүүгө катышчу адамдардын курамын өзгөртүүнүн мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн карагандан кийин Текшерүү дайындоо жөнүндө актыларды каттоо китебине тийиштүү реквизиттерди толтуруп тийиштүү жазуу жазат, ал эми текшерүү дайындоо жөнүндө актыга ушул Эреженин № 6 тиркемесине ылайык тийиштүү штамп басат.
20. Текшерүү дайындоо жөнүндө катталган акты боюнча текшерүү жүргүзүлбөгөн учурда ыйгарым укуктуу орган себебин көрсөтүү менен билдирүү жазат.
Билдирүүнү ыйгарым укуктуу орган текшерүү дайындоо жөнүндө актыда белгиленген текшерүү мөөнөтү бүткөнгө чейин 3 суткадан кечиктирбестен прокуратуранын каттачу органына ал Китепке ар бир текшерилбей калган объект боюнча маалыматтарды реквизиттерди толтуруу жолу менен киргизиши үчүн берет.
21. Мамлекеттик контролдоочу органдар пландуу текшерүү аяктаган күндөн тартып отуз календарлык күндүн ичинде прокуратуранын каттачу органына көрсөтмөнүн реквизиттер толтурулган арткы бетинин копиясын берүүгө милдеттүү.
Текшерүүнүн калган түрлөрү бүткөндө мамлекеттик контролдоочу органдар көрсөтмөнүн арткы беттеринин толтурулган копияларын текшерүү бүткөн күндөн тартып беш иш күндүн ичинде берүүгө милдеттүү.
22. Укук коргоочу, салыктык жана башка мамлекеттик органдар квартал сайын отчеттук кварталдан кийинки айдын 10-күнүнөн кечиктирбестен прокуратуранын каттачу органына жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыктары жөнүндө отчетту ушул Эреженин №7 тиркемесине ылайык форма боюнча берип турууга милдеттүү.
Ыйгарым укуктуу органдар отчеттун 9-графасында (текшерүүнүн жыйынтыгы) текшерүүнүн жыйынтыгын (аныкталган эреже бузууларды), нормативдик укуктук актылардын бузулган статьяларын жана көрүлгөн чараларды кыска формада жазууга тийиш.
23. Прокуратуранын каттачу органы тапшырылган отчетторду текшерет жана текшерүү дайындоо жөнүндө катталбаган актылар же текшерүү дайындоо жөнүндө акты түзбөстөн жүргүзүлгөн текшерүүлөр аныкталган учурда прокуратуранын каттачу органынын кызмат адамынын талабы боюнча ыйгарым укуктуу орган аныкталган катталбаган текшерүүлөр боюнча ушул Эреженин 9-пунктунда каралган зарыл документтерди толтурууга жана (алар аныкталган учурдан тартып үч иш күндүн ичинде) прокуратуранын каттачу органына каттоо үчүн жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөр менен кошо берүүгө тийиш.
24. Жүргүзүлгөн текшерүүнүн мыйзамдуулугун жана анын жыйынтыктарын изилдөө үчүн прокуратура органынын кызмат адамы мыйзамга ылайык текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө актылардын (маалымкаттардын ж.б.), үлгүлөрдү (сынамыктарды) алгандык жөнүндө, жүргүзүлгөн изилдөөлөр жөнүндө актылардын, жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жана экспертизалардын көчүрмөлөрүн жана башка керектүү документтерди талап кылып суроого укуктуу.
25. Бул Эреженин талаптарын бузганы үчүн күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик, администрациялык жана кылмышжазыктык жоопкерчиликке тартылышат.
| Ишкердик субъекттерине текшерүү дайындоо жөнүндө актыларды берүүнүн жана каттоонун эрежесине № 1 тиркеме |
Оперативдүү-издөө ишинин алкагында жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү каттоо китебинин типтүү формасы
Кат тоо номери | Текшерүү дайындоо жөнүндө актынын катталган күнү | Текшерүү дайындоо жөнүндө актынын номери жана ал чыгарылган күн | Укук коргоо органынын аталышы, текшерүү дайындаган адамдын аты-жөнү жана кызматы | Текшерүү жүргүзүүчү адамдын (адамдардын) аты-жөнү жана кызматы | Текшерүү объектисинин аталышы, анын жайгашкан орду | Текшерүүнүн түрү (пландуу, пландан тышкары) | Текшерилүүгө тийиш маселелер | Текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө документтер берилген күн | Текшерүү жүр гүзүлбөгөн актынын эсептен чыгарылган күнү. Аны жүргүзбөө себептери | Эскер түү |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 |
| ||||||||||
| ||||||||||
| ||||||||||
| Ишкердик субъекттерине текшерүү дайындоо жөнүндө актыларды берүүнүн жана каттоонун эрежесине № 2 тиркеме |
_________________ районунун (шаарынын) __________________________ (облусунун) ПРОКУРАТУРАСЫ
Текшерүү дайындоо жөнүндө акт КАТТАЛДЫ
20__-жылдын «__» ____________ № ______
Прокурор _____________________________ (Аты-жөнү, колу) |
|
_________________ районунун (шаарынын) __________________________ (облусунун) ПРОКУРАТУРАСЫ
Текшерүү дайындоо жөнүндө актыны каттоодон БАШ ТАРТЫЛДЫ
Прокурор _____________________________ (Аты-жөнү, колу)
20__-жылдын «__» _____________________ |
| Ишкердик субъекттерине текшерүү дайындоо жөнүндө актыларды берүүнүн жана каттоонун эрежесине № 3 тиркеме |
______________________________________________
(ыйгарым укуктуу органдын аталышы)
жүргүзүүчү текшерүүлөрдү дайындоо жөнүндө актыларды каттоо китебинин типтүү формасы
