Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №126 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 8-декабры № 751
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин башкаруу схемасы.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги эки айлык мөөнөттө:
- ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирүүнү караган нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-январындагы № 7 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-июлундагы № 475 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-ноябрындагы № 795 "Кыргыз Республикасында шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо жөнүндө" токтомунун 11-пункту.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 751 токтому менен бекитилген |
(2010-жылдын 9-ноябрындагы №274 токтомунун редакциясына ылайык)
+--------------------------+
| Кыргыз Республикасынын |
| Мамкурулушу |
+--------------------------+
+----------+ | +-------------------+
| Коллегия +-----+-----| Шаар куруу кеңеши |
+----------+ | +-------------------+
|
+-------------------+
| Борбордук аппарат |
+-------------------+
+---------------------------+ | +-----------------------------+
|Шаар куруу жана архитектура| | |Сейсмотуруктуу курулуш боюнча|
| боюнча аймактык органдар +---+----| Кыргыз илим изилдөө жана |
| | | | долбоорлоо институту |
+---------------------------+ | +-----------------------------+
|
+---------------------------+ | +-----------------------------+
| Бишкек Ош шаарларынын | | | Шаар куруу боюнча Кыргыз |
| Мамлекеттик архитектура +---+----| илим-изилдөө долбоорлоо |
| жана курулуш көзөмөлү | | | институту |
| боюнча региондор аралык, | | +-----------------------------+
| аймактык органдары | | +-----------------------------+
+---------------------------+ +----| Мамлекеттик экспертизалар |
| | департаменти |
| +-----------------------------+
+---------------------------+ | +-----------------------------+
| Турак жай-жарандык курулуш+---+----| Курулуштагы сертификациялоо |
| башкармалыгы | | | республикалык борбору |
+---------------------------+ | +-----------------------------+
| +-----------------------------+
+----|"Кыргыз курорттуризм ИИДИ" |
+-----------------------------+
Премьер-министри | Д.Үсөнов |