КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 19-февралындагы № 111
Кыргыз Республикасынын калкы үчүн негизги тамак-аш азыктарын керектөөнүн орточо физиологиялык ченемдерин бекитүү жөнүндө токтому
«Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын калкы үчүн негизги тамак-аш азыктарын керектөөнүн орточо физиологиялык ченемдери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги муктаждыктарды жана ички азык-түлүк рыногунун камсыздыгын аныктоодо тамактануунун бекитилген орточо физиологиялык ченемдерине таянсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
Д.Үсөнов |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын калкы үчүн негизги тамак-аш азыктарын керектөөнүн орточо физиологиялык ченемдери
Продуктулар | Негизги тамак-аш азыктарын керектөөнүн элдеги адам башына карата орточо физиологиялык нормалары | Негизги тамак-аш азыктарынын кубаттуулугу | |||||
кг/сутка | кг/ай | кг/жыл | белоктор, г | майлар, г | углеводдор, г | кубаттуулугу, суткасына ккал | |
Дан азыктар (нан, макарон азыктар, ун, акшактар, дан буурчактар) данга айлантып эсептегенде | 0,32 | 9,61 | 115,34 | 33,64 | 4,31 | 221,85 | 1040,86 |
Картөшкө | 0,27 | 8,21 | 98,55 | 5,30 | 1,00 | 47,96 | 212,00 |
Жашылча жана бакча өсүмдүктөр | 0,32 | 9,52 | 114,25 | 3,32 | 0,32 | 17,71 | 72,06 |
Мөмө-жемиштер | 0,34 | 10,31 | 123,74 | 2,57 | 4,39 | 44,92 | 199,20 |
Кант жана кондитер азыктар | 0,07 | 2,13 | 25,55 | 0,00 | 0,00 | 69,86 | 265,30 |
Өсүмдүк май | 0,03 | 0,76 | 9,13 | 0,00 | 24,98 | 0,00 | 224,75 |
Эт жана эт азыктар (этке айлантып эсептегенде) | 0,17 | 5,11 | 61,30 | 28,70 | 27,00 | 0,00 | 358,60 |
Балык жана балык азыктар | 0,03 | 0,76 | 9,10 | 4,60 | 0,28 | 0,00 | 21,00 |
Сүт жана сүт азыктар (сүткө айлантып эсептегенде) | 0,56 | 16,67 | 200,00 | 25,30 | 39,20 | 26,20 | 556,00 |
Жумуртка, даана | 0,51 | 15,21 | 182,50 | 2,54 | 2,30 | 0,14 | 31,40 |
Бардыгы |
|
|
| 105,97 | 103,78 | 428,64 | 2981,17 |