Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 56 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 18-сентябры №592
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин аныктоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 14-майындагы №237 "Ишкердик субъекттерин текшерүүлөрдү жүргүзүү тартибин бирдиктүү эсепке алууну жүзөгө ашыруу жөнүндө" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы №533 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин аныктоо жөнүндө" токтому менен бекитилген Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- бардык текст боюнча ар кандай жөндөмөдөгү жана сандагы "ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө жана санда "мамлекеттик контролдоочу орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 7-1-глава менен толукталсын:
"7-1-глава
Текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө тескемелерди (буйруктарды,
жазма буйруктарды) каттоо жана мыйзамдардын
талаптарынын сакталышын көзөмөлдөө
7-1.1. Тескемелер (буйруктар, жазма буйруктар) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасында жана ага баш ийип, төмөн турган прокуратураларда катталгандан кийин текшерүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген эрежелерге ылайык жүргүзүлөт.
Тескемелер (буйруктар, жазма буйруктар) Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана анын аймактык органдарында макулдашылгандан кийин ушул Жобонун II бөлүмүнүн 8-главасына ылайык каттоо жүргүзүлөт.
7-1.2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана ага баш ийип, төмөн турган прокуратуралар ишкердик субъекттерин текшерүүнү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө мыйзамдардын талаптарынын сакталышына көзөмөл жүргүзүшөт.";
- 8-главада:
8.5-пункттагы "5" деген цифра "10" деген цифра менен алмаштырылсын;
8.6-пункттун экинчи абзацы алып салынсын;
8.7-пункттагы "же негизделген баш тартуу" деген сөздөр алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 8.8.-1-пункт менен толукталсын:
"8.8.-1. Пландуу же пландан тышкары текшерүүлөргө макулдук берүүдөн баш тартылса, ЫУМО негизделген корутунду жиберет.
Макулдук берүүдөн баш тартуу үчүн төмөнкүлөр негиз болушу мүмкүн:
- пландуу текшерүүлөрдү жүргүзүүдө мурдагы текшерүүлөргө карата мезгил аралыктары сакталбаса;
- мамлекеттик контролдоо органдары тарабынан алардын компетенцияларына кирбеген ишкердик субъекттерин текшерүү дайындалса;
- текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн ушул Жободо аталган мөөнөттөрү өтүп кетсе же аяктаса;
- анонимдүү кайрылуу боюнча ишкердик субъекттерин текшерүү дайындалса;
- эгерде мурда мамлекеттик аймактык (борбордук) органдар тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, ошол эле текшерүү объектинин ишин ошол эле маселе боюнча текшерүү мамлекеттик борбордук (аймактык) органдар тарабынан дайындалса;
- контролдук текшерүү дайындалса, эгерде мурдагы текшерүүдө бузуулар аныкталбаса;
- текшерүүнү дайындоонун негиздери жазуу жүзүндө ырасталбаса (план, сурам, тапшырма, арыз, даттануу);
- ыйгарым укугу жок адам тарабынан текшерүү дайындалса;
- текшерүүнү дайындоо жөнүндөгү бир актыда текшериле турган бир нече ишкердик субъекттер аталса;
- текшерүү мөөнөттөрү ушул Жободо белгиленген мөөнөттөн ашык узартылса;
- текшерүүлөр жөнүндө колдонуудагы мыйзамдарга шайкеш келбеген башка учурларда.".
2. Ишкердик субъекттерин текшерүүнү жүргүзүүгө укугу бар мамлекеттик контролдоочу органдар өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.
3. Бул токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | И.Чудинов |