Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №123 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 11-апрели №149
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 788 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Ченемдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы №788 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттик жөнүндө жободо:
- 9-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"10. Агенттиктин директорунун статс-катчысы жана эки орун басары болот.
Статс-катчыны кызматка дайындоо, бошотуу тартиби, анын функциялары жана ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аныкталат.
Агенттиктин директорунун орун басарлары Агенттиктин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Ал жок учурда Агенттиктин директорунун милдеттерин аткаруу анын орун басарларынын бирине жүктөлөт.";
11-пунктта:
төртүнчү абзацындагы "статс-катчынын жана" деген сөздөр алып салынсын;
бешинчи жана алтынчы абзацтар күчүн жоготту деп табылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы он алтынчы абзац менен толукталсын:
"- мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Агенттиктин компетенциясына кирген айрым функционалдык милдеттерди аткаруу статс-катчыга жүктөлөт";
- V бөлүм төмөнкү мазмундагы 11-1 жана 11-2-пункттар менен толукталсын:
"11-1. Статс-катчы Агенттиктин кызматчыларын администрациялык мамлекеттик кызматтарга дайындайт, аларды кызматынан бошотот, Агенттиктин директору менен макулдашуу боюнча аларды которууну жана ротациялоону жүзөгө ашырат.
11-2. Агенттиктин алдында коомчулук менен өз ара макулдашып аракеттенүү максатында Коомдук байкоочу кеңеш түзүлөт.
Коомдук байкоочу кеңештин иш-аракеттери мамлекеттик органдын алдындагы Коомдук байкоочу кеңеш жөнүндө жобого ылайык ишке ашырылат.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасында 2011-жылдын 12-апрелинде №27 жарыяланды
Премьер-министри | А.Атамбаев
|