Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 2-марты № 126
«Кыргыз Республикасынын Президентинин «Энергия булактарына тарифтик саясат өзгөргөн шартта бюджеттик тармактын кызматкерлеринин эмгек акысына кошумча акыны белгилөө жөнүндө» 2009-жылдын 13-ноябрындагы Жарлыгынын аткарылышынын жүрүшү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Энергия булактарына тарифтик саясат өзгөргөн шартта бюджеттик тармактын кызматкерлеринин эмгек акысына кошумча акыны белгилөө жөнүндө» 2009-жылдын 13-ноябрындагы № 512 Жарлыгынын аткарылышынын жүрүшүн карап чыгып, ошондой эле энергия булактарына тарифтик саясаттын өзгөргөн шарттарында калкка социалдык колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген орточо эмгек акысы 5000 (беш миң) сомдон ашпаган бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысына 200 сом өлчөмүндөгү кошумча акы төлөө тартиби бекитилсин (1-тиркеме).
Орточо эмгек акысы 5000 (беш миң) сомдон ашпаган бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысына 200 сом суммадагы кошумча акы төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан 2010-жылдын 1-мартында министрликтерге, администрациялык ведомстволорго жиберилгени көңүлгө алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, администрациялык ведомстволору, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары, аткаруу бийлигинин башка органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- орточо эмгек акысы 5000 (беш миң) сомдон ашпаган бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысына 200 сом суммадагы кошумча акы белгиленгендигине байланыштуу штаттык расписаниеге зарыл болгон өзгөртүүлөрдү киргизилсин;
- 2010-жылга талап кылынган кошумча сумма жөнүндө маалыматты тиркелген форма боюнча (2-тиркеме) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине 2010-жылдын 10-мартына чейинки мөөнөттө беришсин;
- тиркелген Тартипке ылайык эмгек акыга кошумча акы төлөөнү жүргүзүшсүн.
3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын башчылары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары учурдагы айдын каржылоо планына киргизүү үчүн эмгек акыга 200 сом өлчөмүндөгү кошумча акыга арыздарды Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине отчёттук айдан кийинки ар бир айдын 1 ине чейинки мөөнөттө берип турушсун.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- орточо эмгек акысы 5000 (беш миң) сомдон ашпаган бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысына 200 сом суммадагы кошумча акы төлөөнү жүргүзүү үчүн каражаттарды каржылоо боюнча 2010-жылдын январь-март айлары үчүн министрликтерге, администрациялык ведомстволорго жана аткаруу бийлигинин башка органдарына болгон карызды он күндүк мөөнөттө тындырсын;
- жогоруда аталган кошумча акыны Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы № 512 Жарлыгы колдонгон мезгил бою төлөө үчүн финансы каражаттарын берилген эсептөөлөргө ылайык зарыл өлчөмдө республикалык бюджеттен бөлүүнү камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин "Энергая булактарына тарифтик саясат өзгөргөн шартта бюджеттик тармактын кызматкерлеринин эмгек акысына кошумча акыны белгилөө жөнүндө" 2009-жылдын 13-ноябрындагы № 512 Жарлыгы тиешелүү түрдө аткарылбагандыгына байланыштуу төмөнкүдөй тартиптик жаза чараларын колдонуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине сунуш кылынсын:
- орточо эмгек акысы 5000 (беш миң) сомдон ашпаган бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысына 200 сом суммадагы кошумча акыны каржылоо үчүн арыздарды Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине өз убагында бербеген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдарынын жетекчилерине эскертүү берсин;
- төмөнкүлөргө сөгүш жарыяласын:
аталган Жарлыкты аткарууну тиешелүү түрдө камсыз кылбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын финансы министрине;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин иштин ушул багытын жетектеген орун басарына;
орточо эмгек акысы 5000 (беш миң) сомдон ашпаган бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысына 200 сом суммасындагы кошумча акыны каржылоо үчүн арыздарды Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине өз убагында бербеген статс-катчыларга.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |
№ 2 тиркеме
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы № 512 «Энергия булактарына тарифтик саясат өзгөргөн шартта бюджеттик тармактын кызматкерлеринин эмгек акысына кошумча акыны белгилөө жөнүндө» Жарлыгын аткаруу боюнча кошумча акылардын суммасы жөнүндө министрликтер, ведомстволор жана айыл өкмөттөрү боюнча маалымат
Бюджеттик мекеме- лердин жана уюмдардын аталышы | 5000 сомго чейинки эмгек акы алуучу кызматкер лердин саны, адам | Бардыгы | Анын ичинде | Эскертүү | ||
Эмгек акыга кошумча акылардын суммасы бир жылга, миң сом | Соцфондго чегерүүлөр, миң сом | Райондук коэффициент, миң сом | Соцфондго чегерүүлөр, миң сом |
| ||
| ||||||
| ||||||
| ||||||
| ||||||
|
|
|
|
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөнүн 2010-жылдын 2-мартындагы № 126 токтому менен бекитилген |
Орточо айлык эмгек акысы 5000 (беш миң) сомдон ашпаган бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысына 200 сом өлчөмүндө үстөк акы төлөөнүн тартиби
Ушул Тартип «Энергия алып жүрүүчүлөргө тарифтик саясаттын өзгөрүшүндө бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысына үстөк акы белгилөө тууралуу» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы № 512 Жарлыгын ишке ашыруу максатында даярдалды.
1. Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерине орточо айлык эмгек акыга үстөк акыны кошуп эсептөө үчүн «Эмгек акыга таандык сый-акылардын тизмесин бекитүү тууралуу» 1999-жылдын 26-июлундагы № 408 Кыргыз Республикасынын токтому менен аныкталган эмгек акыга таандык сый акылардын тизмесине киргизилген төлөмдөр менен эсептелсин.
Мында орточо айлык эмгек акы өлчөмүндө педагогикалык жана медициналык иш стажы үчүн кошумча акы боюнча төлөнгөн карыздын суммасы кирбейт.
2. Орточо айлык эмгек акыны эсептөө «Эмгек акынын орточо өлчөмүн эсептөөнүн Эрежеси жөнүндө» 1999-жылдын 25-ноябрындагы № 642 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген эмгек акынын орточо өлчүмүн эсептеп чыгуунун эрежесине ылайык жүргүзүлөт.
200 сом өлчөмүндө үстөк акы орточо айлык эмгек акыны эсептеп чыгууда эске алынбайт.
3. Эмгек акыга райондук коэффициенттер белгиленген жерлерде 200 сом өлчөмүндө үстөк акы коэффициентти эске алуу менен белгиленсин.
4. Эмгек акыдан кармап калууларды эсептегенде 200-сом өлчөмүндө үстөк акы жалпы кирешеге кошулат.
5. Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлерине 200 сом өлчөмүндө үстөк акы негизги иштеген жери боюнча төлөнөт.
6. Каржылоонун түрдүү булактарынан эмгек акы алган бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлери үчүн, маселен эмгек акы каржылоонун ар кандай булактарынан алынуучу (республикалык бюджеттин каражатынан, атайын каражаттан, милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун каражатынан, калкка кош төлөмдөр каражатынан жана башкалардан) бирдиктүү төлөмчү системасы боюнча иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлери үчүн кызматкердин жалпы эмгек акысынын өлчөмүн эске алуу зарыл.
7. Жергиликтүү бюджеттерден каржыланган бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин эмгек акысына 200 сом өлчөмүндөгү үстөк акы республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү каражат катары - республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт. Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык финансы органдары аркылуу отчеттук мезгилден кийинки ар бир айдын биринчи күнүнө чейин учурдагы айга каржылоо планына кошуу үчүн билдирмени тапшырат.
1-үлгү
1 категориядагы адис - орточо айлык эмгек акысы 4500 сом
Январда ага 200 сом суммасында үстөк акы туура келет.
Анын эмгек маянасы төмөнкүдөй болот:
Маянасы = 3500 сом
Иш стажы -20% =700 сом
Чин үчүн үстөк акы =300 сом
Энергия алып жүрүүчүлөр үчүн үстөк акы 200 сом
Жыйынтыгында эсептелди =4700 сом.
Кармалганы
Соцфондго чегерүүлөр=10%=470 сом
Киреше салыгы =10%=358 сом (Суммадан 4700-650*-470)
*- Салык кодексинде каралган алып салуулар (өлчөмү башкача болушу мүмкүн)
Берүүгө = 3872 сом
Иш берүүчү
4700 сомдон төлөйт
Соцфондго чегерүүлөр =17.25%=810,75 сом
Пример 2
1 ставкада иштеген 2-категориядагы (жогорку билимдүү) мугалим (18 саат) - орточо айлык эмгек акысы 2039,8 сом
Анын эмгек акысы =
9 разряд ЕТС 1569 сомду түзөт
Класс жетекчилик үчүн үстөк акы=20%=313,8 сом
Педстаж үчүн кошумча акы =10%= 156 сом
2005-жылда педстаж үчүн үстөк акы боюнча карыз=2950 сом (энергия алып жүрүүчүлөр үчүн үстөк акыны эсептөөдө кошулбайт)
Энергия алып жүрүүчүлөргө үстөк акы үчүн=200 сом
Жыйынтыгында эсептелди=5189,7 сом
Кармалганы
Соцфондго чегерүүлөр=10%= 519 сом
Киреше салыгы =10%=402 сом (С суммы 5189,7-650-519)
Берүүгө = 4268,7 сома
Жумуш берүүчү
5189,7 сом төлөйт
Соцфондго чегерүүлөр =17,25%=895,2 сом
№ 3 мисал: кенже мед.персонал
3 разряд ЕТС 1,48х 690 =1021,2 сомду түзөт
Зыяндуулугу үчүн 25 % -255,2 сом
Медстаж 20 лет -20 % = 375,4 сом
Кошумча төлөө - 11 сом
ОМС -346 сом
Атайын каражат 20 сом
БАРДЫГЫ: 1021,2+255,2+375,4+11+346+20=2028,8 сом
Электр энергиясы үчүн компенсация 200,0 сом
2028,8+200,0=2228,2 сом
Кармалганы
222,8 (10 % киреше салыгы)
222,8 (10 % Соц.фонд)
Берүүгө 2228,2-222,8-222,8= 1782,6 сом
№ 4 мисал: райондук коэффициент менен
Адис
Маяна =3500 сом
Иш стажы -20% =700 сом
Чин үчүн үстөк акы =300 сом
Райондук коэффициент үчүн үстөк акы 1,3 = (3500+700+300)*30%=1350 сом
Жыйыптыгында эсептелди=3500+700+300+1350=5850 сом.
Энергия алып жүрүүчүлөр үчүн үстөк акы төлөнбөйт.
№ 5 мисал: райондук коэффициент менен
Адис
Маяна = 2800 сом
Иш стажы -20% =560 сом
Чин үчүн үстөк акы =300 сом
Райондук коэффициент үчүн үстөк акы 1,3 = (2800+560+300)*30%=1098 сом
Чегерилди =2800+560+300+1098=4758 сом
Энергия алып жүрүүчүлөр үчүн үстөк акы =200 сом* 1,3=260
Жыйынтыгында эсептелди 2800+560+300+1098+260=5018 сом