Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуу, каражаттарды бир калыпта кармоо жана бошотуу тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-октябрындагы № 716 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо төмөнкүдөй максаттарга жетишүү үчүн операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуу, каражаттарды бир калыпта кармоо жана бошотуу тартибин аныктайт:
1) БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларында жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган Мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирүүчү эл аралык келишимдерде (мындан ары - Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери) каралган террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), ошондой эле массалык кыргын салуучу куралды таратууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткаруу;
2) каражаттардын Тизмеде жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тийиштүү резолюцияларында көрсөтүлгөн жеке же юридикалык жакка ар кандай методдор жана ыкмалар менен берилишине бөгөт коюу;
3) финансылык каражаттардын:
- террористтер жана экстремисттер, террористтик жана экстремисттик уюмдар тарабынан;
- террористтик жана экстремисттик ишти каржылоо үчүн;
- кылмыштуу кирешелерди легализациялоодо (адалдоодо);
- массалык кыргын салуучу куралды таратууда жана өндүрүп чыгарууда пайдаланылышынын алдын алуу;
4) террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого же кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), ошондой эле массалык кыргын салуучу куралды таратууга каршы натыйжалуу аракеттенүү.
2. Бул Жободо төмөнкүдөй терминдер колдонулат:
Финансылык чалгындоо - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы;
бир калыпта кармоо - бир калыпта кармоо тууралуу буйруктун негизинде жана ал иштеген мөөнөттө каражаттарды өткөрүп берүүгө, өзгөртүп түзүүгө, алып коюуга же которууга тыюу салуу;
кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) - кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо);
маалымат берүүчү жактар - "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинде каралган жеке жана (же) юридикалык жактар;
операциялар (бүтүмдөр) - ар кандай формада жүзөгө ашырылуучу каражаттар менен болгон ар кандай операциялар (бүтүмдөр), анын ичинде социалдык төлөмдөр;
Тизме - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте Финансылык чалгындоо тарабынан түзүлүүчү террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жеке жана юридикалык жактардын тизмеси;
токтотуу - ушул Жобого ылайык маалымат берүүчү жактар жана операцияны (бүтүмдү) жүзөгө ашыруучу бөлөк жактар тарабынан колдонулуучу каражаттарды өткөрүп берүүгө, өзгөртүп түзүүгө, алып коюуга же которууга убактылуу тыюу салуу;
бошотуу - каражаттарды өткөрүп берүүгө, өзгөртүп түзүүгө, алып коюуга же которууга тыюу салууну жокко чыгаруу;
бир калыпта кармоо тууралуу буйрук - Финансылык чалгындоо тарабынан кабыл алынуучу, атайын бланкта таризделүүчү жана Финансылык чалгындоонун төрагасы же анын ыйгарым укуктуу адамы тарабынан кол коюлуучу, ошондой эле Финансылык чалгындоонун гербдүү мөөрү менен күбөлөндүрүлүүчү расмий документ;
БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тийиштүү резолюциялары - БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюциялары:
- массалык кыргын салуучу куралды таратууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө (1718 (2006), 1737 (2006), 1747 (2007), 1803 (2008), 1874 (2009), 1929 (2010) жана аларды өнүктүрүүдө кабыл алынган резолюциялар);
- терроризмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндө (1267 (1999), 1269 (1999), 1333 (2000), 1363 (2001), 1373 (2001), 1390 (2001), 1455 (2003), 1526 (2004), 1617 (2005), 1735 (2006), 1822 (2008), 1904 (2009), 1988 (2011), 1989 (2011) жана аларды өнүктүрүүдө кабыл алынган резолюциялар);
каражаттар - банк кредиттерин, жол чектерин, банк чектерин, почта которууларын, баалуу кагаздарды жана ар кандай пайыздарды, дивиденддерди жана алар боюнча бөлөк кирешени, ошондой эле кылмышты жасоого багышталган же кылмышты жасоонун натыйжасында алынган мүлктү, кирешелерди жана инструменттерди кошо алганда, алардын алыныш ыкмасына карабастан, материалдык же материалдык эмес, кыймылдуу жана кыймылсыз ар кандай түрдөгү активдер, ошондой эле ар кандай формадагы, анын ичинде электрондук же санариптик формадагы, ушундай активдерге же аларга катышууга болгон укукту күбөлөндүрүүчү документтер же актылар;
террористтик иш - "Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинде көрсөтүлгөн мааниде түшүнүлөт;
экстремисттик иш - "Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинде көрсөтүлгөн мааниде түшүнүлөт.
2. Токтотуу жана (же) бир калыпта кармоо үчүн негиздер
3. Токтотуу жана (же) бир калыпта кармоо үчүн негиздер болуп төмөндөгүлөр саналат:
1) жеке же юридикалык жактын Тизмеде, анын ичинде БУУнун Коопсуздук Кеңешинин комитеттеринин тийиштүү резолюцияларында жана тизмектеринде болушу;
2) кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) же террористтик же экстремисттик ишти каржылоо, же болбосо массалык кыргын салуучу куралды таратуу боюнча кылмышты жасагандыгы үчүн жакка карата укук коргоо органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан кабыл алынган кылмыш ишин козгоо тууралуу токтом жана (же) жакты айыпталуучу катарында тартуу тууралуу токтом;
3) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык жана эриш-аркактык принциптеринде чет мамлекеттин компетенттүү органынан алынган каражаттарды бир калыпта кармоо тууралуу эл аралык суроо-талап;
4) кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) же террористтик же экстремисттик ишти каржылоо, же болбосо массалык кыргын салуучу куралды таратуу боюнча жосундардын жак тарабынан жасалгандыгын тастыктоочу жетиштүү маалыматтардын Финансылык чалгындоодо болушу.
4. Төмөндөгүлөр бир калыпта кармалат:
1) Тизмекке киргизилген жактардын толук же биргелешкен менчигинде же түз же кыйыр (башка жактар аркылуу) контролдугунда турган каражаттар же Тизмекке киргизилген жактардын атынан же тапшырмасы боюнча аракеттенген жактардын каражаттары;
2) Тизмекке киргизилген жактардын менчигинде же түз же кыйыр (башка жактар аркылуу) контролдугунда турган каражаттардан алынган же өндүрүлгөн каражаттар;
3) террористтик же экстремисттик ишти, террористтерди жана экстремисттерди же террористтик жана экстремисттик уюмдарды, же массалык кыргын салуучу куралды таратуучу жактарды каржылоо үчүн арналган же пайдаланылган каражаттар;
4) БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тийиштүү резолюцияларында белгиленген каражаттар;
5) легализацияланган (адалданган) кылмыштуу киреше же наркка тең баадагы мүлк, же кылмыштуу кирешелерди легализациялоодон (адалдоодон) же предикаттык (башка) кылмыштардан алынган каражаттар;
6) кылмыштуу кирешелерди легализациялоодо (адалдоодо) же предикаттык кылмыштарды жасоодо пайдалануу үчүн колдонулган же багышталган каражаттар.
5. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза Кодексинде белгиленген тартипте соттуулугу жабылганга чейин террористтик жана/же экстремисттик мүнөздөгү кылмышты жасагандыгы үчүн жаза тарткан жак тарабынан жасалган операциялар (бүтүмдөр), террористтик жана/же экстремисттик иштин ыктымалдуу айкындалышын жана алдын алынышын текшерүү максатында Финансылык чалгындоо тарабынан милдеттүү мониторингге алынат.
Маалымат берүүчү жактар террористтик жана/же экстремисттик мүнөздөгү кылмышты жасагандыгы үчүн жаза тарткан жак тарабынан жасалган операциялар (бүтүмдөр) тууралуу билдирүүнү Финансылык чалгындоого берүүгө милдеттүү.
3. Токтотуу жана жаап салуу тартиби
6. Маалымат берүүчү жактар же операцияны (бүтүмдү) жүзөгө ашыруучу башка жеке жана юридикалык жак жеке же юридикалык жак менен иштиктүү алакаларды түзүүдө жана кардарды жана бенефициардык менчик ээсин идентификациялоо жол-жоболорун жүргүзүүдө, ошондой эле операцияны (бүтүмдү) жүзөгө ашырууда ошол жактардын Тизмеде бар же жок экендигин текшерүүгө милдеттүү.
