Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 1-июлундагы №113
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 токтомунун редакциясына ылайык)
Мамлекеттик башкаруу системасын өркүндөтүү жана калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуунун максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы №708 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пунктунун сегизинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
- 3-пунктунун экинчи абзацындагы «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин коммерциялык юридикалык жактарды жана алардын ишинин токтотулушун, ошондой эле алардын өкүлчүлүктөрүн жана филиалдарын каттоо (кайра каттоо) боюнча бөлүмдөрү жайгашкан имараттарды кошпогондо,»деген сөздөр алынып салынсын;
- 3-1-пункту күчүн жоготту деп табылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын башкаруу схемасындагы «Юридикалык жактарды жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти» деген позициясындагы «юридикалык жактарды жана» деген сөздөр алынып салынсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жөнүндө жободо:
1-пунктундагы «коммерциялык юридикалык жактарды» деген сөздөр алып салынсын;
- 5-пунктунун бешинчи абзацындагы «коммерциялык юридикалык жактарды» деген сөздөр алып салынсын;
- 6-пунктунун он тогузунчу жана жыйырманчы абзацтары күчүн жоготту деп табылсын.
2. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы өздөрүнүн чечимдерин бир айлык мөөнөттө ушул токтомго ылайык келтиришсин.
4. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |