Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 26-февралындагы № 63 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 28-январы № 47
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 3-апрелиндеги № 188 "Курулуш тармагындагы адистерге мамлекеттик квалификациялык сертификаттоо жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 9-декабрындагы № 435 "Ишкердик ишти жөнгө салуу жагында мамлекеттик саясатты өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 3-апрелиндеги № 188 "Курулуш тармагындагы адистерге мамлекеттик квалификациялык сертификаттоо жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Курулуш тармагындагы адистерге квалификациялык сертификаттоо жүргүзүлчү адистиктердин тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.";
- 3-пункту күчүн жоготту деп эсептелсин;
- токтом ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы тиркеме менен толукталсын;
- жогоруда айтылган токтом менен бекитилген Курулуш тармагындагы адистерге мамлекеттик квалификациялык сертификаттоо жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
1-пунктундагы "жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 24-майындагы № 239 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө" токтому менен" деген сөздөр жана цифралар "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 751 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтому менен" деген сөздөргө жана цифраларга алмаштырылсын";
бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөлөрдөгү "ГЛТЦ", "ГЦСЛ" деген кыскартуулар жана "Мамлекеттик лицензиялык-тендерлик борбор", "Курулуштагы мамлекеттик стандартташтыруу, сертификаттоо жана лицензиялоо борбору", "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик комиссия", "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик комиссиянын Мамлекеттик лицензиялык-тендерлик борбору" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4-пункту төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Курулуш тармагындагы адистерге квалификациялык сертификаттоо жүргүзүлчү адистиктердин тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.";
- 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги республиканын аймагында квалификациялык сертификат берүүнү жүргүзөт.";
- 10-пункттун төртүнчү жана бешинчи абзацтары алып салынсын;
- 11-пунктунда:
бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- квалификациялык сертификаттарды жокко чыгаруу "жана сертификаттарды берүүдөн негиздүү баш тартуу жөнүндө чечимдерди даярдайт жана бекитет;";
он биринчи-он төртүнчү абзацтары алып салынсын;
- 13-пунктунун жетинчи абзацы алып салынсын;
- 16-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
"Инженер-эксперт үчүн стажысы 10 жылдан кем болбошу керек.";
- 34-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"34. Ушул Жобонун 28, 30-пункттарынын негизинде жокко чыгарылган квалификациялык сертификат Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуштун мамлекеттик агенттигине тапшырылууга тийиш.";
- 35-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"35. Жокко чыгарылган сертификаттар жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуштун мамлекеттик агенттиги тийиштүү реестрге киргизет жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт.".
2. Мурда берилген сертификаттар берилген мөөнөтү бүткөнгө чейин жарактуу болоору белгиленсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |
Тиркеме
Курулуш тармагындагы адистерге квалификациялык сертификаттоо жүргүзүлчү адистиктердин ТИЗМЕСИ
I. Инженердик изилдөөлөр (ИЗ)
1. Инженердик-геодезиялык изилдөөлөр.
1.1. Курулуш максаттары үчүн инженер-геодезист (курулуштун бардык түрлөрүн топографиялык сүрөткө түшүрүү, геодезиялык негиздеме түзүү (полигонометрия, триангуляция, трилатератцин), өтө так нивелирлөө, линиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү ж.б.).
2. Ииженердик-геологиялык изилдөөлөр.
2.1. Курулуш максаттары үчүн инженер-гидрогеолог (курулуш максаттары үчүн инженердик-гидрогеологиялык иштер).
2.2. Курулуш максаттары үчүн инженер-геофизик (курулуштун бардык түрлөрү үчүн геофизикалык жумуштар).
2.3. Сейсмологиялык иштер боюнча инженер-геофизик (сейсмикалык райондоштуруу жана микрорайондоштуруу маселелери боюнча деталдуулугу ар түрдүү геофизикалык иштер).
2.4. Инженер-гидролог (сел жана көчкү коркунучун, суу ташкындарды, эрозияларды изилдөө жана баалоо ж.у.с).
II. Долбоорлоо иштери (ДИ)
1. Долбоорду иштеп чыгууну жетектөө.
1.1. Инженер (архитектор) - долбоордун жетекчиси (долбоордук документтерди комплекстүү иштеп чыгууну жетектөө, долбоордун башкы инженеринин (архитекторунун) милдеттерин аткаруу).
2. Архитектуралык долбоорлоо.
2.1. Шаар куруу боюнча архитектор (шаар куруу документтери, башкы пландар, деталдуу пландаштыруу долбоорлору, микрорайондорду куруу, калктуу конуштарды, өнөр жай зоналарын пландаштыруу, аймактарды абаттоо, жашылдандыруу).
2.2. Жарандык жана өнөр жайлык курулуш боюнча архитектор (турак үйлөрдү, коомдук имараттарды жана курулуштарды долбоорлоо).
2.3. Реставрация боюнча архитектор (архитектуранын жана шаар курулушунун эстеликтердин реставрациялоо жана реконструкциялоо долбоорлору).
3. Курулуш конструкцияларын, тоомдорун жана тетиктерин долбоорлоо.
3.1. Куруучу инженер - конструктор (турак үйлөрдүн, жарандык имарат-жайлардын, өндүрүштүк арналыштагы объектилердин курулуштук конструкцияларын, түйүндөрүн жана тетиктерин долбоорлоо);
3.2. Куруучу инженер - эсепчи (имараттардын жана курулмалардын курулуштук конструкцияларынын жана түйүндөрүнүн эсептери).
3.3. Долбоорлордун эксперти - куруучу инженер (имараттардын жана курулмалардын курулуштук конструкцияларын, түйүндөрүн, долбоордук чечимдерди экспертизалоо).
4. Транспорт объекттерин долбоорлоо.
4.1. Жолчу инженер (темир жолдорду, автомобиль жолдорун, аэродромдордун учуп-конуучу тилкелерин долбоорлоо).
4.2. Инженер-көпүрөчү (көпүрөлөрдү, эстакадаларды, жол өткөөлдөрүн жана жолдордогу жасалма түзүлүштөрдү долбоорлоо).
4.3. Шаар куруу-транспорт инфраструктурасы боюнча инженер (транспорт схемаларын жана инфраструктурасын долбоорлоо).
5. Инженердик тармактарды жана системаларды долбоорлоо.
5.1. Электр менен жабдуу боюнча инженер.
5.2. Суу менен жабдуу жана сууну чыгаруу боюнча ииженер.
5.3. Жылуулук менен жабдуу жана желдетүү боюнча инженер.
5.4. Отказан түзүлүштөрү боюнча инженер.
5.5. Газ менен жабдуу боюнча инженер.
5.6. Муздак менен жабдуу боюнча инженер.
6. Технологиялык долбоорлоо.
6.1. Инженер-технолог (чарбанын ар түрдүү тармактарынын өнөр жайлык жана жарандык арналыштагы объекттеринин технологиялык процесстерин долбоорлоо).
6.2. Инженер-конструктор (стандартташпаган жабдууларды, шаймандарды долбоорлоо).
7. Сметалык документтерди жана экономикалык негиздемелерди иштеп чыгуу.
7.1. Инженер-сметачы
7.2. Инженер-экономист (курулуштагы сметалык документтерди, экономикалык эсептер жана негиздемелер боюнча бөлүмдөрдү иштеп чыгуу).
8. Долбоорлоонун атайын бөлүмдөрү.
8.1. Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча адис (долбоордук документтердин айлана-чөйрөнү коргоо жана чарбалык иштин айлана-чөйрөгө таасирин баалоо боюнча бөлүмдөрүн иштеп чыгуу).
8.2. Имараттарды жана курулмаларды изилдөө боюнча инженер (имараттардын жана курулмалардын пайдубалдарынын, башка тирөөч конструкцияларынын жана тоомдорунун техникалык абалын текшерүү, авариялардын себептерин изилдөө жана аныктоо, имарат жайлардын негиздерин, түйүндөрүн жана конструкцияларын күчөтүү жана реконструкциялоо боюнча долбоордук документтерди иштеп чыгуу).
III. Инжиниринг кызматы (И)
1. Инжиниринг кызматы боюнча адис (өндүрүштү башкарууга жардам көрсөтүү, курулуштун прогрессивдүү методдорун, технологиялык процесстерин жана ыкмаларын колдонууга киргизүү, консультациялык кызмат, курулушту техникалык көзөмөлдөө жана заказчынын милдетин аткаруу, кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо).
IV. Курулуштук материалдарды, конструкцияларды жана жасалгаларды жасоо (ПС)
1. Курулуш материалдарын чыгаруу:
- уюштуруу жана курулуш материалдарын чыгаруу боюнча адис;
- бириктирүүчү материалдарды: цемент, гипс, акиташ, магнезийлүү бириктиргичтерди чыгаруу боюнча адис;
- кен эмес: шагыл, кум, гравий, кум-гравий аралашма, табигый таштарды иштетүү, өндүрүштүн калдыктарын кайра иштетүү боюнча адис;
- жылуулук тосуучу материалдарды: керамзит, аглополит, пенобетон, газосиликат, минералдык кебез жана алардан жасалган материалдарды чыгаруу боюнча адис;
- керамика буюмдарды: кыш, черепица, жасалгалоочу такта, түтүктөрдү чыгаруу боюнча адис;
- жабуучу материалдарды чыгаруу боюнча адис;
- полимер материалдарды: линолеум, эмаль, желим, мастика, грунтовка, чайыр, сыр, эмульсия чыгаруу боюнча адис;
- айнек жана андан жасалуучу буюмдарды чыгаруу боюнча адис;
- товардык бетон, аралашма чыгаруу боюнча адис;
- асфальт чыгаруу боюнча адис.