Эгер жеке же юридикалык жак, кардар, контрагент же бенефициардык менчик ээси Тизмеде, анын ичинде БУУнун Коопсуздук Кеңешинин комитеттеринин тийиштүү резолюцияларында жана тизмелеринде каралса, ал учурда маалымат берүүчү жак же операцияны (бүтүмдү) жүзөгө ашыруучу башка жеке жана юридикалык жак операцияны (бүтүмдү) токтотуу жана (же) ошол кардардын каражаттарын жаап коюу тууралуу чечим кабыл алат, ошондой эле төмөндөгү кабарламаны жеткирүү ыкмаларынын бирөөсүн тандап алып, (телефон аркылуу алдын ала кабарлоо менен) үч сааттын ичинде Финансылык чалгындоого бул туурасында кабарлоого милдеттүү:
1) факс менен;
2) чабарман аркылуу;
3) электрондук санарип кол белгини колдонуу менен электрондук почта аркылуу.
7. Маалымат берүүчү жак же операцияны (бүтүмдү) же каражаттарды сактоону (тескөөнү) жүзөгө ашыруучу башка жеке жана юридикалык жак:
1) жүзөгө ашырылуучу операцияны (бүтүмдү) кийинкиге калтырып койбостон жана алдын ала кабарлабастан үч жумушчу күнгө токтотуп коюуга;
2) Тизмеде, анын ичинде БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Комитеттеринин тийиштүү резолюцияларында жана тизмелеринде каралган жактар же алардын контролдугунда турган башка жактар тарабынан каражаттардын пайдаланылышынын мүмкүн эместигин камсыз кылууга жана каражаттар менен байланышкан тейлөө кызматтарын көрсөтүүдөн баш тартууга милдеттүү.
8. Операцияны (бүтүмдү) токтотуу жана (же) жеке же юридикалык жактын каражаттарын бир калыпта кармоо тууралуу чечим кабыл алынгандыгына байланыштуу, маалымат берүүчү жак же операцияны (бүтүмдү) жүзөгө ашыруучу башка жеке жана юридикалык жак өзүнүн сактоосунда же башкаруусунда ошол кардардын каражаттары бар же жок экендигин текшерет, ал эми бар болгон учурда үч сааттын ичинде табылган каражаттарды жаап коюу тууралуу чечим кабыл алат жана бул туурасында Финансылык чалгындоого белгиленген тартипте кабарлайт.
Токтотулган операцияны (бүтүмдү) андан ары жүргүзүү же жабылган каражаттарды ачуу Финансылык чалгындоонун чечиминин негизинде гана жүзөгө ашырылат.
9. Маалымат берүүчү жактар же операцияны (бүтүмдү) жүзөгө ашыруучу башка жеке жана юридикалык жак Тизмекке киргизилген жактар менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жасоого аракеттенүү фактылары туурасында Финансылык чалгындоого кабарлоого милдеттүү.
Маалымат берүүчү жактар же операцияны (бүтүмдү) жүзөгө ашыруучу башка жеке жана юридикалык жак жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтын Финансылык чалгындоого өткөрүлүп берилиши тууралуу маалыматтарды ачыкка чыгарбоого тийиш.
