Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 437 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 12-февралы № 93
"Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жашап турууга убактылуу жана туруктуу уруксаттарды тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-ноябрындагы № 626 токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Тышкы миграция жөнүндө" Мыйзамынын 15 жана 32-беренелерин ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жашап турууга убактылуу жана туруктуу уруксаттарды тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-ноябрындагы № 626 токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жашап турууга убактылуу жана туруктуу уруксаттарды тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 7-пунктка:
биринчи абзац "Кыргыз Республикасынын аймагында" деген сөздөрдөн кийин "5 жылдан ашык" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- чет өлкөлүк жарандын өзү жараны болгон мамлекеттин аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат, ал эми жарандыгы жокторго ал Кыргыз Республикасынын аймагына киргенге чейин жашаган мамлекеттин аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат.";
- 8-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Иммигрант статусун алууга артыкчылык укуктар менен пайдалануучу чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жоктор Кыргыз Республикасынын аймагында 6 ай тургандан кийин туруктуу жашаганга уруксат алууга арыз берүүгө укуктуу";
- 13-пунктта:
биринчи абзац "Кыргыз Республикасынын аймагында" деген сөздөрдөн кийин "6 айдан ашык" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- чет өлкөлүк жарандын өзү жараны болгон мамлекеттин аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат, ал эми жарандыгы жокторго ал Кыргыз Республикасынын аймагына киргенге чейин жашаган мамлекеттин аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат.".
2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
3. Бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министринин милдетин аткаруучу |
А.Жапаров
|