Каттоо номери | Текшерүү дайындоо жөнүндө актынын катталган күнү | Текшерүү дайындоо жөнүндө актынын номери жана ал чыгарылган күн | Ыйгарым укуктуу органдын аталышы, текшерүү дайындаган адамдын аты-жөнү жана кызматы | Текшерүү жүргүзүүчү адамдын (адамдардын) аты-жөнү жана кызматы | Текшерүү объектисинин аталышы,анын жайгашкан орду жана СИН | |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | |
| ||||||
| ||||||
| ||||||
| ||||||
Текшерүүнүн түрү (пландуу, пландан тышкары, контролдук ж.б.) | Текшерилүүгө тийиш маселелер | Текшерүү жүргүзүү мөөнөттөрү | Текшерүү жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө маалыматтар | Текшерүүнүн жыйынтык тары жөнүндө документтер берилген күн | Текшерүү жүргүзүлбөгөн актынын эсептен чыгарылган күнү. Аны жүргүзбөө себептери | Эскертүү |
7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 |
| ||||||
| ||||||
| ||||||
| Ишкердик субъекттерине текшерүү дайындоо жөнүндө актыларды берүүнүн жана каттоонун эрежесине № 4 тиркеме |
_______________________________________________
(ыйгарым укуктуу органдын аталышы)
жүргүзүүчү текшерүүлөрдү дайындоо жөнүндө каттоодон
баш тартылган актыларды каттоо китебинин типтүү формасы
№ | Текше рүү дайындоо жөнүндө актынын номери жана ал чыгарылган күн | Текшерүү дайындаган адамдын аты-жөнү жана кызматы | Текшерүү жүргүзүүчү адамдын (адамдардын) аты-жөнү жана кызматы | Текшерүү объектисинин аталышы, анын жайгашкан орду жана СИН | Текшерүүнүн түрү (пландуу, пландан тышкары, контролдук ж.б.) | Текшерилүүгө тийиш маселелер | Текшерүү жүргүзүү мөөнөттөрү | Текшерүүнү каттоодон баш тартуунун негизи | Баш тартуу күнү жана баш тартуу жөнүндө корутундунун чыгыш № |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 |
| |||||||||
| |||||||||
| |||||||||
| Ишкердик субъекттерине текшерүү дайындоо жөнүндө актыларды берүүнүн жана каттоонун эрежесине № 5 тиркеме |
Текшерүү дайындоо жөнүндө актыны каттоодон баш тартуу тууралуу корутунду
____________________ (орду) |
____________________ (күнү) |
________________________________________________ текшерүү жүргүзүү
(ишкердик субъектисинин аталышы)
жөнүндө ______________________________________________________________
(ыйгарым укуктуу органдын аталышы)
берген 20__-жылдын «__» ________________ № __________ текшерүү дайындоо тууралуу актыны (буйрукту, жазма буйрукту, токтомду ж.б.) каттоодон төмөнкү негиздер боюнча баш тартылганын билдирем:
______________________________________________________________________
(«Ишкердик субъекттерине текшерүү дайындоо жөнүндө актыларды
______________________________________________________________________
берүү жана каттоо тартиби тууралуу» эреженин жана башка
______________________________________________________________________
нормативдик укуктук актылардын тиешелүү пунктуна шилтеме
______________________________________________________________________
жасоо менен баш тартуунун себебин көрсөтүү керек)
Кабыл алынган чечим менен макул болбогон учурда бул корутунду прокуратуранын жогору турган органына же болбосо сотко даттанылышы мүмкүн.
__________________________________________________________________
(Корутунду чыгарган прокуратура органынын ыйгарым укуктуу адамынын аты-жөнү, кызматы жана колу)
| Ишкердик субъекттерине текшерүү дайындоо жөнүндө актыларды берүүнүн жана каттоонун эрежесине № 6 тиркеме |
_________________ районунун (шаарынын) __________________________ (облусунун) ПРОКУРАТУРАСЫ
Текшерүү жүргүзүү мөөнөтү 20__-жылдын «__» _______________ чейин УЗАРТЫЛДЫ
Прокурор _____________________________ (Аты-жөнү, колу) ____________ (күнү) |
| Ишкердик субъекттерине текшерүү дайындоо жөнүндө актыларды берүүнүн жана каттоонун эрежесине № 7 тиркеме |
Кимге берилет
______________________
______________________
Ким берет
______________________
______________________
20__-жылдын ________нан ________на чейинки мезгил үчүн
________________________________________________________
(ыйгарым укуктуу органдын аталышы)
жүргүзгөн текшерүүлөр жана алардын жыйынтыктары жөнүндө отчет
Текшерүү дайындоо жөнүндө актынын номери, күнү | Текшерүү дайындаган адамдын аты-жөнү жана кызматы | Текшерүү жүргүзүүчү адамдын (адамдардын) аты-жөнү жана кызматы | Ишкердик субъектисинин аталышы, анын жайгашкан орду жана ИНН (салык органдары үчүн) | Текшерүүнүн түрү (пландуу, пландан тышкары, контролдүк ж.б.) | Текшерилүүгө тийиш маселелер | Текшерүү жүргүзүү мөөнөттөрү | Текшерүү жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу, токтото туруу жана кайра баштоо жөнүндө маалыматтар | Текшерүүнүн жыйынтыктары | Эскертүү |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 |
| |||||||||
| |||||||||
| |||||||||
_____________________________________________________________________
(Отчет берген адамдын аты-жөнү, кызматы жана колу, күнү)