Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы
№ 135 токтому менен бекитилген
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 324 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана маалымат берүүчү жактар тарабынан маалыматтарды жана документтерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына берүү тартиби жөнүндөгү бул жобо (мындан ары - Жобо):
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын (мындан ары - ФЧМК) функцияларын жана милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана документтерди (жарандардын жеке турмушу жөнүндөгү маалыматтан башка) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан берүү тартибин аныктайт;
- милдеттүү контролго алынуучу акча каражаттары же мүлк менен операциялар (бүтүмдөр) жана шектүү операциялар (бүтүмдөр) боюнча, ошондой эле терроризмди (экстремизмди) каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) менен байланышкан башка акча каражаттары же мүлк менен операциялар (бүтүмдөр) боюнча маалыматты маалымат берүүчү жактар тарабынан ФЧМКга берүүнүн бирдиктүү форматын аныктайт.
2. Ушул Жобонун максаттары үчүн төмөндөгү түшүнүктөр колдонулат:
милдеттүү контролго алынуучу операциялар (бүтүмдөр) - "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинде каралган акча каражаттары же мүлк менен операциялар (бүтүмдөр) (мындан ары - операциялар (бүтүмдөр);
маалымат берүүчү жактар - "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинде көрсөтүлгөн мааниде түшүнүлөт. Маалымат берүүчү жактардын айкын тизмеси (аталышы жана юридикалык дарегин көрсөтүү менен) ФЧМК тарабынан түзүлөт;
көзөмөл органдары - "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорунун маалымат берүүчү жактар тарабынан аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары;
типтүү формалар - ФЧМК тарабынан белгиленген жана "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык талап кылынуучу билдирүүлөрдү (маалыматтарды) электрондук түрдө же кагаз жүзүндө берүү максатында маалымат берүүчү жактар тарабынан толтурулушу үчүн багышталган атайын типтүү формалар. ФЧМК маалымат берүүчү жактардын ишинин мүнөзүн жана өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен тийиштүү типтүү формаларды аныктайт;
аныктыгын жана бүтүндүгүн аныктоо - алуучуга билдирүү көрсөтүлгөн булактан келип чыккандыгын жана анын булактан алуучуга чейин өткөрүп берүүдө өзгөрүлбөгөндүгүн аныктоого мүмкүндүк берүүчү билдирүүнү текшерүү;
ЭДБ - электрондук байланыш жолдору боюнча же электрондук форматта жөнөтүлүүчү электрондук документ түрүндөгү билдирүү;
КДБ - почта аркылуу же чабарман аркылуу жөнөтүлүүчү кагаз документ түрүндөгү маалыматтар.
3. Тиешелүү лицензияларды (уруксат кагаздарды) маалымат берүүчү жактарга берүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар ФЧМКнын сурамы боюнча, ошол лицензияларды (уруксат кагаздарды) берүү, шарттарын өзгөртүү, иш-аракетин токтотуу же кайра чакыртып алуу (жокко чыгаруу) тууралуу маалыматтарды ар бир айдын абалы боюнча берип турушат.
4. ФЧМК маалыматтарды жана документтерди (белгиленген тартипте тастыкталган документтердин көчүрмөлөрүн) берүү тууралуу сурамдарды мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төмөнкү максаттарда жөнөтөт:
а) ФЧМК тарабынан маалымат берүүчү жактардан алынган маалыматты текшерүү жана терроризмди (экстремизмди) каржылоо же кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) белгилери бар операцияларды (бүтүмдөрдү) табуу;
б) терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жаатында чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен өз ара аракеттенүүнү жана маалымат алмашууну камсыздоо жана Кыргыз Республикасынын тиешелүү эл аралык келишимдери боюнча милдеттенмелерин (эл аралык тапшырма же жазуу жүзүндөгү сурам болгон учурда) аткаруу;
в) терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жаатында ошол органдардын ишин координациялоо, ошондой эле зарыл болгон маалыматтык-статистикалык жана аналитикалык материалдарды алуу.
5. Ушул Жобонун 4-пунктунун "а" жана "б" пунктчаларында каралган сурамдар боюнча маалымат жана документтер (документтердин белгиленген тартипте тастыкталган көчүрмөлөрү) сурам алынган күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде, ал эми ушул Жобонун 4-пунктунун "в" пунктчасында каралган сурамдар - сурам алынган күндөн тартып бир айдын ичинде ФЧМКга берилет.
6. Суралган маалыматты же документтерди берүүгө мүмкүн болбогон учурда же алардын сурамга жооп берүүсү үчүн мөөнөтүн узартуу зарылдыгы келип чыккан учурда, тийиштүү негиздемеси бар сурамга жооп ошол эле мөөнөттөрдө ФЧМКга жөнөтүлөт.
7. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары, Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан бекитилген "Жалпыланган материалды берүү жана карап чыгуу жөнүндө жобого" ылайык, терроризмди (экстремизмди) каржылоонун же кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоонун (адалдоонун) белгилери бар операциялар (бүтүмдөр) боюнча ФЧМКдан келип түшкөн жалпыланган материалдарды карап чыгуунун жыйынтыктары тууралуу маалыматты ФЧМКга беришет.
8. Маалымат жана документтер ФЧМКга кагаз түрүндө берилет.
ФЧМК менен макулдашылган боюнча, маалымат жана документтер белгиленген байланыш каналдары аркылуу электрондук түрдө же магниттик каражат түрүндө берилиши мүмкүн.
Маалыматты жана документтерди берүү форматы жана аларга код салуу формасы тийиштүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте ФЧМК тарабынан аныкталат.
Маалыматты жана документтерди ФЧМКга өткөрүп берүүдө алардын корголушун маалымат ресурстарынын ээси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздайт.
9. ФЧМКнын кызматкерлери ушул Жобого ылайык өздөрүнө маалым болгон, алынган жана кызматтык, банктык, салыктык, коммерциялык сырды же башка сырды түзгөн маалыматтардын сакталышын камсыздашат жана ошол маалыматтарды ачыкка чыгаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген жоопкерчиликти тартышат.
10. Ушул Жобо менен белгиленген маалыматты жана документтерди берүү тартибин бузган жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
11. Милдеттүү контролго алынуучу операциялар (бүтүмдөр) боюнча маалымат, милдеттүү контролго алынуучу тийиштүү операция (бүтүм) жасалган күндөн кийинки жумушчу күндөн кечиктирилбей, маалымат берүүчү жактар тарабынан катталып жазылат жана берилет.
Ички контроль программаларын ишке ашырууда терроризмди (экстремизмди) каржылоо же кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) максатында жүзөгө ашырылгандыгы тууралуу шектенүү келип чыккан, операциялар (бүтүмдөр) боюнча маалымат, операция (бүтүм) шектүү деп табылган күндөн кийинки жумушчу күндөн кечиктирилбей, маалымат берүүчү жактар тарабынан берилет.
12. Адвокаттар, аудиторлор, салык консультанттары, нотариустар жана юридикалык же бухгалтердик кызматтарды көрсөтүү жаатында ишкердик ишин жүзөгө ашыруучу жактар, аларда милдеттүү контролго алынуучу операциялар (бүтүмдөр), терроризмди (экстремизмди) каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) максатында жүзөгө ашырылууда же жүзөгө ашырылган болушу мүмкүн деп ой жорууга негиздер бар болгон учурда, тийиштүү операция (бүтүм) табылган күндөн кийинки жумушчу күндөн кечиктирбей, бул тууралуу ФЧМКга кабарлашат.
13. Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жаатында чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен өз ара аракеттенүүнү жана маалымат алмашууну камсыздоо максатында, ФЧМК Кыргыз Республикасынын тиешелүү эл аралык келишимдери боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматты жана документтерди берүү тууралуу жазуу жүзүндөгү сурамдарды маалымат берүүчү жактарга белгиленген тартипте жөнөтүүгө укуктуу.
ФЧМКнын маалыматты жана документтерди берүү тууралуу жазуу жүзүндөгү сурамдары расмий бланктарда таризделет жана ФЧМКнын төрагасы же статс-катчысы кол коет.
Жазуу жүзүндөгү сурамдын формасы жана маалымат берүүчү жактарга сурам жөнөтүү укугуна ээ кызмат адамдарынын тизмеси ФЧМК тарабынан аныкталат.
Маалымат берүүчү жактар суралган маалыматты жана документтерди тийиштүү жазуу жүзүндөгү сурам алынган күндөн тартып 10 жумушчу күндөн кечиктирбей ФЧМКга беришет. Суралган маалыматтын жана документтердин көлөмүн, мүнөзүн жана мазмунун эске алуу менен, ФЧМК аларды берүүнүн башка мөөнөтүн белгилей алат.
Маалымат берүүчү жактар, жазуу жүзүндөгү сурамда көрсөтүлбөгөн, бирок, алардын пикири боюнча "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын натыйжалуу ишке ашыруу үчүн зарыл болгон документтерди жана маалымдама материалдарын кошумча бере алышат.
Маалымат берүүчү жактардын жазуу жүзүндөгү жооптору ФЧМКнын төрагасына даректелет жана алынган жазуу жүзүндөгү сурамдардын чыгыш номерине жана датасына шилтеме жасалат, ошондой эле аткаруучулардын фамилиялары жана байланыш реквизиттери көрсөтүлөт.
Суралган маалымат жана документтер ФЧМКнын дарегине тапшыруу тууралуу кабары бар почта аркылуу же жеткирүү учурунда маалыматты, документтерди жана материалдарды контролсуз алуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруучу чараларды сактоо менен чабарман аркылуу жөнөтүлөт.
ФЧМКнын сурамдарына ылайык келип түшкөн маалымат жашыруун болуп саналат жана ага Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган коргоо режими таркайт.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-октябрындагы № 716 токтомунун редакциясына ылайык)
14. ФЧМКга маалыматты берүүнүн формалары жана өткөрүп берүүнүн ыкмалары:
Ушул Жобонун III бөлүмүнүн 11-пунктунда көрсөтүлгөн маалымат электрондук байланыш жолу аркылуу жөнөтүлүүчү электрондук документ түрүндөгү билдирүү (мындан ары - ЭДБ) менен же ФЧМК тарабынан белгиленүүчү форматта, ФЧМКга маалымат берүүчү жактар тарабынан жөнөтүлөт.
