ТоктомКүчүн жоготту

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-декабрындагы №804 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 16-январындагы № 29»Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу«токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы №312 токтомунун  редакциясына ылайык

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ 

2009-жылдын 25-декабры № 804

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 16-январындагы № 29 "Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 16-январындагы № 29 "Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 3-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмү" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- аталган токтом менен бекитилген Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык комиссия жөнүндө жободо:

2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"2. Комиссиянын курамына кызматы боюнча төмөнкүлөр кирет:

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри - ЕврАзЭСтин атайын өкүлү, Комиссиянын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы, Комиссиянын төрагасынын орун басары;

Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министри;

Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин директору;

Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары министринин орун басары.";

3-1-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын.

 

Премьер-министр

Д.Үсөнов