4. Бир калыпта кармоо тартиби
10. Финансылык чалгындоо төмөндөгү мөөнөттөрдө жана төмөнкүдөй учурларда бир калыпта кармоо тууралуу буйрук чыгарат:
1) эгер жеке же юридикалык жак Тизмеде, анын ичинде БУУнун Коопсуздук Кеңешинин комитеттеринин тийиштүү резолюцияларында жана тизмелеринде каралган белгилүү бир жакка төп келсе, ошол жактын токтотулган операциясы (бүтүмү) боюнча каражаттарга же жабылган каражаттарга карата - мөөнөтсүз;
2) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык жана эриш-аркактык принциптеринде алынган жакты террористтик же экстремисттик ишти каржылаган же кылмыштуу кирешелерди легализациялаган (адалдаган), же болбосо массалык кыргын салуучу куралды тараткан деп шектенүү же айыптоо тууралуу чет мамлекеттин компетенттүү органынын сурамы Финансылык чалгындоодо бар болгон кезде - бир калыпта кармоо тууралуу эл аралык сурамда көрсөтүлгөн мөөнөттө;
3) Финансылык чалгындоодо террористтик же экстремисттик ишти каржылоо же кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо), же болбосо массалык кыргын салуучу куралды таратуу боюнча жосундардын жак тарабынан жасалгандыгын тастыктоочу жетиштүү маалыматтар бар болгон кезде - беш жумушчу күнгө чейинки мөөнөттө. Муну менен бирге, Финансылык чалгындоо бир калыпта кармоо тууралуу чечим кабыл алынган кезден тартып бир жумушчу күндүн ичинде маалыматты Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодексине ылайык чечим кабыл алуу үчүн тийиштүү укук коргоо органдарына жөнөтөт;
4) кылмыш ишин козгоо тууралуу токтом жана (же) жакты кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) же террористтик же экстремисттик ишти каржылоо, же болбосо массалык кыргын салуучу куралды таратуу боюнча кылмышты жасагандыгы үчүн айыпталуучу катарында тартуу тууралуу токтом укук коргоо органдарынан алынган кезде - Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык күчүнө кирүүчү соттун чечими алынганга чейинки мөөнөттө.
11. Токтотулган операция (бүтүм) тууралуу кабарлама алынган кезде же каражаттар жабылган кезде, Финансылык чалгындоо белгиленген тартипте билдирүүнү алдын ала текшерүүнү жүргүзөт. Эгер бул билдирүү алдын ала текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча негиздүү деп табылса, Финансылык чалгындоо бир калыпта кармоо тууралуу тескеме чыгарат.
Эгер бул билдирүү алдын ала текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча негиздүү эмес деп табылса, ал учурда Финансылык чалгындоо бир калыпта кармоодон баш тартуу тууралуу тескеме чыгарат жана мындай чечим кабыл алынган күнү бул туурасында кызыкдар жакка кабарлайт.
12. Финансылык чалгындоо маалымат берүүчү жактын же операцияны (бүтүмдү) жүзөгө ашыруучу башка жеке жана юридикалык жактын операция (бүтүм) токтотулгандыгы тууралуу кабарламасы, эл аралык сурам же кылмыш ишин козгоо тууралуу токтом жана (же) жакты айыпталуучу катарында тартуу тууралуу токтом, ошондой эле жетиштүү маалыматтар алынган күндөн тартып эки жумушчу күндөн кечиктирбей бир калыпта кармоо тууралуу тескеме чыгарат.
13. Финансылык чалгындоо жеткирүү маалындагы контролсуз жетүү мүмкүнчүлүгүн жоюучу чараларды сактоо менен, төмөндөгү жеткирүү ыкмаларынын бирөөсүн тандап алып, бир калыпта кармоо тууралуу тескемени маалымат берүүчү жакка же операцияны (бүтүмдү) жүзөгө ашыруучу башка жеке жана юридикалык жакка бир жумушчу күндүн ичинде жөнөтөт:
1) фельдъегердик байланыш аркылуу;
2) чабарман аркылуу;
3) электрондук санарип кол белгини колдонуу менен электрондук почта аркылуу.
Бир калыпта кармоо тууралуу буйрук электрондук почта аркылуу жөнөтүлгөн учурду кошпогондо, бир калыпта кармоо тууралуу буйруктун Финансылык чалгындоо тарабынан чыгарылгандыгы тууралуу телефонограмма (факсограмма) бир эле убакта маалымат берүүчү жакка же операцияны (бүтүмдү) жүзөгө ашыруучу башка жеке жана юридикалык жакка өткөрүлүп берилет. Кабарлоо тексти бар телефонограмманын (факсограмманын) үлгүсү Финансылык чалгындоо тарабынан белгиленет.
