Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №769 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 5-марты № 133
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 28-октябрындагы № 504 "Кыргыз Республикасынын бажы аймагында импорттолуучу, чыгарылуучу (оролгон) жана сатылуучу чайга бажы маркаларын киргизүү жөнүндө" токтомун ишке ашыруу боюнча кошумча чаралар тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-декабрындагы № 724 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын экономикасына дүйнөлүк финансылык кризистин кесепеттерин минималдаштыруу жана экономикалык өсүштүн темптерин сактоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-аракеттеринин планына ылайык, республиканын ички рыногун ак ниетсиз атаандаштыктан жана сапатсыз продукцияны өлкөгө контрабандалык ташып кирүүдөн натыйжалуу коргоо, ошондой эле колдонуудагы талаптарды Дүйнөлүк соода уюмунун нормаларына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 28-октябрындагы № 504 "Кыргыз Республикасынын бажы аймагында импорттолуучу, чыгарылуучу (оролгон) жана сатылуучу чайга бажы маркаларын киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 3-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
- 4 жана 7-пункттардагы ар түрдүү жөндөмөдөгү "Мамлекеттик бажы инспекциясы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Мамлекеттик бажы кызматы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бажы аймагында импорттолуучу, чыгарылуучу (оролгон) жана сатылуучу чайга бажы маркаларын колдонуу жөнүндө нускамада:
1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 2-7-абзацтар менен толукталсын:
"Бул Нускамада төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
- импортер - өз атынан, же башка жактын тапшырмасы боюнча товарларды ташуучу, тышкы экономикалык бүтүмдү жүргүзүүчү жак; же эгерде Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу товарларды ташуу тышкы экономикалык бүтүмдү түзбөй эле ата-мекендик жак тарабынан жүргүзүлсө, анда бажы контролунда болуучу товарларды Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга жана ээлөөгө укугу бар жак;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы;
- бажы маркаларын даярдоочу-компания - мыйзамда каралган тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан өткөрүлгөн тендердин жеңүүчүсү, юридикалык жак;
- маркалануучу продукция - Кыргыз Республикасынын бажы аймагында импорттолуучу, чыгарылуучу (оролуучу) жана сатылуучу чай;
- бажы маркасынын номиналдуу наркы - бажы маркасын чыгаруучу тарабынан сатылганда бажы маркасы сатылуучу баа.";
4-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"4. Бажы маркасынын номиналдуу наркы Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органы тарабынан аныкталат. Бажы маркасынын номиналдуу наркы бажы маркаларын даярдоонун контракттык наркынан, транспорттук чыгымдардан, бажы төлөмдөрүнөн, курстук айырмалардын өзгөрүү тобокелдигинен камсыздандыруу үчүн чыгымдардан жана башка чыгымдардан түзүлөт.";
6-пунктта:
биринчи сүйлөм төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"6. Бажы маркаларын чыгаруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жазуу жүзүндөгү кабарлоосу боюнча, түзүлгөн контрактын негизинде бажы маркаларын даярдоочу-компания тарабынан жүргүзүлөт.";
экинчи сүйлөмдөгү "Бажы органдары" деген сөздөр "Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
7-пункттагы "бажы органдарына" деген сөздөр "бажы маркаларын даярдоочу-компанияга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
9-пункттун биринчи сүйлөмүндөгү "импортер же өндүрүүчү менен иш алып барган бажы органы" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жазуу жүзүндөгү кабарлоосу боюнча бажы маркаларын даярдоочу-компания" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
10-пункттун 5, 6, 12, 13-абзацтары алып салынсын;
11-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"11. Бажы маркаларын даярдоочу-компания маркаларды тышкы соода келишиминде каралган товарлардын ар бир түрүнүн санынын, же чыгарылуучу продукциянын көлөмүнүн 105 процентинен ашпаган санда сатат.";
13-пункттагы "бажы органы" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
14-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
15-пункттагы "бажы органынын" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөр менен алмаштырылсын, "Акча каражаттары келип түштү" деген сөздөр алып салынсын;
16-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"16. Маркаларды импортерлерге жана өндүрүүчүлөргө сатуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жазуу жүзүндө кабарланган күндөн баштап 2 жумушчу күндүн ичинде жана маркаларды сатып алуу үчүн арыздын негизинде бажы маркаларын даярдоочу-компания тарабынан жүргүзүлөт.";
17-пункттагы "бажы органы" деген сөздөр "бажы маркаларын даярдоочукомпания" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
20-пункттагы "бажы органынын" деген сөздөр "бажы маркаларын даярдоочу-компаниянын" деген сөздөр менен алмаштырылсын, "жеке номердик" деген сөздөр алып салынсын;
22-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"22. Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан ташып чыгарылуучу маркаларды бажылык тариздөө жөнөкөйлөтүлгөн тартипте жүргүзүлөт. Декларациялоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маркалардын алынгандыгы жөнүндө квитанциянын (4-тиркеме) түп нускасын берүү жолу менен жүзөгө ашырылат.";
23-пункттагы "100; 200 жана 500 граммдан" деген сөздөр жана цифралар "50дөн 1000 граммга чейинки ар кандай номиналдагы" деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын;
24-пункттагы "бажы органы" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
25-пункттун 1-абзацындагы "бажы органына" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
25-пункттун 5-абзацыңдагы "бажы маркасын саткан бажы органы" деген сөздөр "бажы маркаларын даярдоочу-компания" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
27-пункттагы "бажы органы" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
28-пункттагы "бажы органы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
29-пункттун 1-абзацындагы "бажы органына" деген сөздөр "бажы маркаларын даярдоочу-компанияга" деген сөздөр менен алмаштырылсын, "импортерге же өндүрүүчүгө марка сатуучу" деген сөздөр алып салынсын;
29-пункттун алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Арыз бажы маркаларын даярдоочу-компания тарабынан кабыл алынат, бул жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жазуу жүзүндөгү кабарлоо берилип, маркалардын кайтарылып берилгендиги тууралуу тиешелүү белги импортердин же өндүрүүчүнүн арызына коюлат.";
30-пункттун 2-абзацындагы "аларга марка саткан бажы органына" деген сөздөр "жана жогоруда саналган документтер бажы маркаларын даярдоочу-компанияга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
31-пункттун 1-абзацы алып салынсын;
31-пункттун 2-абзацындагы "бажы органы" деген сөздөр "бажы маркаларын даярдоочу-компания" деген сөздөр менен алмаштырылсын, "Мамлекеттик бажы инспекциясын" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
32-пункттагы "бир жылдан" деген сөздөр "үч айдан" деген сөздөр менен алмаштырылсын, "бажы органы менен" деген сөздөр "бажы маркаларын даярдоочу-компания менен" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
33-пункттагы "Бажы органы" деген сөздөр "Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
34-пункттагы "Бажы кодексине" деген сөздөр "колдонуудагы мыйзамдарына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
Нускаманын 2-тиркемесиндеги "бажы органы" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын, "бажы органынын" деген сөздөр "бажы маркаларын даярдоочу-компаниянын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
Нускаманын 3-тиркемеси төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын бажы аймагында
импорттолуучу, чыгарылуучу (оролгон)
жана сатылуучу чайга бажы маркаларын
колдонуу жөнүндө нускамага
3-тиркеме
Бажы маркалары менен маркаланууга тийиш болгон товарларды ташып кирген уюмдардын тышкы соода операцияларын эсепке алуу ЖУРНАЛЫ
┌─┬─────────────────┬─────┬───────────┬────┬───────────┬──────────────┐
│№│ Уюмдун аталышы │ОКПО │Марка сатып│Саны│Маркалардын│Маркага төлөө │
│ │ │коду,│ алуу үчүн │ │ сериялык │ үчүн төлөм │
│ │ │ИНН │ арыздын │ │ номерлери │документинин №│
│ │ │ │ каттоо №,│ │ │ жана күнү │
│ │ │ │ күнү │ │ │ │
├─┼─────────────────┼─────┼───────────┼────┼───────────┼──────────────┤
└─┴─────────────────┴─────┴───────────┴────┴───────────┴──────────────┘
Нускаманын 4-тиркемесиндеги "бажы башкармалыгы" деген сөздөр "бажы маркаларын даярдоочу-компания" деген сөздөр менен алмаштырылсын, "бажы органы" деген сөздөр "бажы маркаларын даярдоочу-компания" деген сөздөр менен алмаштырылсын, "Бажы органынын гербдүү мөөрүнүн орду" деген сөздөр "Бажы маркаларын даярдоочу-компаниянын мөөрүнүн орду" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматына жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |