Загрузка документа…
|
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы №135 токтому менен бекитилген
Жалпыланган материалды берүү жана карап чыгуу жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 324, 2012-жылдын 12-октябрындагы № 716 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Жалпыланган материалдын укук коргоо органдарына ФЧМК тарабынан даярдалып жана берилиши
3. ФЧМКдан алынган жалпыланган (кошумча) материалдын укук коргоо органдары тарабынан каттоого жана эсепке алынышы
4. ФЧМКдан алынган жалпыланган материалды укук коргоо органдары тарабынан кароонун тартиби
5. Укук коргоо органдарынан жалпыланган материалды иштеп чыгуунун жүрүшү тууралуу маалыматтын ФЧМК тарабынан алыныш тартиби
6. Жалпыланган (кошумча) материалдагы маалыматтын мазмунунун жашырындыгын камсыздоо боюнча иш-чаралар
7. Контроль
1-тиркеме. Жалпыланган (кошумча) материалдын укук коргоо органдары тарабынан каралып чыгыш абалы жөнүндө маалыматтардын Тизмеси
2-тиркеме. Жөнөтүлгөн жана каралып чыккан жалпыланган (кошумча) материалдар боюнча статистикалык маалыматтарды салыштырып текшерүү актысы
3-тиркеме. Кошумча маалыматы жок өткөрүлүп берилген жалпыланган (кошумча) материалдардын каралып чыгышынын жыйынтыктарын салыштырып текшерүү актысы
1. Жалпыланган материалды берүү жана карап чыгуу жөнүндөгү бул жобо (мындан ары - Жобо) терроризмди (экстремизмди) каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) менен байланышкан операцияларга (бүтүмдөргө) карата жалпыланган материалды (мындан ары - жалпыланган материал) түзүүнүн, берүүнүн, каттоонун жана карап чыгуунун бирдиктүү тартибин аныктайт.
2. Жобо ошондой эле, укук коргоо органдары тарабынан келип түшкөн жалпыланган материалды карап чыгуунун жүрүшү тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына (мындан ары - ФЧМК) берүүнүн тартибин аныктайт.
3. Бул Жобонун максаттары үчүн төмөндөгү түшүнүктөр колдонулат:
маалымат берүүчү жактар - "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинде каралган мааниде түшүнүлөт. Маалымат берүүчү жактардын конкреттүү тизмеси (аталышын жана юридикалык дарегин көрсөтүү менен) ФЧМК тарабынан түзүлөт;
Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары (мындан ары - укук коргоо органдары) - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 163-беренесинде белгиленген тергөөнүн караштуулугуна ылайык, терроризмди (экстремизмди) каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) жаатындагы кылмыштар, ошондой эле аларга чейинки кылмыштар боюнча тергөө жүргүзүүчү мамлекеттик органдар;
жалпыланган материал - "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык маалымат берүүчү жактардан алынган маалыматтын жана бөлөк кошумча материалдардын негизинде ФЧМК тарабынан даярдалган жана терроризмди (экстремизмди) каржылоого же кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) байланыштуу болушу мүмкүн болгон операциялар (бүтүмдөр) тууралуу документ же маалыматтык материал;
кошумча материал - мурда берилген жалпыланган материалга кошумча катарында укук коргоо органдарына берүү үчүн ФЧМК тарабынан даярдалган кошумча документ же маалыматтык материал;
жалпыланган (кошумча) материалга тиркеме - жалпыланган (кошумча) материал менен байланыштуу жана операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө маалыматтарга тиешелүү болгон документтердин жана материалдардын копиялары;
эксперттик кеңеш - жалпыланган (кошумча) материалды карап чыгуу жана аны укук коргоо органдарына өткөрүп берүү тууралуу маселени чечүү максатында ФЧМКда түзүлгөн кеңеш. Эксперттик кеңештин курамы жана ыйгарым укуктары ФЧМКнын буйругу менен бекитилет;
жалпыланган (кошумча) материалды берүү - ФЧМКнын кызмат адамдарынын жазуу жүзүндөгү жана/же электрондук формадагы жалпыланган (кошумча) материалды белгиленген тартипте укук коргоо органдарына өткөрүп берүүгө багытталган иш-аракеттери;
жалпыланган (кошумча) материалды каттоо - ар бир жалпыланган (кошумча) материалга каттоо номерин ыйгаруу жана/же эсепке алуу документтерине белгилеп жазуу;
жалпыланган (кошумча) материалды карап чыгуу - жалпыланган (кошумча) материалда камтылган маалыматтардын укук коргоо органдары тарабынан текшерилиши жана Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алынуусу.
4. Жалпыланган (кошумча) материал жана ага тиркемелер "жашыруун" деген белгиси бар жашыруун документ болуп саналат.
Жалпыланган (кошумча) материалды өткөрүп берүү, каттоо (эсепке алуу), карап чыгуу жана сактоо Жашыруун иш кагаздарын жүргүзүү боюнча нускамага ылайык жүзөгө ашырылат.
5. "Терроризмди каржылоого же кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык алынган операциялар (бүтүмдөр) тууралуу маалымат, ошол операциянын (бүтүмдүн) терроризмди (экстремизмди) каржылоо же кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) максатында жүзөгө ашырылуусу жагы ФЧМК тарабынан иштелип чыгат жана талданат.
6. Операция (бүтүм) терроризмди (экстремизмди) каржылоого же кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) байланыштуу болушу мүмкүн экендигине жетиштүү негиздер бар болгон учурда, ФЧМК жалпыланган материалды даярдайт, ал компетенцияларына ылайык укук коргоо органдарына жөнөтүү маселесин чечүү үчүн Эксперттик кеңештин кароосуна берилет.
7. Жалпыланган материал төмөндөгү маалыматтарды камтышы керек:
- терроризмди (экстремизмди) каржылоого же кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) байланыштуу болушу мүмкүн болгон операциянын (бүтүмдүн) мазмунунун кеңири баяндамасы, жактардын ортосундагы өз ара мамилелерди жана байланыштарды, анын жүзөгө ашырылуу шарттарын жана ошол операция (бүтүм) жасалган сумманы көрсөтүү менен;
- терроризмди (экстремизмди) каржылоого же кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) байланыштуу болушу мүмкүн болгон операциялар (бүтүмдөр) бир далай болгон учурда, алардын баяндалышы жалпылоо түрүндө түзүлөт (операциялардын (бүтүмдөрдүн саны, суммасы, операциялардын (бүтүмдөрдүн) басымдуулук кылган мүнөзү жана негизги контрагенттер). Толугураак маалымат таблица же схема түрүндө берилиши мүмкүн;
- банктын коду (МФО - BIC), банктын аталышы жана эсептердин номерлери, ошондой эле терроризмди (экстремизмди) каржылоого же кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) байланыштуу болушу мүмкүн болгон операция (бүтүм) жүзөгө ашырган маалымат берүүчү жактар тууралуу башка маалыматтар;
- "Терроризмди каржылоого же кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинде каралган жеке жана юридикалык жактарга карата идентификациялык маалыматтар;
- укук коргоо органдарынан жана бөлөк мамлекеттик органдардан алынган маалымат;
- чет мамлекеттердин финансылык чалгындоо бөлүктөрүнөн алынган маалымат (ушундай маалыматты өткөрүп берүүгө укук коргоо органдары тарабынан уруксат болгон учурда);
- ачык булактардан (массалык маалымат каражаттарынан, Интернет тармагынан ж.б.у.с.) алынган маалыматтар;
- операциялар (бүтүмдөр) терроризмди (экстремизмди) каржылоо же кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) максатында жасалышы мүмкүн экендиги тууралуу жүйөлүү тыянак. Тыянакта терроризмди (экстремизмди) каржылоо же кирешелерди легализациялоо (адалдоо) максатында жасалышы мүмкүн болгон операциялардын (бүтүмдөрдүн) жалпы суммасы камтылууга тийиш;
- ошол материал менен байланыштуу, мурда өткөрүлүп берилген материалдар жөнүндө жана аларды кароонун абалы жөнүндө маалымат.
8. Жалпыланган материалды укук коргоо органдарына өткөрүп берүү үчүн жетиштүү негиз бар экендиги тууралуу чечимди Эксперттик кеңеш чыгарат.
Милдеттери терроризмди (экстремизмди) каржылоонун же кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоонун (адалдоонун) алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү болгон укук коргоо органдарынын бөлүктөрүнүн адистери эксперт катарында Эксперттик кеңештин жыйындарына катышууга тартылышы мүмкүн. Бул адистердин курамы жана ыйгарым укуктары тийиштүү укук коргоо органынын өзүнчө буйругу менен бекитилет.
Эксперттик кеңештин чечиминен кийин, жалпыланган материалды укук коргоо органдарына өткөрүп берүү мөөнөтү 5 жумушчу күндөн ашпоого тийиш.
9. Операция (бүтүм) терроризмди (экстремизмди) каржылоого байланыштуу болушу мүмкүн экендигине жетиштүү негиздер болгон учурда, жалпыланган материал дароо Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук же ички иштер органдарына өткөрүлөт.
10. Кирешелерди легализациялоого (адалдоого) түрткү бериши мүмкүн болгон кылмыштын белгилери боюнча кылмыштык иш укук коргоо органынын аймактык бөлүгү тарабынан тергелип жатканы тууралуу маалымат болгон учурда, Эксперттик кеңеш укук коргоо органынын борбордук аппаратына билдирүү жөнөтүү менен, ушундай ишке байланыштуу жалпыланган материалды ошол бөлүккө түздөн-түз берүү тууралуу чечим кабыл алышы мүмкүн.
11. Жалпыланган материалды кароого бир нече укук коргоо органдары кызыкканы тууралуу маалымат болгон учурда, аларды берүү жөнүндө чечимди Эксперттик кеңеш чыгарат. Эксперттик кеңеш ар бир укук коргоо органына жалпыланган материалдын бирден нускасын, ошондой эле кызыкдар укук коргоо органын кабардар кылуу үчүн, жалпыланган материалдын көчүрмөлөрүн берүү жөнүндө чечим чыгарат.
12. Жалпыланган материалды укук коргоо органдарына жөнөтүүдө анын көчүрмөсү ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жиберилет.
13. Эксперттик кеңеш жалпыланган (кошумча) материалды укук коргоо органдарына жөнөтүү жөнүндө чечим кабыл алынып жатканда:
- жалпыланган (кошумча) материал жана ага тиркемелер (бар болгон учурда) укук коргоо органдарына кагаз жана/же магниттик маалымат сактагычтарда, ФЧМКнын төрагасынын же статс-катчысынын функциялык милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө ылайык анын орун басарынын колу коюлган тийиштүү коштомо кат менен берилет;
- эгерде жалпыланган (кошумча) материалдын кызматтык, банктык, коммерциялык же бөлөк сырды камтыган тиркемелери бар болсо, материалда жана коштомо катта "Тиркемелер кызматтык, банктык, коммерциялык же бөлөк сыр камтыйт" деген жазуу жазылат;
- коштомо катта жалпыланган (кошумча) материалдын кыскача шарттуу аталышы, мурда жиберилген жалпыланган материалдар жөнүндө маалымат, алардын каттоо номери, тиркемелер бар экендиги белгиленет.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-октябрындагы № 716 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Жалпыланган (кошумча) материалды укук коргоо органынын аймактык бөлүгүнө жөнөтүлгөнү жөнүндө коштомо каттын копиясы, аларды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кабыл алынган чечимдин негиздүүлүгүн контролдоону камсыз кылуу үчүн укук коргоо органынын борбордук аппаратына берилет.
15. ФЧМКдан алынган жалпыланган (кошумча) материалды каттоону укук коргоо органдары жана алардын аймактык бөлүктөрү жашыруун маалыматты камтыган документтерди, иштерди, басылмаларды жана башка материалдык маалымат сактагычтарды эсепке алуу, сактоо жана пайдалануу тартиби жөнүндө ведомстволук нускамаларга ылайык жүргүзөт.
16. Жөнөтүлгөн (алынган) материалдар жана аларды иштеп чыгуунун жүрүшү тууралуу маалымат укук коргоо органдарынын жана ФЧМКнын автоматташтырылган маалыматтык системаларында же ведомстволор аралык макулдашуулардын алкагында башка формада эсепке алынат.
17. Жалпыланган (кошумча) материалды алган укук коргоо органы, анын аймактык бөлүгү жалпыланган (кошумча) материалдын каттоого алынган күнү жана номери тууралуу маалыматты каттоого алынган учурдан тартып 5 жумушчу күндөн кечиктирбей ФЧМКга берет.
18. Жалпыланган (кошумча) материалды текшерүү үчүн укук коргоо органынын борбордук аппараты тарабынан анын аймактык бөлүгүнө жиберилгенде, ФЧМКнын дарегине тийиштүү билдирүү (17-пунктта көрсөтүлгөн мөөнөттө) жиберилет. Бул билдирүүдө укук коргоо органынын аймактык бөлүгүнүн аталышы, жалпыланган (кошумча) материал жөнөтүлгөн коштомо каттын күнү, номери же нускасы көрсөтүлөт.
19. Эгерде, колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, жалпыланган (кошумча) материал бир укук коргоо органынан экинчисине өткөрүп берилсе, материалды өткөрүп берүүчү укук коргоо органы (17, 18-пункттар менен белгиленген мөөнөттөрдө жана тартипте) жалпыланган (кошумча) материал жөнөтүлгөн укук коргоо органына жана ФЧМКга маалымдайт.
20. Жалпыланган (кошумча) материалды текшерүүнү укук коргоо органдары компетенциясына ылайык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен жүзөгө ашырышат.
21. Алынган жалпыланган материалда камтылган маалыматтарды тактоо зарылдыгы чыккан учурда, укук коргоо органдары (алардын аймактык бөлүктөрү) ФЧМКдан кошумча маалыматты сурай алышат. Суроо-талапка аны жөнөткөн органдын жетекчисинин (жетекчинин орун басарынын) колу коюлат жана анда ФЧМКнын ушундай жалпыланган материал жиберилген коштомо катынын номери, күнү жана каттоо номери көрсөтүлүүгө тийиш.
22. ФЧМК зарыл учурда, укук коргоо органдарына кандай маалымат же документтер зарыл экенин тактайт, консультациялык жардам берет (терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жаатындагы ченемдик актылардын жоболору тууралуу түшүндүрүү, материалдардын мазмуну жөнүндө чечмелөө ж.б.у.с.) жана кошумча материалдарды даярдоо боюнча зарыл чараларды көрөт.
23. Мурда жөнөтүлгөн жалпыланган материалга же ага байланыштуу материалдарга кошумча маалымат бар болгон учурда, ФЧМК кошумча материалды даярдайт жана аны ушул Жобого ылайык укук коргоо органына жөнөтөт. Кошумча материалда мурда жөнөтүлгөн жалпыланган материалдын коштомо катынын чыгыш реквизиттери белгиленет.
24. Жалпыланган (кошумча) материалды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кабыл алынган чечимдерди кароонун абалын жана алардын мыйзамдуулугун контролдоону укук коргоо органдарынын борбордук аппараттары жүргүзүшөт.
25. Жалпыланган (кошумча) материалда камтылган маалымат терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууда гана пайдаланылат.
26. Укук коргоо органы, жалпыланган материалды эсепке алуу менен кылмыш ишин козгоо үчүн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте жалпыланган материалда камтылган маалыматтарды легалдаштырууга тийиш.
Жалпыланган материал далил катарында кызмат кылбайт жана жазык ишине тиркелбейт.
27. Укук коргоо органдары, алардын аймактык бөлүктөрү жалпыланган (кошумча) материалды карап чыгуунун жыйынтыктары жөнүндө ФЧМКга Жалпыланган (кошумча) материалдын укук коргоо органдары тарабынан каралып чыгыш абалы жөнүндө маалыматтардын тизмесине ылайык (мындан ары - Тизме), ушул Жобонун 1-тиркемесине жараша, материал катталган учурдан тартып алты айда бир жолудан кем эмес маалымат беришет.
28. Жалпыланган материалды кароонун жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алынганда (кылмыш ишин козгоо, кылмыш ишинин алкагында текшерүү жүргүзүү, кылмыш ишин козгоодон баш тартуу ж.б.у.с.) укук коргоо органдары (алардын аймактык бөлүктөрү) чечим кабыл алынган учурдан тартып 5 жумушчу күндүн ичинде, Тизмеге ылайык ФЧМКга маалымат жиберишет.
29. Жөнөтүлгөн жалпыланган материалды кароонун абалы жөнүндө маалыматты (кошумча маалыматты), кылмыш ишин козгоодон баш тартуу тууралуу токтомдун көчүрмөлөрүн алуу зарыл болгон учурда ФЧМК укук коргоо органдарына же компетенциясына ылайык алардын аймактык бөлүктөрүнө суроо-талап жиберет.
30. Укук коргоо органдары ФЧМКнын суроосуна жалпыланган материалды кароонун абалы жөнүндө маалыматты (кошумча маалыматты) жана/же (Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарында каралган ченемдерге каршы келбеген) процесстик документтердин тиешелүү көчүрмөлөрүн берүүгө милдеттүү.
31. Укук коргоо органдары менен ФЧМКнын ортосунда:
- ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык, жөнөтүлгөн жана каралып чыккан жалпыланган (кошумча) материалдар боюнча статистикалык маалыматтарды салыштырып текшерүү кварталда бир жолу жүргүзүлөт;
- ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык, кошумча маалыматы жок өткөрүлүп берилген жалпыланган (кошумча) материалдардын каралып чыгышынын жыйынтыктарын салыштырып текшерүү жарым жылда бир жолу жүргүзүлөт;
- ФЧМК салыштырып текшерүү актысын (эки нускада) түзөт жана отчеттук кварталдан кийинки айдын 20сына чейин укук коргоо органына жөнөтөт.
Укук коргоо органдары актылар алынган учурдан тартып 20 жумушчу күндүн ичинде салыштырып текшерүүнү жүргүзүшөт жана кол коюлган актыларды ФЧМКга беришет. Отчеттук мезгилде бир укук коргоо органынан башкасына өткөрүлүп берилген жалпыланган (кошумча) материалдар жөнүндө маалыматтар салыштырып текшерүү актысына милдеттүү түрдө киргизилет.
Салыштырып текшерүү актысын ФЧМКнын төрагасы же статс-катчысы функциялык милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө ылайык анын орун басары жана укук коргоо органынын жетекчиси же анын орун басары бекитет, ошондой эле ага түзүмдүк бөлүктүн жетекчисинин же анын орун басарынын колу коюлат.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-октябрындагы № 716 токтомунун редакциясына ылайык)
Салыштырып текшерүү актысын ФЧМКнын төрагасы же статс-катчысы функциялык милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө ылайык анын орун басары жана укук коргоо органынын жетекчиси же анын орун басары бекитет, ошондой эле ага түзүмдүк бөлүктүн жетекчисинин же анын орун басарынын колу коюлат.
32. Укук коргоо органдары жана ФЧМК алынган маалыматтын толуктугунун жана бүтүндүгүнүн сакталышын камсыз кылышат, аны пайдалануу, ошондой эле уруксатсыз билүү мүмкүндүгүн болтурбоо үчүн тийиштүү шарттарды түзүшөт жана сакташат.
33. Жалпыланган (кошумча) материалда камтылган маалыматты, анын ичинде аны өткөрүп берүүдө жана текшерүүдө мыйзамсыз ачыкка чыгаруунун алдын алуу максатында, аны ачуу жана коргоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык укук коргоо органдарынын жана ФЧМКнын тийиштүү кызматкерлери тарабынан жүзөгө ашырылат.
ФЧМКнын бөлүктөрүнүн, компетенциясына терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү кирген укук коргоо органдарынын, ошондой эле тергөө бөлүктөрүнүн жетекчилери ушул Жобонун талаптарын өз убагында, так жана толук аткаруунун камсыздалышын контролдоону жүргүзүүгө милдеттүү.
1-тиркеме
"Токтом" МБ эскертүүсү: 1-тиркеме кызматтык пайдалануу үчүн документ болуп саналат.
2-тиркеме
"Токтом" МБ эскертүүсү: 2-тиркеме кызматтык пайдалануу үчүн документ болуп саналат.
3-тиркеме
"Токтом" МБ эскертүүсү: 3-тиркеме кызматтык пайдалануу үчүн документ болуп саналат.