2. Курулуштук конструкцияларды жана буюмдарды чыгаруу:
- курулуштук конструкцияларды жана буюмдарды чыгаруу боюнча адис;
- болот жана алюминий конструкцияларды жана буюмдарды чыгаруу боюнча адис;
- бетондон, темир-бетондон курама конструкцияларды жана буюмдарды чыгаруу боюнча адис;
- жыгачтан конструкцияларды жана буюмдарды жасоо боюнча адис;
- полимер материалдардан конструкцияларды жана буюмдарды чыгаруу боюнча адис (ыктыярдуу сертификаттоо);
- асбест-цемент буюмдарды чыгаруу боюнча адис (ыктыярдуу сертификаттоо);
- санитардык-фаянс буюмдарды чыгаруу боюнча адис;
- желдетүүчү, санитардык-техникалык жана электромонтаждык буюмдарды жана тетиктерди чыгаруу боюнча адис.
3. Сапатты контролдоо.
3.1. Курулуш материалдарды, конструкцияларды жана буюмдарды чыгарууну уюштуруу жана сапатын контролдоо боюнча адис.
V. Имараттарды жана курулмаларды куруу (СМ)
1. Куруу-монтаждоо иштери.
1.1. Куруу-монтаждоо иштери боюнча адис.
Жер иштери (аянттарды пландаштыруу, жерди тегиздөө, жер таманын бекемдөө жана таптоо, тоң катмарларда иштөө, дренаждарды орнотуу).
Имарат жайларга тирөөч жана тосмо конструкцияларды орнотуу (негиздерди орнотуу жумуштары, бийик металл жана темир-бетон конструкцияларды жана курулмаларды орнотуу, металл конструкцияларды монтаждоо, бетон жана темир-бетон конструкцияларды орнотуу, курама темир-бетон конструкцияларды монтаждоо, таш, кыш, блок коюу, жыгач, полимер конструкцияларды жана нерселерди орнотуу).
Конструкцияларды жана жабдууларды коргоо (курулуш конструкцияларын гидроизоляциялоо, чатырлоо жумуштары, курулуш конструкцияларын жылуулоо, өткөргүч түтүктөрдү жана жабдууларды жылуу-сууктан тосуу, курулуш конструкцияларын жана жабдууларын дат басуудан, химиялык коргоо, өткөргүч түтүктөрдү жана металл курулуштарын электрохимиялык коргоо каражаттарын орнотуу, корумдоо жана футерлөө жумуштары).
Жасалгалоо иштери (шыбак, пол салуу, беттөө, чаптоо, сырдоо, тушкагаз (обой) чаптоо жумуштары (ыктыярдуу сертификаттоо).
2. Транспорттук курулуш.
2.1. Жол куруу боюнча адис (темир жолдорду, автомобиль жолдорун, аэродромдордун учуп-конуучу тилкелерин салуу, жолдорду жасалгалоо, жолдордогу көпүрөлөрдү, жол өткөөлдөрүн жана жолдордогу жасалма түзүлүштөрдү салуу).
3. Инженердик тармактарды жана системаларды куруу.
3.1. Электр менен жабдуу боюнча адис.
3.2. Санитардык-техникалык иштер боюнча адис.
3.3. Отказан түзүлүштөрү боюнча адис.
3.4. Газ менен жабдуу боюнча адис.
3.5. Муздак менен жабдуу боюнча адис.
3.6. Автоматташтыруу жана КИП боюнча адис.
4. Технологиялык жабдууларды монтаждоо (ыктыярдуу сертификаттоо).
4.1. Технологиялык жабдууларды монтаждоо боюнча адис (технологиялык түзүлүштөрдүн, жабдуулардын, өткөргүч түтүктөрдүн ар кандай түрлөрүн монтаждоо).
5. Сапатка контроль.
5.1. Имарат жайлардын курулмалардын курулуштук конструкцияларын аткарууда сапатка контролду уюштуруу жана жүргүзүү боюнча адис.
5.2. Инженердик тармактарды жана системаларды курууда жана алардагы түзүлүштөрдү бүткөрүүдө сапат контролун уюштуруу жана жүргүзүү боюнча адис.
5.3. Ширетүү иштеринин сапатын контролдоо боюнча адис.