Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы №134 токтомуна 2 тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тарбия иштери органдарынын жетекчилеринин ведомство аралык комитети жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
2. Комитеттин курамы
3. Комитеттин функциялары
4. Комитеттин укуктары
5. Комитеттин ишин уюштуруу
6. Комитеттин төрагасы жана анын орун басары
7. Комитеттин катчысы
1.1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тарбия иштери органдарынын жетекчилеринин ведомство аралык комитети (мындан ары - Комитет) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 29-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өздүк курамына жана аскерге чакырууга чейинки жаштарга тарбия берүү Концепциясы жөнүндө" № 296 Жарлыгын (мындан ары - Тарбия берүү концепциясы), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өздүк курамына жана аскерге чакырууга чейинки жаштарга тарбия берүү концепциясын ишке ашыруу жөнүндө" № 742 токтомун ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын ишмердүүлүгүн координациялоо үчүн дайындалган коллегиялык орган болуп саналат.
1.2. Комитет өзүнүн ишмердүүлүгүндө Конституцияны, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка нормативдик-укуктук актыларын, Тарбиялоо концепциясын жана Өтүү программасын, ушул Жобону, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын биргелешкен буйруктарын жана директиваларын жетекчиликке алат.
2.1. Комитет, Комитеттин төрагасынан, Комитеттин төрагасынын орун басарынан жана Комитеттин мүчөлөрүнөн турат.
2.2. Комитетте биринчи, Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын (Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы, Мамлекеттик күзөт кызматы, Жазаларды аткаруунун мамлекеттик кызматы, Мамлекеттик чек ара кызматы) жетекчилеринин калган орун басарлары кезеги боюнча 1 жыл мөөнөтүнө төрагалык кылышат.
2.3. Комитеттин төрагасынын орун басары болуп, туруктуу негизде Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин тарбия иштери органынын жетекчиси саналат.
2.4. Комитеттин мүчөлөрү болуп Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын тарбия иштери (өздүк курам менен иштөө боюнча) органдарынын жетекчилери саналат.
2.5. Комитеттин катчысы, Комитеттин төрагасынын орун басары тарабынан Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин тарбия иштери органдарындагы офицерлердин ичинен дайындалат.
3.1. Комитеттин функциялары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- тарбиялоо концепциясын, Өтүү программасын жана Аракеттер планын аткаруу боюнча макулдашылган чараларды иштеп чыгуу;
- тарбия жана психологиялык ишинин эл аралык программаларынын долбоорлорун, Куралдуу Күчтөрдүн аскер кызматчыларын жана чакырууга чейинки жаштарды тарбиялоо, ошондой эле аскер кызматчылардын, жарандардын, аскердик кызматтан бошотулгандардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык жактан коргоо тутумун өнүктүрүү жана мындан ары жакшыртуу суроолору боюнча нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана макулдашуу;
- тарбиялоо концепциясын, Өтүү программасын жана Аракеттер планын ишке ашыруу боюнча ресурстук камсыздоо (каржы планы) боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана макулдашуу;
- тарбиялоо концепциясын, Өтүү программасын жана Аракеттер планын ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын биргелешкен буйруктарын жана директиваларын иштеп чыгат жана макулдашат, алардын аткарылышына контроль жана анализ жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын өздүк курамына маданий-эс алууну тейлөө жана аскердик-социалдык иш чөйрөсүндө иш чараларды макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын өздүк курамын тарбиялоо, менчиктин формасына карабастан билим берүү мекемелериндеги жаштарды чакырууга даярдоо суроолору боюнча биргелешкен илимий изилдөөлөрдү уюштуруу;
- тарбия иштери органдарынын (өздүк курам менен иштөө боюнча) офицерлерин даярдоо жана кайра даярдоо суроолору боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- Комитеттин кабыл алган чечимдеринин (сунуштарынын) ишке ашканын жана аскер кызматчыларды, чакырууга чейинки жаштарды тарбиялоо жаатында өз ара аракеттешүү суроолору боюнча башка жетишкен келишимдердин жыйынтыктарын карап чыгуу (жыйынтыктарды талкуулоо);
- башка өлкөлөрдүн Куралдуу Күчтөрүнүн тарбия иштер органдарынын тажрыйбасын үйрөнүү, зарыл убакта эл аралык кызматташтыкты уюштуруу жөнүндө сунушту киргизүү.
Комитеттин чечимдери, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин биргелешкен буйруктарында, башка мамлекеттик органдарынын буйруктарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдеринде ишке ашат.
4.1. Комитет төмөнкүлөргө укуктуу;
- Куралдуу Күчтөрдүн, башка аскердик түзүлүштөрдүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдардын жана башка мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине, Аракеттер планынын иш чараларынын чегинде негизги багытталган өз ара аракеттер боюнча макулдашылган сунуштарды карап чыгууга киргизет;
- тарбиялоо концепциясын, Өтүү программасын жана Аракеттер планын ишке ашыруу суроолору боюнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар, коомдук бирикмелер жана диний конфессиялар менен өз ара аракеттешүүнү ишке ашырат;
- өзүнүн укугунун чегинде, Өтүү программасын жана Аракеттер планын аткарууну камсыздоочу чечимдерди кабыл алат;
- мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын органдарынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу, мамлекеттик жана жеке менчик мекемелердин жана ишканалардын органдарынан, ошондой эле аскердик башкаруу органдарынан маалыматтарды сурайт.
5.1. Комитет өзүнүн ишмердүүлүгүн, ушул Жобого жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин биргелешкен буйругу менен бекитилген жылдык иш планына ылайык ишке ашырат.
5.2. Комитеттин ишмердүүлүгүнүн негизги формасы болуп отурумдар саналат, алар зарыл учурларда, бирок квартал ичинде бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Комитеттин кезектен тышкаркы отуруму, Комитеттин үчтөн бир бөлүгүнөн аз эмес мүчөлөрү колдогон Комитеттин кайсы бир мүчөсүнүн сунушу боюнча чакырылат.
5.3. Комитеттин мүчөлөрү жыл сайын өтүп жаткан жылдын 1-ноябрында Комитеттин төрагасынын орун басарына, келе жаткан жыл үчүн Комитеттин иш планынын долбооруна киргизүү үчүн сунуштарды жиберишет. Комитеттин төрагасынан түшкөн сунуштардын жана көрсөтмөлөрдүн негизинде, анын орун басары көрсөтүлгөн иш планынын долбоорун даярдоону ишке ашырат жана Комитеттин отурумунда кайта карап чыгууга жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын биргелешкен буйругу менен бекитүүгө киргизүү үчүн Комитеттин төрагасына аны көрсөтөт.
5.4. Комитеттин ишмердүүлүгүн камсыздоону уюштуруу Коргоо министрлигинин тарбия иштер органына жүктөлөт.
5.5. Комитеттин отуруму эреже катары Коргоо министрлигинде өткөрүлөт.
Эгерде, Комитеттин отуруму башка мамлекеттик органда өтө турган болсо, Комитеттин отурумун даярдоо жана материалдык-техникалык камсыздоо Комитеттин отуруму өтө турган ошол мамлекеттик органдын каражатынын эсебинен жана жетекчиси белгилеген тартипте ишке ашат.
5.6. Комитеттин отурумдарында каралуу үчүн суроолор, Комитеттин жылдык иш планынын жана Комитет мүчөлөрүнүн сунуштарынын негизинде Комитеттин төрагасы тарабынан сунушталат, мында отурумдун күн тартибине киргизүү үчүн Комитет мүчөлөрү сунуштаган суроолор, аларды карап чыгуу зарыл негиздери жана тиешелүү чечимдердин (сунуштардын) долбоорлору менен, эреже катары Комитеттин отуруму өтө турган убакытка бир айдан кеч эмес берилет.
Комитет отурумунун күн тартибине кошумча (кезектеги эмес) сунуштарды киргизүү Комитет мүчөлөрүнүн сунуштары боюнча Комитеттин отурумунда ишке ашышы мүмкүн.
5.7. Комитеттин ар бир отурумунун болжолдуу күн тартибинин долбоорун иштеп чыгуу тартиби, мөөнөтү жана Комитеттин отурумунда каралуу үчүн документтерди даярдоо, Комитеттин төрагасы же Комитеттин катчысынын сунушу боюнча төраганын орун басары тарабынан белгиленет.
Болжолдуу күн тартибинин долбоорун, ошондой эле Комитеттин кезектеги отурумун өткөрүү мөөнөтүн иштеп чыгуу Комитеттин отурумунда каралат жана бекитилет.
5.8. Комитеттин ишине мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук бирикмелердин органдарынын адистери жана эксперттери, ошондой эле макулдашуу боюнча көз карандысыз адистер жана эксперттер тартылышы мүмкүн.
5.9. Комитеттин төрагасы же анын орун басары тарабынан иштелип чыккан документтердин долбоорлору, Комитеттин мүчөлөрүнө Комитеттин отурумун өткөрүүгө 10 күн калганга чейин жиберилет.
Комитеттин мүчөлөрү, Комитеттин кезектеги отурумуна даярдалган документтердин долбоорлорун карап чыгышат жана алар боюнча өздөрүнүн эскертүүлөрүн жана сунуштарын Комитеттин төрагасынын орун басарына отурум өтүү күнүнө 5 күн калганга чейин жиберишет.
