Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 2-февралы №52
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 829, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335, 2025-жылдын 13-августундагы № 491 , 2026-жылдын 1-июнундагы № 380 , 2026-жылдын 5-июнундагы № 393 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 10-ноябрындагы № 496 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы жөнүндө" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-августундагы № 491 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-июнундагы № 380 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 829 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 393 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 8-августундагы № 540 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик техникасына жана куралдануунун кыймылдуу каражаттарына аскердик номер белгилерин, таанылма эскертүүчү белгилерин, жазууларды жана белгилөөлөрдү колдонуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик техникасына жана куралдануунун кыймылдуу каражаттарына аскердик номер белгилерин, таанылма эскертүүчү белгилерин, жазууларды жана белгилөөлөрдү колдонуунун тартиби жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-бөлүмдүн биринчи абзацындагы "Улуттук гвардиясынын" деген сөздөр "Мамлекеттик күзөт кызматынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-октябрындагы № 756 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарында согуштук атуучу кол куралдарды, алардын ок-дарыларын, ошондой эле дүрмөтсүз куралды жүгүртүүнүн эрежесин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарында согуштук атуучу кол куралдарды, алардын ок-дарыларын, ошондой эле дүрмөтсүз куралды жүгүртүүнүн эрежесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункттун экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын" деген сөздөр алып салынсын.
Премьер-министри | Д.Үсөнов |