Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-августундагы №510 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 16-февралындагы №106
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 420 «Автотранспорт каражаттарын башкарууга экзамен кабыл алуу, граждандарга айдоочунун күбөлүгүн берүү жана айдоочуларды автотранспорт каражаттарын башкарууга уруксат тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
«1993-жылдын 3-сентябрында күчүнө кирген Конвенцияга киргизилген түзөтүүлөрдү кошуу менен Вена шаарында 1968-жылдын 8-ноябрында кол коюлган Жол кыймылы жөнүндөгү конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулушу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, 2004-жылдын 28-сентябрындагы «Жол кыймылы жөнүндө» Конвенцияга киргизилген түзөтүүлөргө, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандарын эл аралык жол кыймылына тоскоолдуксуз өткөрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 420 токтому менен бекитилген экзамен кабыл алуу, жарандарга айдоочунун күбөлүгүн берүү жана айдоочуларга транспорт каражаттарын башкарууга уруксат берүү тартиби жөнүндөгү Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 2-пункттагы «А», «В», «С», «Д», «Е», трамвай, троллейбус, мотоколяска» деген литерлер жана сөздөр «А1», «А», «В1», «В», «С1», «С», «D1E», «D», «ВЕ», «С1Е», «СЕ», «D1E», «DЕ», трамвай жана троллейбус» деген литерлер жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. «А1», «А», «В1», «В», «С1», «С», «D1», «D», «ВЕ», «С1Е», «СЕ», «D1E», «DЕ» графаларындагы уруксат берүүчү белгилери менен айдоочунун күбөлүгү бар адамдар төмөнкүлөрдү айдай алышат:
А1 - кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү 125 куб.см ашпаган жана максималдуу кубаттуулугу 11 кВт ашпаган мотоциклдер (жеңил мотоциклдер);
А - кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү 125 куб.см ашкан жана максималдуу кубаттуулугу 11 кВт ашкан мотоциклдер;
В1 - моторлоштурулган трициклдер жана квадроциклдер;
В - уруксат берилген максималдуу массасы 3500 килограммдан ашпаган жана айдоочунун орундугун кошпогондо, орундуктарынын саны сегизден ашпаган автомобилдер («А» категориясына кирген транспорт каражаттарынан сырткары);
С1 - уруксат берилген максималдуу массасы 3500 килограммдан ашкан, бирок 7500 килограммдан ашпаган автомобилдер, «D» категориясына кирүүчүлөрдөн сырткары;
С - уруксат берилген максималдуу массасы 7500 килограммдан ашкан автомобилдер, «D» категориясына кирүүчүлөрдөн сырткары;
D1 - жүргүнчүлөрдү ташууга арналган жана айдоочунун орундугун кошпогондо, сегизден ашык орундугу бар, бирок айдоочунун орундугун кошпогондо 16дан ашпаган орундугу бар автомобилдер;
D - жүргүнчүлөрдү ташууга арналган жана айдоочунун орундугун кошпогондо, он алтыдан ашык орундугу бар автомобилдер;
ВЕ - уруксат берилген максималдуу массасы 750 килограммдан ашкан жана жүгү жок автомобилдин массасынан ашкан, чиркегичи бар «В» категориясындагы автомобилдер; уруксат берилген максималдуу массасы 750 килограммдан ашкан, ал эми мындай курамдын жалпы уруксат берилген максималдуу массасы 3500 килограммдан ашкан, чиркегичи бар «В» категориясындагы автомобилдер;
- С1Е категориясы - уруксат берилген максималдуу массасы 750 килограммдан ашкан, жүгү жок автомобилдин массасынан ашпаган, ал эми мындай курамдын жалпы уруксат берилген максималдуу массасы 12000 килограммдан ашпаган, чиркегичи бар «С1» категориясына кирген автомобилдер;
- СЕ категориясы - уруксат берилген максималдуу массасы 750 килограммдан ашкан, чиркегичи бар «С» категориясындагы автомобилдер;
- D1Е категориясы - уруксат берилген максималдуу массасы 750 килограммдан ашкан, бирок жүгү жок автомобилдин массасынан ашпаган, ал эми мындай курамдын жалпы уруксат берилген максималдуу массасы 12000 килограммдан ашпаган, чиркегичи бар «D1» категориясына кирген автомобилдер;
- DЕ категориясы - уруксат берилген максималдуу массасы 750 килограммдан ашкан, чиркегичи бар «D» категориясындагы автомобиль.
Трамвайдын айдоочусуна трамвайды гана, троллейбустун айдоочусуна троллейбусту гана айдоого уруксат берилет»;
- 2-пункт. 2-пунктка эскертүүлөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. «В» категориясындагы транспорттук каражаттардын айдоочусуна толук массасы 750 килограммдан ашпаган чиркегичтери бар автомобилдерди айдоого укук берилет. Толук массасы 750 килограммдан ашкан, чиркегичтери бар транспорт каражаттарын айдоо үчүн айдоочунун айдоочулук күбөлүгүндө тийиштүү уруксат берүүчү «ВЕ», «С1Е», «СЕ», «D1Е» жана «DЕ» белгилери, ал эми кошулган троллейбустарды айдоо үчүн - аларды айдоого укугу жөнүндө белгиленген айдоочулук күбөлүгү жана тийиштүү күбелүгү болууга тийиш»;
- 4-пункт төмөнкүдой редакцияда баяндалсын:
«4. Экзамендерди кабыл алуу, жарандарга айдоочунун күбөлүгүн берүү жана «А1», «А», «В1», «В», «С1», «С», «D1», «D», «ВЕ», «С1Е», «СЕ», «D1Е», «DЕ» категориясындагы транспорт каражаттарын, ошондой эле трамвайларды жана троллейбустарды айдоого уруксат берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан жүргүзүлөт, түрдүү жөндөмөлөрдөгү «Кыргыз Республикасынын ИИМдин МАИ» аббревиатуралары жана сөздөрү «МККнын ыйгарым укуктуу бөлүмү тарабынан» сөздөрү жана аббревиатурасы менен алмаштырылсын, «Кыргыз Республикасынын ИИМдин МАИБ» аббревиатуралары жана сөздөрү тийиштүү жөндөмөлөрдө «МККнын ыйгарым укуктуу департаменти» сөздөрү жана аббревиатурасы менен алмаштырылсын, «МАИ» аббревиатурасы «МКК» аббревиатурасы менен алмаштырылсын»;
- 5-пункттагы «Кыргыз Республикасынын ИИМдин МАИ башкармасы тарабынан (Кыргыз Республикасынын ИИМ МАИБ)» деген сөздөр жана аббревиатуралар «МККнын ыйгарым укуктуу бөлүмү тарабынан» деген сөздөрү жана аббревиатурасы менен алмаштырылсын;
- 7-пункттагы «А», «В», «С», «Д», «Е», трамвайлар, троллейбустар же мотоколяскалар менен» деген литерлер жана сөздөр «А1», «А», «В1», «В», «С1», «С», «D1», «D», «ВЕ», «С1Е», «СЕ», «D1E», «DE» трамвайлар жана троллейбустар менен» деген литерлер жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 8-пункттун биринчи абзацындагы «А», «В», ошондой эле бир эле убакта «А» жана «В» деген литерлер жана сөздөр «А1», «А», «В1» жана «В», ошондой эле бир эле убакта «А1», «А», «В1» жана «В» деген литерлер жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 8-пунктка эскертүүлөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Эрежеден сырткары, ММКнын алдындагы ыйгарым укуктуу Департаменттин директорунун же анын орун басарынын уруксаты менен экзамендерди тапшырууга төмөнкүлөр боюнча ага өз алдынча даярданган адамдар киргизилет:
«А1», «А», «В1» категориялары - 16 жаштан баштап,
«В» категориясы - 17 жаштан баштап,
«ВЕ» категориясы - «В» категориясы бар болсо жана айдоочулук стажы 2 жылдан кем эмес болсо,
«С1» категориясы - «В» категориясы бар болсо жана айдоочулук стажы 2 жылдан кем эмес болсо,
«С» категориясы - «С1» категориясы бар болсо жана айдоочулук стажы 2 жылдан кем эмес болсо,
«D1» категориясы - «В» же «С1» же «С» категориясы бар болсо жана айдоочулук стажы 4 жылдан кем эмес болсо,
«D» категориясы - «С» же «D1» категориясы бар болсо жана айдоочулук стажы 4 жылдан кем эмес болсо,
«С1Е» категориясы - «С1» категориясы бар болсо жана айдоочулук стажы 3 жылдан кем эмес болсо,
«СЕ» категориясы - «С» категориясы бар болсо жана айдоочулук стажы 3 жылдан кем эмес болсо,
«D1Е» категориясы - «D1» категориясы бар болсо жана айдоочулук стажы 4 жылдан кем эмес болсо,
«DЕ» категориясы - «D» категориясы бар болсо жана айдоочулук стажы 4 жылдан кем эмес болсо.
«D1», «D», «ВЕ», «С1Е», «СЕ», «D1Е», «DЕ» категориялары боюнча МККнын алдындагы ыйгарым укуктуу Департаментке экзаменге киргизилген адамдар тиешелүү категория боюнча 15 саат көлөмүндө окуу мекемелеринде зарыл болгон практикалык көндүмдөрдү үйрөнүп, практикалык айдоо боюнча кошумча даярдыктан өтүүгө милдеттүү.
Практикалык айдоо боюнча кошумча даярдыктан өткөндүгү жөнүндөгү тастыктама маалымкатка окуу мекемесинин мөөрү менен ырасталып, ал айдоочунун күбөлүгүн берүү үчүн негиз болгон документтерге кошо тиркелет.»;
- 9-пункттагы «облустардын жана Бишкек шаарынын ИИБнын МАИ бөлүмдөрүнүн башчыларын» сөздөрү жана аббревиатуралары «облустардын жана Бишкек, Ош шаарларынын ММКнын аймактык бөлүмдөрүнүн башчыларын» сөздөрү жана аббревиатуралары менен алмаштырылсын;
- Жобонун 10-пунктундагы «А», «В», «С», «Д», «Е», мотоколяска менен» деген литерлер жана сөздөр «А1», «А», «В1», «В», «С1 «С», «D1», «D», «ВЕ», «С1Е», «СЕ», «D1Е», «DЕ» деген литерлер менен алмаштырылсын»;
- 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«11. ММКнын алдындагы ыйгарым укуктуу бөлүмүндө айдоочулук күбөлүк алууга экзаменге төмөнкү жашка толгон адамдар киргизилет:
«А1», «А», «В1» категориялары боюнча - 16 жаш,
«В» категориясы боюнча - 17 жаш,
«ВЕ», «С1», «С» категориялары боюнча - 18 жаш,
«D1», «D», «С1Е», «СЕ», «D1Е», «DЕ» - 21 жаш»;
- Жобонун 12-пунктундагы «С» же «D» деген литерлер «С1», «С», «D1» же «D» деген литерлер менен алмаштырылсын;
- 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«13. «С1Е», «СЕ», «D1Е» жана «DЕ» категориядагы транспорт каражаттарын айдоо укугу «С1», «С», «D1» же «D» графаларына тиешелүү түрдө уруксат берүү белгилери коюлган күбөлүктөрү бар, тиешелүү автотранспорт каражаттарында иштөө стажы үзгүлтүксүз бир жылды түзгөн, окуу мекемелеринде белгиленген программалар боюнча кайрадан даярдыктан өткөн, ошондой эле ММКнын алдындагы ыйгарым укуктуу бөлүмдөрүндө теориялык жана практикалык экзамендерди тапшырган айдоочуларга берилет.
«D1» жана «D» категорияларындагы транспорттук каражаттарды айдоо укугу «В» же «С1» же «С» категорияларынын күбөлүгү бар, белгиленген жашка толгон (21 жаш) жана тиешелүү транспорт каражатында иштөө стажы үзгүлтүксүз бир жылды түзгөн, белгиленген программалар боюнча кайрадан даярдыктан өткөн, теориялык жана практикалык экзамендерди тапшырган айдоочуларга берилет. Айдоо көндүмдөрү боюнча экзамендер автобустарда жана суралып жаткан категориялардын эң жогоркусуна кирген транспорттук каражаттардын курмадарында кабыл алынат.»;
- 14-пунктка эскертүүдө «ал эми бөлүмдөр, МАИнин бөлүмдөрү - ички иштер бөлүмдөрүнүн башчылары жана алардын орун басарлары катышпаган жерде» сөздөрү жана аббревиатуралары алынып салынсын;
- Жобонун 29-пунктуна эскертүү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Акыркы 6 ай бою автомототранспортту айдагандыгын ырастаган документтер (катталгандыгы жөнүндө күбөлүк, техпаспорт, ишеним кат, иштеген жеринен маалымкат ж.б.) бар болгондо суралган категория боюнча практикалык экзамен тапшыруу менен «D» жана «С» категориясындагы айдоочунун күбөлүгүн тиешелүү түрдө «А1», «А», В1», «В», «С1», «D» категориясындагыга алмаштырууга жол берилет, көрсөтүлгөн документтер жок болгон учурда теоретикалык экзамендер да кабыл алынат.»;
- 36-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«36. Эски үлгүдөгү айдоочунун күбөлүгү айдоочунун улуттук күбөлүгүнө гана алмаштырылат. Айдоочунун эл аралык күбөлүгү айдоочунун улуттук күбөлүгүнүн негизинде гана 3 жылдан ашпаган мөөнөткө берилет.
Мындай учурда айдоочунун жаңы күбөлүгүнө айдоочунун мурдагы (эски үлгүдөгү) күбөлүгүндөгү уруксат берүүчү белгилер теориялык жана практикалык экзамендерди кабыл алуусуз коюлат, тактап айтканда:
- «А» категориясы бар болсо - «А1», «А» жана «В1» категориялары коюлат;
- «В» категориясы бар болсо - «В1» жана «В» категориялары коюлат;
- «С» категориясы бар болсо - «С1» жана «С» категориялары коюлат;
- «D» категориясы бар болсо - «D1» жана «D» категориялары коюлат;
- «С» жана «Е» категориялары бар болсо»С1», «С», «С1Е» жана «СЕ» категориялары коюлат;
- «В», «С», жана «Е» категориялары бар болсо - «В1», «В», «ВЕ», «С1», «С», «С1Е», жана «СЕ» категориялары коюлат;
- «D» жана «Е» категориялары бар болсо - «D1Е», «DЕ» категориялары коюлат;
- «А», «В», «С», «D», «Е» категориялары бар болсо - «А1», «А», «В1», «В», «С1», «С», «D1», «D», «ВЕ», «С1Е», «СЕ», «D1E», «DЕ» категориялары коюлат.»;
- 37-пункттагы «Д», «Е» же «Д-Е» деген литерлер «ВЕ», «С1Е», «СЕ», «D1Е», «DЕ» деген литерлер менен алмаштырылсын;
- 37-пунктка эскертүүдөгү «Д» деген литер «D1», «D» деген литер менен алмаштырылсын;
- Жобонун 38-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«38. Айдоочунун эл аралык күбөлүгү 1968-жылдын 8-ноябрындагы Жол кыймылы жөнүндө конвенциянын талаптарына ылайык айдоочунун улуттук күбөлүгү болгондо гана республиканын аймагында транспорттук каражаттарды башкаруу үчүн жарактуу болот.»;
- 39-пункттун экинчи абзацы алып салынсын;
- 44-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«44. Чет мамлекеттердин жарандарына, анын ичинен дипломаттык корпустун өкүлдөрүнө, жарандыгы жок адамдарга айдоочунун улуттук күбөлүгү жана улуттук күбөлүктүн негизинде милдеттүү түрдө айдоочунун эл аралык күбөлүгү берилет.
Чет элдик жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чет мамлекеттик айдоочулук күбөлүгүн айдоочунун көрсөтүлгөн күбөлүктөрүнө алмаштыруусу ММКнын алдындагы ыйгарым укуктуу бөлүмгө чет мамлекеттик айдоочулук күбөлүктүн белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдерге которулгандыгы тастыкталган сунуштаманын негизинде, медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүп, теориялык жана практикалык экзаменди тапшыргандан кийин жүргүзүлөт. Мындай учурда айдоочунун күбөлүгү чет мамлекеттин айдоочулук күбөлүгүндө уруксат берилген жана «D1», «D», «D1Е», «DЕ» категорияларынан сырткары бул Жобонун 3-пунктунун талаптарына дал келген транспорттук каражаттардын категорияларын айдоо укугуна гана берилет».
Кыргыз Республикасынын жарандарына эл аралык жол кыймылына катышуу үчүн айдоочунун улуттук күбөлүгүнүн негизинде айдоочунун эл аралык күбөлүгү берилет.»;
- 50-пункттун биринчи абзацындагы «жана МАИнин белгилери» сөздөрү жана аббревиатурасы «жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмүнүн белгилери» сөздөрү жана аббревиатурасы менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, кызыкдар министрликтер жана ведомстволор, коомдук уюмдар менен бирдикте 1968-жылдын 8-ноябрындагы Жол кыймылы жөнүндө конвенциянын талаптарына жана Конвенциянын 2004-жылдын 24-сентябрындагы түзөтүүлөрүнө ылайык автомототранспорттук каражаттардын айдоочуларын даярдоонун жана кайрадан даярдоонун жаңы программаларын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына жүктөлсүн.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
А.Жапаров |