Документтердин долбоорлорун иштеп бүтүрүү тартиби Комитеттин төрагасы же анын орун басары тарабынан аныкталат.
5.10. Комитеттин отуруму, Комитет мүчөлөрүнүн үчтөн эки бөлүгүнөн аз эмес катышса укуктуу деп эсептелет. Комитеттин отурумдарын анын Төрагасы жетектейт. Эгерде, отурумда Комитеттин төрагасы жок болгон учурда, отурумдагы төрагачылыкты Комитеттин төрагасынын орун басары жүргүзөт.
Отурумдарда Комитет мүчөлөрүнүн ордуна башка кызмат адамдары да катышса болот, алар каралуучу суроолор боюнча чечим кабыл алууга укук берүүчү, министрликтердин жана ведомстволордун тийиштүү жетекчилери тарабынан бекитилген ыйгарым укуктарга ээ болушу керек.
Комитеттин ар бир отурумунун регламентин, отурумдун башында Комитет тарабынан белгиленет.
5.11. Комитеттин отуруму аяктаганда, Комитеттин катчысы тарабынан 7 күндүн ичинде отурумдун протоколу таризделет.
5.12. Комитеттин ар бир мүчөсү же ыйгарым укуктуу кызмат адамы отурумдун протоколуна кирүүчү, каралуучу суроо боюнча өзгөчө оюн жазуу түрүндө билдирүүгө укугу бар.
5.13. Комитеттин отурумунун протоколуна Комитеттин төрагасы жана катчысы кол коет.
5.14. Комитеттин отурумундагы жумушчу тилдер мамлекеттик жана официалдуу тилдер болуп саналат.
5.15. Комитет өзүнүн ишмердүүлүгүн Өтүү программасы аяктаганда жана Аракеттер планы аткарылганда токтотот.
6.1. Комитеттин төрагасы:
- Комитеттин отурумдарында төрагачылык кылат;
- тарбия концепциясын, Өтүү программасын жана Аракеттер планын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын биргелешкен буйруктарынын жана директиваларынын аткарылышын координациялайт;
- төрагачылыктын мөөнөтүнүн бүтүшү боюнча же Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин чечими менен Комитеттин отурумунда өзүнүн ыйгарым укуктарын өткөрөт.
6.2. Комитеттин төрагасынын орун басары:
- Комитеттин иш пландарынын долбоорлорун даярдоону уюштурат жана бул пландар менен каралган иш чаралардын аткарылышына контроль жүргүзөт;
- Комитетте каралууга киргизилген документтердин долбоорлорун иштеп чыгуу, иштеп бүтүрүү жана макулдашуу үчүн жумушчу жана эксперт топторун уюштурат, бул топтордун ишмердүүлүгүн жетектейт, ошондой эле Комитет тарабынан карап чыгуу үчүн документтердин даярдыгын уюштурат жана контролдойт;
- Комитеттин ишмердүүлүгүнө тиешелүү документтерди жана суроолорду макулдашат;
- документтердин даярдыгын уюштурат жана Комитеттин чечимдеринин жана тапшырмаларынын аткарылышына контроль жүргүзөт;
- Комитеттин төрагасынын көрсөтмөсү боюнча башка милдеттерди аткарат.
7.1. Комитеттин катчысы:
- Комитеттин иш пландарынын долбоорлорун иштеп чыгат жана Комитеттин төрагасынын орун басарына көрсөтөт;
- Комитеттин отурумунун күн тартиби боюнча түшкөн сунуштарды жана материалдарды жалпылайт, Комитеттин отурумунун күн тартибинин долбоорлорун түзөт жана Комитеттин отурумун өткөрүүнүн мөөнөтү жана жери жөнүндө сунуш даярдайт;
- Комитеттин мүчөлөрүнө Комитеттин кезектеги отурумунун күн тартибинин суроолору боюнча документтерди жиберүүнү камсыздайт;
- Комитеттин отурумдарында карап чыгуу үчүн документтерди, аналитикалык, маалымдоо жана башка материалдарды даярдоону уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын тарбия иш органдары менен Комитеттин отурумдарын уюшулган-техникалык камсыздоону уюштурат;
- Комитеттин отурумдарында катышат жана Комитеттин отурумдарынын протоколдорун тариздейт;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын, мамлекеттик башкаруунун, мекеменин жана коомдук уюмдардын башка органдарынын өкүлдөрү жана эксперттери менен биргеликте Комитеттин отуруму өтүп жаткан мезгилде документтердин долбоорлорун иштеп бүтүрүүдө катышат;
- Комитеттин документтерин каттоону жана сактоону камсыздайт;
- Комитеттин төрагасынын жана анын орун басарынын башка тапшырмаларын жана көрсөтмөлөрүн аткарат.