Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25-августундагы №510
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 420 «Автотранспорт каражаттарын башкарууга экзамен кабыл алуу, граждандарга айдоочунун күбөлүгүн берүү жана айдоочуларды автотранспорт каражаттарын башкарууга уруксат тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
«1993-жылдын 3-сентябрында күчүнө кирген Конвенцияга түзөтүүлөрдү кошо алганда Вена шаарында 1968-жылдын 8-ноябрында кол коюлган жол кыймылы жөнүндөгү Конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулушу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандарын эл аралык жол кыймылына тоскоолдуксуз өткөрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 420 «Автотранспорт каражаттарын башкарууга экзамен кабыл алуу, граждандарга айдоочунун күбөлүгүн берүү жана айдоочуларды автотранспорт каражаттарын башкарууга уруксат тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Автотранспорт каражаттарын башкарууга экзамен кабыл алуу, граждандарга айдоочунун күбөлүгүн берүү жана айдоочуларды автотранспорт каражаттарын башкарууга уруксат тартиби жөнүндө жободо:
- Жобонун бүткүл тексти боюнча «Кыргыз Республикасынын ИИМинин МАИ», «Кыргыз Республикасынын ИИМинин МАИБ» жана «МАИ» деген кыскартуулар жана сөздөр ылайыгына жараша «ыйгарым укуктуу орган» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-пункттагы «А». «В», «С», «Д», «Е», трамвай, троллейбус, мотоколяска» деген литерлер жана сөздөр «А1», «А», «В1», «В», «С1», «С», «D1», «D», «ВЕ», «С1Е», «СЕ», «D1Е», «DЕ», деген литерлер жана трамвай жана троллейбус» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3 жана 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«3. «А1», «А», «В1», «В», «С1», «С», «D1», «D», «ВЕ», «С1Е», «СЕ», «D1Е», «DЕ» графаларындагы уруксат берүүчү белгилери бар айдоочунун күбөлүгүнө ээ болгон адамдар автотранспорттук каражаттардын төмөнкүдөй түрлөрүн башкара алышат:
А1 - кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү 125 куб.см ашпаган жана максималдуу кубаттуулугу 11 кВт ашпаган мотоциклдер (жеңил мотоциклдер);
А - кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү 125 куб.см ашкан жана максималдуу кубаттуулугу 11 кВт ашкан мотоциклдер;
В1 - моторлоштурулган трициклдер жана квадроциклдер;
В - уруксат берилген максималдуу массасы 3500 килограммдан ашпаган жана айдоочунун орундугун кошпогондо, орундуктарынын саны сегизден ашпаган автомобилдер («А» категориясына кирген транспорт каражаттарынан сырткары);
С1 - уруксат берилген максималдуу массасы 3500 килограммдан ашкан, бирок 7500 килограммдан ашпаган автомобилдер «D» категориясына кирүүчүлөрдөн сырткары;
С - уруксат берилген максималдуу массасы 3500 килограммдан ашкан автомобиль, «D» категориясына кирүүчүлөрдөн сырткары;
D1 - жүргүнчүлөрдү ташууга арналган жана айдоочунун орундугун кошпогондо, сегизден баштап он алты орундугу бар автомобилдер;
D - жүргүнчүлөрдү ташууга арналган жана айдоочунун орундугун кошпогондо, он сегизден ашык орундугу бар автомобилдер;
ВЕ - уруксат берилген максималдуу массасы 750 килограммдан ашкан жана жүгү жок автомобилдин массасынан ашкан чиркегичи бар «В» категориясындагы автомобилдер; уруксат берилген максималдуу массасы 750 килограммдан ашкан, ал эми мындай курамдын жалпы уруксат берилген максималдуу массасы 3500 килограммдан ашкан, чиркегичи бар «В» категориясындагы автомобилдер;
- С1Е уруксат берилген максималдуу массасы 750 килограммдан ашкан, бирок жүгү жок автомобилдин массасынан ашпаган, ал эми мындай курамдын жалпы уруксат берилген максималдуу массасы 12000 килограммдан ашпаган, чиркегичи бар «С1» категориясына кирген автомобилдер;
- СЕ уруксат берилген максималдуу массасы 750 килограммдан ашкан, чиркегичи бар «С» категориясындагы автомобилдер;
- D1Е уруксат берилген максималдуу массасы 750 килограммдан ашкан, бирок жүгү жок автомобилдин массасынан ашпаган, ал эми мындай курамдын жалпы уруксат берилген максималдуу массасы 12000 килограммдан ашпаган, чиркегичи бар «D1» категориясына кирген автомобилдер;
- DЕ уруксат берилген максималдуу массасы 750 килограммдан ашкан, чиркегичи бар «D» категориясындагы автомобилдер.