14. Бир калыпта кармоо тууралуу буйрук ага карата каражаттарын бир калыпта кармоо тууралуу чечим кабыл алынган жактын каражаттарын жаап коюуга жана ага ар кандай финансылык тейлөө кызматтарын көрсөтпөөгө, ошондой эле анын эсебине келип түшкөн же анын тескөөсүндө турган ар кандай каражаттарды жаап коюуга милдеттүү болгон маалымат берүүчү жактар же операцияны (бүтүмдү) жүзөгө ашыруучу башка жеке жана юридикалык жактар тарабынан кийинкиге калтырылбастан аткарылат.
Маалымат берүүчү жактар же операцияны (бүтүмдү) жүзөгө ашыруучу башка жеке жана юридикалык жактар бир калыпта кармоо тууралуу буйрук аткарылгандыгы туурасында Финансылык чалгындоого беш жумушчу күндүн ичинде кабарлоого милдеттүү.
15. Финансылык чалгындоо бир калыпта кармоо тууралуу буйрук кабыл алынган күндөн тартып он жумушчу күндүн ичинде бир калыпта кармалган каражаттар боюнча тийиштүү маалыматты жана материалдарды түзүп, алардын компетенциясына ылайык, Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына жөнөтөт.
16. Бир калыпта кармалган каражаттар бир калыпта кармалган кезде ушул каражаттардын ээси болуп саналган же бир калыпта кармалган кезде алардагы үлүшү бар жеке же юридикалык жактын менчигинде калат.
17. Активдердин агылып кетишинен коргоо чаралары катарында бир калыпта кармалган каражаттар ушул Жободо белгиленген тартипте каражаттар бошотулганга чейин Финансылык чалгындоонун контролдугуна өтөт.
Бир калыпта кармалган каражаттар бир калыпта кармоо тууралуу буйруктун негизинде маалымат берүүчү жак же операцияны (бүтүмдү) жүзөгө ашыруучу башка жеке жана юридикалык жак тарабынан ачылган атайын эсепте (же сактагычта) жайгаштырылат же сакталат.
18. Тизмеге киргизилген жактарга таандык бир калыпта кармалган каражаттар базалык чыгашаларды жабуу, чогултуулардын айрым түрлөрүн, төлөмдөрдү жана тейлөөгө кетчү чыгашаларды төлөө же өзгөчө чыгашаларды жабуу үчүн зарыл болгон учурларда, соттун чечиминин негизинде мындай каражаттарды Коопсуздук Кеңешинин 1452 (2002), 1963 (2010) резолюцияларында жана аларды өнүктүрүүдө кабыл алынган башка резолюцияларда каралган жол-жоболорго ылайык колдонууга уруксат берилет.
19. Контракттардын, келишимдердин же милдеттенмелердин негизинде келип түшүүчү пайыздарды, башка каражаттарды же төлөмдөрдү бир калыпта кармалган эсептерге которууга уруксат берилет, муну менен бирге мындай пайыздар, башка каражаттар жана төлөмдөр белгиленген тартипте бир калыпта кармалат жана жабылат.
5. Бошотуу тартиби
20. Каражаттарды бошотуу үчүн төмөндөгү негиздердин бирөөсү зарыл:
1) жеке же юридикалык жакты Тизмеден, анын ичинде БУУнун Коопсуздук Кеңешинин комитеттеринин тийиштүү резолюцияларынан жана тизмелеринен чыгаруу;
2) кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) же террористтик же экстремисттик ишти каржылоо, же болбосо массалык кыргын салуучу куралды таратуу боюнча кылмышты жасагандыгы үчүн жакка карата кылмыш ишин козгоо тууралуу токтомду жана (же) айыпталуучу катарында тартуу тууралуу токтомду жокко чыгаруу жөнүндөгү укук коргоо органынын тергөөчүсү, прокуратура жана сот тарабынан кабыл алынган чечим;
3) бир калыпта кармалган каражатты конфискациялоо же мамлекеттин кирешесине которуу жөнүндөгү соттун чечими;
4) кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) же террористтик же экстремисттик ишти каржылоо, же болбосо массалык кыргын салуучу куралды таратуу боюнча жосундардын жак тарабынан жасалгандыгын тастыктоочу жетиштүү маалыматтардын болушунун негизинде мурда кабыл алынган бир калыпта кармоо тууралуу тескемени жокко чыгаруу тууралуу Финансылык чалгындоонун чечими;
5) жеке же юридикалык жактын бошотуу тууралуу (жаңылыш бир калыпта кармоо фактылары боюнча) арызын карап чыгуунун натыйжалары боюнча кабыл алынган Финансылык чалгындоонун чечими;
6) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык жана эриш-аркактык принциптеринде чет мамлекеттин компетенттүү органынан алынган мурда жөнөтүлгөн бир калыпта кармоо тууралуу эл аралык сурамды жокко чыгаруу тууралуу эл аралык суроо-талап.
21. Негиздер жаралган кезде жана ушул Жобонун 20-пунктунун 1-3 жана 6-пунктчаларында каралган тийиштүү документ алынган кезде, Финансылык чалгындоо бир жумушчу күндүн ичинде бир калыпта кармоо тууралуу буйрук кабыл алат.
Жеке же юридикалык жактын каражаттарды бошотуу тууралуу (жаңылыш бир калыпта кармоо фактылары боюнча) арызы келип түшкөн учурда арызды текшерүү укук коргоо жана башка мамлекеттик органдар (анын ичинде чет мамлекеттердики) менен биргеликте Финансылык чалгындоо тарабынан 30 күндүн ичинде жүзөгө ашырылат. Зарыл болгон кезде көрсөтүлгөн мөөнөт Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык узартылышы мүмкүн.
Эгерде жеке же юридикалык жактын арызы алдын ала текшерүүнүн натыйжалары боюнча негизсиз деп табылса (эгерде жаңылыш бир калыпта кармоо фактысы тастыкталбаса, ал учурда), ал учурда Финансылык чалгындоо бошотуудан баш тартуу тууралуу буйрук чыгарат жана мындай чечим кабыл алынган күнү бул туурасында арыздануучуга кабарлайт.
22. Финансылык чалгындоо төмөндөгү жеткирүү ыкмаларынын бирөөсүн тандап алып, бошотуу тууралуу буйрук кабыл алынган кезден тартып бир жумушчу күндүн ичинде маалымат берүүчү жакка же операцияны (бүтүмдү) жүзөгө ашыруучу башка жеке жана юридикалык жакка, ошондой эле көзөмөлдөө органдарына бошотуу тууралуу буйрукту жана тийиштүү маалыматты жөнөтөт:
1) почталык жөнөтүү же фельдъегердик байланыш аркылуу;
2) чабарман аркылуу;
3) электрондук санарип кол белгини колдонуу менен электрондук почта аркылуу.
23. Финансылык чалгындоо бошотуу тууралуу буйрук чыккан күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бошотулган каражаттар боюнча тийиштүү маалыматты жана материалдарды түзүп, алардын компетенциясына ылайык Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына жөнөтөт.
6. Эл аралык кызматташуу
24. Финансылык чалгындоо Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин негизинде же эриш-аркактык принциптеринде, ошондой эле БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларынын негизинде чет мамлекеттердин компетенттүү органдары жана эл аралык уюмдар менен каражаттарды айкындоо жана бир калыпта кармоо маселелери боюнча эл аралык кызматташууну жүзөгө ашырат.
7. Корутунду жоболор
25. Финансылык чалгындоо токтотулган операциялар (бүтүмдөр), бир калыпта кармалган жана бошотулган каражаттар боюнча, ошондой эле бул чөйрөдөгү эл аралык кызматташуу боюнча эсепке алууну жүргүзөт.
26. Каражаттары бир калыпта кармалган кайсы гана жеке же юридикалык жак болбосун Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык финансылык чалгындоо органында, прокуратура органында жана (же) соттук тартипте бир калыпта кармоо тууралуу чечимге каршы чыгып талашып-тартышууга укуктуу.
27. Ушул Жобонун талаптарынын маалымат берүүчү жактар тарабынан сакталышын контролдоону тийиштүү көзөмөлдөө органдары өз компетенциясынын алкагында жүзөгө ашырышат.