Башка учурларда, ФЧМК менен макулдашуу боюнча ушул Жобонун III бөлүмүнүн 11-пунктунда көрсөтүлгөн маалымат, маалымат берүүчү жактардын жетекчилеринин колдору менен күбөлөндүрүлгөн жана мөөрү менен тастыкталган кагаз документ түрүндөгү формага келтирилген билдирүү (мындан ары - КДБ) менен маалымат берүүчү жактар тарабынан берилет.
ФЧМК, маалымат берүүчү жактар тарабынан милдеттүү колдонууга жаткан (укук нормаларын (укуктук нормаларды) белгилебей, өзгөртпөй же жокко чыгарбай турган) төмөндөгү документтерди түзөт жана бекитет:
а) ФЧМКга алар жөнүндө маалымат берилүүчү операциялардын (бүтүмдөрдүн) түрлөрүнүн коддорунун маалымдамасы;
б) Маалымат берүүчү жактардын түрлөрүнүн жана уюштуруу-укуктук формалардын түрлөрүнүн коддорунун маалымдамасы;
в) Акча каражаттары же мүлк менен операциялардын (бүтүмдөрдүн) катышуучуларынын түрлөрүнүн коддорунун маалымдамасы;
г) ФЧМКга маалымат берүүдө колдонулуучу инсандыкты ырастоочу же чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок жактын Кыргыз Республикасында убактылуу жүрүү (жашоо) укугун тастыктоочу документтердин түрлөрүнүн коддорунун маалымдамасы;
д) Типтүү формалар жана аларды толтуруунун тартиби жөнүндөгү нускамалар;
е) Шектүү операциялардын (бүтүмдөрдүн) критерийлеринин тизмеги жана шектүү операциялардын (бүтүмдөрдүн) түрлөрүнүн коддорунун маалымдамасы;
ж) Алардын террористтик же экстремисттик ишке (терроризмди же экстремизмди каржылоого) катышкандыгы тууралуу маалыматтар бар болгон жеке жана юридикалык жактардын тизмеги;
з) Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жаатындагы эл аралык кызматташууга катышпаган жана акча каражаттары же мүлк менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүүдө аларда (аларга карата) маалыматты ачыкка чыгаруу же берүү каралбаган мамлекеттердин (аймактардын) тизмеги.
Билдирүүнү түзүү үчүн зарыл болгон жогоруда көрсөтүлгөн маалымдамалар, типтүү формалар, нускамалар жана тизмектер электрондук түрдө да түзүлөт жана ФЧМКнын расмий сайтында (www.sfr.kg) жайгаштырылат.
Зарыл учурларда маалымат берүүчү жактар жана ФЧМК Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуучу төмөндөгү маалымдамаларды колдоно алышат:
а) дүйнө өлкөлөрүнүн эл аралык классификатору;
б) администрациялык-аймактык бөлүнүү объектилеринин белгилеринин системасы;
в) валюталардын эл аралык классификатору;
г) экономикалык иш түрлөрүнүн классификатору.
Маалымат берүүчү жактар өздөрүнүн аймактык бөлүктөрү үчүн ЭДБ/КДБ түзүүнүн жана жөнөтүүнүн ички регламентин өз алдынча аныкташат. Аймактык бөлүктөр тарабынан маалыматтардын берилиш тартиби маалымат берүүчү жактардын башкы кеңсеси аркылуу гана жүзөгө ашырылат.
ЭДБны жана КДБны ФЧМКга өткөрүп берүүдө маалыматтын корголушун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык маалымат берүүчү жак камсыз кылат.
15. ЭДБнын маалымат берүүчү жактар тарабынан түзүлүүсү жана электрондук байланыш жолдору аркылуу жөнөтүлүүсү. ЭДБнын берилиш форматы. Маалымат берүүчү жактар тарабынан ФЧМКга берилген ЭДБны контролдоо:
ЭДБ маалымат берүүчү жактар тарабынан типтүү форманын негизинде түзүлөт жана катталган электрондук санарип менен кол коюлат, (күбөлөндүрүлөт) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ал кагаз документтери менен катар бирдей юридикалык күчкө ээ болот.
ЭДБны даярдап жана ФЧМКга жөнөтүү "ФЧМКга маалыматты киргизүү, иштеп чыгуу жана өткөрүп берүү боюнча программалык каражаттардын автоматташтырылган комплекси" (мындан ары - АРМ) адистештирилген программалык колдоонун жардамы менен жүзөгө ашырылат.
АРМдын жардамы менен ЭДБнын маалымат берүүчү жактар тарабынан ФЧМКга өткөрүлүп берилүүсү АРМдын комплектине кирген маалыматты криптографиялык коргоо каражаттарын колдонуу менен жана АРМ тарабынан жакталуучу техникалык байланыш жолдорунун жардамы аркасында жүзөгө ашырылат.
АРМ, ушул жобонун нормаларына ылайык, "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган маалыматты ФЧМКга даярдап жана берүү үчүн гана колдонулат.
АРМдын жардамы менен ЭДБны түзүү боюнча иш-аракеттердин ырааттуулугу, ЭДБнын форматы жана түзүмү, ошондой эле ЭДБны кабыл алууда жана өткөрүп берүүдө маалыматты криптографиялык коргоо каражаттарын колдонуу тартиби АРМдын комплектинде турган жана ФЧМКнын расмий сайтында (www.sfr.kg) кошумча жайгаштырылган нускама материалдарда баяндалган.
Маалымат берүүчү жак, ФЧМК тарабынан бекитилген ЭДБнын реквизиттерин толтуруу боюнча нускамага ылайык, АРМды пайдалануу менен ЭДБны толтурат жана түзөт.
ФЧМК маалымат берүүчү жактарга АРМды акысыз негизде берет.
АРМды алуу үчүн, маалымат берүүчү жак ФЧМКга ФЧМКнын Бирдиктүү маалыматтык системасынын абоненттин каттоо карточкасын (мындан ары - БМС АКК) ФЧМК тарабынан белгиленген формада жөнөтөт.
БМС АККга анда камтылган маалыматтарды тастыктоо максатында, ага маалымат берүүчү жактын жетекчисинин колу коюлат жана мөөрү басылат.
БМС АККга ишеним каттын түп нускасы же жеке жактын юридикалык жактын атынан кол коюу жана ФЧМКга ЭДБ түрүндө маалымат берүү иш-аракеттеринин укук ченемдүү экендигин тастыктоочу документтердин тиешелүү түрдө тастыкталган көчүрмөлөрү тиркелет.
Маалымат берүүчү жактар тарабынан АРМды жана маалыматты криптографиялык коргоо каражаттарынын алуу тартиби ФЧМК тарабынан белгиленет.
ФЧМК төмөндөгү учурларда БМС АККны кароосуз калтырат жана ал тууралуу маалымат берүүчү жактарга жазуу жүзүндө билдирет:
а) АРМды алууга арыз БМС АКК үчүн ФЧМК тарабынан белгиленген Формадан айырмаланган формада берилген учурда;
б) БМС АКК үчүн Формада толтурулбаган реквизиттер же болбосо туура эмес толтурулган реквизиттер бар болгон учурда;
в) БМС АКК үчүн Формада маалымат берүүчү жактын мөөрү жана/же жетекчисинин колу жок болгон учурда.
Жогоруда көрсөтүлгөн себептер боюнча ФЧМКга жөнөтүлгөн АРМды алуу арызы кароосуз калтырылгандыгы тууралуу ФЧМКнын билдирүүсү маалымат берүүчү жактын дарегине келип түшкөн учурда, маалымат берүүчү жак аларды жоюу тууралуу чараларды көрөт жана АРМды алуу үчүн БМС АКК үчүн Форманы ФЧМКга кайрадан жөнөтөт.
Маалымат берүүчү жактар белгиленген байланыш жолдору аркылуу ФЧМКга ЭДБны жеткиришет.
ЭДБнын коммерциялык банктар тарабынан ФЧМКга электрондук байланыш жолдору аркылуу жөнөтүлүшү банктар аралык байланыш желесинин (КРУБ ББЖ) технологияларын пайдалануу менен жүзөгө ашырылат.
Маалымат берүүчү жактар тарабынан маалыматты криптографиялык коргоо каражаттарынын алынуу, ЭСКны коюу жана ачкыттар маалыматын алмашуу жол-жобосу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ФЧМК тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
ФЧМКга жөнөтүлгөн ар бир ЭДБга маалымат берүүчү жак тарабынан операциянын (бүтүмдүн) сейрек кездешүүчү идентификаторлору болуп саналган билдирүүнүн атайын номери ыйгарылат.
Билдирүүнүн атайын номери үч талаанын жыйындысы болуп саналат:
а) маалымат берүүчү жактардын НТИН;
б) билдирүүнүн иреттик сандык номери;
в) билдирүүнүн берилген күнү.
Билдирүүнүн номери билдирүүлөр берилген бир календардык жыл ичинде "1" деген номерден баштап өсүү тартибинде маалымат берүүчү жактар тарабынан түзүлөт.
Милдеттүү контролго алынуучу операцияларды (бүтүмдөрдү) жасоодо, терроризмди (экстремизмди) каржылоого байланыштуу операцияларды (бүтүмдөрдү) кошпогондо, маалымат берүүчү жактар ошондой операциялар (бүтүмдөр) тууралуу маалыматты камтыган ЭДБны түзүшөт жана аны операциялар (бүтүмдөр) жасалган күндөн кийинки жумушчу күнү саат 16.00гө чейин белгиленген байланыш жолдору аркылуу ФЧМКга жөнөтүшөт.
Маалымат берүүчү жактар тарабынан операциялар (бүтүмдөр) токтотулган учурда жана жеке же юридикалык жактын эсебине келип түшкөн акча каражаттарын чегерүү боюнча операцияны жасоодо, эгерде тараптардын бирөөсү алардын террористтик (экстремисттик) ишке катышкандыгы тууралуу маалымат бар болгон жеке же юридикалык жак болуп саналса, маалымат берүүчү жактар ошондой операция (бүтүм) токтотулган же жасалган күнү ошол операция (бүтүм) тууралуу маалыматты камтыган өзүнчө ЭДБны түзөт жана терроризмди (экстремизмди) каржылоого байланыштуу операциялар (бүтүмдөр) тууралуу маалыматтарды берүүнү аныктоочу тийиштүү белгиси бар белгиленген байланыш жолдору аркылуу аны токтоосуз түрдө ФЧМКга жөнөтөт.
Эгерде кардардын ишинде шектүү операция (бүтүм) табылган учурда, терроризмди (экстремизмди) каржылоого байланыштуу операцияларды (бүтүмдөрдү) кошпогондо маалымат берүүчү жактар ошондой операция (бүтүм) тууралуу ЭДБны түзүшөт жана табылган күнү саат 16.00гө чейин белгиленген байланыш жолдору аркылуу ФЧМКга жөнөтүшөт.
ЭДБны алууда ФЧМК алынган маалыматтын аныктыгын (ЭДБны жөнөтүүчүнү идентификациялоо, ЭСКнын дал келүүсү, маалыматтык билдирүүнүн мазмунунун өзгөрүлбөстүгү ж. б.), ошондой эле ЭДБнын туура түзүлгөнүн жана таризделгенине контролдоону жүзөгө ашырат.
Ар бир ЭДБны текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча ФЧМК, ЭДБнын кабыл алынганына же кабыл алынбаганына жараша, электрондук түрдөгү оң же терс квитанцияны түзөт. ФЧМК квитанцияларды байланыш жолдору аркылуу ЭДБ алынган күнү саат 18.00дөн кечиктирбей жөнөтүүнү камсыз кылат. ЭДБнын кабыл алынбаганы тууралуу квитанциянын формасы ФЧМК тарабынан аныкталат.
ЭДБны толтуруунун тууралыгын текшерүү жол-жоболорун жүзөгө ашыруунун, аны бузулган түрдө же толук эмес көлөмдө берүүнүн, ЭДБнын ЭСКсын чечмелөөдө же текшерүүдө кемчиликтер келип чыгуусунун натыйжасында ФЧМК тарабынан ЭДБ кабыл алынбай калышы (четке кагылышы) мүмкүн.
ФЧМКнын терс квитанциялары берилген ЭДБ андан аркы иштеп чыгуудан алынып салынат жана ФЧМК тарабынан кабыл алынган жок деп эсептелинет, ал эми маалымат берүүчү жак ЭДБны кайрадан даярдайт жана аны белгиленген тартипте жөнөтөт.
ЭДБнын кабыл алынбагандыгы тууралуу квитанция алынган учурда, маалымат берүүчү жак анда көрсөтүлгөн ЭДБнын кабыл алынбагандыгынын себептерин жоюу боюнча чараларды көрөт, ФЧМК тарабынан көрсөтүлгөн эскертүүлөрдү оңдоп-түзөйт.
Оңдолгон ЭДБ жана/же айрым операциялар (бүтүмдөр) тууралуу оңдолгон маалыматтары бар ЭДБ, биринчи терс квитанция алынган күндөн кийинки жумушчу күнү саат 16.00дөн кечикпей алынууга тийиш болгон оң квитанция алынганга чейин ФЧМКга кайрадан жөнөтүлөт.
Муну менен бирге, оңдолгон ЭДБга биринчи берилген ЭДБнын "Номеринин" жана "Билдирүүнүн күнүнүн" реквизиттери ыйгарылат.
ФЧМКга мурда берилген жана ФЧМК тарабынан кабыл алынган маалыматка өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду демилгелүү киргизүү үчүн, маалымат берүүчү жак, "Кошумча маалымат" реквизитинде маалыматтык билдирүүгө киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду көрсөтүү менен, алмаштыруучу ЭДБны бүтүндөй берет.
Муну менен бирге, алмаштыруучу билдирүүгө биринчи берилген ЭДБнын "Номеринин" жана "Билдирүүнүн күнүнүн" реквизиттери ыйгарылат.
Алмаштыруучу билдирүү, ФЧМКга мурда берилген жана ФЧМК тарабынан кабыл алынган маалыматка өзгөртүүлөрдү же толуктоолорду киргизүүгө алып барган (талап койгон) фактылар (жагдайлар) табылган күндөн кийинки жумушчу күндөн кечиктирилбей, маалымат берүүчү жак тарабынан ФЧМКга жөнөтүлөт.
ЭДБны түзүүгө жана жөнөтүүгө байланыштуу техникалык маселелер келип чыккан учурда жана ЭДБнын кабыл алынгандыгы (алынбагандыгы) квитанциясы алынбаган учурда, маалымат берүүчү жак "түз байланыш" телефону аркылуу ФЧМК менен байланышат же ФЧМКнын дарегине жазуу жүзүндө кайрылат.
ФЧМК менен маалымат алмашуу технологиясын колдонуу максатында, маалымат берүүчү жак, биринчи ЭДБ жөнөтүлгөн күндөн тартып бир айдын ичинде, ЭДБ түрүндөгү маалыматты бир эле мезгилде жөнөтүү менен, КДБ түрүндөгү маалыматты берет.
ЭДБга киргизилүүчү маалыматтардын мазмуну үчүн жоопкерчиликти ЭДБ жабдылган ЭСКнын ээси тартат.
ЭДБны ФЧМКга жөнөтүү үчүн жооптуу жактын өргүүгө, ооруга, командировкага ж.б.у.с. байланыштуу жоктугуна байланыштуу ЭДБны ФЧМКга жөнөтүүгө мүмкүн эмес болгон учурда, ошондой эле ЭСКны алмаштыруу мезгилинде, ЭДБ АРМдын жардамы менен түзүлөт жана ЭДБны жөнөтүүгө жолтоо болуучу себептер белгиленген тартипте жоюлганга чейин электрондук же кагаз түрүндө ФЧМКга жөнөтүлөт.
16. Маалымат берүүчү жактардын КДБны түзүүсү жана жөнөтүүсү. КДБны берүү форматы. Маалымат берүүчү жактар тарабынан ФЧМКга берилген КДБны контролдоо:
Ыйгарым укуктуу жактардын колдору менен күбөлөндүрүлгөн жана маалымат берүүчү жактын мөөрү менен тастыкталган КДБ түрүндөгү маалымат ФЧМК менен жазуу жүзүндөгү макулдашуу бар болгон учурда гана ФЧМКга берилиши мүмкүн.
КДБ түрүндөгү маалыматты берүүнү макулдашуу үчүн, маалымат берүүчү жак ЭДБ түрүндөгү маалыматты берүү мүмкүнчүлүгү жоктугунун себептери көрсөтүлгөн макулдашуу барагы бар тиешелүү катты ФЧМКга жөнөтөт.
Макулдашуу барагы ФЧМК тарабынан белгиленген формада эки нускада берилет жана ага маалымат берүүчү жактын жетекчисинин колу коюлат.
Катты карап чыгуунун жыйынтыктары боюнча ФЧМК макулдашуу барагына ФЧМКнын кызмат адамынын колу менен күбөлөндүрүлгөн КДБ түрүндөгү маалыматтын маалымат берүүчү жак тарабынан берилүүсүнө макулдугу же макул эместиги тууралуу тийиштүү белги коет. Макулдашуу барагынын бир нускасы маалымат берүүчү жакка кайтарылып берилет.
ЭДБ түрүндөгү маалыматты берүүгө жолтоо болуучу объективдүү себептер жок болгон учурда, ФЧМК КДБ түрүндөгү маалыматты берүүнү макулдашуудан баш тартууга укуктуу.
Төмөнкүдөй учурларда, КДБ түрүндөгү маалымат ФЧМКнын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз берилет:
а) маалыматты кагаз каражаттарында берүүнү макулдашуу жолжобосу жүрүп жаткан мезгилде;
б) АРМды алуу жол-жобосу жүрүп жаткан мезгилде;
в) маалымат берүүчү жактардан көз каранды болбогон табигый жана техногендик мүнөздөгү себептерге байланыштуу, маалымат берүүчү жак АРМдын жардамы менен ЭДБны өз алдынча даярдоого жана түзүүгө жөндөмсүз болгон бөтөнчө учурларда.
Маалымат берүүчү жактар КДБ түрүндөгү маалыматты компьютерде (принтерден чыгарылган), жазуу машинкасында же даяр бланкада басма тамгалар менен автокалемсап менен толтурулган типтүү формалар боюнча беришет.
Компьютерди колдонуу же басма тамгалар менен типтүү форманы түзүү жана толтуруу үчүн типтүү форманын бланкасы ФЧМКнын расмий сайтында (www.sfr.kg) жарыяланат.
КДБнын реквизиттерин толтуруу боюнча түшүндүрмө ФЧМК тарабынан аныкталат.
Ар бир КДБ кандай ыкмада толтурулганына карабастан, ага маалымат берүүчү жактардын жетекчиси тарабынан кол коюлуп, мөөр менен тастыкталат.
Маалымат берүүчү жак тарабынан ФЧМКга жөнөтүлгөн ар бир КДБга операциянын (бүтүмдүн) сейрек кездешүүчү идентификатору болуп саналган жана билдирүүгө шилтеме жасоодо колдонула турган билдирүүнүн атайын номери ыйгарылат.
Билдирүүнүн атайын номери үч талаанын жыйындысы болуп саналат:
а) маалымат берүүчү жактардын НТИН;
б) билдирүүнүн иреттик сандык номери;
в) билдирүүнүн берилген датасы.
Билдирүүнүн номери өсүш тартибинде, билдирүүлөр берилген бир календардык жыл ичинде "1" деген номерден башталып, маалымат берүүчү жак тарабынан түзүлөт.
КДБ маалымат берүүчү жактын жетекчисинин колу коюлган жолдомо кат менен ФЧМКга жөнөтүлөт. Маалымат берүүчү жактын ыктыяры боюнча түшүндүрмө кат түрүндө КДБга кошумча маалыматтар жөнөтүлүшү мүмкүн.
Көп санда даярдалган КДБларды ФЧМКга бир эле мезгилде жөнөтүүдө жолдомо катка тиркеме катары жөнөтүүгө болот.
Милдеттүү контролго алынуучу операцияларды (бүтүмдөрдү) жасоодо, терроризмди (экстремизмди) каржылоого байланыштуу операцияларды (бүтүмдөрдү) кошпогондо, маалымат берүүчү жактар ошондой операциялар (бүтүмдөр) тууралуу маалыматты камтыган КДБны түзүшөт жана аны операциялар (бүтүмдөр) жасалган күндөн кийинки жумушчу күнү саат 16.00гө чейин белгиленген байланыш жолдору аркылуу ФЧМКга жөнөтүшөт.
Маалымат берүүчү жактар тарабынан операциялар (бүтүмдөр) токтотулган учурда жана жеке же юридикалык жактын эсебине келип түшкөн акча каражаттарын чегерүү боюнча операцияны жасоодо, эгерде тараптардын бирөөсү алардын террористтик (экстремисттик) ишке катышкандыгы тууралуу маалымат бар болгон жеке же юридикалык жак болуп саналса, маалымат берүүчү жактар ошондой операция (бүтүм) токтотулган же жасалган күнү ошол операция (бүтүм) тууралуу маалыматты камтыган өзүнчө КДБны түзөт жана терроризмди (экстремизмди) каржылоого байланыштуу операциялар (бүтүмдөр) тууралуу маалыматтарды берүүнү аныктоочу тийиштүү белгиси бар белгиленген байланыш жолдору аркылуу аны токтоосуз түрдө ФЧМКга жөнөтөт.
Эгерде кардардын ишинде шектүү операция (бүтүм) табылган учурда, терроризмди (экстремизмди) каржылоого байланыштуу операцияларды (бүтүмдөрдү) кошпогондо маалымат берүүчү жактар ошондой операция (бүтүм) тууралуу КДБны түзүшөт жана табылган күнү саат 16.00гө чейин белгиленген байланыш жолдору аркылуу ФЧМКга жөнөтүшөт.
ФЧМКга маалыматтын КДБнын типтүү формасынан айырмаланган форма боюнча кагаз каражаттарында маалымат берүүчү жактар тарабынан берилүүсүнө жол берилбейт.
ФЧМК алынган маалыматтын аныктыгын, анын ичинде маалыматты жөнөтүүчүнү идентификациялоо, маалыматты билдирүүнүн иденттүүлүгүн (өзгөрүлбөстүгүн), ошондой эле алынчу маалыматтын чындыгын текшерүүнү жүзөгө ашырат.
Маалымат берүүчү жак тарабынан КДБ бузулган түрдө же толук эмес көлөмдө берилген, маалымат КДБнын типтүү формасынан айырмаланган формада берилген, милдеттүү түрдө толтурулуучу барактар жана реквизиттер жок болгон учурда, ошондой эле маалымат берүүчү жактын жетекчисинин колу жана мөөрү жок болгон учурда ФЧМК тарабынан КДБнын кабыл алынбаганы жана КДБнын кабыл алынбаганынын айкын себептери тууралуу жазуу жүзүндөгү билдирүүнү маалымат берүүчү жактын дарегине жөнөтөт.
КДБнын кабыл алынбаганы тууралуу жазуу жүзүндөгү билдирүүнүн формасы ФЧМК тарабынан белгиленет.
КДБнын кабыл алынбаганы тууралуу жазуу жүзүндөгү билдирүү алынган учурда, маалымат берүүчү жак анда көрсөтүлгөн КДБнын кабыл алынбаганынын себептерин жоюу боюнча чара көрөт жана оңдолгон КДБны КДБнын кабыл алынбаганы тууралуу ФЧМКнын жазуу жүзүндөгү билдирүүсү уюм (жак) тарабынан алынган күндөн кийинки жумушчу күндөн кечиктирбей жөнөтөт.
Муну менен бирге, оңдолгон КДБга биринчи берилген КДБнын "Номеринин" жана "Билдирүүнүн күнүнүн" реквизиттери ыйгарылат.
ФЧМКга мурда берилген жана кабыл алынган маалыматка өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду демилге катары киргизген учурда, маалымат берүүчү жак, "Кошумча маалымат" реквизитинде маалыматтык билдирүүгө киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду көрсөтүү менен, алмаштырылуучу КДБны бүтүндөй берет.
Муну менен бирге, алмаштырылуучу КДБга биринчи берилген КДБнын "Номеринин" жана "Билдирүүнүн күнүнүн" реквизиттери ыйгарылат.
Алмаштырылуучу билдирүү, ФЧМКга мурда берилген жана кабыл алынган маалыматка өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун маалымат берүүчү жак тарабынан киргизилүүсүнө алып келүүчү (талап коюучу) фактылар (жагдайлар) табылган күндөн кийинки жумушчу күндөн кечиктирилбей, маалымат берүүчү жак тарабынан ФЧМКга жөнөтүлөт.
КДБ ФЧМКга тапшырганы тууралуу билдирүү менен почта аркылуу жөнөтүлөт же жеткирүү учурунда документтерге контролсуз жетүү мүмкүнчүлүгүн алып салуучу чараларды сактоо менен чабарман аркылуу; аларды зыянга учуратуу же таңгактын бүтүндүгүн бузбастан алардан маалыматты алуу мүмкүнчүлүгүн алып салуучу таңгактын ичине жайгаштырылат.
17. Алынган маалыматты текшерүү.
ФЧМК алынуучу маалыматты текшерүүнү жүзөгө ашырат, анын ичинде берилген маалымат боюнча зарыл болгон түшүндүрмөлөрдү маалымат берүүчү жактардан алат.
Алынган маалыматтын аныктыгын текшерүү жана терроризмди (экстремизмди) каржылоо же кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) белгилери бар акча каражаттары же мүлк менен операцияларды (бүтүмдөрдү) аныктап табуу максатында ФЧМК ушул Жобонун III бөлүмүнүн 11-пунктунда көрсөтүлгөн операциялар (бүтүмдөр) боюнча маалыматты жана ошол маалыматты тастыктоочу документтерди (же документтердин белгиленген тартипте тастыкталган көчүрмөлөрүн) берүү тууралуу жазуу жүзүндөгү сурамдарды маалымат берүүчү жактарга жөнөтөт.
Маалыматты жана документтерди (же документтердин белгиленген тартипте тастыкталган көчүрмөлөрүн) берүү тууралуу жазуу жүзүндөгү сурамдын формасы ФЧМК тарабынан белгиленет.
ФЧМК алынган маалыматтын аныктыгын контролдоону, анын ичинде:
а) маалыматты жөнөтүүчүнү идентификациялоону;
б) маалыматтык билдирүүнүн мазмунунун иденттүүлүгүн (өзгөрүлбөстүгүн), ошондой эле алынган маалыматтын аныктыгын текшерүүнү жүргүзөт.
Маалымат берүүчү жактар тарабынан маалыматтар:
а) бузулган түрдө же толук эмес көлөмдө;
б) типтүү формадан айырмаланган формада;
в) милдеттүү түрдө толтурулуучу типтүү форманын реквизиттери жок;
г) маалымат берүүчү жактардын мөөрү жок;
д) маалымат берүүчү жактардын жетекчисинин колу жок берилген учурда, ФЧМК белгиленген тартипте маалымат берүү тууралуу жазуу жүзүндөгү сурамды маалымат берүүчү жактардын дарегине жиберет жана билдирүүнүн кабыл алынбаганы жөнүндө аларга кабар берет.
18. ФЧМКга мурда берилген жана кабыл алынган маалыматты оңдоп-түзөө (алмаштыруу, жок кылуу) үчүн, маалымат берүүчү жактар, маалымат берүүчү жактардын жетекчисинин колу коюлуп, мөөрү менен тастыкталган жазуу жүзүндөгү кайрылууну же болбосо билдирүүнү, ошондой эле операцияны (бүтүмдү) бир беткей идентификациялоого мүмкүндүк берген маалыматтарды (билдирүүнүн номери, билдирүүнүн күнү, жүргүзүлгөн валютадагы операциянын (бүтүмдүн) суммасы, операция (бүтүм) жасалган күн ж.б.) оңдоп-түзөөнүн (алмаштыруунун) себептерин жана билдирүүнү (электрондук байланыш жолдору аркылуу, кагаз каражатында) берүү ыкмасын сөзсүз көрсөтүү менен, ЭСК менен кол коюлган электрондук байланыш жолдору аркылуу ФЧМКнын дарегине жөнөтүшөт.
19. Маалымат берүүчү жактар тарабынан жөнөтүлгөн жана ФЧМК тарабынан кабыл алынган ЭДБ жана КДБ электрондук жана кагаз түрүндө маалымат берүүчү жактар менен кардардын өз ара милдеттенмелеринин иш-аракети токтотулган күндөн тартып кеминде 5 жыл сакталат.
Маалыматты криптографиялык коргоонун программалык жана программалык-аппараттык каражаттары жана ЭСКнын маалымдамалары ЭДБны иштеп чыгууда акыркы ирет колдонулган учурдан тартып кеминде 5 жыл сакталат.
20. ФЧМК ушул Жобого ылайык өзүнө маалым болгон, алынган жана кызматтык, банктык, салыктык, коммерциялык сырды же бөлөк сырды түзгөн маалыматтардын сакталышын камсыз кылат жана ошол маалыматтарды ачыкка чыгаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген жоопкерчиликти тартат.
21. Ушул Жобо менен белгиленген маалыматты берүү тартибин бузган жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык жоопкерчилик тартышат.
22. Ушул Жобо күчүнө кирген учурда АРМды пайдаланбастан ФЧМКна маалымат бере турган маалымат берүүчү жак ФЧМКнын БМЖнын Абонентинин каттоо карточкасын же болбосо кагаз каражаттарда маалымат берүү тууралуу макулдашуу барагын ушул Жобо менен белгиленген тартипте жана учурларда, ушул Жобо күчүнө кирген күндөн тартып үч айдын ичинде көрсөтүүгө тийиш.
Маалымат берүүчү жактар, ушул Жобо күчүнө киргенге чейин ФЧМКга маалыматтарды берүү учурунда АРМды алган жана пайдаланган жактар, ушул Жободо каралган тартипте АРМды пайдалануу менен операциялар (бүтүмдөр) тууралуу маалыматты берүүнү улантышат.