Трамвайдын айдоочусуна трамвайды гана, троллейбустун айдоочусуна троллейбусту гана башкарууга уруксат берилет»;
Эскертүүлөр:
1) Жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн арналган автомобилдерге төмөнкүлөр кирет: бардык класстагы автобустар, микроавтобустар жана адамдарды ташуу үчүн кайра жабдылган (вахта бригадалары) жана даярдоочу заводдордун шартында тийиштүү сыйымдуулукта сериялык тартипте даярдалган автофургондор, ошондо эле сегизден ашык адамды ташыган, жабдылган жүк автомобилдери.
2) «В» категориясындагы транспорттук каражаттардын айдоочуларына толук массасы 750 килограммдан ашпаган чиркегичтери бар автомобилдерди айдоого укук берилет. Толук массасы 750 килограммдан ашкан, чиркегичтери бар транспорт каражаттарын айдоо үчүн айдоочунун айдоочулук күбөлүгүндө тийиштүү уруксат берүүчү «ВЕ», С1Е», «СЕ», «D1Е» жана «DЕ» белгилери, ал эми кошулган троллейбустарды айдоо үчүн - аларды башкаруу укугу жөнүндө белгиленген айдоочулук күбөлүгү жана тийиштүү күбөлүгү болууга тийиш.
4. Экзамендерди кабыл алуу, жарандарга айдоочулук күбөлүктөрдү берүү жана «А1», «А», «В1», «В», «С1», «С», «D1», «D», «ВЕ», «С1Е», «СЕ», «D1Е» жана «DЕ» категориясындагы транспорттук каражаттарды, ошондой эле трамвайларды жана троллейбустарды айдоого уруксат берүү транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоонун ыйгарым укуктуу органы (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) тарабынан жүргүзүлөт.»;
- 7-пункттагы: «А», «В», «С», «Д», «Е» деген литерлер жана «трамвайларды, троллейбустарды же мотоколяскаларды» деген сөздөр «А1», «А», «В1», «В», «С1», «С», «D1», «D», «ВЕ», «С1Е», «СЕ», «D1Е», «DЕ» деген литерлер жана «трамвайларды жана троллейбустарды» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
8-пунктта:
- «А» жана «В» литерлери «А1», «А», «В1» жана «В» деген литерлер менен алмаштырылсын;
эскертүү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«Эскертүү: эрежеден сырткары, ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин же анын орун басарынын уруксаты менен экзамендерди тапшырууга төмөнкүлөр боюнча ага өз алдынча даярданган адамдар киргизилет:
-«А1», «А», «В1» категорияларына - 16 жаштан баштап;
- «В» категориясына - 17 жаштан баштап;
- «ВЕ» категориясына - «В» категориясы бар болсо жана айдоочулук стажы 2 жылдан кем эмес болсо;
- «С1» категориясына - «В» категориясы бар болсо жана айдоочулук стажы 2 жылдан кем эмес болсо;
-»С» категориясына - «С1» категориясы бар болсо жана айдоочулук стажы 2 жылдан кем эмес болсо;
- «D1» категориясына - «В» же «С1» же «С» категориясы бар болсо жана айдоочулук стажы 4 жылдан кем эмес болсо;
- «D»категориясына - «С» же «D1» категориясы бар болсо жана айдоочулук стажы 4 жылдан кем эмес болсо;
- «С1Е» категориясына - «С1» категориясы бар болсо жана айдоочулук стажы 3 жылдан кем эмес болсо;
- «СЕ» категориясына - «С» категориясы бар болсо жана айдоочулук стажы 3 жылдан кем эмес болсо;
- «D1Е» категориясына - «D1» категориясы бар болсо жана айдоочулук стажы 4 жылдан кем эмес болсо;
- «DЕ» категориясына - «D» категориясы бар болсо жана айдоочулук стажы 4 жылдан кем эмес болсо.
«D1», «D», «ВЕ», «С1Е», «СЕ», «D1Е» жана «DЕ» категориялары боюнча экзаменге киргизилген адамдар тиешелүү категория боюнча 15 саат көлөмүндө окуу мекемелеринде зарыл болгон практикалык көндүмдөрдү үйрөнүп, практикалык айдоо боюнча кошумча даярдыктан өтүүгө милдеттүү.
Практикалык айдоо боюнча кошумча даярдыктан өткөндүгү жөнүндөгү тастыктама окуу мекемесинин мөөрү менен ырасталып, ал айдоочунун күбөлүгүн берүү үчүн негиз болгон документтерге тиркелет»;
- 9-пунктта:
«областтардын жана Бишкек шаарынын ички иштер башкармаларынын МАИ бөлүмдөрүнүн начальниктеринен» деген сөздөр жана аббревиатура «ыйгарым укуктуу органдын жетекчилигинен» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 10-пункттагы «А», «В», «С», «Д», «Е» деген литерлер жана «мотоколяскаларды» деген сөз «А1», «А», «В1», «В», «С1», «С», «D1», «D», «ВЕ», «С1Е», «СЕ», «D1Е», «DЕ» деген литерлер менен алмаштырылсын»;
- 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«11. Ыйгарым укуктуу органдын аймактык органдары тарабынан айдоочулук күбөлүк алуу экзаменине төмөнкү жашка толгон адамдар киргизилет:
-«А1», «А», «В1» категориялары боюнча - 16 жаш;
- «В» категориясы боюнча - 17 жаш;
- «ВЕ», «С1», «С» категориялары боюнча - 18 жаш;
- «D1», «D», «С1Е», «СЕ», «D1Е», «DЕ» категориялары боюнча - 21 жаш»;
- 12-пункттагы «С» же «D» деген литерлер жана сөз «С1», «С», «D1» же «D» деген литерлер жана сөз менен алмаштырылсын;
- 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«13. «С1Е», «СЕ», «D1Е» жана «DЕ» категориядагы транспорттук каражаттарды башкаруу укугу «С1», «С», «D1» же «D» графаларына тиешелүү түрдө уруксат берүү белгилери коюлган күбөлүктөрү бар, тиешелүү автотранспорттук каражаттарды башкаруу стажы үзгүлтүксүз бир жылды түзгөн, окуу уюмдарында белгиленген программалар боюнча кайрадан даярдыктан өткөн, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдын аймактык органдарында теориялык жана практикалык экзамендерди тапшырган айдоочуларга берилет.
«D1» жана «D» категорияларындагы транспорттук каражаттарды башкаруу укугу «В», С1» же «С» категорияларынын күбөлүгү бар, белгиленген жашка толгон (21 жаш) жана транспорттук каражаттардын тийиштүү түрүн башкаруу стажы үзгүлтүксүз бир жылды түзгөн, белгиленген программалар боюнча кайрадан даярдыктан өткөн, теориялык жана практикалык экзамендерди тапшырган айдоочуларга берилет. Айдоо көндүмдөрү боюнча экзамендер автобустарда жана суралып жаткан категориялардын эң жогоркусуна кирген транспорттук каражаттардын курамдарында кабыл алынат»;
- 14-пунктка эскертүүдө «ал эми МАИ бөлүмдөрү, бөлүмчөлөрү жок жерде - ички иштер органдарынын начальниктери жана алардын орун басарлары» сөздөр жана аббревиатура алынып салынсын;
- 29-пунктуна эскертүү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«Эскертүү: акыркы 6 ай бою автомототранспортту айдагандыгын ырастаган документтер (катталгандыгы жөнүндө күбөлүк, техпаспорт, ишеним кат, иштеген жеринен маалымкат ж.б.) бар болгондо суралган категория боюнча практикалык экзамен тапшыруу менен «D» жана «С» категориясындагы айдоочунун күбөлүгүн тиешелүү түрдө «А1», «А», В1», «В», «С1» жана «D» категорияларына алмаштырууга жол берилет. Көрсөтүлгөн документтер жок болгон учурда теориялык экзамен да кабыл алынат.»;
- 36-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«36. Эски үлгүдөгү айдоочунун күбөлүк айдоочунун улуттук күбөлүгүнө гана алмаштырылат. Эл аралык айдоочулук күбөлүк айдоочунун улуттук күбөлүгүнүн негизинде гана 3 жылдан ашпаган мөөнөткө берилет. Мындай учурда жаны айдоочулук күбөлүккө айдоочунун мурдагы (эски үлгүдөгү) күбөлүгүндөгү уруксат берүүчү белгилер теориялык жана практикалык экзамендерди кабыл алуусуз коюлат, тактап айтканда:
- «А» категориясы бар болсо - «А1», «А» жана «В1» категориялары коюлат;
- «В» категориясы бар болсо - «В1» жана «В» категориялары коюлат;
- «С» категориясы бар болсо - «С1» жана «С» категориялары коюлат;
- «D» категориясы бар болсо - «D1» жана «D» категориялары коюлат;
- «С» жана «Е» категориялары бар болсо - «С1», «С», «С1Е» жана «СЕ» категориялары коюлат;
- «В», «С», жана «Е» категориялары бар болсо - «В1», «В», «ВЕ», «С1», «С», «С1Е», жана «СЕ» категориялары коюлат;
- «D» жана «Е» категориялары бар болсо - «D1Е», «DЕ» категориялары коюлат;
- «А», «В», «С», «D», «Е» категориялары бар болсо - «А1», «А», «В1», «В», «С1», «С», «D1», , «D», «ВЕ», «С1Е», «СЕ», «D1Е» жана «DЕ» категориялары коюлат.»;
- 37-пункттагы: «Д», «Е» же «Д-Е» деген литерлер «ВЕ», «С1Е», «СЕ», «D1Е», «DЕ» деген литерлер менен алмаштырылсын;
эскертүүдөгү «Д» деген литер «D1» жана «D» деген литерлер менен алмаштырылсын;
- 38-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«38. Эл аралык айдоочулук күбөлүк улуттук айдоочулук күбөлүгү болгондо гана республиканын аймагында транспорттук каражаттарды башкаруу үчүн жарактуу.»;
- 39-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
- 44-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«44. Чет мамлекеттердин жарандарына, анын ичинен дипломатиялык корпустун өкүлдөрүнө, жарандыгы жок адамдарга улуттук айдоочулук күбөлүк жана анын негизинде милдеттүү түрдө эл аралык айдоочулук күбөлүк берилет.
Чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга көрсөтүлгөн айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу ыйгарым укуктуу органга тапшырылган айдоочулук күбөлүктүн белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн кыргыз жана орус тилдерине котормосунун негизинде, медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүп, теориялык жана практикалык экзамендерди тапшыргандан кийин жүргүзүлөт. Муну менен бирге эле айдоочулук күбөлүк улуттук айдоочулук күбөлүктө уруксат берилген жана ушул Жобонун 3-пунктунун талаптарына ылайык келген, «D1», «D», «D1Е», «DЕ» категорияларынан сырткары, транспорттук каражаттардын категорияларын башкаруу укугуна гана берилет.
Кыргыз Республикасынын жарандарына эл аралык жол кыймылына катышуу үчүн улуттук айдоочулук күбөлүктүн негизинде эл аралык айдоочулук күбөлүк берилет.»;
- 50-пункттун биринчи абзацындагы «жана РИИБдин МАИсинин белгиси» деген сөздөр жана аббревиатуралар «жана Кыргыз Республикасынын ИИМинин Жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмүнүн белгилери» деген сөздөр жана аббревиатура менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, кызыкдар министрликтер жана ведомстволор, коомдук уюмдар менен бирдикте 1968-жылдын 8-ноябрындагы Жол кыймылы жөнүндө конвенциянын талаптарына жана Конвенциянын 2004-жылдын 24-сентябрындагы түзөтүүлөрүнө ылайык автомототранспорттук каражаттардын айдоочуларын даярдоонун жана кайра даярдоонун жаңы программаларын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 420 «Автотранспорт каражаттарын башкарууга экзамен кабыл алуу, граждандарга айдоочунун күбөлүгүн берүү жана айдоочуларды автотранспорт каражаттарын башкарууга уруксат тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-февралындагы № 106 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | А. Атамбаев |