Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы №312 токтомунун редакциясына ылайык
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 25-декабры № 804
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 16-январындагы № 29 "Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 16-январындагы № 29 "Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 3-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмү" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- аталган токтом менен бекитилген Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык комиссия жөнүндө жободо:
2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2. Комиссиянын курамына кызматы боюнча төмөнкүлөр кирет:
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри - ЕврАзЭСтин атайын өкүлү, Комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы, Комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министри;
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары министринин орун басары.";
3-1-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |